Омор Сооронов: «Манас тарыхта болгон инсан…»

Токтогул котормочу болгон

-Омор аке, акыркы эле жылдарда көпчүлүккө белгисиз бир топ сөз берметтерин китеп кылып чыгарып, элге жеткирдиңиз. Азыр кайсыл кол жазманын үстүндө иштеп атасыз?
-Биздин институтта атайын фонду деген бөлүм бар эле. Анда К.Тыныстанов, Молдо Кылыч жана башка «Замана» агымынын өкүлдөрүнүн тыюу салынган материалдары турчу. Атайын фондуну жазып бүтүргөм. Андан башка жеке авторлордун өздүк фондусу деген бар. Мисалы, Токтогулдан баштап, Тоголок Молдо жана башкалардын кол жазмалары ушул жерге өткөрүлгөн. Бул фондунун ичиндеги өзүнчө бир бөлүм. Тоголок Молдону жазып бүтүп, Токтогулга кириштим. Азыр ошонун үстүндө иштеп атам. Токтогул бизге беш колдой белгилүү деп жүргөнбүз да. Көрсө, ушул эле кол жазмалардын ичинде окулбаган, эл биле элек материалдар бар экен. Мампландын кызматкери, агроном Н.С.Ладышев Токтогулдун өз оозунан жазып алган материал бар. Ал кайсыл убакта жазып алат дебейсиңби? 1927-жылдын 1931-жылга чейин Кетмен-Төбөнүн Мазар-Сай айылына пахта эгиле турган болуп, ошого республикадан атайын комиссия барат. Анан ошол комиссияга беш жыл бою Токтогул котормочу болуп жүргөн.

-Ал киши Сибирде сүргүндө жүрүп, орусча билип калган да?
-Ооба, ооба. Анын үстүнө Токтогул адамдан башкача жаралган, ар кандай нерсени шарт илип алган зээндүү киши экен да. Ладышев Токтогул жөнүндө минтип жазып атпайбы: «Неизменным спутником нашей комиссии был всегда любопытный и интересующейся по всем вопросам веселчак и комик, музыкант, певец, прекрасный и толковый переводчик, и всеми уважаемый, любимый гость» дейт.

Андан башка Анжиян көтөрүлүшү тууралуу дагы бир документ бар. Мындан биз эмнени билебиз? Адигиненин сарттар уруусу Кетмен-Төбөгө кантип келип калган? 1859-жылы Кашкар-Кыштыкта Алайдан келип жашагандар болгон экен, негизинен адигиненин сарттар уруусунан. Бир күн эртең менен Кокон хандыгынан бир жигит келип, «ушул жерде жашаган, Алайдан келген кыргыз жигиттер Кудаяр хандын алдына барышыңар керек » дейт. Кадыр, Түлөбай деген эки жигит барат, ал жерде Кудаяр хан кабыл алып, чоң намаз болот. Курал-жарак, ат даяр экен, алдуу-күчтүү жигиттерден бир топ даярдап, аларга Чаарбек датканы башчы кылып, Кетмен-Төбөгө, Узун Акмат суусунун боюндагы чепти аласыңар (!) деген тапшырма менен жиберет. Булар Үч-Коргондун үстүнө келгенде токтоп, «чепке сегиз жагынан киребиз» деп план түзүшөт. Бирок бир топ мезгил согушса да, чепти алалбай коюшат. Анан ошол маалда кадимки эле Ырыскулбек колго түшүп калганда, Кадыр менен Төлөбай куткарып ийет экен. Акыры Чаарбектин аскерлери жеңилип, Үч-Коргонго барганда жыйналышса, жалаң өзбек менен кыпчак калып, кыргыздардан эч ким жок. Көрсө, алар Кетмен-Төбөдө калып калышыптыр. Себеби, «Коконго барса чепти алалбадыңар, Ырыскулбекти куткарып ийдиңер» деп Кудаяр хан жазалайт да. Ошондуктан, булар Кетмен-Төбөдө калышат. Ырыскулбек аларды аябай сыйлап, аял алып берет. Кийинки жылы алардын туугандары да көчүп келишет. Жети жолу келишет экен. Жанагы Токтогулдун ырында «тезек бербейт жети ата» деген саптар бар го? Ошол жети ата деле сарттар уруусунан экен.

-Биз окуган мектеп программасында Токтогул Анжиян көтөрүлүшүнө катышкан деле эмес. Бирок, бий-болуштарды ырга кошуп, сындап койгону үчүн эле ага жалаа жаап, сүргүнгө айдатып ийген деп айтылат. Акындын көтөрүлүшкө канчалык байланышы бар?
-Кетмен-Төбөдөн, Суусамырдан жигит даярдаганы келген Мадалы эшендин кишилери эң биринчи Токтогулга жолугушкан экен. Токтогул өзү минтип эскерет: «Мен жүгөрү сугарып атат элем. Анан бир жигит келип, Шадыбек калпа (сарттар уруусунан) чакырып атат деди.Үйүнө барсам, үч киши бар экен. Бири ооган, бири өзбек, дагы бири ирандык окшойт. Мени бөлүп, бир боз үйгө киргизишти да жаңы кийим кийгизишти. Кийим мага өлчөп тигилгендей чак келди. Өмүрүмдө биринчи жолу өзүмө ылайык кийимди кийишим. Боз үйдүн жанында бир жакшы ат турган экен, ошого мингизишип, жанагы үч киши менен Алексеевкага, дүкөн иштеткен намангандык өзбектин үйүнө келдик. Түн бир оокумга чейин биздин жерлерди орус-тар басып алгандыгы, аларды кантип кууп чыгыш керектиги жөнүндө сөз болду. Палоо желип бүткөндөн кийин колума комузумду алып, ырдамакчы болдум эле, жанагы үч кишинин бири «ырды кое туралы, бул жерде өтө олуттуу маселе талкууланып атат» деди.

Тиги үч кишиде ар кандай китептер, баракчалар бар экен. Ошолорду «кантип таратабыз» деген маселе коюлат. Бири «Токтогул таратсын» дегенде Шадыбек калпа: «жок, сен тарат, бул жерде көп киши менен аралашып жүрөсүң, көбүн тааныйсың» дейт дүкөнү бар өзбекке. Анан жума намаздарда, эл көп чогулган жерлерде жанагындай сөздөр айтыла баштайт да. Токтогул «Акмат, Дыйкан алдамчы, Атакан, Миңбай жалганчы» деп ырга кошкон «Беш камандын» бири Атакан ошол жерде болуш экен. Атакандын жигиттери «Токтогул да көтөрүлүшчүлөрдүн арасында жүрөт» деп айтып келишет. Токтогул көтөрүлүшкө түздөн-түз катышкан эмес, аяка жеткен да эмес. Биздин колдогу документтердин биринде да анын көтөрүлүшкө катышканы тууралуу маалымат жок.

Сүргүнгө баары болуп 64 адам айдалат. Ошолордун ичинен эң көбү багыш, сарыбагыш, анан сарттар.

Дагы бир кызык материал бар.

Жоомарт Бөкөнбаев Токтогулдун ырларын жыйнап жүргөндө, тексттин ичине жазып койгон бир кол жазмасы бар экен: «Токтогулдун «Жаш кыял» деген күүсүн Атай «Күйдүм чок» деп ат коюп, уурдап жүрөт. «Эсимде», «Күйдүм чок»деген ырлардын ээси Токтогул. Буга күбөлөр: Коргол, Кулуке, Шадыкан, Курман, Толтойдун уулу Эшимбек. Кетмен-Төбө, 15-июль, 1938-жыл».

-«Замана» агымындагы акындардын тыюу салынган кол жазмалары менен да иштедим» дебедиңизби. Алардын чыгармалары толук эле чыктыбы же жарыялана электери да барбы?
-Негизинен чыкты. Буларда коркунуч туудура турган деле эчтеке жок экен. Калыгулдун фондунда бир эле ыры болгон «Акыр заман» деген. Ал 3 эле беттен турат. Тоголок Молдонун материалдарын изилдесем, башка эле акындар бар экен мыкты, ошолордун «деп айткан» деген эле ыры болсо, Тоголок Молдонуку деп ошол папкага салып кое беришиптир. Ал кол жазмалардын көбү арабча жазылган. Анан окушпайт да.

