Кийиз өнөрү эл аралык фестивалда өз кереметин ачат

Айдай Асангулова, текстиль боюнча дизайнер, «Бүкѳн арт» студиясынын жетекчиси, кол ѳнѳрчүлүк боюнча бир катар эл аралык, регионалдык жана жергиликтүү кѳргѳзмѳлѳрдүн жеңүүчүсү

Учурда «Кийиз дүйнѳ» фестивалын ѳткѳрүү боюнча уюштуруу иштерин кызуу алып барып жаткан Айдай Асангулова менен бул долбоор туурасында элге тааныштыруу маегин куруп берүүнү туура таптык. Себеби, биз оюбузча, ар бир кыргыз айылы ѳнүгүүнүн бир чоң потенциалын өзүндө алып жүрѳт. Болгону, ошол энергияны туура же адистешкен багытта, реализациялоо жолун таап кетүүдѳ турат эмеспи.

— Буга чейин «Муундан муунга» аттуу кыргыз калпагы боюнча долбоорду ишке ашырдыңыздар. Эми бул фестваль туурасында чоң долбоор баштаганы турасыздар?
— Ооба, долбоордун алкагында кийиз фестивалын уюштуруу максаты кѳздѳлүп жатат. Салттуу кол ѳнѳрчүлүктү  сактап калуу жана жайылтуу, ошону менен туризмди ѳнүктүрүү да биз койгон максаттын негизин түзѳт. Заманыбыздын уламкы ѳзгѳрүүсү кол ѳнѳрчүлүктүн дагы ѳзгѳрүүсүнѳ алып келип жатат. Бул долбоорду ишке ашыруу кол ѳнѳрчүлүктѳгү кѳйгѳйлѳрдѳн улам келип чыкты. Илгери кийиз колго жасалып, жүндүн да сапаты мыкты эле. Азыр эл рынок экономикасына жараша койду эт жаатында эле багып калышты. Мындай койлордун жүнү кара кылчык келип, кийиз жасоодо борпоң болуп, кирбей, ушуга окшогон бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Илгеркидей колго ийрилген жиптер колдонбой, колго жасоо техникасы унутулуп, кытайдын арзан, сатып алма синтетика жиптери менен шырдак, кийиздер тигилип жатат.  Материалы ѳзгѳргѳндѳн кийин ошол буюмдун сапаты, аны менен кошо нукуралуулугу да кетип калат экен.  Мындай баасыз нерсе кѳз карашты жана мамилени да тѳмѳндѳтүп коет окшойт. Ушундан улам,  фестивалдын максаты — кийиз буюмдарынын кѳргѳзмѳсүн уюштуруу менен элге салттуу маданиятыбызды кѳргѳзүү болуп саналат.

— Фестивалды кайсыл жерге уюштурууну кѳздѳп жатасыздар?
— Бул эл аралык фестиваль ушул жылдын жайында, 3-4-5-август күндөрүндө Ысык-Кѳлдүн Тоң районуна караштуу Кызыл-Туу айылында ѳткѳрүлѳт. Кызыл-Туу айылында кол ѳнѳрчүлүк жакшы ѳнүккѳн, алсак, бул айыл ѳзүнүн боз үйлѳрү менен таанымал.  Бир эле айылда 60тан ашуун уста жашап келет. Бул демек, айыл калкынын дээрлик жармынан кѳбү боз үй жасоо, уз устачылык менен эмгектенип келет дегендик. Мен ѳзүм ушул айылда чоңойуп ѳскѳндүктѳн, биздин айыл элинин ѳнѳрү келечектүү жана кыргыз кол ѳнѳрчүлүгүн ѳнүктүрүүдѳ олуттуу салым кошо аларына ишенип,  ушул долбоорду Кызыл-Тууга ѳткѳрүүнү чечтик.

 — Эмне үчүн кийизге токтолдуңуздар, мааниси эмнеде болду?
— Жогоруда айтылгандай, Кызыл-Туу боз үй жасоо боюнча адистешкендиктен, бул долбоор ушуну негиз кылып, кийизди ѳнүктүрүүгѳ багытталган.  Дегеле кийиздин  кыргыз турмушунда мааниси ѳтѳ чоң, анткени, кыргыз тѳрѳлгѳндѳ кийизге түшүп, ѳлгѳндѳ да кийизге барат. Кийиз, мындайча айтканда, кѳчмѳн турмуштун атрибуту болуп саналган.  Себеби, кийиз мындай практикалдуулугу менен материалдык турмушта  ар кыл функцияны аткарган. Керек болсо дарылык касиети да кеңири колдонулуп, универсалдуу касиетке ээ болгон. Быйыл фестиваль кыргыз кѳчүнѳ арналмакчы, жыл сайын бул фестваль  кыргыздардын кѳчмѳндүк турмушунун ар бир салттуу кѳрүнүштѳрүн кѳргѳзүп турат. Ушул фестивалдын алкагында кийиз жасоо, аркан эшүү сыяктуу ѳнѳрлѳргѳ  мастер класс ѳткѳрүлүп, элге жана конокторго салттуу маданият менен тааныштыруу жүргүзүлѳт. Айтмакчы, пландаштырылып жаткан фестваль эл аралык деңгээлде ѳткѳрүлѳ тургандан кийин, сырттан турист меймандарды да күтүп алууга кам кѳрѳ баштадык.  Кийиз дүйнѳсү аркылуу салттуу кол ѳнѳрчүлүгүбүздүн бай мүмкүнчүлүгүн кѳргѳзүү, ошондой эле анын бүгүнкү күндѳ зарылчылыгын ачып берүү жана кийинки муунга ѳткѳрүп берүү — бул фестивалдын мүдѳѳсү болуп саналат.

