Арбактарды бири-бирине каршы койбойлучу

Кымбаттуу окурман, менин колума калем алып бул макаланы жазууга «Кыргыз Туусу» гезитинин 17-январдагы №3 санына чыккан Самсак Станалиевдин «Кыргыз маданиятынын күн нуру» деген макаласы түрткү болду. Мындай жүрөктүн тереңинен чыгып, сезимди толкуткан, жогорку деңгээлде жазылган макаланы көптөн бери окуй элек элем. Бирок, С.Станалиевдин «К.Тыныстанов кыргыз маданиятынын күн нуру» – дегени ашыгыраак сезилди мага. Анткени, калган чыгаан уулдарыбыз анда эмненин «нуру» болот? – деген суроо туулбай койбойт. Ошол эле 1937-жылда Тыныстанов менен чогуу, айыпсыз атылып кеткендер кимдер анда?

Кыргыз элинин көрүнүктүү уулу Тыныстановдун эли үчүн курман болгон өмүрү, чыгармачылыгы мактоого татырлык жана түбө­лүк­түү. Андан ары автор «Биринчи акынын, биринчи жазуучусун, биринчи окумуштуусун атууга жетелеп барган биздей эл бул дүйнөдө бар болду бекен?» – деп бүтүндөй кыргыз элин күнөөлөйт, бул туурабы?

Ал эми «Тыныстанов жөнүндө сөз болгондо А.Токомбаев анын кас душманы катары айтылат. (Ким тараптан?) Ошентип айтууга негиз, тарыхый фактылар бар, – деп, А.Токомбаевдин «Адабият жат идеядан таза болсун» (КК, 1933.8.08.), «Кыргызстан кеңеш адабияты», (1933-ж. №5), ошого үндөш ысымы жок сын макалаларды санап өтүп, «К.Тыныстановдун чыгармаларынан улутчул идеяны, буржуазиячыл ой айтуу көрүнүшүн таап, аёосуз сындай бер­ген. Бул багытта А.Токомбаев алдына эч кимди салган эмес. Чынында бул макалалар А.Токомбаевдин атагын чыгарган, К.Тыныстановдун күнүн батырган. Жогорудагыдай айыптоолор аны 1937-жылдын 1-августунда камакка отургузган» – дейт… Баракелде!… Тарыхты билбегендер «А.Токомбаев карөзгөй киши тура» – деп, сөзсүз таң калат болуш керек. Анда 1937-жылдын 16-октябрында А.Токомбаевдин өзүн ким каматкан, ал эми улуу акындын эки жылга жакын түрмөдө кыйноодо жатканына ким күнөө­лүү? Күнөөсү жок үчүн акталып, ошончо кыйноону көрсө да, эч кимди сатпай, каралабай чыкканын архивдик документтер тастыктап турбайбы. А.Токомбаевди мындай кескин айыптоого эмне себеп болду экен? Мындан үч жыл мурда мындай айыптоо менен профессор Кадыркул Даутов да «Кыргыз адабияты» гезитинин үч санында,»Касым Тыныстанов тарыхтан өз ордун таптыбы?» деген маегинде, А.Токомбаевди каралап К.Тыныстановдун камалып кетишине А.Токомбаев тикелей күнөөлүү болгон деген оюн айткан. А.Токомбаевдин кызы Тамара Алиевна «Кыргыз адабияты» гезитинин 2009- жылдын августундагы №14 санына чыккан «37-жыл жыттанган маекке жооп» деген макаласында К.Даутовду ашкерелеп, ал кишини сотко берип, бирок ая­гына чыкпай, эже бу дүйнөдөн өтүп кеткен. «Эмне үчүн жаш муундарды окутуп, тарбия берип жүргөн профессор К.Даутов «Аалы Токомбаев тирүү кезинде эле классик болгон акын болчу деген сөзүн унутуп калды экен?» – деген таризде Аалы Токомбаевдин мемориалдык үй-музейине, Улуттук китепканага барып, өткөндүн тарыхтарын барактап, таптакыр башка чындыкка ынандым.

Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаев Ташкендеги САКУда окушуп, жолдоштуктары деле сый эле болгон экен. Кийин деле «Жыйындарда сындашканыбыз менен көчөгө чыкканда чогуу басып Касым, Касыке экөөбүз башкалар менен кошо тамашалашып кете бер­чүбүз», – деп эскерет А.Токомбаев. Анан да бул кыргыз жазма адабиятын негиздөөчү эки инсан, бири-биринин баркын жак-шы түшүнүшчү экен. К.Тыныстанов мурдараак бүтүп келип, Фрунзеде иштеп калат. 1924-жылдын 7-ноябрында кыргыздын тунгуч гезити «Эркин Тоого» А.Токомбаевдин «Өктө­бүрдүн келген кези» деген ыры чыгат, ал кезде ыры тунгуч гезитке чыгып «атактуу» болуп калганын билбеген А.Токомбаев Ташкенде окуп жүргөн мезгил болот. Ошо биринчи ийгилигине шыктанган жаш акын 1924-жылдын аягында «Ленин жөнүн­дө» деген ырлар жыйнагын басмага берсе К.Тыныстанов ага катуу сын жазып чыгартпай коёт. Сын деле жүйөлүү бол­гон экен, себеби 20 жаштагы акындык шыгы жетиле элек А.Токомбаев Ленин каза болгондо бүткүл Совет эли сыяктуу эле аза күтүп, бир түндө эле кошок түрүндө улуу жол башчыны жоктоп поэма жазат. Кийин бул чыгарма алгачкы жазма адабиятыбыздын өнүгүшүнө белгилүү кызмат кылыптыр. Бирок жолдоштук кылып, жүйөлүү сын айтып, каталарын оңдоткондун ордуна, жыйнагынын себептери айтылбай басмадан чыкпай калат. Бул эмне, көрө албастыкпы же ичи тардык беле, белгисиз?

