Маданият, адабиятты жазган басылмалар кантип жашап жатат?

Азыркы кыргыз тилдүү басылмаларга баам сала келгенде дээрлик бардыгы саясатка,  анан жеңил-желпи темаларга, эстрада ырчыларына – шоу дүйнөсүнө басым жасап келет. Ал эми кыргыз адабияты, маданияты дегеле, улуттук мурастар  тууралуу жазган гезиттер саналуу жана аз нускада болгондуктан, калың окурман журтуна жетпей калууда. Атаандаштык күч болуп турган азыркы шартта мындай багытта чыгып жаткан гезиттердин кантип жашап жатканына кызыгып көрдүк.

Учурда гезиттердин көпчүлүгү саясий жана жеңил желпи темаларга ооп, түбөлүктүү темалар унутта калгандай. Кыргызстан эгемендүүлүк алган мезгилден бери бул багыт журналисттерди, гезитчилерди кызыктырбай келген. Анткен менен акыркы жылдары кыргыз коомчулугунда адабият менен маданиятка, тарыхка, салт-санаага, дегеле кыргыз руханий дүйнөсүнө кызыгуу тенденциясы байкалууда. Мунун мисалы катары бир нече жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келе жаткан  “Көк Асаба” жана “Рух кенчи” басылмаларын алсак болот. Сенсацияны кууп жазып, тез эле сатылып кеткен, жарнамалары арбын гезиттер чыгымын толук жаба албай жатканда, саясатка аралашпай өз оокатын кылып жаткан гезиттердин каржылык абалы көптөргө түшүнүктүү. Ошентсе да, түйшүктүү жүктү мойнуна алып, окурман журтунун кайсы бир бөлүгүнө азык берген басылмалардын редакторлорун кепке тартып, ал-абалын сурадык. Алар менен сүйлөшө келгенде, “эмне болсом да, бул гезитти чыгарышым керек, себеби, бул менин парзым” деген сөздү, кызыгы, жогорудагы эки гезиттин тең жетекчилеринен уктук.

“Менин азабым ушул болду да”

“Рух кенчи” гезитинин редактору Жумагул Байдилдеев  кесиби тарыхчы болгондуктан архивдеги кээ бир кызыктуу материалдарды гезиттерге берип койсок элге деле пайда деген дем менен далай редакциялардын эшигин жыртып, бирок “кызыксыз” делип чыгара албай койгондугун айтат. Мындай мамилелерден кийин эгемен мамлекетте жалаң тарыхты, маданиятты жазган басылмасы болушу керектигине көзү жетти.  2007-жылдын майынан тарта “Рух кенчи” чыга баштаган. Гезиттин түптөлүшүнө “Замандаш” партиясынын жетекчиси, ыраматылык Мухтар Өмүракунов себепкер болуп, каржылык жактан колдоочу болуптур.

“Рух кенчи” гезитинде тарых адабият, искусство, салт-санаа, макал-лакаптар, архивде сакталып турган бирок, эл үчүн кызыктуу болгон документтерге таянган даректүү материалдар чыгып турат. Басылма областтардагы музейлерге, маданий тармактарга, китепкана, мектептер, жогорку окуу жайларына тарайт экен.

“Ачып жатканда эле биздин гезит акчага караганда акылга, санга караганда сапатка, саясатка караганда салтка көңүл буруп, бүгүнкү техникалык өнүгүүнүн айлапмасында калган жаш муундарга азык тартуулайт дегенбиз. Салт-санаа, тарыхыбыз, көрөңгөлөрүбүздү жазып келебиз. Менин азабым ушул болду да, өзүнчө ачылыш жасайын дегем. Ошону менен алигиче алпурушуп келем. Мисалы, ар санда кыргыздын бир макалы, салт-санасы. 1,5 мин нуска менен чыкса, ага 5 киши деле көз жүгүртсө, 10 миң киши кыргыздын бир макалын деле үйрөнүп алса, бул мага утуш”,-дейт редактор Ж.Байдилдеев.

Учурда бул басылма күркөлөрдө, базарларда сатылбайт. Таралышы да түмөн түйшүктүү. Жер-жерлердеги окурмандарына өздөрү таксиге салып, алар кийинкилерине берип отуруп жеткизип турушат. Бирок, жети дубанда бөлүмдөрү бар. Редакция чакан болгондуктан, Жумагул мырзага бир эле мезгилде редактор да, журналист да, таратуучу да, бухгалтер болгонго туура келет экен. Белгилей кетүүчү жагдай мурдагы эски сандарын Борбордук китепканалардан тарта, областтардагы мугалимдерге чейин издеп, алып кетишет экен. Бул туурасында редактор канааттануу менен айтып берди. “Мурдагы көктөмөлөрүн чогултуп коюп койгом. 5 жылдыкы бар. Жакында эле көлдөгү К.Тыныстанов атындагы университеттен мугалимдер келип, 5 жыл мурдагы көктөмөнү эки эсе кымбат баага сатып алып кетишти Мен гезитимдин түбөлүгү түз болорун билгенмин. Өткөндө Бишкектеги  К.Баялинов атындагы китепкананын директору эки көктөмө сурап кызматтык кат жазыптыр. Китепканага келгендер гезитти издеп, барактай берип тытылып бүтүп калганын айтыптыр. Дагы бир бизнесмен көктөмөңүздү сатып алганы келиптир”,-деп айтып берди башкы редактор.

Азыр улуттук мурастарга кайрылуу тенденциясы жүрүүдө

Негизи эле азыр өткөндөргө, улуттук уңгулуу мурастарына кайрылуу жанданып жаткандыгын публицист, журналист, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов белгиледи.

“Адабиятка, жалпы эле улуттук мурастарга кайрылуу мурдагыга караганда кичине көбөйүп жатат. Себеби, 20 жылдын ичинде эмне экенин түшүнө албай будуң-чаң болуп кетти да. Анан кийин токтолуп, өзүбүзгө өзүбүз келип кичине аяк-биякты, башка  элди карап, анан улуттук маданиятыбыз, тилибиз, мурастарыбыз  керек экендигин түшүнө баштадык. Мурда тарыхчылар, жазуучулар тилчи адабиятчылар эле бул маселеге кайрылса, азыр жөнөкөй эле кишилер да  кызыга баштады”,-дейт А.Муратов.

Тарбия адабият, маданият аркылуу келет

Ушундай багыттагы дагы “Көк Асаба” аттуу гезиттин түйшүгүн көтөрүп кетүүгө батынган Салтанат Кыдырмаева аттуу журналист кызыбыздын батылдыгына баа бербей кое албайбыз. Кезегинде “Асаба”, кийинки аты өзгөргөн “Агымдын” казанынан кайнап чыккан. “Көк Асабаны” 2009-жылдан тарта чыгарып келет. “Башынан эле, мындан 10 жылдай мурда гезит чыгарсам деген оюм бар болчу. Анан Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манасын” окугандан абдан таасирленип, сөзсүз түрдө Манасты элге жеткириш керек деп, ар бири Манасты окуса, анда кыргыздар башкача өзгөрүүгө келмек деп ойлодум. Ошентип, руханий гезит чыгарам деген чечимге келдим”,-дейт С.Кыдырмаева.

“Көк Асаба” азыр 2000 миң нуска менен айына эки ирет чыгат. Редактордун айтымында гезитти биринчи көтөрүп кеткен Ош, анын ичинде Алай болуптур. Себеби областтык, райондук почта түйүндөрүн кыдырып, командировкаларга чыгып, жер-жерлерде элге көрсөтүп, гезитке жаздыруу аракетин кылышкан.  Азыр Ош, Талас, Жала-Абад, Чүйдө жакшы окулат экен. Кыргыз духундагы мекенчил гезит.

Кыргыздын жүзүн, улуттун өзүнө гана таандык болгон касиеттерин, элдин дүйнөсүнө кирип, аны кайра эле элге азык кылып берүүнү каалаган бул терең анан сезимтал редактордун ар бир материалга эмес, ар бир сапка жоопкерчилик менен карарын байкадык.

“Чынын айтсам кыргыз дүйнөсү мынчалык деңгээлде, океандан да терең экендигин билбептирмин. Мени да оп тартып кетти.  Буга өзүм таңгалдым. Азыр ойлосом четинде, кумдун жээгинде эле жүрүп көп нерсени баштаптырмын. “Көк Асабанын” бир номерин чыгарганым, мага сабак катары да болот, себеби, улам жаңы  нерсени үйрөнөм. Дегеле, кыргыз дүйнөсү жөнүндө, руханий гезит чыгарганда адам өзү дайыма өсүшү үчүн окуп турушу керек экен”,-дейт Салтанат айым.

Гезитти чыгаруу менен кошо таратуу, жайылтуу түйшүгү күч. Бул жерде каражат көп маселени чечери турган иш.

“Менин адабиятчыларды, кол өнөрчүлөрдү, кыргыз спортун, салттуу музыкада жүргөндөрдү колдойм деген оюм бар болчу. Улуттун өзөгүн билген дал ушул адамдар кыйналып жүрөт деп, гезитке чыкса аларга колдоочулар табылат деп ойлогом.  А  бирок, өзүм колдоочу таппай калам, кыйналам деп эч качан оюма келбептир… Анткен менен, кыйынчылыктарды тарткан менен мындай багыттагы гезитти чыгаруу биздин парз”,-дейт С.Кыдырмаева.

Жан дүйнөнүн азыгы боло турган, жакшы, жарык жактарга жетелей турган, таанып-билүүчү материалдарга азыр муктаждык бар. Албетте, аны окурмандарга жеткирүү айланып келип эле каражатка такалат. Азыр С.Кыдырмаева ар бир мектепке жок дегенде бирден гезит жаздыруу үчүн, демөөрчү издеп чуркап жүргөн кези. “Максат элге темалар жетсе дейбиз. Жазылган, көтөрүлгөн жакшы темалар жетпей калып жатат. Акчалуулардан колубузга акча карматышын деле сурабайт элек. Болгону гезитибизди мектептерде да окуш үчүн, бирден болсо да ар ким өз районундагы мектепке бирден жаздырып берсе жакшы болот эле. Негизи тарбия адабият, маданият аркылуу келет эмеспи”,-дейт С.Кыдырмаева.

Нургуль Максүтова, “Journalist news”, 25.02.2012-ж

Соц тармактар:

Добавить комментарий