— Ушул фестиваль айыл элинин турмушуна кандай таасир бериши мүмкүн?
— Ушул долбоордун аркасы менен айыл элинин турмушунда ѳзгѳрүү болуп жакшырса экен деп жатабыз. Ал үчүн жеке ишкердүүлүктү ѳнүктүрүү, бизнести пландаштыруу сыяктуу семинарлар айыл тургундарына ѳткүрүлдү. Алсак,  конокторду тосуп алууну дүйнѳлүк стандартка жеткирүү, ошого жараша тамак-ашын жана сервисти уюштурууну да семинар менен үйрѳтүп жатабыз. Ошондой эле сапаты жакшыртылгын кийизди жасоо технологиясын ѳздѳштүрүүгѳ карай кийиз семинары жана эски кийимдерди тигүү, алардын айрым бир элементтерин колдонуу боюнча окуулар ѳткѳрүлдү. Дагы бир семинарда айыл тургундарына шакар самынды жасоону үйрѳтүп келе жатабыз. Фестивалдын алкагында Кызыл-Тууда айыл дүкѳнүн ачуу ниетибиз бар. Бул дүкѳндѳ айылдан гана чыккан сапаттуу продукция сатууга коюлмакчы. Ар бир ѳндүрүлгѳн продукцияга ошол айылдын сапат белгисин коюп  ѳзгѳчѳлѳнгѳн бир кѳрүнүштѳ болсо деп аракет кылуудабыз. Дагы айта кетчү нерсе, бул долбоордун алкагында Кызыл-Туу айылынын тарыхы жана кийиз боюнча эки китеп чыгарууну да кѳздѳп жатабыз. Айылыбыздын бренди боло тургандай бир логотип иштеп чыгып патенттеп алсак деген ой да бар, анткени, биздин айылдын боз үйлѳрү Кыргызстандын ичине эле эмес, Казахстанга дагы кѳп чыгып жатат. Ошондо мыкты деп саналган продукцияга ошол лого белгиси басылат эле. Кызыл-Туудан чыккан продукциянын бардыгы бир белги менен таанылса, бул ѳз кезегинде айылдык кол ѳнѳрчүлүктү эл аралык деңгээлге чыгарууга, ошону менен айыл элин шыктандырууга алып келмек. Менимче, мындай кѳрүнүш айылдын социалдык-экономикалык жана коомдук-маданий кѳйгѳйлѳрүн чечип, турмушун оңдоого жана эң башкысы кол ѳнѳрчүлүктү күчѳтүп, чыгармачылыкты ѳнүктүрүүгѳ жакшы ѳбѳлгѳ түзѳт эле.

— Сиздердин фестваль туристтерге эле эмес, ѳзүбүзгѳ да абдан кызык жана суктанарлык болот окшойт…
— Туура айтасың, кийиз дүйнѳ фестивалы тарыхый-маданий мүнѳздѳ ѳткѳрүлүп жаткандыгы бардыгынын кѳңүлүн бурмакчы. Туризм бизде ушул мүнѳздѳ, тарыхый-маданий багытта ѳнүксѳ абдан келечектүү болмок. Себеби, дүйнөдө азыр ушул багыт  кызыктуу, пайдалуу жана келечектүү болуп жатат. Кыргыз маданияты ушул жол менен да дүйнѳгѳ таанылууга мүмкүнчүлүгү бар.  Бул ѳткѳрүлѳ турган фестиваль уникалдуу болуп саналат, анткени, биз кыргыз кол ѳнѳрчүлүгүнѳ, дегеле салттуу маданиятыбызга башкача кѳз карашты, олуттуу мамилени кѳргѳзсѳкпү дейбиз. Биз салттуу маданиятыбыздын практикалык маанисин ачып, ушул заманда колдонуу зарылчылдыгы бар экенин кѳргѳзүп, аны менен кошо улуттук баалуулуктарыбызды да жандандырып алабыз. Себеби,  элибиздин кѳѳнѳрбѳс маданиятында жана анын бүгүнкү күндѳ актуалдуулугунда биздин келечегибиз жатат. Азыркы муундун милдети — кѳчмѳн кыргыздын жѳнѳкѳй турмушу терең философиялык, эч убакта керектен чыкпай турган универсалдуу материалдык маданиятты  жаратууга жетише алгандыгын кѳргѳзүү.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ

“Көк Асаба” гезитине материал жана сүрөттөр үчүн ыраазычылык билдиребиз

Соц тармактар:

Добавить комментарий