Жалил Абдыкадыров – нукура залкар талант

Кыргыздын европалык типтеги улуттук драма театрынын залкар режиссёру, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жалил Абдыкадыровдун даңазалуу чыгармачылык өмүр жолу Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театры менен  ажырагыс байланышта. Анткени, бул театрдын профессионалдык искусствосунун реалисттик жогорку көркөм бийиктикке көтөрүлүп, дүркүрөп өнүгүшү, чыгармачылык ийгилиги жана көркөм багыты Жалил Абдыкадыровдун ысымы менен кошо аталат. Кайталангыс курч таланттуу режиссёрдун кыргыздын улуттук драма театрынын режиссурасында алган орду өзгөчө татыктуу жана ардактуу. Анын улуттук сыймыгы, руханий көркөм байлыгы катары бааланат. Анткени, Жалил Абдыкадыров жалаң эле кыргыз элинде эмес, дүйнөлүк искусство майданында нечен ат салышкан жарыштарда чоң байгеге ээ болуп, кыргыз режиссурасы үчүн атак-даңк алып келген.

Ж.Абдыкадыров европа тибиндеги, жогорку бийиктиктеги сахна искусствосун терең өздөштүрүп, аны улуттук искусство   менен жуурулуштуруп, айкалыштырып өзүнчө почерки менен айырмаланган “Бетме-бет”, “Король Лир”, “Атанын тагдыры”, “Унутулган адам”, “Өлбөстүн үрөнү”, “Ак боз ат”, “Манастын уулу Семетей”, “Келиндер козголоңу” сыяктуу этаптуу спектаклдерди коюп, Кыргыз Улуттук академиялык драма театрын башка улуттардын театрына окшобогон, өзүнүн салтын бекем кармаган баатырдык-эпикалык багыты бар психологиялык реалисттик театр болуп калыптанышына олуттуу өбөлгө түзгөн.

Ж.Абдыкадыровдун режиссёрдук диапазонунун кеңдиги, чыгармачылык потенциалынын молдугу Кыргыз Улуттук драма  театрында эмгектене баштаганда өзгөчө байкалат. Ал нукура таланттуулук менен койгон спектаклдери режиссёрдук чеберчиликтин профессионал деңгээли, чыгармачылык жетилүүнүн күбөсү болду. Жогоруда аталган спектаклдердин көпчүлүгү коомчулук тарабынан чоң алкоого ээ болуп, ошол кездеги бүткүл союздук жана республикалык сыйлыктарды алууга татыктуу болгон.

Ж.Абдыкадыров менен биздин улуу муундун залкар артисттери да өздө¬рүнүн эң мыкты образдарын кошо жаратышкан. Муратбек Рыскуловдун Акылбеги, Король Лири, Бакен Кыдыкееванын Айганыш, Каныкей, Эркеайым, Любовь Яровая, Даркүл Күйүкова менен Сабира Күмүша-лиеванын Оңолканы, Сыдыкбек Жамановдун Бакай, “Унутулган адамдагы” Доктору сыяктуулар кыргыздын көркөм казынасына кирген көөнөрбөс дөөлөттөр.

Жалил Абдыкадыров кыргыз  театрынын тарыхында биринчи болуп Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсүнө кайрылган болуучу. Ошондуктан Ж.Абдыкадыров чоң таланттуулук менен койгон “Бетме-бет” спектакли кыргыз сахнасы үчүн тарыхый, маданий мааниси зор болуп эсептелинет. Чыңгыз Айтматовдун көркөм дүйнөсү кыргыз сахна өнөрү үчүн жаңы бурулуш этап болсо, ошол этапты баштаган Жалил Абдыкадыров болгон.

Алтымышынчы жылдардагы Кыргыз Улуттук драма театрынын таржымалы, артисттеринин чыгармачылык өмүр баяны бүтүндөй бойдон Жалил Абдыкадыровдун чыгармачылык өмүр жолу менен байланыштуу десек жаңылышпайбыз. Акыйкаттын жайы ушундай. Залкар режиссёр Жалил Абдыкадыровдун – бул доору биздин кыргыз улуттук драма театрынын гүлдөп турган учуру. Деги ошол мезгил кыргыз-дын театр өнөрү үчүн өзүнчө бир таланттардын парадындай туюлат.

