Т.Акеров, тарых илимдеринин кандидаты: ДНК изилдөөлөрү кыргыздардын канында 63% европеоиддик ген бар экендигин аныктады

Табылды Акеров тарых илимдеринин кандидаты, ага окуутучу, учурда Кыргызстандагы Эл аралык университетинин Этнология институтунун директору болуп эмгектенет.

«Адам баласы бир ата, бир энеден жаралып, дүйнө жүзүнө тараган» деген санжыра бүгүнкү күндө илимий изилдөөнүн жыйынтыгы менен аныкталууда. Албетте, бул аныктаманы окумуштуулар тарых илимине көмөкчү илим катары жаны пайда болуп, өнүгүп келе жаткан ДНК изилдөөлөрдүн натыйжасына таянып билдиришип жатышат. ДНК аркылуу гендерди иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгы боюнча кыргыздардын канында 63% европеоиддик ген бар экени аныкталган. Бул изилдөөлөр боюнча кененирээк тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров «Баракелденин» «Мурас» рубрикасына маек курду.

— Бул проблема дүйнөдөгү ири өлкөлөрдү алсак АКШ, Батыш өлкөлөрүн өтө кызыктырып келген. Ал жакта ири институттар, фонддор түзүлүп, ал жакка малекулярдык биология жаатындагы окумуштууларды тартып ДНК аркылуу адам баласынын келип чыгышын изилдөөгө аркеттер жүрүүдө. Кыргызстандан академик А.А.Айдаралиев (Эл аралык университеттин президенти кезинде) АКШлык Соронсен фондунун жетекчилери менен сүйлөшүп, бул изилдөөлөрдү Кыргызстанда жүргүзөлү деген келишимге келишкен.

Ошол сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Кыргызстандын Эл аралык университети менен АКШнын «Соронсен» фондусунун ортосунда ДНК изилдөөлөр боюнча келишим түзүлгөн. «Соронсендин» Кыргызстанда жүргүзүлүүчү изилдөөлөрүн координациялоо үчүн биздин университеттеги мен жетектеген Этнология институту тартылган. Мындайча айтканда, «Соронсен» фонду Кыргызстандын ДНК изилдөөлөрүнө катышып, ага көмөк көрсөтөт. Алар биздин өлкөгө келип, жергиликтүү жарандардын ДНКларын чогултушат дагы, алардын каны аркылуу генин изилдөөгө алышат. Бирок, бизде мүмкүнчүлүк жок болгондуктан жана ДНК изилдөөчүлөрүбүз азыраак болгондуктан, иштин негизги болугу Америкада жүргүзүлөт. Америкалык окумуштуулар болгону бизден ДНКны гана алып кетет. Бүгүнкү күндө алар Кыргызстандан 200 кыргыз жаранынын ДНКсын, 200 түркмөн улутундагы адамдардын жана тажиктердин ДНКсын алып кеткен. Жалпы жолунан 600 ДНК Америкага жөнөтүлгөн. Анын ичинен 6 кыргыздын ДНКсы изилденип бүттү.

— Бул изилдөөлөрдүн максаты эмнеде?

— ДНК изилдөөнүн негизги максаты — адам баласынын келип чыгышын изилдеп, аныктап, тактоо болуп эсептелет. Ал эми бул адамдардын өз ара насилдик, улуттук өзгөчөлүктөргө карата өзгөчөлөнүп, бөлүнүп-жаралып, башка улуттун өкүлүнө терс мамиле кылуу жана башка ушул сыяктуу коомдогу жат көрүнүштөрдөн арылууга жардам берет. Себеби, ДНК изилдөөлөрү дүйнөдөгү бүткүл адам баласы бир ата, бир энеден тараган деген санжыранын чын экендигин аныктапберип жатпайбы. Муну адамдар мурда эле билчү. Ал эми бүгүн муну илим далилдеп жатат.

Буга чейин археология, этнография, этнология жана нумизматика илимдери тарых илимине көмөкчү илим катары кирип, бул өз үлүшүн кошуп келген. Бүгүнкү күндө, мына акыркы 10 жылдын аралыгында дүйнөлүк өнүккөн мамлекеттерде, айталы, АКШ, Англия, Франция, Германия жана башка өлкөлөрдө, азыр Орусия дагы мына ушул ДНК изилдөөлөргө киришти. Азыркы күндө Казакстанда дагы изилдөөлөр жүргүзүлүп жатат. ДНКнын негизинде тарыхты изилдөө күч алып атат десек болот. Молекулярдык биологиянын негизинде изилдөө дагы тарых илимине көмөкчү дисциплина катары таанылып баратат.

Адамдардын генин иликтөө боюнча ДНК изилдөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгы чыккан. Бул боюнча атайын таблицалар даярдалган. Ага ылайык, адам баласы бир ата, бир энеден же болбосо, Обо эне, Обо атадан тараган деген сөздүн туура экени далилденип жатат. Таблицада көрсөтүлгөндөй, адам баласы Африкада пайда болуп, акырындык менен чыгышты карай жылып отурган. Айталы, Балкан аркылуу азыркы Түркмөнстандын аймагына келген, анан бир талы Орто Азияга тарап, бир талы андан ары Волга, Уралга, Саян-Алтайга, андан Батыш Монголияга келип, мындан түндүккө жылып, Якутияга, андан Беринг куймасы аркылуу Америка континентине өткөн. Ошол эле таблицага көз жүгүртсөк, 5-6-миң жылдыкта Орто Азиядан, түштүккө түшө баштаган дагы, Индияга келишип, мындан ары Австралияга тараган. Ошентип дүйнө жүзүнө жайгашкан. Адам баласынын көчүнүн бир бутагы Африкадан жылып келатып азыркы батыш өлкөлөрүнө чыгып кеткен. Бул да өзүнчө чийилип көрсөтүлүп турат.

— Мунун баары так аныкталган деп айтса болобу?

— Ооба, анткени ДНК адам баласынын миграциясын так, анык көрсөтө алат. Мисалы, дүйнө жүзүндө 200дөн ашык мамлекет бар да, аларда жашаган элдердин көпчүлүгүнүн каны ар кандай топтордон тураары аныкталды. Алар сегиз «гапла» топко бөлүнгон. Ар бир гапла группа алгачкы баштапкы чекиттин талы болуп эсептелет. Мындайча айтканда, дүйнөдөгү эл кандайча таралып кеткен, анан кайсы жерден бири-бирине кездешет, мына ушуну да аныктап чыкканга аракет кылышкан.

Мунун баары кийинки таблицада так көрсөтүлүп турат. Мисал катары кыргыздарды, казактарды, түркмөндөрдү алсак, кыргыздар 5-гапла топко кирет. Ага македондуктар, орустар, украиндер, кыргыздар, Хадженттеги тажиктер жана ишкашимдер кирет. Мына булар гендери боюнча бири-бирине жакын. Бизге тууган деп эсептелинген казактарды алып карасак, 4-гапла тобуна кирип, бул монгол, камбожалыктар, дунгандар, тайвандар, кытайлар, корейлер, япондор менен бир гапла тобуна кирип атат. 1-гапла тобундагы түркмөндөр болсо, гректер, ягноптор, армяндар, славактар, оркнилер, бриттер, баскилер болуп, булар өзүнчө бир гапла тобун түзөт. Мына ошентип баардык элдер иликтенип чыккан. Бул гапла топтору элдердин гениндеги кандын проценттерине жараша бөлүнөт. Мисалы, кыргыздын генинде канча пайыз европеоиддик кан бар, канча процент субсахардык кан бар, канча пайыз дагы кандай кан бар деп ошонун баарын изилдеп чыгышып, класстерге бөлүшөт. Тактап айтканда, кандардын өзүнчө майдаланышы. Мына ошонун негизинде кайсы эл көчтүн башында жана кайсы жерден бири-бирине кездешкенин аныктай алабыз.

Бул изилдөө жүрүп атат, бүгүнкү күндө бүтө элек. Себеби, бүтүндөй элдин баары камтылып алына элек. Дагы-дагы жаңы гапла группа же болбосо, жаңы класстерлер пайда болуп калышы мүмкүн. Бирок, бүгүнкү күндө бул изилдөөлөрдүн деңгээли айрым этностор боюнча тагыраак түшүнүк берип калды. Мисалы үчүн кыргыздар 5-гапла группага кирет, 63% европеоиддик ген бар деген тыянакты дүйнөлүк окумуштуулар так айтып калышты. Эгерде ДНК изилдөөлөрдүн аныктамасы менен кетсе, мисалы үчүн кыргыздар кайсы жерде пайда болгонун аныктай алат. Мисалы, тарых илиминде «Кыргыздар эң башында Батыш Монголияда жашаган, андан Миң суу катлавинасына барган. 6-8 кылымдарда Энэ Сайда алар мамлекет куруп, 9 кылымдын жарамында Уйгур кагантын талкалап, Борбордук Азияда Улуу Дөлөт орноткон. Ошол доорлордо алардын айрым топтору Тянь-Шянга келген деп айтылат. Ал эми бул жерде болсо, кан аркылуу белгилүү гендердеги адамдар же алардын ата-бабалары кайсы жерлерди мекендеген же болбосо, болжолдуу түрдө кыргыздар кайсы чөлкөмдө пайда болгон жана кайсы доордо, деп ошолорду божомолдосо болот.

— Ушул ДНК аркылуу иликтөөлөр менен тарыхый окумуштуулардын гипотезалары каршы келген учурлар барбы?

Белгилүү болгондой Тагай бий 16-кк. (Мукамбет кыргыз) кыргыздарды бириктирип, эл кылган деген божомол бар. Бирок, ДНК изилдөөлөрүнун жыйынтыктары, советтик окумуштуулардын аныктамасы менен дал келбей жатат. Тактап айтканда, советтик тарыхчылардын аныктамасы доор жагынан туура эмес чыгып калууда. ДНКизилдөөлөрү көрсөткөндөй, кыргыздардын этностук калыптанышы болжол менен биздин замандын 8-кылымынан дагы нары, илгери жүргөндүгүн көрсөтүүдө. Б.а. ген аркылуу изилдөөлөр 4-кылымдан баштап 8-кылымдын тегерегинде кыргыздардын кадимки азыркы урууларынын гендери калыптана баштаган деп болжолдоого мүмкүнчүлүк берип жатат.

Мен жакында эле тарыхый булактардын негизинде кандидаттык диссертациямды жазып бүттүм. Илимий ишим «Тянь-Шань жана ага чектеш аймактардагы көчмөндөрдүн консолидациясындагы этносаясий факторлордун ролу» деп аталат. Мага чейинки изилдеген тарыхчы-окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн жыйынтыктоосунун негизинде жазылды. Ошондо мен Борбордук Азия боюнча 8-14-кылымдагы уруулардын миграциясын анан, Саян-Алтай, Тянь-Шань чөлкөдорундөгү этносаясий өзгөрүүлөр кантип болгон жана кайсы элдердин пайдасына болгон? Мына ушул маселелердин баарын карап чыктым. Жыйынтыгында мен дагы ушул тыянакка келдим: кыргыздар 6-8 кылымда Энэ-Сайда консолидация процессин өткөрүшүп, Барсбек кагандын (8 кылым)) учурунда Эне-Сайда этнос болуп калыптанган, 8-кылымдан баштап күчтүү мамлекетке айланган. Себеби дегенде Түрк каганаты начарлай баштайт (8к. ортосунда биротоло ойрон болгон). Ошондо Кыргыз каганаты көтөрүлүп, тегерек-четтеги элдердин бардыгын өзүнө камтып, кошуп ассимиляция кыла баштаган. Анан 8-кылымда алардын алдыңкы бөлүктөрү акырындык менен Тянь-Шанды карай көчүп келе баштаган. Кыргыздардын кийинки бөлүгү 9-кылымдын ортосунда алар Борбордук Азияны бүтүндөй басып алганда келген. 940-жылдары кыргыздар Орхондогу Уйгур каганатын талкалоого жетишип, бүтүндөй регионду көзөмөлгө алган. Кыргыздардын бул жакка жер которгон ошол топтору акырындык менен өнүгүп, өөрчүп отуруп, биздин мына бул азыркы элдин өзөгүн түзгөн. Энэ-Сай кыргыздарынын Тянь-Шанга кийинки миграциясы кара кытай жана монголдор доорунда жүргөн. Мындайча айтканда, Тянь-Шанга Энэ-Сай кыргыздарынын алдыңкы тобу келгенден кийин бул жакка улам-улам, этап-этабы менен кыргыз уруктары көчүп келе беришкен. Булар Тянь-Шанда кыргыз элементин күчөтүп турган.

Хайду мамлекети

XIII к. Чынгыз хан өлгөндөн көп өтпөй, анын тукумдары өз ара бийлик талашып, ынтымак бузулат. Батый менен Тулуйдун тукумдары биригип бийликти тартып алып Угэдэй менен Чагатай тукумдарынын улуу муунун талкалап жок кылышат. Кийин Батый менен Тулуйдун тукумдары өз ара жаңжалдашат. Ошондо Жучунун тукумдары (Алтын Ордо) Чагатай менен Угедейдин тукумдарын чогултуп Тулуйдун тукуму Хубилайга каршы тукурушкан. Алтын Ордо Угэдэйдин небереси Хайду хандын 1269-жылы Таласта эки атанын балдарынын хандыгын түзүүсүнө колдоо кылат. Булар Таласта Хайду башында турган эки атанын балдарынын өзүнчө бириккен хандыгын түзүшөт. Мына ошол Хайдунун мамлекети түзүлгөндө, Тянь-Шандагы кыргыздар, Черик, Найман уруулары анын курамына кирген. Ошол кезде Хайду хан бир чоң саясат жүргүзөт. Саян-Алтай кыргыздарын бириктирип туруп, анан Хубилайды талкалоону көздөйт. Мына ошондо Саян-Алтай кыргыздары Хубилайга баш ийген. Хубилай булардын башын бириктирбөө максатында Саян-Алтайдагы кыргыздарды Манжүрия, Монголия талааларына көчүрө баштайт. Анткени, Хубилай кыргыздарды өз букаралыгынан чыгаргысы келген эмес. Ошондо Энэ-Сайдагы кыргыздар дагы качат. Булар Манжүрия, Монголияга барып жок болуп кетпеш үчүн биротоло Тянь-Шандагы кыргыздар менен биригиш үчүн Хайдунун мамлекетин карай качат дагы бир бөлүгү азыркы Андижан, Наманган жергесине (байыркы Аксыга), бир бөлүгү Алтын Ордого барышат. Анан азыркы Астрахань областына туруп калышат. Кыязы, ошол кезде кыргыздар менен мангыттар Алтын Ордонун түмөн башчысы Ногойдун карамагында болгон. Бул дагы Жучинин тукуму болуп эсептелет. Ошондуктан Ногой Манастын чоң атасы болуп айтылып калышы да ушул себептен. Бирок, кыргыздар менен мангыттардын келиши менен Ногой ошол маалда күчтүү төмөнбашыга айлана баштайт дагы Алтын Ордодо кош бийлик түзүлөт. Бир тарабы Ногойду көздөп, анын гана буйруктарын аткарып калат. Бир бөлүгү ошол кездеги Токтак деген Жучинин тукумун угуп калышат. Анан экөөнүн ортосунда согуш келип чыгат дагы, Ногой жеңилип, Токток Ногойду өлтүрөт. Ал өлгөндө Ногойдун алдындагы кыргыздын баары Тянь-Шанга азыркы Андижан, Наманган шаарларынын тегерек-четтерине көчүп келип, ошол жерлерге отурукташат. Ошол жерден акырындык менен Кыргызстандын аймагына жылып өтүп, тоолуу өрөөндөргө келип, Кашкарга, Ысык-Көлгө чейин тарап отуруктай баштайт.

Ошентип, Тянь-Шанды байырлап туруп калышат дагы, бул жердеги кыргыз уруктары менен биригип, Инга Торо черик, Салучи-булгачи (ичкилик), Угэчи Кашка улустарын түзүшөт. Кийин акырындык менен Монгол уруктарын Кыргызстандын аймагынан таптаза сүрүп таштап, калдыктарын өздөрүнө сиңирип алган. Ошентип, 15-кылымдын аягында 16-кылымдын башында өзүнчө чакан Кыргыз хандыгын түзүшөт. Анын башында Мукамбет кыргыз турган деген жыйынтыкка келдим. Буюруса жакынкы арада ушул илимий изилдөөлөр боюнча жазылган китебимди чыгарсам деп аракеттенип жатам.

— Советтик доордо изилдеген тарыхчылардын гипотезасы менен ДНК изилдөөлөр анчейин дал келбей калат экен да?

— Ооба, тагыраак айтсак, доорлору боюнча дал келбей жатат. Советтик окумуштуулардын «Кыргыздар 16-кылымда калыптанган» деген аныктамасы ДНК изилдөөлөрдө туура эмес болуп, бул алда канча, 4-8-кылымдарга түшүп атканы — биринчи карама-каршылык. Ошондой эле, кыргыздардын Энэ-Сай кыргыздары менен таптаза байланышы жок. Кыргыздар Улуу дөөлөт доорунда Алтайга келип, ал жерден кыпчактарга сиңип кетип, кыпчактар кыргыз деген атты көтөрүп, Тянь-Шанга көчүп келген, анан бул жерден Монгол, Кытай, Каракытай уруулары менен аралашып, дагы башка Борбордук Азиядан көчүп келген уруулар менен сиңирилишип, 15-кылымда кыргыз деген эл келип чыккан деген Константин Петровдун гипотезасына дагы доору боюнча туура эмес келип калды. Мисалы, советтик доордо К.Петровдун гипотезасына кыргыз тарыхчыларынын көпчүлүгү каршы оюн билдирип келген. Мисалга айтсак, Өмүркул Караев, Тынчтыкбек Чороев, Тынчболот Жуманалиев, Мурат Кожобеков жана башка орус окумуштууларынан Юрий Сергеевич Худяков, хакас окумуштуусу В. Бутанаев, булардын баары тең бул гипотезага каршы чыккан. Булардын пикири боюнча, кыргыздар Энэ-Сайдан 9-кылымдын жарымында Уйгур каганатын талкалап, улуу дөөлөттүгүн түзгөндө алардын бир бөлүгү Тянь-Шанга көчүп келип туруп калган. Ошолор акырындык менен өөрчүп отуруп, азыркы кыргыз элинин өзөгүн түзгөн деген гипотезаны карманышкан. Бирок, советтик доордо коммунисттик идеология күч болгондуктан, бүгүнкү күнгө чейин биз Константин Петровдун гипотезасын кыргыздын тарыхы катары расмий таанып окуп, мектептерде дагы, ЖОЖдордо дагы сабак катары берип келебиз.

К.Петровдун гипотезасы компартиянын колдоосуна ээ болушунун себеби бар. Анткени, бул гипотеза Совет мамлекетинин Энэ-Сай жана Тянь-Шань кыргыздарынын эч кандай тектик байланышы жок, кыргыздар 15-кылымга чейин мамлекети жок, көчүп-конуп, эптеп жан багып келген деген пикирди пайдаланып, совет бийлиги гана буларга мамлекет курууга жардам берип киши кылды деген пикирди жайылтып, кыргыз элин улуу орус элинен төмөн коюп, совет бийлигине баш көтөрүлгүс кылып кармап туруу саясатын жүргүзүүсүнө ынгайлаштырылган. Ал эми биздин жетекчилер аларга баш көтөрө албай, бизге таңууланган гипотеза боюнча канчалаган муундарды тарбиялап келди.

Жогоруда айтканымдай, менин изилдөөлөрүм, тескерисинче Энэ-Сай жана Тянь-Шань кыргыздарынын түзмө-түз байланышы бар экендигин көрсөтүүдө. Ал гана эмес Энэ-Сай кыргыздарынын алгачкы топтору 8-кылымда эле чигил, карлук, огуз уруулары менен бирге Тянь-Шанга көчүп келгендиги белгилүү болуп олтурат.

-Сиз бир билдирүүңүздө Энэ-Сай кыргыздарынын ханы Барсбек каганды Манастын прототиби дединиз эле. Эмненин негизинде?

— Ооба. Мен кичинемден бери «Манас» эпосун көп окугам. Илимди кызыктыруучу көп сюжеттерин жакшы билем. «Манастагы» бир сюжете Манас аскери менен келатканда, анын душмандары «Жабуу, жабуу, жабуу» деп, Жаалдаган кыйын кеп» деп аны кыжаалат болуп тосуп турушат. «Жабуу» бул анын душмандарынын урааны. 6-8-кылымдарда, б. а. Барсбек кагандын доорунда кыргыздардын эң күчтүү душмандары байыркы түрктөрдүн, огуздардын, карлуктардын төбөлдөрү «ябгу» же кыргызча «жабуу» деген титулду алып жүрүшкөн. Кийинки доорлордо бул титул кодонулган эмес. Ушунун өзу эле Барсбек кагандын Манастын прототиби экендигин көрсөтүп турат. Дал ошол доордо, б. а. 8 кылымда энэ-сай кыргыздарынын алгачкы тобу да меним изилдөөлөрүм боюнча тюрктор, карлуктар, огуздар менен салгылашып олтуруп Тянь-Шаньга көчүп келишкен. Менин изилдөөлөрүм көрсөткөндөй, 8-10 кылымдарда Алтай-Тянь-Шянды жердеген кыргыздар, чигилдер, алтайлык түрктөр өз ара тыгыз ымалада болушкан жана акырындык менен бириге баштаган. Алардын тегерегине жергиликтүү ягма, тухси урууларыда биригишкен.

Натыйжады 10 к. ортосунда булар биргелешип Карахандар каганатын курушкан. Анын башында басркан кланы турган. Ийри урууларынын бири бугу, чигил, отуз оглан, күчуруулары болгон.

— ДНК изилдөөлөр кайсы жылдардан бери жүргүзүлүп келет?

-Тарых илиминде ДНК аркылуу изилдөө совет учурунда эле бар болчу. Мисалы, ДНК аркылуу тиги же бул соок табылгасынын насили, жынысы, кимге жана кайсы доорго таандык экени изилденчү. Бирок, бүгүнкүдөй өтө кеңири негизде изилдөөлөр болгон эмес. Мисал келтирсек, адам баласы Америка континентине өткөндүгүн аныкташ үчүн ДНКны колдонушкан. Америка континентиндеги табылган жаныбарлардын, жылкылардын, элдердин байыркы сөөктөрүнун калдыктарынын ДНКсын алып, Сибирдеги эски мүрзөлөрдогу сооктордон алынган ДНК менен салыштырып, анан канчалык дал келет, же дал келбейт же өзүнчө башка континенттеги ДНКныбы, деп ушундай изилдөөлөр жүрүп турган. Бирок, бүгүнкүдөй жалпы дүйнө жүзүндөгү элдер бир ата, бир энеден чыкканбы, кайсы жерден бири-бирине кезигишет, кайсы жерден байланышта болгон деген изилдөөлөр болгон эмес. Жакынкы 10 жылдан бери эле ушундай кеңири масштабдагы изилдөөлөр жүрүп келет. Бүгүнкү күндө АКШ, Англия, Франция, учурда Орусия маанилүү изилдөөлөрдү жүргүзүп келе жатат. Казакстанда дагы бар. КМШ өлкөлөрүнүн көбү өздөрү ДНК изилдей албайт. Бирок Америка, Англия, Франциядагы окумуштуулар менен чогуу аракеттенип атышат. Мына Кыргызстан дагы Америка, Франция менен биргелешип изилдөөлөрдү жүргүзүп атат. Учурда 600 ДНКнын алтоосу изилденип бүткөн. Ага ылайык, бирөөсүнүн ДНКсы Америкалык индеецтердин бир уруусунун ДНКсы менен дал келди. Башкача айтканда, адамдардын көчү кайсы бир доордо көчүп жүрүп, Саян-Алтай, Батыш Монголия, Якутияга келип, андан Америка континентине жеткенин аныктап турат десек болот. Мындан башка бирөөсүнүкү супсахардык ген болуп чыккан. Тактап айтканда, Африка элдерине таандык. Демек, эми муну аныкташ керек. Эң алгачкы жылып келген генби, же кийинчерээк эле кайсы бир согуштардын негизиндеби, же миграциянын негизинде көчүп отуруп, жеткенби? — мына ушуну аныктоо керек. Ошондой эле, кандайча ушул ген кыргыздарга киргендигин аныктоо милдети турат. Муну Кыргызстандан АКШ жиберилген гендердин ичинен канчасы субсахар гени болуп чыгат ошого байланыштуу божомолдоосо болот. Эгер жалгыз болсо, тиги же бу деп айтуу кыйынга туруп калат. Эгер ошондой генден дагы бир топ чыкса, анда болжолдуу турдо жыйынтык чыгарууга мүмкүн болот.

— Кыргызстандан качан жиберилген?

— 4 жылдан ашып калды. Азыр изилдөөлөр жүрүп атат. Ал качан бүтөрүү — окумуштуулардын иштешине жараша болот. Ошондой эле акча каражатынан да көз каранды. Мисалы, бир ДНКны изилдөө миң долларды түзөт. Бүткөндөн кийин алар, бул жакка келип, расмий түрдө жыйынтыгын жарыялайт.

— Изилдөөгө кеткен чыгым фонд тарабынан каржыланабы?

— Ооба, фонддун эсебинен каржыланат.

Кызыктуу маегиңизге рахмат!

Баракелде

Соц тармактар:

Добавить комментарий