Курбаналы Сабыров

k_sarbanov

(1942–1981)

Курбаналы Сабыров Лейлек районундагы Гордой айылында 1942-жылы 17-апрелде туулган.
1959–1966-жж. Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окуган.
1966-жылы Баткен районундагы Коргон орто мектебинде мугалим,
1966–1969-жж. Баткен районунда «Кызыл-Туу» гезитинде кабарчы,
1969–1974-жж. Ош облустук радио уктуруусунун редактору, башкы редактордун орунбасары,
1974-жылы КСЭде редактор,
1975-жылы «Кыргызстан пионери» гезитинде кабарчы,
1975–1981-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор болуп иштеген.
1990-жылы жарык көргөн “Керээз» аттуу жыйнагы үчүн А.Осмонов атындагы адабий сыйлык ыйгарылган.
1980-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Козу-Баглан: – Ф.: Кыргызстан, 1974. – 44 б.
Hyp Булак: – Ф.: Мектеп, 1978. – 65 б.
Өрүкзар: Ырлар жана поэмадан фрагменттер. – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 112 б.
Жүрөктөгү күн: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1984. – 126 б.
Керээз: – Ф.: Адабият, 1990.
Орто жаш: – Б.: Адабият, 1992.
Козу-Баглан: – Б.: Сабыр, 1999.
Өрүкзар: – Б.: Сабыр, 2001.

(Уикипедия)

Курбаналы Сабыров жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Кайгы баскан карыптай, карып кеткен алп акын

 

Ырлары

ЧЫРАКТАР

Кыштак түнү — кыздын кара чачындай.
Жылдыздардай жымыңдашып көрктөгөн,
Айланайын айылымдын оттору,
Үй-үйлөрдөн үлбүрөшүп өчпөгөн!

Оо чырактар максатымдын оттору!
Түндөр бою мага жарык чачышкан,
Түндөр бою мага кошо жанышкан,
Түйшүк тарткан түндөрүмдүн оттору,
Бүл-бүл жанып эми алыста калышкан…
Оо чырактар сагынычымдын оттору,
Сагынамын, сагынамын алыстан!

 

КУСАЛЫК

Олтурам кафеде,
Шампанга кол сунам.
Олтуруп ордумда,
Өзүмдү жок туям…

Мастыктан ичпеймин
Шаттыктан күлбөймүн
Нур чачкан шамдарды
Тиктеймин, тиктеймин…

Көбүргөн шампандын,
Көбүгүн үйлөймүн.
Эмнеге…Эмнеге
Шам болуп күйбөймүн?

Өмүрдө каталык,
Өкүнөм кыйналып.
Көңүлдө капалык,
Көкөйдө кусалык.

 

* * *

Не бир сүйкүм,
не бир сүйкүм көздөрүң,
Көздөрүңдү көргөндө
эле өлгөнмүн.

Көздөрүңдү көрөөр
замат сезгенмин,
Көңүл зырп деп, ичиме
өрт кеткенин.

Ошо күндөн бери ушул
сүрдүү өрт,
Оту кызып
өзөгүмдү күйгүзөт.

Күйгүзөт да, күйгүзөт
да, күйгүзөт!
Жөн күйгүзбөй
жаткандыгын билгизет.

 

СҮЙҮҮДӨГҮ ЖАШ ЖАЗЫМСЫҢ

Сен дайым гүлдүү көйнөк кийгениңде,
гүлдөгөн жаздын өзү көрүнөсүң.
Суктанып, шагыңды мен ийгенимде,
жыпарлуу сүйүү болуп төгүлөсүң…

Мына жаз — жер денесин гүлдөр бүлөп,
күйөөгө барар кыздай куп жасанган.
Сага окшоп, ажарланып, бою үлбүрөп,
асманды күзгү кылып чач таранган.

Мына жай — жаштык болуп жашыл түрдөн,
сага окшоп, гүлдүү жашыл көйнөк кийген.
Сүйүүнүн күлкүсүндөй тунук күлгөн,
сүйүүнүн ширининдей жемиш ийген.