Бул тууралуу 1937-жылы К.Тыныс­тановдун Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Белоцкийге жашыруун жазган катынан билингенин кийин тарых өзү тастыктап, ким кимди каралаганын архивдик документтер далилдеп жатпайбы. Демек К.Тыныстанов 1924-жылы А.Токомбаевдин алгачкы ырлар жыйнагын катуу сындап чыгартпай, тирешүүнү өзү баштаганын, 1937-жылга чейин ал жыйнак тууралуу, аны жок кылуу маселесин такай коюп келгенин архивдик документтер аркылуу баамдап билип жатабыз. Ошондуктан А.Токомбаев да пенделик кылып, айыптоочусунан өч алуу максатын көздөп «Академиялык кечелерин» катуу сындап жазгандары, аны аттырып жиберүү максаты эместир. Анткени адабий сын байыртадан эле болгон, боло да берет. Менимче, К.Тыныстановдун ал кезде жалгыз эле А.Токомбаев «оппоненти» болду дегенге ишене берүү да осолдук болот го. Себеби, ал кезде терең билимдүү, чечен, орусчаны таза сүйлөгөн К.Тыныстановдун активдүү ишмердигин көрө албаган партия­лык ишмерлер, сынына чычалаган чыгармачыл адамдар деле көп болсо керек, болбосо жалгыз жаш Аалынын колунан эмне келет эле? Же анын колунда бийлик болбосо, бардык чечимди партиялык бийлик чыгарган заман эмес беле. Тарыхый документтер тастыктагандай, ал кезде Наркомпростун төрагасы болуп иштеген К.Тыныстановду жеке эле чыгармачылыгы тууралуу күнөөлөбөй, ага чоң күнөөнү «саясий каталыктары» деген жалаа менен каралашканы эң негизги себеп экен. Мында академик Маррдын илимий теориясына каршы чыккан лингвист Поливанов менен болгон байланышы тууралуу, эң негизги күнөөнү «Бухарин менен Рыковдун» иши боюнча каралашкан. Анда Бухарин 1933-жылы Ташкенден Фрунзеге келип, партиянын XVII съездине делегат болуп шайлангандарга жашыруун добуш берүүдө Сталинди тизмеден чийип салууга үндөгөн. Фрунзеде Совминдин дачасында Бухарин менен Белоцкий, Орозбеков, Исакеев жана Тыныстанов жолугушкан деген саясий айыптоо болгон. Ушул эң негизги айыптоо Орозбековдун да, Исакеевдин да, Тыныстановдун да, Белоцкийдин да түбүнө жеткен экен. Ал эми К.Сактановдун «Маркумдар үнү» деген романында тергөөчү К.Тыныстановду Кыргызстан БКнын жооптуу кызматкери Кыргызбай Кокуйбаевдин НКВДга жазган күбө каты аркылуу күнөө коюп сурак жүр­гүзөт. Ал катта «1937-жылдын 13-сентябрында «Правда» гезитинин кабарчысы В.Ходаков «Кыргызстан КП (б) БКнын чириген саясаты» деген макаласында Белоцкий, Орозбеков, Исакеев, ашынган улутчул Тыныстанов ашынган оппортунист, куйту Поливановду колдоого алып келишкен», – деп каралаган. «Правданын» үнү ал убакта зор күч болгон. Көрсө, Кыргызбай Кокуйбаев деген Көчкөн Сактанов агабыз романында жалпылаштырган кыргызды кыргыз саткан «кишинин» образы тура. Чындыгында эле Тыныстановду саткан, айланасындагы эле өзү адам кылган кишилер болгон дешет. Ушундан улам кыргыз элинин атактуу уулдары катаал мезгилдин саясий курмандыктары болгондугуна ынанасың.

Ал эми чыгармачылыгы тууралуу болгон кармашуу ал «идея» үчүн болгон күрөш деп түшүнсөк болот. А балким саясий күчтөрдүн айдактоосу менен болгон жалаа жабуулар да болгондур? Ал эми Токомбаев каралап сындап жатып каматкан деген ойду С.Станалиев 1991-жылы да «Заман саясатынын курмандыгы» деген баарлашуусунда «Тыныстановду Токомбаев эле аттырган, болбосо өзү атылып кетмек» – деген ойдун башын кылтыйтат. Ал мезгилде Тыныстанов көргөн тозокту көрүп түрмөдө жаткан Токомбаев кантип Тыныстановду каматмак эле деген ой келет. Белгилүү жазуучу Асанбек Стамов «Кыргыз Туусунун» 1992-жылдын 3-сентябрындагы санына «Доордун уулдары-доордун кулдары»деген макаласында «Бардыгы ачык, бардыгы так. К.Тыныстанов Аалы акынга саясий айып тагып, башынан эле аёо бербептир. Тыныстановдун аталган каты (Белоцкийге) 1937-жылдын 8-февралында жөнөтүл­гөн. Маркум Касым ага, ал катты кийин жарыкка чыгат деп эч шек санаган эмес. Ал эми ошол кат боюнча Аалыке 1937-жылдын 16-октябрында камалат»– деп фактылар менен, С.Станалиевдин А.Токомбаевди курулай каралап жатканын төгүндүккө чыгарат. («Улуулуктун татаал жолу». 313-бет). Ошондой эле «Улуулуктун татаал жолу» деген китепте (310-бет) «Чү дегенде үстөмдүктү К.Тыныстанов каршылашын очорулта жеңүүнү жүргүздү. Бара түшө, 1927-жылда жараксыз деп ыргытылган «Ленин тууралуу» китеби Ташкенден жарык көргөндөн тартып, А.Токомбаевди колдоочулар көбөйүп, К.Тыныстановду дембе-дем сындоого өтүштү. Касымдын ырлар жыйнагын сындагандар: Т.Жолдошев (1927-ж.), А.Убукеев (1928-ж.), аларга үн кошкон, М.Дөгдүров, А.Мыктыбеков идеялык жаңылыштыктарына өзгөчө басым жасашты. Аларды жактап бийликтеги жетекчилик жогорку жыйындарда К.Тыныстановдун чыгармаларынан каталыктарды, ага карама-каршы А.Токомбаевдин өрнөктүү төлдөрүн салыштырып, кандайдыр бир максаттуу түрдө бирөөнү басынтып, экинчисин көтөрмөлөп, коомдук пикир түзүштү» – деп жазылат. Менимче ушул айтылган ойду талдап көрсөк кандайдыр бир чындык бар сыяктанат. Себеби бийликтегилер да К.Тыныстановдон сестенишип, аны каралашып, башкалардын жардамы менен «төө басты» саясатын жүр­гүзгөн. Мисалы, 1934-жылдын 15-17-июлунда өткөн Кыр. Обкомдун пленумунда Баумандын, Жолдошевдин, Айтматовдун ж.б. пикирлерин өнүктүрүп, Белоцкий да Тыныстановду сынга алган.(парт. архив, ф.. 10, оп. 1, д. 543, 94-95-бет).

Ошондой эле «37 жыл Кыргызстанда» деген китепте (87-бет) 1937-жылдын 16-августунда, Кырг. ССРинин Агартуу эл комиссарынын орун басары Н.Черкасов «Экинчи адам – Поливановдун союздашы, улутчул Тыныстанов Абдрахмановдун, Алиевдин багытын пантүркчүл, бай-феодалдык багытта жүргүзгөн» – деп катуу саясий айып койгон. Демек К.Тыныстановду жеке эле А.Токомбаев сындабастан, башкалар да бар экени эмне үчүн айтылбайт? Мисалы 1935-жылдын 11-12-февралындагы Тыныстановдун ишин караган Наркомпростун партуюмунун отурумунда (протокол №7) Токомбаевден сырткары Поливанов, Куламбаев, Турусбеков, Элебаев, Маликов, Каракеев, Убукеев ж.б. башкалардын сындаганы, К.Тыныстановго карата атайын уюштурулган чаралар экени ачык эле көрүнүп турат. Ал эми С.Ста­налиев­дин бүгүнкү күндө кайрадан А.Токомбаевди кескин түрдө каралап жатышынын себеби эмнеде? – деген суроо туулбай койбойт экен. Мында А.Токомбаевди тикелей каралоо максаты тургандыгы ачыктан ачык эле көрүнүп турат, болбосо автор К.Тыныстановдун Токомбаевге бут тосконунун себептерин эмнеге айткысы келбейт, же 80 жыл мурунку муундарга аралашып мамилесин көрүп жүрбөсө, улууларды каралоо кантип болсун? Ал мезгил идеялык күрөштүн айыгышкан курч, идея үчүн өмүрлөр сайылган оор мезгил экенин биз азыр билип жатпайбызбы. Анан кимдин ким экенин, алардын адамдык мүнөздөрү, ички дүйнөсү кандай болгонун Самсак ага кайдан билет? Улуу адамдарда да кемчилик болгон болуш керек, анан биз ушунча жылдан кийин тигил мындай болгон, бул мындай болчу дегенге укугубуз да жок, аны маданияттуу киши жакшы түшүнөт деп ойлойм. Көрсө, кептин баары С.Станалиевдин К.Тыныстанов жөнүндө жазган «Чагылгандын көз жашы» деген романында экен. Бул жөнүндө сынчы Качкынбай Артыкбаев А.Токомбаев жөнүндөгү «Адабий сынчылык ишмердиги жана айрым талаш-тартыштар жагдайында» деген макаласында романдын автору «Тыныстанов А.Токомбаевге Лениндин образын жана ленинизмди туура эмес көрсөткөн деп саясий айыптын эң оор, эң күчтүүсүн таңуулап, аны 1937-жылга чейин тынымсыз күн тартибине коюп жатса, анан романдын авторунун А.Токомбаевден «саясий ката издеп убара болгон жок» – деп К.Тыныстановду актап турушу кимди ишендире алат эле?» – дейт. Ошондой эле романдагы чындыкты бурмалаган жерлерин сындап келип, «Аалынын Касым менен жарашпаганына келтирип минтип эскерткенине жол болсун: «Бирок, аны Аалынын Шербото бабасынан бери келатканын, андан берки Токомбай атасынан калган кадимки эле пенделик мүнөз, кызыл канда ойногон, тула бойдо туйлаган бир кыял экенин эч ким этибарга алган жок…» – деп автор көктүктү ата-тегинен бери калган генетикалык айыкпас оору катары көрсөтүп, өзүнүн романында сүйүнчүлөп отурганын кандай түшүнүүгө болот? …Ушундай фактылар орун алгандыгы үчүн романда психология басымдуу орунга чыккандай элес калтырат.

Ал эми автордук психологияны субъективдүүлүк жетелеп кеткен жерде тарыхый чындыкка доо кетип, анын романда кыйшык күзгүдөн көрсөтүлүп калышы да талашсыз чындык эмеспи» – деп белгилүү сынчы агабыз С.Станалиевдин романындагы бир жактуулук кемчиликтерин туура сындап, авторго душман болуп калган го. Ушунун негизинде мындай ой кетет. Качкынбай агабыздын көзү өткөн соң, да бир жолу ич күйдүсүн чыгарып алайын дегенби, же каяша айтаар Стамовдун көзү өттү, кызы Тамара Алиевнанын да көзү жок, эч ким каяша айта албайт таризинде жазганбы, мен билбейм. Антип ойлосоңуз жаңылышасыз. «Тарыхты тапанча менен атсаң, ал замбирек менен жооп берет» – деген акылдуу кепти унутпай, тарыхты бурмалабай жазсак аны кийинки муундар да баалашат. Эмгегин эли-журтуна арнап өткөн залкар, улуу инсандарыбызды көздөрү өткөндөн кийин жамандай берсек, биздин кийинки муундар сыймыктанаар инсандарыбыз калбай калат го.

А.Токомбаевди 1937-жылдары белгилүү акын-жолдоштору деле аёосуз сындап каралашканын архивдик документтер далилдеп турат го, анын баарын чубап чыгуунун кажети барбы? А.Токомбаев кийин айтчу экен «мен аларга деле таарынбайм, заман ошондой болчу, болбосо өздөрү камалып кетмек» – деп. Мындан акындын улуулугу, кеменгердиги көрүнүп турбайбы? «А.Токомбаев бир катар жаш акындарды согушка айдатып, алар кайтпай курман болушкан» – деген каралоолор да болду. Бирок А.Токомбаевдин аларды согуштан алып калууга жасаган аракеттерин архивдик документтер далилдеп , ошол эле Мукайдын, Жусуптун Аалыга жазган каттары далилдеп жатса деле, болбой «Аалы баарын өзүнө атаандаштар катары жок кылган» – деп коомдук пикир түзүш­көндөр эмне максатты көздөштү экен? деген суроо да туулат… Өмүрүнүн акыркы жылдарында Токомбаев «Манаска» каршы чыкты дешип, мектептин окуучуларына чейин кат жаздырып, төө бастыга алып «жайлап» тынышкан эле уяты жок, белгилүү адамдарыбыз эле.

1950-жылдарда «Манас» үчүн канча салгылашып, китебин чыгарган адамдын «Манастын ысымын коньякка, конфетке койбогула, жөнү жок нерселердин баарын Манас дей берсек Улуу сыймыгыбыздын баркы кетип калат» – деген аксакалдын жүйөлүү кебин тетири бурмалашып каралашкан болчу. Алар деле унутулду го, бирок Аалыкенин заңкайган орду дале турбайбы өз ордунда. Токомбаевдин кыргыз адабияты менен маданиятына кошкон зор салымы, анын тоо булагындай тунук, кыргыз тилин байыткан поэзиясы, эбегейсиз зор адабий мурасы, кыргыз элине түбөлүк руханий байлык болуп кала берет. Кайсы мезгилде, кандай ниетте актап же жамандап караласак да Тыныстановдун да, Токомбаевдин да, башка улуу инсандарыбыздын да кыргыз тарыхында ар киминин өз орду бар. Алар өз учурунда идея үчүнбү, биринчилик үчүнбү, кармашып кү­рөшкөндөрү менен эл-журту үчүн зор эмгектерин, мурастарын калтырып кетишкен. Ал учур алардын заманы болчу, алардын күрөшү болчу. Анан кайра-кайра эле» А.Токомбаевдин адабий сындары үчүн К.Тыныстанов атылып кеткен» – деп каралоого акыл тегереткенге адамдын ишениши кыйын го. Себеби, бул эки улуу инсанды кыргыз маданиятынын тарыхында бири-бирисиз элестетүү кыйын, бири жарк деп учкан жылдыздай кыска өмүрүндө эли үчүн эбегейсиз зор эмгек кылып каардуу заманынын курмандыгы болсо, бири ошол тозоктон аман калып, өзүнүн үзүрлүү чыгармачылык узак өмүрүндө көөнөрбөс зор мурас калтырып кетти. Дагы бир жолу кайталагым келет, 1937-жылда кырчындай өмүрлөрү кыйылган, кыргыз интеллигенциясынын баш көтөргөн көрүнүктүү өкүл­дөрү ошондогу каардуу саясаттын курмандыктары болушканын тарых тастыктады. Ошондуктан алардын арбактары тынч жатсын десек, пенделик кылып, арбактарды бири-бирине каршы койбойлучу. Биз ар дайым алар менен сыймыктанабыз, кийинки муундар да сыймыктансын. Менин максатым А.Токомбаевди актап, же С.Станалиевди сындоо эмес, тек гана калыстыкты айткым келди. Бүгүнкү дүйнөдөгү татаал кырдаалда «чылыктардан» өйдө болуп, уруучулук, жердештик, же жеке кызыкчылыктарга алдырбай, бөлүнүп- жарылбай, улуттук биримдигибизди сактап, тарыхты бурмалабай, калыстыктан тайбай, башка улуу элдерге саныбыз менен эмес, сапатыбыз менен тең келсек жакшы болоор эле деген гана тилек…

Асанкожо АЙТЫКЕЕВ,
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
,
“Кыргыз туусу”, 21.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Арбактарды бири-бирине каршы койбойлучу: 2 комментария

  • 21.01.2015 в 17:18
    Permalink

    Мен бул жактагы жазылгандарга кошулгум келбейт, Аалы өзү кармалып кайра чыкканда, кошамат жана жалган сөздөр менен өзүн актап чыгып кеткени баарыбызга белгилүү. Эгерде ушул тапта Жапар Айтикеев тирүү болгондо бүт чындыкты айтып бермек, тарыхты өзгөртө албайбыз…

    Ответ
  • 21.01.2015 в 17:24
    Permalink

    Жакшылап көнүл бурсаңыздар, Орозбеков, Исакеев да Касымдын жактоочулары болгон, алар Касымды жакташтын амалын көрөбуз деп акыры өздөрү да, Касым менен бирге мыкаачылык менен жазаланып, атууга кетишкен. Касымдын күнөөсүн териштерүү ишинде калыстыкка чакырганда, ошол жерде жогорудагы ысымдын ээлери жана Аалы да отурган…

    Ответ

Добавить комментарий