Улуу кыргыз каганаты

РЕДАКЦИЯДАН. Үстүбүздөгү  жылдын 27-январында  Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда: “Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун системалуу иши элдин биримдигин чыңдоого жана мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүгө олуттуу салым кошо алат”, – деп баса белгилеген.

Аталган документте “Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эки миң жылдан ашык тарыхы дүйнөлүк цивилизациянын кенчи болуп саналган, азыркы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга татыктуу жоопту калыптандыруу үчүн таалим болоорлук мисалдардан турган барактарды  камтыйт” деп айтылат да, буга орто кылымдарда түзүлгөн Улуу кыргыз каганатынын тарыхы күбө болоору белгиленет. Ушуга байланыштуу биз Кыргыз улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор  Өскөн Осмоновдун Улуу кыргыз каганатынын тарыхына арналган макаласын жарыялайбыз.

Көп жылдардан бери Кыргызстандын тарыхын изилдөө жана окутуу маселелери менен алек болуп жүргөн окумуштуу-педагог катары Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин Кыргызстандын тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүүнү тереңде­түү, бул аркылуу азыркы мезгилде жарандык атуулдукту калыптандырууга багытталган жарлыгы мага өтө жылуу сезим калтырды.

Акыйкатчылык менен белгилесек, өлкөбүздүн эгемендүүлүгүнүн жылдарында Кыргызстандын тарыхын изилдөө, окутуу жана пропагандалоо багытында бир катар алгылыктуу иштер жасалды. Алсак, 1995-жылы эл аралык алкакта  “Манас” эпосунун 1000 жылдыгы, 2000-жылы Ош шаарынын 3000 жылдыгы, 2003-жылы БУУнун чечими менен Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип, Кыргызстандын коомдук аң-сезимине  бир катар оң таасирин тийгизди.  Бул даталуу окуяларга байланыштуу өткөрүлгөн иш-чаралар аркылуу кыргыз элинин тарыхы жана маданияты дүйнө элине белгилүү болуп калды. Эгемендүү өлкөбүздө өзгөчө жаштарга Ата-Мекен тарыхы боюнча билим берүү ишине көңүл бурулуп, натыйжада Кыргызстандын тарыхы өлкөбүздүн бардык окуу жайларында милдеттүү түрдө окутула баштап, орто мектептин окуу­чулары, кесиптик билим берүүчү жана жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн жаңы муундагы оригиналдуу окуу китептери жазылды. Бул окуу китептери жыл өткөн сайын толукталып, көптөгөн кылымдарды камтыган байыркы жана уюткулуу кыргыз элинин тарыхын калыс, таасын чагылдырууга багытталууда. Жыл сайын он миңдеген нускада басмадан чыгып жаткан окуу китептеринде биз сөз кылалы деп турган Улуу кыргыз каганаты жөнүндө да жакшы маалыматтар берилген.

1. Енисейлик кыргыздар

Ар бир зор окуянын алдындагы тарыхы болоору белгилүү. Ошондуктан Улуу кыргыз кагандыгын баяндоодон мурда енисейлик кыргыздардын улуу мамлекет түзгөнгө чейинки тарых-таржымалына кыс­кача токтололу.

Мен, Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетине 1971-жылы кирип, аны 1976-жылы бүтүргөм. Ошол кезде тарых адистиги боюнча атайын билим алып жаткан студенттерге Кыргызстан тарыхын окутууга бир аз гана сааттар бөлүнүп, анда да Кыргызстандын Совет доорундагы тарыхы гана окутулчу. Ошол кезде бизде кыргыз элинин тарыхы 1917-жылдан эле башталат турбайбы деген пикир калыптанган. Кыргыз элинин байыркы доордогу, орто кылымдардагы тарыхы жөнүндө үзүл-кесил гана маалыматтар айтылып, ал мезгилде кыргыздар тоо-тоонун башында жарым жапайы турмуш өткөргөн, дүйнөлүк цивилизациядан  артта калган, маданиятсыз эл катары сыпатталчу.

Алигиче эсимде, Кыргызстандык тарыхчылардын ошол кездеги корифейлеринин бири, өтө атактуу профессор бизге лекция окуп жатып: “В.Бартольд деген окумуштуу-тарыхчы IX кылымда кыргыздар улуу держава түзгөн деп жазыптыр, муну айрым кыргыз окумуштуулары кубаттап жүрүшөт. Бартольддун чындыкка такыр туура келбеген бул жомогу кыргыз элинин улутчулдук сезимин козгоп, интернационалдык тарбия берүү ишине тоскоолдук кыла турган өтө реакциячыл пикир. Бул маселе боюнча Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде талкуу болуп өттү,  атайын токтом да даярдалып жатат. Улуу кыргыз державасы болгон эмес” — деп айткан эле. Ошол учурда Енисей кыргыздарынын тарыхын изилдеп жүргөн окумуштуу агайларыбыздын куугунтукталып жүргөнүнө да күбө болгонбуз. Ушундан улам совет доорунда билим алган тарыхчы мугалимдер Енисейдеги кыргыздар менен Теңир Тоолук кыргыздардын байланышы тууралуу жазылган пикирлер туура эмес турбайбы деген ойдо калганбыз.

Шүгүрчүлүк  дейли, замандын өзгөрүшү менен элибиздин тарыхын терең изилдөөгө, аны калыс чагылды-рууга, окутууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү алдык. Азыркы учурда теңир-тоолук жана енисейлик кыргыздар бир эл экендиги илимде толук далилденди. Орус­тун улуу окумуштуусу Н.Аристовдун пикири  боюнча кыргыздар биздин заманга чейинки  3-1 миң жылдыктардагы коло доорунан бери эле Енисейден Тянь-Шанга чейинки тоо кыркаларын мекендеп, ушул эбегейсиз чоң мейкиндикте көчмөн турмуш өткөргөн. Борбордук Азиядагы саясий кырдаалга байланыштуу кыргыздар биздин заманга чейинки III кылымда экиге бөлүнүп, бир бөлүгү Енисейди, экинчи бөлүгү Тянь-Шанды мекендеп калган. Бирок кыргыздардын эки бөлүгүнүн байланышы XVIII кылымга чейин эч үзүлгөн эмес. Азыркы кыргыз эли енисейлик жана теңир тоолук  кыргыздардын  ар кайсы доордогу миграцияларынын натыйжасындагы жуурулушунун негизинде XV-XVI кылымдарда биротоло калыптанган.

Ошентип, енисейлик кыргыздардын тарыхы биздин заманга чейинки III кылымдан башталат. Енисей деген аталыш  байыркы кыргыз тилинде чоң дарыя дегенди түшүндүрөт. Евразия континентиндеги эң чоң дарыялардын бири Енисей дарыясынын башаты болгон Миң-Суу же Миң-Өзөн аймагы  байыркы кыргыздардын мекени болгон. Тарых көрсөткөндөй, чынында теңир-тоолук кыргыздарга салыштырмалуу енисейлик кыргыздар өзүнүн социалдык-экономикалык жана саясий өнүгүшүндө өтө зор бийиктикке көтөрүлүп, күчтүү өнүккөндүгүн баса белгилөөгө болот.

“Кыргыз” аты, анын мамлекеттүүлүгү жөнүндө биринчи  ирээт кытай тарыхчысы Сыма Цянь өзүнүн “Тарыхый жазмалар” аттуу китебинде эскерет. Анда биздин заманга чейинки 201-ж. хунндардын падышасы  Модэ шанүй жортуулга чыгып, кыргыз ээлигин басып алгандыгы айтылат. Демек, кыргыздар б.з.ч. III  кылымдан баштап Борбордук Азиядагы кубаттуу дөөлөт болгон Хунндардын империясынын курамына кирип, бул кубаттуу дөөлөттүн эли менен тыгыз байланышып, алар аркылуу эл аралык окуяларга аралашкан.

Енисейлик кыргыздар жө­нүндөгү алгачкы маалыматтардын бири кытайдын кол башчысы Ли Линдин тагдырына байланыштуу эскерилет. Көчмөндөрдүн Хунн империясы Кытай империясына ар дайым коркунуч туудуруп келген. Улуу кытай сепили да көчмөн хунндардан коргонуу үчүн курулган. Б.з.ч. 99-жылы Кытай аскерлери хунндардын ээликтерине кол салып, бирок курчоодо калып жеңилет. Ошондо колго түшкөн кытайлык кол башчы Ли Лин хунндарга кызмат өтөөгө макул болот. Хунндардын падышасы Ли Линдин акылын, тажрыйбасын, каармандыгын баамдап, ага өз кызын аялдыкка берген жана башкаруучу титул ыйгарып, енисейлик кыргыздарды хунндардын атынан башкарууну тапшырган.

Кыргыздар табиятынан эле  башка этносторго жакшы мамиле жасап, аларды өзүнүн курамына сиңирип алуу касиетине ээ болушкан. Биз жогоруда белгилегендей, кыргыздар коло доорунан бери эле Теңир-Тоо менен Енисейдин ортосундагы зор мейкиндикти мекендеп, бирде тигил жакты, бирде бул жакты карай көчүп, малга-жанга ылайыктуу жерлерге байыр алып, көчүн кайрадан улап келген. Көчмөн турмушта кыргыздардын чыдамкайлык, меймандостук, башка этностор менен ынтымакта жашоо, ыңгайы келген учурда аларды өзүнүн бооруна тартуу, өз канына, маданиятына сиңирип алуу, ошол эле учурда башка элдердин жакшы жактарын кабыл алуу өңдүү мыкты сапаттары калыптанып өнүккөн. Тарыхта кыргыздар Енисейге алгач ирээт барганда ал жакты мурдараак мекендеген европоид түспөлдөгү динлиндерди өздөрүнө ассими-лиациялап алганы белгилүү.

Демек, кыргыз эли байыртадан эле эч убакта жабык этнос болгон эмес. Кыргыз элинде ачыктык, кең пейилдүүлүк, калыстык, башка элдерди урматтоо сезими күчтүү өнүккөн.

Ли Лин жетектеген енисейлик кыргыздар хунндар менен бирге  б.з.ч. 90-жылы Каңгай тоолорунун этегинде  Кытайдын Хан династиясынын армиясы менен беттешет. Бул салгылашта Ли Линдин  көпчүлүгү кыргыздардан турган аскерлери жеңишке жетишет. Андан кийинки беттешүүлөрдө да Ли Лин өзүнүн чыныгы кол башчылык талантын көргөзүп, кыргыздардын сүймөнчүлүгүнө ээ болот. Ушул жерден кыргыз элинин кытай баскынчыларына каршы күрөшүн чагылдырган улуу “Манас” эпосундагы теги кытайлык деп эсептелген Алмамбет бабабыздын тагдыры башка элге ак кызмат өтөгөн Ли Линдин тагдырына окшошот. Бул окшоштук улуу эпосубуз Борбордук Азияда биздин заманга чейинки болуп өткөн тарыхый окуялардан башталганынан кабар берет.

Кыргыздар б.з.ч. 60-жылдарына чейин Хунн дөөлөтүнүн туруктуу вассалдары болуп, андан соң көз карандысыздыкка умтулган. Натыйжада б.з.ч. 56-жылы кыргыздар эгемендүүлүккө жетишкен. Дал ушул жылдан тартып кытай жазуу булактарында  кыргыз падышалыгы жөнүндө эскерилет. Бул падышачылык хунн дөөлөтүнүн борборунан алыстыкта жайгашкандыктан хунндардын бийлигине толук баш ийбей өз алдынча болуп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн  жаңы башаты катары өнүккөн.

Кыргыздардын биздин замандын I миң жылындагы тарыхы, ушул миң жылдыктын орто ченинде, тагыраак айтканда VI-XII кылымдарды камтыган байыркы түрк доорунун тарыхы менен тыгыз байланышта өткөн. “Түрк” деген этноним (кытайларда “туцзие” деп эскерилет) кытай жыл баянында биринчи жолу 546-жылы эскерилет. Согдулуктар, перстер жана византиялыктар жаңы талаа багынтуу­чуларын “түркүт” деп, ал эми эл өзүн “түрк” деп атаган.

Байыркы түрк тилинде “түрк” деген түшүнүк “түркүк”, тактап айтканда,  “асман менен жердин түркүгү”, “дүйнөнүн түркүгү” деген сыяктуу өтө сыймыктуу маанини берген. Түрк уруулары IV-V кылымдарда хунндардын чөйрөсүндө калыптанган. Түрк доорунда Борбордук Азия­дагы  уруулар  феодалдык  чакан мамлекеттерге биригишип, өздөрүнүн  ээликтерин тактай баштаган. 552-жылы Бумын аттуу каган түрк урууларынан түзүлгөн майда мамлекеттерди  бириктирип, Улуу Түрк каганатын негиздеген. Бул Евразиядагы  эң чоң мейкиндикти ээлеген ири мамлекет болгон. Кага нат 603-жылы Батыш түрк каганаты жана Чыгыш түрк каганаты болуп экиге бөлүнөт. Ушундан тартып Теңир Тоолук кыргыздар Батыш Түрк каганатынын, ал эми енисейлик кыргыздар Чыгыш Түрк каганатынын таасиринде калат.

Енисейлик кыргыздардын тарыхы VII к. аягы VIII к. башында Барсбек жетектеген кыргыз каганаты аркылуу эскерилет. Барсбектин доорунда Чыгыш Түрк каганаты Экинчи түрк каганаты катары кайрадан түзүлүп, мурда Улуу Түрк кагандыгы ээлеген жерлерди, анын ичинен енисейлик кыргыздардын мамлекетин да басып алуу аракетин баштайт. Барсбек Экинчи Түрк каганатынын каганы  Капагандын баскынчы саясатын алдын алуу үчүн Кытайдын Тан динас­тиясынын императоруна, Тибетке, азыркы Кыргызстандын Чүй өрөөнүндөгү Түргөш каганына элчилерди жөнөтүп, алар менен Экинчи түрк кагандыгына каршы союз түзүүгө аракеттенет. Барсбектин дипломатиясынын  натыйжасында 709-жылы кыргыздардын, Тан империясы менен Түргөштөрдүн  ортосунда түрктөрдүн баскынчылык саясатына  каршы күчтүү   коалиция түзүлгөн.

Ушундай кыраалда түрктөр  күтүп отурбай союздаштарга биринчи болуп сокку урууга аракеттенет. Жаздын келишин күткөн  союздаштарды жалгыздатып талкалоо үчүн түрктөр эң күчтүү душманы болгон кыргыздарга кыштын кыраан чилдесинде  кол салмак болот. Түрк аскерлери  Саян тоосундагы өтө кууш капчыгайды өрдөгөн жалгыз аяк жол менен карды жиреп отуруп он күндө Көгмөн ашуусун ашып, айлампа жол аркылуу кыргыздардын тылына кирип, түн ичинде ааламат согуш баштайт. Капысынан кол салган душман бир түндө бейкапар уйкуда жаткан кыргыздардын көбүн кырып жиберет. Эртеси Барс­бек аскер күчүн Суңга токоюна топтоп, душманга өжөрлүк менен каршылык көрсөтө баштайт.

Салгылашта кыргыздын каганы Барсбек жекеме-жеке эрөөлгө чыгып, өз элинин көз карандысыздыгы үчүн баатырларча курман болгон. Бул салгылашта кыргыздар күчтүү душман тарабынан кыргынга учурап, жеңилүүгө дуушар болушкан. Ушундан кийин алсыраган кыргыздар Борбордук Азиядагы согуш аракеттерине кырк жылча катышпай калган.

2. Кыргыздардын күч алышы

Борбордук Азияда баскынчылык  саясат жүргүзүп, өзүнө каратылган элдерди аёосуздук менен эзген Экинчи түрк кагандыгы ич ара чыр-чатактардын натыйжасында VIII кылымдын 30-жылдарында алсырай баштаган.

Начарлап калган бул кагандык 40-жылдардын башында уйгурлар менен карлуктар тарабынан талкаланат. Эми Борбордук Азияда уйгурлардын ролу жогорулап, 744-жылы Кули Пелонун жетекчилиги менен азыркы Батыш Монголиянын аймагындагы Кара-Корумда көчмөндөрдүн жаңы дөөлөтү – Уйгур кагандыгы пайда болот. Бул кагандыктын күч алган мезгилинде ага Кытай империясы да жыл сайын салык төлөп турган.

Уйгурлар байыртадан эле Борбордук Азияны мекендеп келген түрк тилинде сүйлөгөн эл болгон. “Уйгур” деген аталыш уюшкан дегенди түшүндүрүп, уйгурлардын 19 уруусун бириктирген.

Үстөмдүккө ээ болгон Уйгур кагандыгы да Экинчи түрк кагандыгы сыяктуу баскынчылык саясат жүргүзөт. Алар 758-жылы ортоңку Енисейдеги кыргыздардын өлкөсүн  басып алып, оор салыктарды төлөтө баштайт. 795-жылы кыргыздар көз карандысыздык үчүн күрөшкө чыккан. Бул күрөшкө кары-жаш дебей бардык кыргыздар, жоокер кийи­мин кийген  кыз-келиндер катышкан. Саны жагынан аздык кылган кыргыздардын бул көтөрүлүшүн уйгурлар өтө мыкаачылык менен басып, баш көтөртпөс үчүн өтө оор салыктарды талап кылган. Уйгурлардын жазалоочу аскерлери кыргыздарга маал-маалы менен чабуул коюп, элди канга бөлөп турган. Бул кордуктан кутулуу үчүн кыргыз эли чыдамкайлык менен жыйырма жыл боюу күч топтоп, уйгурлардан кырылган кыргыздардын  өчүн алууга даярданат. “Кыргыздардын күчү топтолгонун сезген алардын ажосу, – деп жазылат кытай булактарында, – өзүн каган (хан) деп аялы Гелла-шехти (карлук жабгусунун кызы) – ханыша деп жарыялады”. Кыргыздардын тарыхындагы бул окуя 820-жылы болгон. Кыргыз ажосунун өзүн-өзү каган деп жарыялашы уйгур кагандыгына согуш жарыялаганга тете окуя болгон. Мындай кадамга барууда кыргыз каганы реалдуу күчтөргө таянган.

Көз  карандысыздыкты коңшу элдер менен ынтымакта  жашоону туу туткан кыргыз элин, алар менен коңшулаш жашаган элдер колдоп, эркиндик үчүн күрөштө кыргыз эли менен бирге болоорун билдиришип, кыргыз өлкөсүнүн курамына ыктыярдуу кирген этностордун саны көбөйгөн. Натыйжада кыргыз мамлекетинин чек арасы кыйла кеңейген. Кыргыздарды көз карандысыздыкка жеткирүүчү күч катары баалаган коңшу элдердин  эсебинен кыргыздардын аскердик күчү кыйла көбөйгөн.

Енисей кыргыздарынын курал-жарактарын изилдеген Ю.Худяков ошол кездеги кыргыздардын Борбордук Азиядагы эң мыкты куралданган армия түзүүгө жетишкенин баса белгилейт. Анткени енисейлик кыргыздар металл иштетүү боюнча ошол мезгилде чеберчиликтин бийик чегине жеткен. Кыргыз усталары металлдын эң катуу түрү – метиорит тектүү темирди иштетүүнүн сырларын терең өздөштүрүп, андан чапканда тулганы таарып түшкөн кылычтарды, соот бузган найза менен жебелердин учтарын жасашкан. Кыргыз усталары метеорит тектүү темирди –Теңирдин асмандан жиберген белеги катары баалап – кан темир деп аташкан жана аны иштетүүнүн сырын XIII кылымга чейин башка элдерге билдирген эмес. Кыргыз элинин кан темирдин сырын билип, аны кеңири иштеткендиги, экинчиден, ал темирдин сырын бөлөк элдерге билгизбей сактаган бекемдиги үчүн  кытайлар кыргыздарды өз тилинде цзяньгундар, кыргызча “темир эл” деп аташкан.

IX кылымдын биринчи чейрегинде мыкты куралданган кыргыз армиясын  кыргыздын каганы өзү жетектеген. Бул учурда кыргыз армиясы куралданып гана чектелбестен  согуштук аракеттерди жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын үйрөнгөн. Кыргыздын ошол кездеги атчан жоокерлерине  тең келе турган күч Борбордук Азияда жок болгон.

3. Уйгур кагандыгынын талкаланышы.

Улуу Кыргыз кагандыгынын түзүлүшү

Ошол кезде уйгур каганынын борбору Ордо-Балык шаары азыркы Моңголиянын түндүгүндүгү, Орхон дарыясынын боюнда жайгашкан.

Кагандын ордосу бийиктиги жана калыңдыгы Улуу Кытай дубалындай дубал менен үч ирет курчалган. Өзүнүн 100 миң аскерден турган армиясына, бекем сепилине ишенген Уйгур каганы кыргыз каганынын жогорудагыдай билдирүүсүнө анчалык маани берген эмес.

840-жылы Кыргыз каганы өзүнүн 100 миң аскерин баштап  чоң казатка аттанат. Саны жагынан кыргыз армиясы менен уйгурлардын куралдуу күчү бирдей болгону менен мыкты куралданып, аскер ишин жакшы өздөштүргөн кыргыз армиясы тез эле үстөмдүккө жетишип, буга чейин далай элге баскынчылык кылган уйгур армиясына кыйраткыч сокку уруп, Ордо-Балыкты ээлейт. Бул согушта уйгур каганы курман болот. Жеңилген уйгур армиясынын калдыктары туш тарапка качат. Ошентип, Борбордук Азияда Россия империясынын академиясынын академиги, белгилүү Чыгыш изилдөөчү В.Бартольд “Улуу кыргыз державасы” деп мүнөздөп жазган жаңы каганат пайда болот. 842-843-жылдарга карата Улуу кыргыз каганатынын чек аралары аныкталат. Кытай булактарынын маалыматтарында бул каганаттын аймагы жөнүндө: “Хягас (кыргыз) күчтүү мамлекет. Анын аянты мурдагы түрк элдеринин ээликтерине теңелген (Экинчи Түрк кагандыгынын чеги эске алынып жатат). Чыгышта Гулиганиге (Байкал бою) чейин, Түштүктө Тибетке, Чыгыш Түркестанга, түштүк-батышта Гэлолуга (Жети-Сууга) чейин  созулуп жатат” – деп жазылган. (Картаны караңыз).

Картада көрсөтүлгөндөй, Улуу кыргыз каганатынын бийлиги чыгыштан батышты карай – Чыгыш Монголиядан тартып, Ысык-Көл менен Жети-Сууга чейинки, түндүктөн түштүккө карай – Сибирь тайгасынан (азыркы Томск менен Крас-ноярск шаарларынын аймагы) тартып Улуу Кытай дубалына чейинки эбегейсиз зор мейкиндикке тараган. Тактап айтканда, Улуу кыргыз кагандыгынын курамына Түштүк Сибирь, Моңголия, Байкал  аймагынын бир бөлүгү, Иртыш дарыясынын боюу, Чыгыш Казакстан, Жети-Суу аймагы, Ысык-Көл ойдуңу, Борбордук Теңир-Тоо жана Тарим өрөөнү  кошулган. Байыркы салтка  ылайык Каңгайды ээлеген эл Борбордук Азиянын ээси катары таанылган. Мындай дөөлөттөрдү өз заманында хунндар, түрктөр, уйгурлар, XIII кылымда моңголдор түзгөн. Ошентип, IX кылымдын ортосуна Борбордук Азияда кыргыздардын жылдызы жанып, В.Бартольд адилеттүүлүк менен “Улуу кыргыз державасы” деп атаган күчтүү кагандык түзүлгөн. Бул Кыргызстан тарыхындагы  ири окуя катары бааланып ар бир кыргызстандык, ар бир кыргыз атуулу ар дайым сыймыктана турган тарыхый чындык. Кыргыздардын “Чоң казаты”, анын натыйжасында пайда болгон улуу каганаты кыргыз элинин баатырдык “Манас”  эпосундагы окуя өзөктүү  катары чагылдырылгандыгында шек жок.

4. Улуу Кыргыз  каганатынын тарыхынын  азыркы мезгилге таалим-таасири барбы?

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлы-гында: “Тилекке каршы, кылымдар жана ондогон жылдар бою Кыргызстандын  тарыхынын даңазалуу барактары этибарга алынбай жана  саясый конъюктурадан улам  бурмаланып келген”, – деп  көрсөтүлгөн.

Биз жогоруда белгилегендей, Жарлыкта “кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн эки миң жылдан ашык  тарыхы бар дүйнөлүк цивилизациянын кенчи болуп саналган, азыркы учурдагы чакырыктарга жана коркунучтарга татыктуу жоопту калыптандыруу үчүн таалим болоорлук мисалдардан турган барактары камтыйт” деп туура жазылган.

Кыргызстандын коомчулугунда азыр деле  байыркы тарыхты терең изилдеп, аны кунт коюп окуп үйрөнүүнүн зарылчылдыгы барбы? Андан көрө, азыркы мезгилде пайда болгон гуманитардык илимдердин жаңы тармактарына көңүл буруп, учурдагы маселелерди чечүүгө аракет жасаганыбыз оң эмеспи дегендер четтен чыгат. Бул пикирди колдоого болбойт. Анткени, өткөндөгүсүн билбеген элдин келечеги жок. Өткөндөгү тарыхына, маданиятына, ата-бабаларынын өрнөктүү иштерине сыймыктануу сезими өзгөчө кыргыздарда күчтүү өнүккөн.

Байыртадан эле кыргыз элинде жети жаштагы эркек бала жети атасын билүүгө милдеттүү болгон. Жети атасын билбегендерди “тентиген кул”, “жетесиз кул”, “тексиз” деп коюшкан. Ар бир муунга 25 жыл берилсе, ошондо жети жашар бала 175 жыл мурда жашаган жетинчи атасынын ким болгондугун билген. Уруу башчылары 21 атасына чейин билүүгө, ошолор басып өткөн тарых, белгилүү жол башчылардын, баатырлардын, акылмандардын даңазалуу өмүрлөрү, терең мазмундуу ойлору, баалуу мурастары аркылуу жаш муундарды тарбиялоого милдеттүү болгон. Кыргыз элин эки, керек болсо үч миң жылдан бери сактап, өстүрүп  келген факторлордун бири да кыргыздардын өзүнүн генеологиясына жасаган өтө аяр мамилеси болгон десек эч жаңылышпайбыз.

Ушундан улам Жарлыкта “Кыргызстандын элдеринин тарых жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү жана адамдарга өлкө үчүн жарандык атуулдук жана сыймыктануу сезимин  тарбиялоо милдети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталсын” – деп эң таасын көрсөтүлгөн. Демек, кыргыз элинин көптөгөн кылымдарды карыткан  тарыхындагы урунтуу окуяларынын баарынан тең таалим-тарбия алууга болот. Эми IX кылымда түзүлгөн Улуу кыргыз кагандыгынын тарыхында Эгемендүү Кыргызстандын азыркы мезгилдеги  коомдук турмушуна сабак, үлгү боло турган жактарына токтололу. Биздин оюбузча алар төмөнкүлөр:

Биринчиден, Улуу кыргыз кагандыгы ошол кездеги кыргыз элинин, анын жол башчыларынын башка элдерди басып алып, аларды эзүүнүн натыйжасында бийликке жана байлыкка жетүү үчүн жүргүзгөн саясаттын натыйжасында түзүлгөн деген тыянак чыгарууга болбойт. Себеби кыргыздар ошол мезгилде Уйгур кагандыгынын агрессивдүү баскынчылык саясатына каршы, көз карандысыздык үчүн күрөшкөн башка элдердин да чоң таянычы болгон. Алар кыргыздарга эзүүдөн куткаруучу, адилеттүүлүктү орнотуучу күч катары ишеним артышкан. Ушуга байланыштуу Уйгур кагандыгынын баскынчы саясатынан кутула тажаган элдердин баары  биринин артынан экинчиси кыргыз мамлекети менен ынтымакта болушуп, айрымдары кыргыз өлкөсүнүн курамына кирген.

Экинчиден, Кыргыздардын армиясы уйгур армиясы менен гана беттешип, чабуулдун жүрүшүндө тынч жашаган калкка курал көтөргөн эмес. Тарыхта уйгур армиясынын Пан Тегин жетектеген  чоң бөлүгү Чыгыш Түркстанга  баш калкалаган. Ошол учурда кыргыздардын  күчүнөн  корккон  Кытай императору Кыргыз каганы менен тезирээк тынчтык келишимин  түзүүгө шашылган.

Кытайга кыргыз каганынын элчиси катары барган  кол башчы Тапу Алп Солду Кытай императору кастарлап тосуп алып, ал аркылуу Улуу кыргыз каганаты менен Кытай империясынын ортосунда тынчтык келишимин түзүп, Алп Солду баалуу белектер менен узаткан. Ушул жерден кыргыздар өтө күчтүү армияга ээ болсо да жеңилген уйгурларга кыргын салуу саясатын жүргүзбөгөндүгүн баса белгилесек болот. Кытай императору Улуу кыргыз кагандыгы  менен тынчтык келишимин түзгөн соң, кыргыз каганына жагалданып, байма-бай кат жөнөтүп турган. Кытай императорунун 840-845-жылдары жазган көптөгөн каттарынын он тогузу 2003-жылы кыргыз тилине которулуп, басмадан чыккан.

Ал каттарында Кытай императору кыргыз каганынан  уйгурларды тукум курут (геноцид) кылып кырып салууну кайра-кайра суранган. Бирок кыргыз каганы кытай императорлорунун байыртадан  бери келе жаткан көчмөндөрдүн бирин экинчисинин колу менен жок кылуу саясатына макул болбой, кытай императорунун сунушунан кескин түрдө баш тарткан.

Үчүнчүдөн, Улуу кыргыз каганатында жүргүзүлгөн адилет саясаттын натыйжасында мурда уйгур каганатынын доорунда жылдан-жылга уланып келген бүлдүргүч согуштар токтогон. Кыргыз каганатына коңшулаш жашаган көп сандаган элдер  дайыма тынчтык бербей келген уйгурлардын кысымынан кутулуп, тынчтыкта жашай баштаган.

Төртүнчүдөн, жаңы жагдай кыргыз урууларынын өнүгүп-өсүшүнө жакшы шарт түздү. Борбордук Азиядагы бир нече майда уруулар кыргыздардын курамына сүңгүп киришип, өздөрүн кыргызбыз деп атап калышкан. Бул мезгилдеги кыргыздын этникалык курамынын кеңейиши “Манас” эпосундагы “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деген саптардын чындык экендигин далилдейт. Бул факт ошол кезде эле кыргыз  эли көптөгөн этникалык топтордон куралганын далилдейт. Туура жүргүзүлгөн этникалык саясаттын натыйжасында Улуу кыргыз кагандыгына кирген  элдердин баары тез арада  кыргыздын каада-салттарын, маданиятын кабыл алып, кыргыз тилинде сүйлөп, өздөрүн кыргызбыз деп сыймыктануу менен атап калышкан.

Бешинчиден. Дүйнөлүк тарыхтын тажрыйбасы тигил же бул мамлекеттин өнүгүшү мамлекеттик бийликтин натыйжалуу, калыс иштешине тыгыз байланыштуу экендигин эбак эле далилдеген. Улуу кыргыз кагандыгында башкаруу түзүмү ирээтке келтирилип,  анын натыйжалуу иштешине кам көрүлгөн. Каганатты каган башкарган. Кагандын сөзүнө турбай эки сүйлөшү өлүмгө тете уят иш катары эсептелген. Кагандын буйругуна кайдыгер мамиле жасаган чиновниктер, каганга туура эмес кеңеш берген кеңешчилер, коомдук тартипти бузуп, жөнү жок чуу чыгарган бузуку адамдар дароо өлүм жазасына тартылган. Кагандан кийинки экинчи орундагы мансап – буйрук (кеңешчи) деп аталган. Кийинки мансап орду – бойла деп аталып, ал өкүм бекиткен. Мындан кийин – йарган бийлиги ээ болгон адам буйрукту аткарган.

Кагандын балдары – тегиндер (ханзадалар), иналдар (кагандын жээндери) ордонун мүчөлөрү катары эсептелип, бардык мүмкүнчүлүктөрүн каганаттын кызыкчылыктарына багыттоого, адал, ак кызмат  өтөөгө  милдеттүү  болушкан.

Борбордук бийликте жергиликтүү  бийлик ээлери: тутуктар, таркандар, бийлер, түтүндөр баш ийген. Алар өздөрүнө тапшырылган аймактарды башкарууда бардык маселелер боюнча кагандын алдында керт башы менен жооп берген. Мамлекеттик казынага кол салган чиновниктер өлүм жазасына тартылган. Улуу кыргыз кагандыгында  уурулук өтө жексур көрүнүш катары каралган. Эгерде баласы уурулук кылса, анын башын кесип, атасынын мойнуна илип коюшкан. Ал ууру баласынын башын бул дүйнөдөн көзү өткөнчө мойнуна илип жүрүүгө милдеттүү болгон. Натыйжада Улуу кыргыз каганатында уурулук өтө эле сейрек кездешкен. Бабаларыбыздын мамлекеттик кызматчыларга койгон катуу талабынан, азыркы тил менен айтканда коррупцияга, уурулукка каршы күрөшүүдөн туура жыйынтык чыгарып, азыркы мыйзамга ылайык катуу жазаласа болбойбу?

Алтынчыдан, тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздар Борбордук Азиядагы маданияттуу жана сабаттуу элдерден болгон. Каганаттын аймагында “орхон енисей жазуусу” деп аталган кыргыз жазуусу кеңири пайдаланылган. Түндүк Кытайда, Тибетте билим алган кыргыз жаштарынын саны өскөн. Жогорку билимдүү кыргыз жаштары коңшу мамлекеттердин хан сарайларына кызмат өтөөгө чакырылганы жөнүндө маалыматтар бар.

Улуу кыргыз каганатынын өкүм сүрүүсү 80 жылга созулган. Х кылымдын биринчи чейрегинде гегемондук саясаттан, бийлик үчүн күрөштөн, мансапкорлуктан  чыгармачыл, куруучулук эмгекти, руханий байлыкты артык көргөн кыргыздар бийлик кылган аймактарды таштап өздөрүнүн ата журтуна, бир бөлүгү Енисейге, экинчи бөлүгү Теңир-Тоого кайта баштаган. Өз мекенине кайткан кыргыздар өндүрүш каражаттарын өркүндөтүп, малдын асылдуулугун арттырган, дыйканчылыктын түшүмдүүлүгүн жогорулаткан, металл иштетүүнү мурдагыдан да өркүндөткөн. Кыргыздарда мал чарбачылыгы менен катар эле дыйканчылык, өзгөчө дан эгиндерин өстүрүү күчтүү өнүккөн. Енисейлик кыргыздар азыркы тил менен айтканда ирригация жана мелиорация иштерине өзгөчө көңүл бурган. Кыргыздардын Енисейдеги курган каналдардын нуктары азыр да “Кыргыз арыгы” деген ат менен сакталат. Айрым каналдардын узундугу 20-30 чакырымга созулган. Ошол кездеги кыргыздардын мансапка караганда материалдык өндүрүшкө, чыгармачыл эмгекке, руханий байлыкка умтулушу азыркы саясатташып кеткен коомубузга, бийликке умтулган мансапкорлорго үлгү, сабак болсо жакшы болмок.

Ошентип Улуу кыргыз  дөөлөтү X кылымдын биринчи чейрегинде тынчтык жолу менен жоюлган. Улуу кыргыз каганатынын доору Кыргызстан тарыхындагы өтө орчундуу, өтө даңазалуу жана сыймыктуу мезгил. Бекеринен бул доорду Россия империясынын окумуштуулары “кыргыздын жылдыз жанган мезгили” деп аташкан эмес.

Жетинчиден, биз жогоруда белгилегендей, кыргыздар б.з.ч. III кылымдан баштап эле Тянь-Шан менен Енисейдин аралыгындагы кеңири мейкиндикте бири-бири менен тыгыз байланышта жашап, өнүгүп келген. Ушундай чоң аймакта жашаган кыргыз элинде региондорго, жер-жерлерге, кокту-колотторго бөлүнүү деген түшүнүк болгон эмес. Улуу кыргыз каганатынын тушунда баш-аягы болжол менен 6 миң чакырым мейкиндикти ээлеген ата-бабаларыбыздын региондорго бөлүнбөй “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, түбү бир кыргызбыз деп ураан чакырып, ынтымакта жашашы азыркы Бишкектен Ошко чейинки 600 чакырым гана аралыкта жашаган бир элди түндүк-түштүк деп экиге бөлгөн оёндорду ойлонтпой койбос. Байыркы кыргыз элинин биримдиги орто кылымдарда Улуу кыргыз каганатын түзүүгө алып келген болсо, азыркы кыргыз элинин бөлүнүп-жарылуусу акыры Кыргыз Республикасынын жок болушуна алып бараарын ар бирибиз эстен чыгарбашыбыз керек.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгында Кыргыз Өкмөтүнө 2012-2013-жылдарда Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын терең окуп үйрөнүү жана кеңири таанытуу Программасын иштеп чыгуу жана аны жүзөгө ашыруу, ал Программа боюнча 2012-жылы Улуу кыргыз каганатынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган эл аралык илимий практикалык конференция өткөрүү, бул багытта илим-изилдөө иштерин күчөтүү боюнча бир катар багыттар аныкталган. Жарлыкта белгиленгендей, Кыргызстан элинин тарыхый-маданий мурастарынын “Мурас” фондун жана тарых илимин өнүктүрүү, Кыргызстан тарыхы боюнча окуу китептерин жана окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик комиссия түзүү маселеси каралган.

Аталган иш-чараларды жүзөгө ашыруу кыргыз элинин тарыхындагы мурда белгисиз жаңы таасын кырларын ачат. Кыргыз Республикасындагы жаңы бийликтин, өлкө башчысынын камкордугунун натыйжасында,  Кыргызстан тарыхынын, ата-бабалардын ыйык мурастарынын жылдызы жыл өткөн сайын жаркырап жанып, улуттук идеологиясынын негизин түзүп, келечектеги урпактардын жолун жарык кыла берерине терең ишенсек болот.

Өскөн ОСМОНОВ,  КРнын тарыхчылар ассоциациясынын президенти,
КРнын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү,
КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор,
«Кыргыз Туусу», 17.02.2012

Соц тармактар:

Добавить комментарий