Жалил Абдыкадыров дүйнөлүк театр өнөрүнүн реформатору  И.С.Станиславскийдин жолун жолдоп, анын системасын кыргыз театрында өздөштүрүп, мыкты спектакл¬дерди койгон чыгаан режиссёр десек жаңылышпайбыз. Драматургиялык материалды терең өздөш¬түрүп, сахна, поэтикалык жалпылоо, искусствосунун бардык түрлөрүн синтездеп кынап, психологиялык өзөктө жаткан негизги ойду айкын чагылдыра билүү тереңдигин ачуу, Ж.Абдыкадыровдун чыгармачылыгындагы бирден-бир артыкчылыгы.

Ж.Абдыкадыров кыргыз драма режиссёрлорунан биринчи болуп укмуштуудай чоң таасирдүүлүктө элдик трагедия жана баатырдык эпикалык планда коюлган Кыргыз Республикасынын эл акыны Ж.Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектакли Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкка татыктуу болгон. Өзүнүн идеялык көркөм деңгээли боюнча бул спектакль кыргыздын улуттук драма өнөрүндөгү эпикалык-фольклордук эстетиканын туу чокусуна жеткен.

Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында он үч жылга созулган режиссёрдук милдетти аткарып турган учурунда Жалил Абдыкадыров жеке гана өз чыгармачылыгын өркүндөтпөстөн, Кырдрамтеатрынын бүтүндөй көркөм багытын аныктап, кыргыз элинин кыйырына таанылган таланттуу артисттердин үркөрдөй болгон тобун тарбиялап чыгарды. А.Өмүралиев, Г.Дулатова, Ж.Сейдакматова, С.Далбаев, А.Осмонов, М.Далбаева И.Райымкулова, Б.Шалтаев жана башка кыргыз театрынын жылдыздарынын чыгармачылык атак-даңкы дээрлик Ж.Абдыкадыровдун режиссёрлук дараметине байланыштуу.

Кыргыз Улуттук театрынан тышкары республикабыздын театрларында талыкпай эмгектенип, улуттук режиссуранын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошуп, кыргыз театр искусствосун бүткүл жумуриятка жана чет элге таанытты. Ал жеке гана өз чыгармачылыгын өнүктүрүү менен чектелбестен, кыргыз театрларынын бүтүндөй көркөм багытын аныктап, актёрлорду дайым биринчи планга коюп, кыргыз элинин кыйырына таанылган М.Рыскулов, Б.Кыдыкеева, Д.Күйүкова, С.Күмүшалиева, С.Жумадылов, Г.Дулатова, С.Далбаев, М.Далбаева, Ж.Сейдакматова, Т.Турсунбаева, К.Досумбаев, И.Эшимбеков, А.Осмонов, М.Токтобаев жана башкалардын чыгармачылык атак-даңкы дээрлик Ж.Абдыкадыровдун режиссурасынын эпкинине таандык. Ошондой эле Ж.Абдыкадыров көп жылдар режиссёр-педагог катарында Б.Бейшеналиева атындагы мамлекеттик искусство институтунда режиссуралык факультетин жетектеп сабак берүү менен кыргыз театры үчүн жаш муундагы режиссёрлорду тарбиялап даярдаган. Ар бир театрда Ж.Абдыкадыровдун окуучулары жемиштүү иштеп, алды кө¬рүнүктүү адистерден  болуп калышты.

Пейли  кенен, акылы тунук, жүрөгү назик бул сүрөткер бүткүл күч-кубатын жумшап эмгектенди. Өз кесибин мынчалык улуу дилгирлик, жанда жок арзуу менен сүйгөн инсан эле. Ал театр сахнасында  өзү жараткан сулуулуктар дүйнөсүн биздин энчибизге, болочок муундардын энчисине калтырды. Бул руханий байлык Кыргыз Улуттук театр искусствосунун тарыхында көркөм дөөлөт катары түбөлүккө сакталат.

Абаз СЫРЫМБЕТОВ, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
М.Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, театр изилдөөчү,
“Кыргыз Туусу”, 31.01.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий