Айтматовдун драматургиядагы жаңычылдыгы

Моралдык-нравалык теманын азыркы кыргыз драматургиясында өзгөчө социалдык-философиялык жалпылоолорго алынып, новатордук жанрдык-стилдик формада чечмелениши Ч.Айтматовдун казак драматургу К.Мухамеджанов менен биргелешип жазган «Фудзиямада кадыр түн» аттуу жанры боюнча социалдык-психологиялык драмасынан даана көрүндү. Драма нравалуулук проблемасынын кыргыз драматургиясында терең көрүнүшү гана эмес, дүйнөлүк масштабда глобалдуу проблеманы, «канткенде адам улуу адам болот?» маселесин жалпы адамзат алдына курч жана конкреттүү коюшу, дүйнөлүк окурмандарды, көрүүчүлөрдү ынандырышы менен идеялык-эстетикалык жогорку сапатка ээ.

Чыңгыз Айтматовдун бул алгачкы драмасын анын прозаларында эволюциялык өнүгүүдө келе жаткан көркөм ойлоо принцибинен, идеялык-эстетикалык көркөм позициясынан, ыкмасынан, жалпы эле идеялык-көркөм системасынан бөлүп кароого болбойт. Ал тургай журналисттик, публицистикалык эмгектеринин да драмага тиешеси бар экенин баса белгилөө талап кылынат. «Фудзиямада кадыр түн» драмасынын козгогон проблемаларынын социалдык-философиялык жактан мотивировкаланышына да, идеялык мазмундун тереңдигине да, жанрдык-стилдик уюшулуш структурасына да, анын мурунку чыгармалары топтогон көркөм традициясынын таасири зор.

Ч.Айтматовдун эстетикалык кругозорунун бийиктиги, профессионалдык сабаттуулугу, турмуштун философиялык маңызын терең кабылдоосу жана аны бүгүнкү күндүн бийиктигинен баалай билиши анын аң-сезиминде синтетикалык ойлоонун өзгөчө манерасын, принцибин жаратты. Ал принцип Ч.Айтматовдун эпикалык жана драмалык көркөм каражаттарынын, формаларынын ажырагыс синтези аркылуу образдуу көркөм ойлоо өзгөчөлүгүнө тыгыз байланышат. Бул өзгөчөлүк Ч.Айтматовдун прозаларындагы эпикалык көркөм каражаттар менен катар эле драматизмдин күчтүүлүгү, курч конфликт, диалог, монологдордун арбындыгы жана аракет кыймылдуулугу каармандардын ички дүйнөсүн түгөл ачып, мүнөз өз­гөчөлүктөрүн таасын көрсө­түүдөн бизге  дайын болот.

Ошондуктан Ч.Айтматовдун прозаларынын улам  кийинкилери сахналашты-рууга жана экрандаштырууга өтө эле оңой жана жакын келип, көлөмү чакан, бирок чоң мазмун сыйдырылганы драмалык лаконизмге жана сүрөттөө принциптерине эң эле чукулдап келет. Мына ушундай эволюциялык зарылдыктын инерциясы Ч.Айтматовду турмуш чындыгын драмалык көркөм ойлоого, драматургиянын көркөм каражаттары менен лакондуу, кыска, бирок ойду толук айтуу формасына кайрылууга мажбурлап, аны табигый түрдө чоң драматургияга алып келди.

Ч.Айтматов драматургияга алгачкы ирет келишинде да мурунку көркөм сүрөттөө принциптеринен, формаларынан кол үзбөстөн туруп андан ары тереңдетип, жаңыча улантты. Ал өзүнүн прозалык чыгармаларындагыдай эле элдик традицияны «Фудзиямада кадыр түн» драмасында да композициялык ыкма катары мазмунга ылайык чебер колдонот. Драманын каармандары атап коюшкан «Фуд-зияма» чокусунун да аракет кыймылдын өнүгүшүндө аздыр-көптүр ролу бар экенин танууга болбойт.

«Фудзияма» чокусу тууралуу драмада өзүнчө бир чоң эпизод берилип, ага чыккан адамдардын ачык айтып, ак сүйлөөсү, сыр жашырбоосу жөнүндө сөз болот. Каармандардын ичтеги катылып жаткан сырларын жашырбай ачык айтууларына көркөм шарт, ыңгайлуу атмосфера түзүүдө «Фудзияма» символикасы жана дасторкондун жайылышы эң эле ишенимдүү көркөм каражат катары кызмат аткарат. Дасторкон менен «Фудзияма» чокусу композициялык ийкемдүү форма катары бири-бирине өтүшүп, аракет-кыймылдын өтүүчү ордун уюштуруу менен бирге, анын өнүгүшүнө да аздыр-көптүр өз таасирлерин тийгизет.

«Фудзиямада» дасторкондун айланасындагы диалогдор, полилогдор, курч репликалар эзелтеден келе жаткан дагы бир улуттук фольклордук традициядан чебер өздөштү­рүлгөн «чечендер айтышы» формасынын новатордук үлгүсүндө өнүгөт да, бара-бара жаңы формага, «айтыш-диспут» формасына айланат. Драмада чиеленишкен татаал сюжеттик сырткы окуялуулук жок. Күндөлүк турмушта кездешкен жөнөкөй эле көрүнгөнсүгөн маселелердин айланасындагы талаш-тартыштан терең философиялык, социалдык нравалык проблемалар, курч конфликт өсүп чыгат.

Аракет кыймыл бир суткага жетпеген убакыттын ичинде, бир эле орунда күчтүү концентрацияланып, курч конфликтте, өтө чыңалган ритмде, динамикалуу өнүгүүдө өтөт. Каармандардын речтеринде автордук позиция бир кыйла күчтүү берилгендиктен, автордун үнү менен каармандардын үнү куюлуша биригет да, интеллектуалдашкан публицистикалык тон пайда болуп, драма доминанттык стилдик мүнөзгө ээ болот. Публицис­тикалык стилде таамай айтылган репликалар каармандардын өзүн-өзү жана бири-бирин ачууга түздөн-түз багытталат. Ар бир каармандын речи анын ким экенин, нравалык сапатын гана айгинелеп тим болбостон, мүнөз өзгөчөлүктөрүн да таамай ачат.

«Фудзиямада кадыр түндө» башка драмалардагыдай борбордук башкы каармандар жок. «Фудзияма» чокусундагы дасторкондун айланасында канча персонаж олтурса, ошонун баары драманын жанрдык, композициялык формасына, стилине ылайык бипбирдей укуктан пайдаланышып, «айтыш-диспутка» бирдей катышат. Ал тургай драмага катышпаган Сабыр да ушул принципке ылайык каармандар арасында улам эскериле берет. Сабырдын да мүнөз өзгөчөлүктөрүнөн, нравалык турпатынан башка каармандардын эскерүүлөрү, талаш-тартыштары аркылуу кабардар болобуз.

Каармандарга нравалык баа берүү, алары турмуш чындыгынын тигил же бул татаал шарттарында сыноо драмада негизинен үч раунд боюнча жүргүзүлөт да, тарых илиминин доктору Иосиф Татаевичтин, жазуучу Исабектин, актриса Гүлжандын, агроном Досбергендин, тарых мугалими Мамбеттин, география мугалими Алмагүлдүн, врач Анвардын, пенсионер Айша апанын адамдык сапаттары бүгүнкү күндүн жогорулатылган нравалык критерийинен туруп терең талдоого алынат.

Драманын биринчи бөлүмүндөгү «айтыш-диспутта», каармандардын ички дүйнөсүн, адамдык табияттарын изилдөөнүн биринчи раунду, ал эми экинчи бөлүмүндө экинчи, үчүнчү  раунддары өз ара ыктуу чиеленише бирин-бири улап, аракет кыймылдын интенсивдүү өнүгүшүн, ойдун тереңдешин, мазмундун ачылышын шарттайт. Биринчи раундда адабият менен искусство, илим, кесипчилик, адамдын жашоодогу орду, күндөлүк турмуш-тиричилик маселелери, байлыкка карата көз караштардын, мамилелердин айланасында «айтыш-диспут» жүрсө, экинчи раундда Сабырдын кейиштүү тагдырына байланыштуу ар кимдин күнөөсүн териштирүү курч мүнөзгө өтүп, каармандардын ички дүйнөсүнө жүргүзгөн психологиялык анализ мурункудан да тереңдетилет.

Ал эми үчүнчү жыйынтыктоочу раундда «Фудзияма» чокусунан таш кулатуу оюнунан келип чыккан трагедиялуу ситуациянын натыйжасында учурдун духу менен жашаган Мамбеттин, Алмагүлдүн адамдык гуманисттик бийик сапаттары, кыйынчылыктарда өз башынын гана камын ойлошкон халтурщик Исабектин, өзүмчүл Иосиф Татаевичтин, жеңил ойлуу Анвардын, өз максаты үчүн чечкиндүү аракеттене албаган, ыкшоо Гүлжандын нравалык пастыгы өзгөчө интенсивдүү ритмде даана ачыла түшөт.

«Фудзиямада кадыр түн» социалдык-психологиялык драмасынын эң негизги мазмунун түзгөн ыймандын тазалыгы, чынчылдык, ак ниеттүүлүк, адамдын адам алдында жоопкерчилиги жана анын коом менен байланышы, инсандардын моралдык-нравалык турпатын иликтөө жана ага баа берүү, ошондой эле өзүмчүлдүктүн, чыккынчылыктын бетин ачуу сыяктуу проблемалар каармандардын мүнөздөрүнө социалдык-философиялык, нравалык-психологиялык терең анализ берүү жолу менен публицистикалык аналитикалык стилде ар тараптан кенен ачылат.

Бул башкы проблемалык линиялар менен катар учурга мүнөздүү бир канча курч коюлган орундуу маселелер да козголот. Мында нравалык-философиялык, социалдык-психологиялык проблемаларды көркөм чечмелөөдө ичкериден уюшулуп акырындап ачыкка көтөрүлгөн интеллектуалдуулукка ширелишкен публицистикалык тон көркөм формаларды ажырагыс биримдикке айландырып, жанр­дын ички структурасын чың уюштуруучу негизги стилдик мүнөзгө ээ болот. Натыйжада, драманын бүткүл формалдык түзүмдөрүнүн кыймылдаткычы «жаны» катары активдүү кызмат аткарган публицистикалык-аналитикалык стиль психолог-драматургдардын чындыкты жана адам жанынын ички тереңдеги сырларын социалдык-психологиялык жактан терең талдоонун «электрондук кардиограммалык» маанилүү аспабына айланган.

Драмадагы интернационалдык пафос интеллектуалдуу башталма-дагы публицистикалык стилде жалпы адамзаттын алдына реалдуу гуманизм­дин нравалык принциптерин курч коюп, «адам уулун адам болууга», тынчтыкта жанаша жашоого, достукка, кызматташтыкка чакырып, цивилизацияны ядролук кыйроодон түбөлүк сактап калуу идеясын дүйнө элдерине жарыя кылат.

Драмада бүткүл адамзат алдына курч коюлган «Канткенде адам уулу адам болот?» деген чоң суроо алдындагы идеялык позициянын, под- тексттин, нравалык проблеманын көп маанилүүлүгү ар бир окурмандын, көрүүчүнүн жогоркудай кеңири масштабдуу ой жүгүртүүлөрүнө табигый түрдө стимул боло алат. Ошондуктан «Канткенде адам уулу адам болот?» деген проблемалуу фраза нравалык-философиялык теманы көркөм чагылдырууда бүгүнкү прогрессивдүү дүйнөлүк адабияттын чыгармаларынын программалык эпиграфы катары колдонуларлык мазмунга ээ. Анткени, азыркы дүйнөдө прогрессивдүү адамзат өзүнүн мурун басып өткөн тарыхына кайрылып, өткөндү терең аңдап таануу менен коомдук өнүгүүнүн мындан аркы прогрессивдүү жаңы жолуна түшүү үчүн империализмдин, колониализмдин чынжырын үзүп жаткан кезде гуманизм, адамдардын нравалык тазалыгы иштин ийгилиги үчүн өтө зарыл.

«Фудзиямада кадыр түн» социалдык-психологиялык драмасында учугу ушуга чейин кенен ой жүгүртүүгө багыт берген мазмунунун полифо-ниялуулугу, проблемаларынын масштабдуулугу жана алардын жеткиликтүү көркөм чечмелениши драматургдардын публицистикалык-аналитикалык стилинин идеялуулугун, ошондой эле жогорку сапаттагы реалдуулугун таасын аныктайт. Мына ушундай жанрдык-стилдик өзгөчөлүгү менен драма өзүнүн көтөргөн проблемаларын окурмандарга, көрүүчүлөргө түгөл ачып берип, идеялык-эстетикалык терең таасир берүү мүмкүнчүлүгүнө толук жетишкен.

Абдыкерим АБДЫРАЗАКОВ, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору,
“Кыргыз Туусу”, 21.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий