Тил табияты

• Сөз кыргыз тилинин табияты жөнүндө. Башкача айтканда Манас дүйнөсү баш болгон дастандарда уюган, нечен миң-миңдеген жылдар бою оозэкилеп эленип өнүккөн эне тилибиздин табияты. Көкөтөйдүн ашында чабылчу күлүктөр минтип сыпатталыптыр:
Саяпкерге көп түлүк.
Өркөчү бийик, зээри бас
Өкүм күлүк бир канча
Өөдө жерден ноюбас
Токсон күн минсе жорубас,
Тобурчак бар бир канча…
Кара байыр, казанат,
Камыш кулак, сом туяк
Каса тулпар андан көп…

Түлүк, зээр, ноюбас, тобурчак, карабайыр, сом, каса. Жети сөз айтылып атат, ар бирине токтолуп көрөлү.

Түлүк . Төрт түлүк мал: жылкы, уй, төө, кой-эчки. Беш түлүк. Бул жерде кой өзүнчө, эчки өзүнчө айтылганда – беш түлүк.

Зээр. Моюндун көкүрөк жаккы түпкүрү. Соорусу бийик, зээри бас.

Ноюбас. Чаалыкпайт, кебелбейт.

Тобурчак. Жылкынын жакшысы.

Карабайыр. Асыл тукум болбосо да, чыдамкай, чаалыкпас жылкы баласы.

Казанат. Желдей сызган тулпар. Адамга карата да айтылат. Өтө тың адам маанисинде.

Каса. Өзгөчө, айрыкча, чыныгы. Каса тулпар.

• Ушул, ушулар сыяктуу сөз байлыктар муундан муунга кемип, эки сөздүн бири орусча айтылып аткандыгы жакшыбы же жаманбы? Бул маселе айтылыш керекпи же кереги жокпу? Элибиздин эне тилинин табыяты, байлыгы, элестүүлүгү сакталыш керекпи же кереги жокпу? Кыргыз тилин, мамлекеттик тилди оңуна келтирүү жөнүндө сөз башталса эле дароо: орус тилсиз өнүгө албайбыз деп, коомчулук пикирди бурмалап чуу салгандар болуп атат, маселенин өңүтүн тескери буруп. Кыргыз тилинин абалын, көчөдө, коомчулук жайларда, иште, атүгүл үй-бүлөдө (мурдагы кездердин бардыгынан күчөп) эл орус тилине ооп бараткандыгын, бул көрүнүш күчөгөндөн күчөй берсе, элибиздин тил табияты тамырынан соолуп каларын айткылары келишпейт, алар.

Кыргыз тилинин табыяты – өзүнчө өзгөчөбү?

• Миллион эмес, миллиарддаган сөздөр ыр болуп ыргакталып баяндалган Манас дүйнөсү аян, туюм болуп берилип, жаттабай жатка айтып калгандык – бир гана кыргыз элине таандык касиет. Дүйнөнүн башка бир да элинде жок. Төрт жашар баланын, Азыкбек Оморовдун биринчи класста жаңыдан арип тааныган уулунун “Манас” айтканын бүт калайык – калк угуп атат. Эгерде ушул сырдуу өзгөчөлүктү, ыйыктыкты ыйык тута албай, эне тилибиздин табиятынын, эки сөздүн бирин орусчалап, кутун качырсак, олуп – чолуп сүйлөмөй күчөгөндөн күчөп жүрүп олтурса, эмне деген эл болобуз?

Эмне кылуу керек?

• “Тил табияты”. Ушул сөздүн өзүндө баары айтылып туру. Кыргыз тилинин өзүнө таандык өзгөчөлүгү – өзүнчө сыр дүйнө. Кыргыз тил сөздөрүндө катылган сыр, уюган маани бар экендиги жөнүндө Батырбек Исмаиловдун айткандары бекеринен эмес. Мисал келтирейин.

• Аян. Ай+ ан. Ай = жарык. Ан – үн. Кыргызда “ аңкылдаба” дейт. Ошентип Аян = айдай жарык чачкан үн;

• Өндүрүш. Өндүр+ иш. Демек, ишти өндүр;

• Булак. Бул + ак. Актыкка маани берүү. Актык бул – аруулук, тазалык;

• Мамлекет. Мамиле + кут. Баары мамиледен жаралат;

• Жеңиш. Жең + иш.Жөнү менен жасалган иштин жеңиши;

• Согуш. Сок + иш. Ишти сок, тактала;

• Кеңеш. Кең + иш. Кеңири иш. Иштин кеңерилиги, ар тарабын камтуусу. Жогорку Кеңеш. Айылдык Кеңеш. Шаардык Кеңеш. Облустук Кеңеш. Аксакалдар Кеңиши;

• Ооруу. Оор + уу. Оруу кайдан пайда болот? Микроб, вирустар менен денебиз, каныбыз уулукканда;

• Куткаруу. Кут + каруу. Кутту сактап калууга жараган каруу, күч;

Айта берсем бул өзүнчө узун сабак сөз болот. Батырбектин өзүнөн угуш керек.

Элибиздин эне тилинин дагы кандай өзгөчөлүгүн, табиятын айтууга болот?

• Айтылуу чыгыш таануучу – түрколог, этнограф, Манас изилдөөчү Василий Васильевич Радловдун кыргыздардын ошол замандагы сөз кудуретине таңгалып мындай деп айтканы бар: “Кыргыздар өздөрүнүн түрк уруулаштарынан укмуштуудай сүйлөө чеберчилиги менен айырмаланышат. Жөнөкөй эле сүйлөшүүлөрдөгү сүйлөмдөрү уйкалышып, ыр сыяктуу таасир калтырат. Сөздү айтканга да, укканга да кумарланган эл. Сөз башталганда ага чейин кыжылдаган эл үн катпай кулак төшөйт. Чечендиктен чексиз рахат алып, сөз күчүн бу жарык дүйнөдөгү эң кудуреттүү көркөм өнөр деп баалайт. Кыргыздардын элдик поэзиясынын өтө өнүккөндүгүнүн табияты ушунда” деп.

• “Кыргыз тилин изилдеп, бүт жандүйнөм арбалып чыга албай калдым, өзүнчө бир сырдуу касиети бар экен” дептир Константин Кузьмич Юдахин.

• Башка элдерден чыккан аалымдар кыргыз тилинин табиятын ушундайча баамдашкан жана баалашкан. Бизди угуп айткандарга, бул экөө эмне деген адамдар экендиги түшүнүктүү болсун, айта кетели:
— Радлов Германияда туулуп өскөн. Берлин университетин бүткөн. 1858 – жылы Россияга келген. 1860 – 1870 – жылдары Сибирь, Алтай, Орто Азияга саякат жасап, түрк элдеринин тилин, фольклорун, этнографиясын изилдеген. Ушундай илимге негиз салуучулардын бири. 1861 жана 1869 – жылдары кыргыз жайлоолорун кыдырып, “Манас” дастанын жазып алганы 1885 – жылы кыргыз жана немис тилдеринде жарык көргөн. 150дөй эмгектеринин бир катары кыргыз элинин тарыхына, оозеки адабиятына арналган. Теңир – Тоолук кыргыздардын теги түздөн – түз Эне – Сай кыргыздары (6 – 13 к.к.) менен байланыштуу деп жазган.

• Радлов менен Юдахин кыргыз тилинин табиятына таңгалып баа беришкен болсо, биздин ата – бабаларыбыз ошол тилде жөн эле жашаган, кумарданган, чер жаза баарлашкан, тек гана табигий зарылчылык болгон. Сөз байланыш, сүйлөм түзүлүш жагынан, сөздүн таамайлыгы жагынан ата – бабаларыбыз, тил илими жок эле, азыркылардан алда канча сабаттуу сүйлөй билишкен.

• “Ай жарыгы ала – көлөкөлөп калган кезде коону капталдай бастырган Түлкү баатыр үрүң – бараң ууру келатты” деген сүрөттөмө сүйлөмдү биз тээ илгери бала кезде кат сабатсыз Шаке акеден эшиткенбиз, деп айтканы бар, академик Тугөлбай Сыдыкбековдун. Бул деген – кыргыз тилинин табияты кандай экендигине далил. “Ай жарыгы ала көлөкөлөп”, “коону капталдай”, “үрүң – бараң”, “ ууру келатты”. Бары элестүү сөздөр.

Эне тилибиздин табыяты сакталбаган абал кандайча келип чыкты?

• Журналистика деген өзү – сөзгө негизделген кесип. Сыналгыдан: “Эт болсо мурунку баасын кармап турат” деп айтылды. Эне тилибиздин табиятына салсак: “ Эт арзандабады”. Болгону эки ооз сөз; “Базар кыймылга толуп чыкты” деди. Кыргыз тил табиятына таянып “Базар кызыды” деп койсо жакшы эле болмок; “Менимче” дегендин ордуна “Мен ойлойм” деген сөз ээ – жаа бербей жайылып баратат. “Чечимди чакырып алды” деп айтылган учурлар көп. А кыргызча: “чечим артка кай тарылды” деш керек эле. “Мыйзамсыз пара алуу” делип да айтылып жүрөт, пара алуунун мыйзамдуу түрү бар сыяктанып.

Бизде, коом, өлкө турмушунда тил саясаты жүгөндөлбөгөн, ооздукталбаган аттай, теске салынбаган абалда. Ким көрүнгөнү каалаганындай бурмалап кете бермей. Эне тилибиздин табияты бурмаланып аткандыктын себеби ушул.
Сөз атасы Тугөлбай Сыдыкбеков кыргыз тилинин табиятына бүткөн сөз байлык деп, бир эле адамды сыпаттаган сөздөрдү тизмектеп жазганы бар, гезитке макала кылып: “Сары эсепчи , Тобокелчи, Бүйрө, Сылык, Кыйды, Кыянатчыл, Сынчы, Чечен, Шыпыр, Калпычы, Мылжың, Мажүрө, Кежир, Какшыкчыл, Кырс, Орой, Оолукма, Шылуун, Куйту, Көйрөң, Мактанчаак, Коркок, Чоркок, Сараң, Көк, Өжөр, Кенебес, Энөө, Кепжебес, Көрөалбас, Жалакой, Элпек, Момун, Ноюбас, Дулдул, Оор басырык, Чыйрак, Иленди, Дөдөй, Сабырдуу, Ачкөз, Куу, Тапан, Көржеме, Чыр, Чаарбаш, Баатыр, Калыскөй, Даанышман, Көсөм, Берешен, Шар, Дардаңбай, Арамза, Жалкоо, Бузуку, Жалтаң, Аңкоо, Байоо, Зулум, Зөөкүр, Жинди чалыш, Чалагайым, Ак көңүл, Жөнбилги, Ишбилги, Сыпаа, Сугалак… ” Айта берсек, дагы толубатат.

Кенжалы Сарымсаков, коомдук ишмер, журналист.

Соц тармактар:

Добавить комментарий