Мына күз — түрлөр өчүп, жалаң сары,
жарашпайт, жердин минтип жасанганы.
Жарашпайт, болсо деле кымкап-шайы,
Гүлү жок сары көйнөк сага дагы.

Мына кыш — жер денесин ак кар чүмкөп,
Муздатып ысык денди, аяз түнөп.
Акырын жашыл чакты көз боочудай,
Абайлап, салды баарын акка бөлөп.

Мейли, өмүр сени жайдай мөмөлөтсүн.
Мейли, өмүр сени күздөй куба кылсын.
Мейли, өмүр сени кыштай ак карытсын.
Сен менин сүйүүдөгү жаш жазымсың.

Шондуктан, гүлдүү көйнөк кийгениңде,
Гүлдөгөн жаздын өзү көрүнөсүң.
Өмүрдүн бардык ушул мезгилинде,
Жыпарлуу сүйүү болуп төгүлөсүң.

 

КОЗУ-БАГЛАНЫМ!

О, менин асман көйнөк Козу- Багланым!
Тирүүлүктө бар менин бул арманым:
Дары ырлардан куралып өзүң өңдүү
Жергемде дайра болуп акпаганым.
О, менин шар күлкүлүү Козу-Багланым!

Өкүнбөйм жээгиңде эр жеткениме
Өкүнөм сенден узап кеткениме.
Шарыңдан тамчылаган тамчылардай,
Көңүлдөн ырлар тамат дептериме.

О, менин акак жүздүү Козу-Багланым!
Турмуштун агып жаткан тунук бакты.
Бир ууртам насип буйруп, ичкен жандын
Болосуң өмүрлүккө ылазаты.

Төрөлгөн тооң сенин — Алтын-Бешик,
Агасың көк жалтыр миң аска кесип.
Чайышып ичишкен дейт ат туягын,
Бир элден бирөө сени барса кечип…

0, менин ак тармал чач Козу-Багланым!
Сан кылым кечип өзүң келдиң ырдап.
Ырыңды илек-илек куштар тыңшап,
Түндөрдө күңгүрүңөн өрөөн уктап…

Жергемде эми сендей суунун барын,
Жар салып, чыкты ырдачу уулдарың.
Келсең да жашташ болуп кылымдарга,
Бул сенин бүгүн кайра туулганың.

 

ТҮШҮМДӨ

Мен аралап тууган жердин чарбагын,
Көөнүм эргип, балкуу басып денемди.
Келе жатып, карап айыл аймагын,
Токтой калдым кырдан көрүп энемди.

Жолду карап, турду көпкө ойлонуп,
Калган өңдүү ошо кырда ай конуп.
Каалгып жай кырдан жылып түштү да,
Энем үйгө кирип кетти ай болуп…

Жолду көрбөй карек толгон көз жаштан,
Жеттим дагы, үй алдына токтолуп:
«Энекебай, мен келдим!» — деп үн салсам,
Энем үйдөн чыга калды күн болуп…

 

КЫЗДАР СУЛУУ БОЛУПТУР

Козу-Багланда, жайкы аптаптын табында
Кыздар көрдүм киринишкен, айылда.
Кыздар көрдүм — ак сымбаттуу бойлору,
Окшош-окшош жаңы толгон кайыңга!

Ак чардактар дуулагандай деңизде,
Бүгүн дайра салтанатка толуптур!
Эжелердин кийбей эски көйнөгүн,
Эми кыздар, эх, бир сулуу болуптур!

Ийилишип, ак төштөрүн сууга уруп,
Тунуктукка чөккөн жумур алтындай.

Жайылышат кара чачтар агымда,
Жел желпиген мажрүм тал чачындай.

Булаң этип каухар түстүү балыктай,
Ак бойлорун көтөрүшө калышат.
Уялышпай, кысылышпай, камыкпай
Кыздар ойноп, чапчылашат, чачышат.

Жылтылдаган майда шуру тамчылар
Учуп гана ууз бойго жабышат.
Бирок, кайра эрип кеткен сымаптай
Токтой албай куланышат, качышат.

Кыздар бою ак жоолуктай булактап,
Кыздар боюн ороп алып нур аптап,
Кыздар боюн жигиттерден озунуп
Эң биринчи Козу-Баглан кучактап!..

Кыздар сууга күлкүлөрүн агызды —
Кыз-балалык сезимдердин чокторун.
Кайра суудан көздөрүнө тамызды
Жаш махаббат, жаңы сүйүү отторун!..

 

ЖААН КҮНДӨ

Канат жайып кара сургулт булуттар,
Күн бүркөлөт;
нөшөр келет дыбырап.
Күңүрт тартып көзгө каткан дүнүйөм,
Көңүлүмдөн ой козголот кыбырап.

Ушул тапта, кечээ сени Энеке,
Кыштак жакка узатканым ойлоном:
Ырайым суз, үнсүз тургам таш жолдо,
Тамчыларды тиктеп тырс-тырс ойногон.

Мен турмушка максаттарым башка эле,
Жашаймын деп сен күткөндөй, энеке.
Бардыгынын өдөөсүнөн чыгам деп,
Пайдам тийип тиричилик-керекке.

Билбейм, качан кадырыңа жетемин?
Ана деймин, мына деймин, күн өтөт.
Бул дүйнөдөн бир күн өтүп кетээриң,
Көңүлдү эзип, капалыкты күчөтөт…

Кете бердиң автобуста зыпылдап,
Кайырлашып, эмнегедир капалуу.
Кулагымда жаан күүсү ызылдап,
Кала бердим жаан күндө саналуу…

 

СЮИТА

Ырысбай Абдыкадыровго

Сөөгүм сөпөт болоор учурду ойлойм,
Тирүүлүк күндөрүнө такыр тойбойм.
Кез келсе: кайгы тартып, ыйлайм, сыздайм,
Кез келсе: шаркыраймын, күлөм, ойнойм.

Кез келсе: басмырт болом, унчукпаймын.
Мушташканды жек көрөм, чыр кылбаймын.
Кез келсе: жолборс сүрү, кирпик какпайм,
Бетке урган добулдарга тумчукпаймын.

Сүйөмүн мен тазалыкты, актыкты,
Кремлде куранттардай тактыкты.
Ар бир күнүн бөлөп ысык сүйүүгө,
Ашык болуп өткөрөмүн жаштыкты.

Акыйкаттын тузун ичем ар үйдөн,
Акыйкаттын сөзүн окуйм китептен.
Калыссыздык көрсөм жолго таш үйгөн,
Каным кайнап, шап аламын билектен.

Ак дасторкон — менин ачык асманым,
Анда ырыскым жылдыз болуп чачылып.
Күндөн күнгө, айдан айга учамын,
Жылдан жылга, кылымдарды чакырып…

Өзүмдү өзүм өтө кадырлаймын,
Өзгөнүн кадырына жетүү үчүн.
Күчүмө күч кошууга тырышамын
Күрмөлбөй агымдардан өтүү үчүн.

Чукулайм тундун көзүн,
Ачууга нурдун кенин.
Каалаймын аял заттын
Назиктик касиетин.

Караймын кыздын уктап жаткан кезин,
Кайралып албарс өңдүү аппак сезим.
Кайратым ташып чыгып жолборс сымал
Кайтамын тобо кылып өзүмө өзүм.

Бузгум келбейт жакшылыкты эч качан,
Ыраа көрбөйм акмакчылык иштерди.
Өтүп кетким келет анан дүйнөдөн
Жасап, жасап адамчылык иштерди…

 

НУРЛАР

Нурларды жакшы көрөм өмүрүмдө,
Өзүм нурдай жаркырап жүргүм келет.
Жаш баладай бүлдүркөн жемиш терген,
Мен нурларды дүйнөдөн тергим келет.

Ай төккөн алтын нурдан бир сындырым,
Күн төккөн күмүш нурдан бир сындырым.
Сындырып, өлгөнүмдө ажал жетип,
Түбөлүк түн дүйнөнүн тереңине
Кучактап жаткым келет ала кетип…

Соц тармактар:

Курбаналы Сабыров: 1 комментарий

Добавить комментарий