Улуттук оюндарыбыздын учугу узарар бекен?!

Кыргызстанда спорттун бир нече түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп келет. Айрыкча чыгыш элинин спорту өнүгүп, ага кызыкдар болгон балдардын саны арбыды. Спорттун кайсы гана түрүнөн мелдеш болбосун эл жык-жыйма келбесе да залдын ичи толуп, орун жетпей калган учурлар көп эле кездешет. Тилекке каршы, кыргыздын улуттук оюндары боюнча мелдештер көп өткөзүлө бербегени өкүнүчтүү. Болгону күрөш, тогуз коргоол, ордо гана ойнолуп жүрөт. Анда да ордо оюнуна анчейин маани берилбейт. Дегеле улуттук оюндарыбыздын тагдыры эмне болот?  Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Курбанбек Шерматов менен ушул жагдайда маектештик.

– Учурда улуттук оюндарыбызга анчейин көңүл бурулбай келет. Мүмкүн анын маани-маңызын билбей жаткандырбыз?
– Кыргыз элинин улуттук оюндары тээ илгертеден, ата-бабаларыбыздан бери сакталып келе жатат. Манас атабыз ден соолукту чыңдаган Ордо ойноп, балбандарды сынап күрөштүргөн. Жоокерлерин жоого чыкканга, ат үстүндө шамдагай болгонго, найза сайып, жаа атканга үйрөткөн. Акыл оюндарынан тогуз коргоол менен машыктырып, тарбиялаган. Улуттук оюндар ар бир кыргыздын жүрөгүнүн түпкүрүндө жашап, жан дүйнөсүн байытып, рухун, духун тазартуусу керек. Кыргыздын улуттук оюндарынын маани-маңызын билбеген, түшүнбөгөн кыргыз, кыргыз болуп жарытпайт. Ошондуктан биз улуттук оюндарыбызды ар дайым аздектеп, аяр мамиле жасоого тийишпиз.

– Спорттун башка түрлөрү менен биздин улуттук оюндардын окшоштук жактары көп кездешет. Бирок, ар бир спорт өзгөчө касиетке ээ эмеспи…
– Ооба, биздин улуттук оюндар бөтөн элдин оюндарына окшош болгону менен алда канча пайдалуу. Буга мисал келтирсем, тогуз коргоолду шахматка салыштырсак болот. Шахмат ойноп жатканда 5 – 6 жүрүштү алдынан ойлонсоң, тогуз коргоолдо 9 жүрүштү алдынан ойлонушуң керек. Ошондой эле Ордо оюну – Хан оюну деп аталат. Негизги мазмуну ханды душмандан сактоо же болбосо өнөктөш команданы сүрүп чыгуу. Кыргыздын ар бир улуттук оюну каныбыз менен айланып, сөөгүбүзгө туздай сиңип калган. Ошол үчүн улуттук оюндарыбызды жогорку дэңгээлде өнүктүрсөк маданиятыбызда да бир топ өсүү болмок.

– Союз учурунда улуттук оюндар ойнолбоптур…
– Союз убагында орус элинин улуттук оюндарынын бири “Городкини” ойночубуз. Төрт бурчтуу сызыктын ичинен майда фишкаларды таяк менен уруп чыгарат. Бул оюнду Бишкек шаарындагы атайын балдар үчүн адистештирилген спорт мектебинде сөзсүз ойноткон. А кыргыздын улуттук оюндарын ойноого тыюу салган. Ордо, тогуз коргоол ж.б. оюндарды ойной алган эмеспиз. Мунун себеби, мүмкүн ошол убактагы мамлекеттин саясатыдыр. Эми улуттук оюндарды жандандырыш үчүн Бишкек шаардык спорт комитетинин алдында улуттук оюндар боюнча жаш жеткинчектердин атайын адистештирилген спорттук мектеби ачылып, эки жылдан бери иштеп жатат. Анда улуттук оюндардын 4 түрү: ордо, тогуз коргоол, күрөш, кулатуу бар.

– Унутта калган оюндарыбызды кайрадан жандандыруу үчүн эмне кылуу керек?
– 1980-жылдары Хабибулла Анаркулов, Марат Кыдыкеевдер “улуттук оюндун түрлөрү” деген китеп чыгарган. Анда улуттук оюндун 235 түрү жазылган. Өкүнүчтүүсү ошол улуттук оюндарды ойноого уруксат берилбей, ойнолбой унутта калды. Ал улуттук оюндарыбыздын бары биздин салт-санаабыз, тарыхыбыз. Илгери компьютер деген болгон эмес. Жаштарды улуттук оюндардын негизинде тарбиялаган. Азыр жаштар бир жерден кыймылдабай, бош болсо эле интернетти чукулашат. Маданиятыбыздын жок болуп баратканынын себеби, улуттук оюндар ойнолбой, жеңил-желпи нерселерге ооп баратканыбыз. Туура, буга жаштарды эле күнөөлөй бергенге болбойт. Биз өзүбүз көрсөтүп, келечекке үлгү болушубуз керек. Элдин эсине салып, кызыктыруу үчүн китептерди жаңылап, түстүү сүрөттөр менен жаңы вариантын чыгаруу керек. Себеби, союз маалында жарык көргөн китептер ак-кара түстөр менен басылып калган.

– Күрөш менен ордо оюнунда экиге бөлүнүүчүлүк бар…
– Мында күрөш федерациялары кылдат иш алып барууга тийиш. “Кыргыз”, “Алыш” күрөшү деп эки бурчка туруп албай, ассоциация же башкаруучу система ойлоп таап, бир федерация кылуу керек. Алыш күрөшү жаңы ачылган федерация болгону менен эрежелери Кыргыз күрөшүнө окшош. Экөөсүнүн айырмачылыгы түштүк тарап алыш, түндүк тарап кыргыз күрөшү деп ойноп жүрөт. Антип бөлүнүүгө негиз жок. Ал эми ордо оюнун тескерисинче чектеп жүрүшөт. Бул оюн мурун абалак менен ойнолсо, азыр томпой менен ойнолот. Акыркы 10 жылда абалак менен ойноого тыюу салып койду. Ошол кезде ордо федерациясынын президенти Төрөбай Кудайберген деген болчу. Буга тыюу салуунун зарылчылыгы жок. Каалагандар абалак, каалагандар томпой менен ойной берсин. Анын айырмасы жок. Болгону экөөсүнө эки башка эрежелерди иштеп чыгыш керек. Мисалы, бильярд оюнун американка, снукер, орус пирамидасы деп бөлүп, өзүнчө эреже чыгарып ойноп жатышпайбы.

– Улуттук оюндарыбыздын дүйнөлүк аренага чыгуусуна мүмкүнчүлүгү барбы?
– Улуттук оюндарыбыздын кайсы гана түрү болбосун дүйнөлүк аренага чыгуу үчүн, аны жок дегенде 25-30 мамлекетте биздин эрежелер менен ойноосу керек. Дүйнөлүк масштабдагыдай камера менен үстүнөн, капталдарынан тартып, өзүнчө сайт жасап, дүйнө эли көрө алгыдай кылып жайылтып, алгачкы кадамды шилтөө талап кылынат. Аракет кыла берсек мүмкүн эртели-кечпи биздин өлкөдө да олимпиада оюндары өткөзүлүп калаар. Андайда олимпиаданы өткөзүп жаткан өлкө өзүнүн бир улуттук оюнун программага киргизгенге укуктуу.

Бермет НУРУБЕКОВА, «Кыргыз Туусу», 10.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий