Рахат Жуманазарова

1976-жылы Кара-Кулжа районуна караштуу Жаңы-Тал айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. «Өзүмдү издеп жүрөм» аттуу китептин автору.

Ырлар

КЕЗДЕШҮҮГӨ БАРАТАМ

Мен өзүмдү таппай келдим,
таппай издеп, бир изимди
кайра-кайра таптай бердим.

Кайда жүргөм?
Жокмун күтсөм,
жүдөп бүткөм,
аргасыздан арсыз күлгөм.

Түтөп күйгөм,
чүнчүп жүргөм,
мен өзүмө толук кайтчу
күндү күткөм.
Мен өзүмдөн алыс жүргөм,
ойгоно албай, “ойгон” деген
алсыз үндөн.

Көрчү оюмдун чаташканын,
мен өзүмдөн адашкамын.
Ким бирөөнүн кейпин кийип,
өзүм менен
кездешүүгө баратамын.

 

ҮЧ ЖЫЛ БОЛДУ

Мен сени сүйгөнүмө
үч жыл болду…
Мээнетти мен билбеген
башыма үйгөнүңө
үч жыл болду.
Талылуу жерин таап
үч күндө жеңсе болот
түптүү жоону.
Таптакыр түптүз кылып
кулатса болот экен
бийик тоону.
А мен болсо
таңдайымдан чаң чыгып
чырдашсам да,
таң агарып кеткенче
ыр жазсам да,
таптакыр таппай келем
жүрөгүңө алпарчу
жалгыз жолду.
Тажабай  таппасам да
мен  сени сүйгөнүмө
үч жыл болду….

Мен сени сүйгөнүмө
үч жыл болду…
Жаңы алган ошол жылы
жапжашыл жоолугумдун
жукарып, түсү оңду.

Үч жыл бою
үшкүрүк үйүмдөгү
үңкүйгөн конок болду.
Үнсүздүгүң
үмүтүмдү үлбүрөгөн
үзгүлөп, тоноп болду.
Үмүтүм ай,
үңүлдөп ээрчип алып
таштап кетсең,
үзүлүп түшкөндөрдү  жолотподу.

Ушинтип сүйгөнүмө
үч жыл болду……

Мен сени сүйгөнүмө
үч жыл болгон…
Көз жаштан көлмө жасап,
армандан куруп коргон
Мен сени сүйгөнүмө
үч жыл болгон…..

 

АРТЫМДЫ КАРАЙМ УЛАМ

Азыр мага
башымды жөлөп алып,
мойнунан бек кучактап
ыйлаганга ийин керек.
Ким болсо
ошол болсун,
атын да
айтпай койсун.
Мен ыйлап бүткүчөктү
чачымдан аста сылап,
болгону, болгону эле
ийинин тосуп койсун.
Элпектенип эч кимди
туурабасын,
эбиреп көңүлүмдү улабасын.
Эчкирип кошо ыйлап
бетимди суулабасын.
Эми кантем элдерден
өткөн-кеткен
дегенсип корунбасын,
уялбасын.
“Эмне болду айтсаң”- деп
сурабасын.

Баары бир жооп бере албайм,
бүт денем талып турат,
баягында бакыт издеп
чыккан элем,
ошол сапар мына азыр
карып турат.
Басынып, чүнчүп, анан
көңүлүм көп нерседен
калып турат.

Үн-сөсүз кулачудай,
жыгылсам турбачудай
бир кызык болуп турам.
Көрүнбөйт эч ким жодо,
акыркы күчүм жыйнап,
а балким келатат деп
артымды карайм улам…

 

АКЫРКЫ КАР

Негедир ойго баттым,
карды көрүп
кыш соңунда
жаап жаткан.
Убактылуу экенин
билип туруп,
убай жебей
жер бетинен
Өз ордун таап жаткан.

“ А менчи?”- дейм
баягында,
батпай калган өңдүү,
бакытты оңой бербес
баш-аламан
жер бетине.
Кол шилтеп
көр турмуштун кем жерине,
бутум жерде турган менен
булутка бетим чайкап,
жазданып агыраагын,
жамынып чоңураагын,
ыраазы элем
асмандап кеткениме.

Ичимден бирөө айтат:
“Чочулап болчуга
же болбочуга,
жаш туруп
сагызгандан сак экенсиң
“Арамдык жерде көп”- деп асмандайсың

А өзүңчү,
ак кардан да ак бекенсиң?

Карачы,
аппак карды
кара жерге
ылай – баткак,
кайгырбай каалгый келип
конуп жаткан,
эртең эле Күн тийсе
эрип анан,
эстеп алып
күзүндө
түшүмдүү дан болорун,
эч кимге сездирбестен
тымызын толкуп жаткан.

А сенчи?
Адамсың го, акыр түбү!!!
Айланган жашыл жердин
пири, гүлү.
Асмандайт бүт адамдар,
эгерде
бүтсө күнү.

Ага дейре
акыл пештеп,
тыңшап көрчү,

Жердеги шаркыратма
черткен күүнү
жалынына жылынып,
жарыгына тобо деп,
жалт карап
көрдүң беле,
Улуу Күндү?

Ушулардын баарына
көңүл бөлсөң
уялаар, балким-балким,
муздаган көңүлүңө
жылуу сүйүү…

Учсаң уч,
унутпагын пенде экениң,
убайым тартсаң дагы
өз одуң жерде экенин.
Уктаарда
“ушуга да шүгүр” деген
эстей жүр, эң бир ыйык келме экенин.

 

ТҮНКҮ ОЙЛОР

Жарганатмын жарга жармашкан,
Кычыктарга кирип баш каткан.
Жүрөкзаада күндүз баскандан,
Адамдарга аралашкандан.

Жарганатмын, чыны кубанам,
Түндү күтүү түйшүк убарам.
Капкараңгы коюу түндөрдөн,
Капкачанкы сырды туя алам.

Жарганаттар үнсүз кайкышып,
Мемиреген түндү бузушпайт.
Канат кере аба жирешип,
Таң атарын бирок унутпайт.

 

САГЫНУУ

Сагынуу – бул сени менен кезигишкен
Саналуу сааттарды сенден алыс,
Чеги жок аралыкта, кусалыкта,
Кайра жашоо өзүңсүз өзүм жалгыз.

Сагынуу- жароокер жамалыңдын,
Жашынган жеримден таап кыйнаганы.
Саргыч тартып иреңим жашап келем,
Жактырыпмын кусаңа чыдаганы.

Сагынуу – бул сары чырмоок баш-аяксыз,
Сезимимди сездирбей чырмаганы,
Тоскоолдуктар толтура, а жүрөгүм
Торго түшкөн балыктай туйлаганы.

 

ЫЗА ЫРЫ

Салаалашсак ыр элек го сабы бир,
Санаалашып баса турган жагы бир.
Садага чаап жаштыгымды мен сүйсөм,
Сары кызга алмаштыңбы дагы бир?

Кечээ күнү болсок дагы жаны бир,
Келбесең кой, бүгүн мага баары бир.
Кечир дебе, кечирбеймин эч качан,
Кектеп өтчү душманымсың дагы бир.

Кумар көз деп эркелетсе жаны бир,
Куушуп келип коно турган шагы бир.
Кудайымдай ишенчү элем өзүңө
Куулугу ашкан пенде экенсиң дагы бир.

Сенден сулуу мени менен жаны бир,
Жаш жигитти сүйүп алам дагы бир…
Деги эмнени сүйлөп жатам өчөшүп,
Өзүңдү эле сүйөт окшойм бары бир!

 

ЭРТЕҢ БАРАМ

Эртеңки күн
Эң акыркы үмүтүм,
Эң маанилүү мен үчүн :
Эч бирөөнү ойлобой,
Мени гана күтүшүң.

Кечээкимди кетирип эс-дартымдан
Кепке муюп жанымды эс алдырган.
Эртең мен жаныңда олтурсам дейм
Качып барып кайчылаш тагдырымдан.

Эртең кетпей эч жакка күткүн мени,
Барам өзүм колго алып демилгени.
Көп жолу жаңылсам да буга чейин
Дагы бир жаңы ката кетиргени.

Эртеге күткүн сөзсүз!
Мен сага кечээкимден качып келем,
Алдастап жоо куугандай шашып келем.
Мен сага эртеге чындап келем,
Эрегишип тагдырга чырдап келем,
Мен сенден мээрим күтүп ыыйлап келем.
Анан да салыштырып башкаларга
Так төбөмө көтөрүп сыйлап келем.

Эртең кошуп кыялыма кыялыңды,
Көрсөтпөй кылчактап уялууңду.
Өмүрдө акыркы ирээт кездешкендей
Таркатчы таркабаган кумарымды.

Бул түндөн аман чыксам
Мен сага сөсүз келем.
Алкыш айтып Жаратканга
Эртеңки күндү берген
Мен сага эртеге сөсүз келем.

Эртең барсам, эңсеп барсам,
Кулпулуу эшигиң күтпөсүн.
Эстетекен, эңсеткен өзүңдү
Эртеңки күндөр эч бүтпөсүн….

 

ИЗДЕГЕНИМ ТАБЫЛДЫ

Кирпигиңдин ирмемине көңүл бурам,
Кирпигимди ирмебей сөзүңдү угам.
Мен сендей адамды издеп жүргөм
Дүйнөнүн тең салмагын кармап турган.

Айттырбай айтаарымды билип турган,
Аялуу жандүйнөмө көңүл бурган,
Мен сендей адамды издегемин
Мээрим төгүп көздөрү күлүп турган.

Туура чыкпай турмушта болжогонум,
Тунук эмес сууларды бойлогомун.
Мен эми сага айтпай сен жөнүндө
Өзүмчө ойлономун, сен болуп ойлогонум…

 

СЕЗИМ МЕНЕН

Көрбөгөндү көрсөм деп буга чейин
Көз албай көздөрүңдү карап жаттым.
Сен чачымдан сылаганда
Колуңду кармаганга батынгамын.
Байкабай калдым анан качан, кантип
Кучагыңа тартылганым.

…. Заматта сууланып тармал чачың,
Тармал чачың салаалап тарап жаттым.
Эсептешпей акылың, эсиң менен
Эсептешип жалгыз гана сезим менен
Сен мени ушул турган турпатымда
кабыл алдың….
Мен да сени чоочуркабай кабыл алдым.

 

КӨҢҮЛҮМДҮН МАЙРАМЫ

Бозоргон күндөрүмө боек кылып,
Мен сени ушул жазда издеп таптым.
Сен дагы ойдогумду окугандай
Көңүлүмдүн көңүлүн таптым.

Мен сага үн-сөзү жок жалынып жаттым,
Коштошпой туруп эле сагынып жаттым.
Бул керемет көз ирмем
Эртеге кайталанбайт, эч качан кайталанбайт.

Ошону билип туруп
Бүгүн мен көңүлүмө
Бир күндүк майрам таптым.

…адашкан жанга акылың айттың,
Акылың менен сезимге жактың.

 

КӨҢҮЛ ЧӨККӨНДӨ

Көкүрөккө жөлөп бүгүн башыңды,
Көөдөндөгү боштугумду толтурчу.
Көп сөз уктум көңүлүмдү чөгөргөн
Кетпей бүгүн мени менен олтурчу.

Кетпе бүгүн кечиришээр бир күнгө,
Кейип турам жетпөөчүдөй күүгүмгө.
“Жакшы калдан” жадап бүтүп жандүйнөм
Жетпей турам “кетпейм” деген бир үнгө.

Жараткандан башкага жалынбаган,
Жарга такап турса да жагынбаган.
Жан элем, бирок бүгүн бошоп турам
Калчы деги көп сөз бар айтылбаган.

Бүгүн сен калып калчы мени менен
Бүшүркөп турам жылыт демиң менен.
Сезейин ким бирөөгө керектигим
Сен бүгүн калып калчы мени менен.

 

ЖАДАДЫМ ЖАЛПЫЛЫКТАН

Кумурсканын уясындай
чоң шаарда,
куюлуп бүт адамдар
төрт тараптын бирине
багыт алган.
Кудай ай,кошула албай
эч кимине
баягы турган
дале турам
кудум эле балыкка окшоп
тебилип кумдуу жээкке
көздөрүн ачкан бойдон
катып калган.
Кайда барсам?
үйүмө бутум тартпайт
дубалдары үстүмө кулачуудай.
Бир ой келди…
Эл агымы азайган
кеч күүгүмдө
Эч бирөөнүн илинбей
назарына
номери жок таксиге
түшүп алып
белгисиз чоң шаардагы
жоголгон бир көчөдө
үнсүздүк үйү болсо,
ошого кетким келди.
Өз киндигим өзүм кесип,
Өз тагдырым өзүм гана
чечким келди.

Жададым жалпылыктан,
жалпылашкан тайкылыктан
Өзүмдү табам балким
бир тапсам жалгыздыктан.

 

ОЙ

Күндүзү Күндү көрүп,
күбүлгөн гүл көрүп,
мен түндү самап кеттим.

Ал түндө айды көрүп,
мен бир алсыз жанды көрүп,
мен таңды самап кеттим.

Күндүзү ойсуз иштеп,
түнүндө ойго чөктүм.

 

КЕЛДИМ ӨЗҮМ

Бир сени издеп канча аралык багынды,
Саамай чачым сыласа деп сагынды.
Сезер бекен, сезбес бекен жүрөгүң
Издегеним сен жашаган айылда.

Келдим мына келгим келип сагынып,
Каректерим көрөлү деп жалынып.
Келдим өзүм келбесиңди билген соң,
Миң таарынып, эң соңунда жазылып.

Соц тармактар:

Рахат Жуманазарова: 4 комментария

  • 28.02.2012 в 23:54
    Permalink

    Абдан сонун ырлар экен. Буга чейин кайда жургон бул автор? Коптон бери мындай ырахат ала элек болчумун. Рахмат!

    Ответ
  • 04.04.2014 в 14:23
    Permalink

    Эн эле сонун ырлар экен, кээ бир саптары менин гана жан дуйномдун куусун чертип тургандай…
    Ийгилик сага!

    Ответ
    • 06.06.2014 в 00:08
      Permalink

      Рахат! Ырларыңды окуп чыктым, жакшы ырлар! Ийгилигиң арта берсин, сени
      менен байланыша албай жүрдүм эле, сен мен жөнүндө «Талант сыры» деген
      телеберүү тарткансың. Китептериңден жиберсең жакшы болот эле.
      Ийгилик каалап Мусакун абаң.
      Тел.: 0773-10-20-62

      Ответ

Добавить комментарий