Арстанбектин үстүнөн тыкыр иштелген жок. Анын көп ырлары Калыгулга кошулуп кеткен. Ошолордун баарын ордуна коюп, кайра чыгарыш керек. «Замана» агымындагы негизги ырлар — бул Арстанбектики экен. Ал өзү Коконго чейин барган да. Ошол жактан көп идеяны алып келген. Себеби, илими бар, жазма акындар менен чогуу жүрүп, ошолордун ырларын уккан.

-Демек, ошолордун баары такталса, Октябрь революциясына чейинки кыргыз адабиятынын тарыхында бир топ жаңы ысымдар пайда болот турбайбы?
-Чыгармаларын кыскача өмүр баяны менен басмадан чыгарса жакшы болот эле.

«Сынган кылычтын» башаты каякта?

-Магзунинин «Фаргана хандарынын тарыхы» кантип колуңузга тийип калды?
-Кыяс Молдокасымов деген биздин жакшы тарыхчыбыз бар. Текстин ошол алып жүрүптүр. Аны Анвар Мокеев деген Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде проректор болуп жүргөн көлдүк жигит Стамбулга барганда кол жазмалардын ичинен таап алыптыр. Текст Кудаяр хандын доорунда, хандын тапшырмасы менен, анын жанында 22 жыл катчы болуп жүргөн адам тарабынан жазылган. Шералыдан баштап, Молдо Исакка чейинкилер бүт баяндалат. Мен байкасам, Төлөгөн Касымбеков ушул кол жазма менен тааныш экен.

-Окуган дейсизби?
-Окуп көрбөсө дагы айткан кишилерден укса керек. «Сынган кылычтын» көп жерлери дал келет. Жазуучу катары, албетте, бир топ жерлерин кошкон. Мисалы, жанагы Бекназар деген кошулган каарман.

Мокеев кол жазманы алып келип, которто албай жүргөн экен, биз молдо Сабыр Досбол уулун чакырдык. Ал өзү фарсыча, арабча, чагатайча кол жазмаларды жакшы окуйт, жакшы которот. Пленка түрүндө экен, аны кагазга түшүрүп алып келишти. Биз китепти ошонун негизинде даярдадык.

-Ошондо кол жазма толук басылдыбы?
-52 бети чыккан жок. Себеби, беттери жок экен. Арабча жазуу ыкмасы мындай: тээ аягындагы сөздү этегине жазып коет. Анан кийинки бет да ошол сөз менен башталат. Кол жазма мурда беттелген экен. Бирок пленкага түшүрүлгөндө барактардын айрымдарынын бети түшпөй калган. Ошондуктан, бети жок барактар тексттин каерине келерин билбегендиктен калып калды. Мен өзүм которгон болсом, салыштырып отуруп, каерге келээрин табат элем. Бирок тиги кишини «салыштырып, таап чыгыңыз» деп кыйнай алган жокмун. Ошол беттерди бөлүп, өзүнчө коюп койгом.

-Которулганбы?
-Которулган жок да. Балким кол жазмадагы эң кызык жерлери болушу мүмкүн. Китепти карасаң, мынчанчы бети жок, бул жерде текст үзүлүп калган деп жазып койгом.

-Кудаяр хан ошончолук тарыхты жаздыргандан кийин, кантип ал китеп болуп чыкпады экен?
-Чыкпаптыр. Кол жазмасын эле окутчу экен. Кудаяр хандын кырктан ашык аялы болгон. Алардын бири, Төрайым илимдүү аял экен да. Ошону жанына отургузуп алып, окутуп укчу экен. Же автордун өзүнө окутчу экен. Балким китеп кылып деле чыгарса керек эле. Бирок, аягында өзү Кокондон куулуп, Ооганстанга, андан ары ажыга барып, ошол жакта өлүп калып атпайбы. Анан кол жазма бир малыматтар боюнча автордун колунда калып, ал туркиялык Абдурахим эфендиге өткөрүп берет. Башка маалыматтар боюнча аялынын колунда калат. Ал сактап жүрүп, тияк-бияктан келгендерге «акчага сатып алгыла» десе эч ким албай бир топ мезгил өтөт. Анан Кудаярхан Ооганстанда жүргөндө, ферганалык бир кыргыз кишиге жолугуп, «баланчада мынча акчам калды эле, түкүнчүдө мынча мүлкүм калды эле, ошолорду балдарыма алып бер» деп суранат. Анан ал киши Коконго келгенин уккан жанагы аял кол жазманы алпарып берет экен. Акча деле албаптыр. Тиги киши болсо алпарып, Стамбулдагы китепканага тапшырыптыр.

-Молдо Нияздын бир китебин чыгардыңыз. Башка кол жазмасы жокпу?
-Жок. Мүмкүн башка жактарда бардыр. Бул киши кыдырып, кол жазмасын ар жакка тараткан экен да. Азырынча төртөө табылды. Каратегин жактарда бар болушу мүмкүн.

Манас калмактар менен согушкан

-Кечээ жакында эле «Жаңы ордо» гезитине жарыяланган бир макалаңызды окуп калдым. Молдо Сайпидиндин «Мажму атут-таварих» аттуу кол жазмасында Манас жөнүндө айтылган дептирсиз. Эпостук каарман катары айтылабы же тарыхый инсан катарыбы?
-Манас тарыхта болгон киши. Чыңгызхандан кийинки доордо жашаган. Токтомуш хан менен замандаш. Токтомуш хан жасаган жоортуулдардын эң башында турган баатыр- бул Манас. «Мажму атут-таварихте» Нух пайгамбардан тартып, Манастан кийинки учурга чейинки кыргыздын тарыхы бар. Кыргыздардын кытай менен согушканы да баяндалат. Бирок, анын баары Манаска чейин болгон. Манас калмак менен согушкан.

Манасчылыктын мыйзамы ушундай, эмне укса ошону киргизе берет. Бирок ошонун ичиндеги негизги учурлар: Манастын төрөлүшү, үйлөнөшү, Алмамбеттин окуясы, Чоң казат, Кичи казатка окшогон окуялар бар. Илимди изилдегенде, мына ушулардын тегерегинде сөз кылыш керек. Каяктагы таш дооруна алпарып кошуп салбай. Жогорудагы окуялардын тарыхын карасаң, так ошол Молдо Сайпидин жазган учурга туура келет. «Манас» эпосунун баарында, эң башкы идеология ислам болот. Анан кантип Манас исламдан мурун жаралсын? Ислам качан тарап, элдин аң-сезимине сиңгенден кийин анан кирет да көркөм чыгармага.

Айта кете турган дагы бир нерсе бар. Жусуп Баласагын менен Махмуд Кашгари дүйнөдөгү эң чоң окумуштуулар. Ушулар кыргыздын аймагында жүрүп, элдик чыгармаларды жыйнаган. Айрыкча Махмуд Кашгари элдик ырларды мисал кылып келтирген. Бирок аларда «Манас» жөнүндө бир сөз жок. Демек, ал доордо «Манас» болгон эмес.

-«Мажму атут- таварихте» Манастын чоролору тууралу сөз барбы?
-Жок. Башка тарыхый адамдар аталат. Жолойдун өлгөнүнө чейин эле бар. Андан кийин Молдо Сайпидин өзү өлүп калган да. Он жылдан кийин анын уулу Нооруз Мухаммед улантып жазган. Улантып жазган жагында негизинен санжыра айтылат.

«Мажму атут-таварихти» 1996-жылы Молдо Сабыр экөөбүз которуп, чыгарганбыз. Бирок, ал аябай татаал текст болгондуктан, эл жакшы кабыл алалбады окшойт. Ошондуктан, азыр элге түшүнүктүү тилде жеткирип, чечмелеп берейин (!) деп «Мен билген «Мажму атут-таварих» аттуу китеп жазып атам.

-Сиз макалаларыңыздын этегине атыңызды койгондо «Соорон сопу» деп коесуз. Сопу деген сөз жөн эле жерден айтыла бербейт эмеспи. Атаңыздын суфизм менен байланышы барбы?
-Атамды айылда Соорон сопу дешчү. Кээ бирөө Сооронун деле айтпай, жөн эле Сопу дейт. Себеби, атам он беш жашынан намаз окуган, Тарикатка кирип, Эшенге колун берген киши. Баба Максым дегендин атасы биз төрөлө элек кезде эшен экен. Ал өлгөндөн кийин анын баласына да кол бергенин көргөм. Кудай дегенден башканы билбеген, жаман сөз айтпаган момун киши эле.

Мамат Сабыров, “Учур” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 09.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий