«Кырк миң сапты бир айткан, Кыргыздан башка ким айткан?!»

Кыргыз Республикасынын эл артисти Тууганбай Абдиевдин бейнесине сүртүмдөр

“Булбулдардын тукуму аз”

Улуттук адабиятыбызда сейрек кез-дешүүчү төкмө өнөрү тууралуу сөз болгондо Тууганбай Абдиев деген аттын кашкасындай белгилүү ысым бар. Сейрек демекчи,  бул өнөр тууралуу кеп болгондо таланттуу акын Тургунбай Эргешовдун “Булбулдардын тукуму аз” деген элестүү сабы эске түшөт. Башка акындарга караганда төкмөлүк деген чанда туулуучу бир касиет эмеспи. Кудай мына ушундай  шыбага берген Тууганбай Абдиев  быйыл 75 жашка гана чыкмак. Асылган оору алып тынган  тагдырдан бул ааламдан мезгилинен эрте кеткени өкүнүчтүү болду.

Ал кыргыз оозеки адабиятынын он тогузунчу кылымдагы гүлдөрүнөн таасирленип, ак башат булактай ачылган ак таңдай акын катары, чебер устаттардан өткөн шакирттей шаңкылдаган таза үнүнө берметтей тизилген ыр саптарын коштоп төкмө өнөрүнүн төрөсүнүн бири эле. Анын аткаруусундагы өзүнүн санат, терме ыры болобу, залкарлардын чыгармалары болобу, эпостордон, дастандардан үзүндүлөр болобу, кемелине келтире булбулдай таңшып, дайрадай агып, жамгырдай төгүп турганына эл өзү күбө. Анын куйма кулактыгы ченде жоктой сезилет. Эмесе өткөн доордун залкарларынын ырлары менен айтыштарын, дастандарын, эпосторун миңдеген саптар менен жатка ырдап айтуу деген жөн эле комуз кармаган ырчынын колунан келе бербеген  керемет иш.

Кыргыздын сейрек кездешүүчү төкмө ырчылык, дастан айтуу өнөрүн Тууганбай Абдиев өзүбүздүн элде гана эмес, чыгармачылык гастролдордо бүткүл дүйнө элине ырдап, улуттук адабиятыбыз менен маданиятыбыздын бийиктигин, искусствобуздун көөнөрбөс табигыйлыгын даңазалап келди. Чынында төкмөлүк кыргыз элинин гана энчисине жаралгандай сезилет. Бул тууралуу Тууганбай ага бир ырында:

Актаңдай башы манасчы,
Алты миң сапты бир айткан.
Жерибиз өнөр кенчи го,
Жети күнү токтобой,
Жааган жамгыр өңдөнүп,
Күн кеч кирсе, түнү айткан.
Желдей соккон кармалгыс,
Желип, желип олтурса,
Жети миң сапты бир айткан.
Кызый-кызый олтурса,
Кыргыздан гана жаралган,
Кырк миң сапты бир айткан.
Миң-миңи эмне болуптур,
Миллион сапты бир айткан,
Кыргыздан башка ким айткан?!,

– деп ырдап салган. Бул дагы кыргыздын улуу касиетинин бири го. Ал муну Кытай, Түркия, Алжир, Италия, Дания, Венгрия жана мурдагы СССР өлкөлөрүнүн  бардыгында даңазалап, айтыш ырлардан, дастандардан ырдап, кыргыз улуттук искусствосун башка элдерге тааныштырган залкар ырчы жана өзү да ошондой табылгыс таланты менен бир нече чыгармалардын автору.

Кыргыз улуттук адабиятындагы залкар акындарга таандык ак таңдай төкмөлүк касиет Тууганбай Абдиевге чоң тагдыр бергендиги талашсыз чындык. Андай чыгармачылык талант бактысын сатып алууга да мүмкүн эмес. Бул бир Кудайдан берилген касиет шыбага. Тууганбай ага ошондой сейрек жаралган төкмөлүк тагдыры менен кыргыздын улуттук көркөм дөөлөтүнө чоң салым кошкон акын.

Анын чыгармачылыгынын басымдуу бөлүгүн  дастанчылык өнөрү ээлейт. Оозеки адабиятыбыздын алтын казнасындагы кайталангыс чыгармалар болуп элдин жүрөгүңдө жашап келе жаткан “Курманбек”, “Жаныш-Байыш”, “Ак Мөөр” дастандарын Тууганбай Абдиевдин мукам  үнү коштоп айтканда тан бербеген угарман бар бекен, дегеле ансыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Белгилүү элдик обон менен комуздун коштоосунда бул чыгармалар анын чебер аткаруусунда кыргыз радио­сунун алтын корунда түбөлүк жашап калды.

Устаттан өткөн шакирттер

Тууганбай Абдиев залкар талант болуп гана жаралбастан, Токтогулдай улуу устаттыгы бар дагы асыл адам эле. Анын төкмөлүк мектебинен таалим алган Амантай (сары кашка), Элмирбек, Аалы, Жеңишбек, Азамат, Шекербек сыяктуу  шакирттери  “өнөр алды-кызыл тилдин” көркүн чыгарып, көпчүлүктүн көңүл кушун көтөрүп, эл оозуна алынып калышты. Аалы Туткучовдун жакында эле казак элиндеги айтышта таңдайынан чаң чыгып, даңаза алып, катылгандын катыгын берип, мөөрөй менен келиши мунун күбөсү. «Өнөр өлбөйт» деп кыргыз бекер айтпаптыр. Тууганбай ага Токтогул, Жеңижок, Барпы сыяктуу алп акындардын жана өзүнүн устаттары Алымкул, Осмонкул, Эшмамбет, Коргоолдун не бир керемет айтыштарын, санаттарын, термелерин качан болсо коңгуроодой үнүнө комузун коштотуп шаңкылдатып айта жүрөр эле.  Залкар күүлөрдөн кемелинен кемилтпей черткенде кимди болбосун арбап кулак түрдүртчү. Эми анын алтын саптарын шакирттери айтып калаары бышык. Жашоо улана берет деген ушул турбайбы. Бирок, таланттуулардыкы татыктуу уланганы тарыхый окуя болуп калмакчы.

Алмадай башта бир арман

Тууганбай ага турмушта дагы адамгерчилиги бийик, жакканга жаркын маанай шайырдыгы бар, жакпаганга ачык айтып салчу бетке чапмалыгы бар, «ойноп сүйлөсө дагы ойлоп сүйлөгөн» ажайып адам эле. Бир чети чыгармачылык, бир чети жердеш агам катары биз ага менен карындаштай бир боорлошуп жакын сезимде көп сырдашчу элек. Өмүрүнүн акыркы жылдары ал ажылыкка барып келип, сүйүнүп жүрдү. Бир жолу жай олтуруп, сүйлөшүп калдык. Ошондо сурап калдым:

– Тууганбай аке, элдик тагдыр күткөн бактылуу адамсыз. Ар ким эле баралбаган ажылыкка да барып келдиңиз. Кино десе киного да тартылып калдыңыз, Дооронбек Садырбаев “Махабат дастанында” өзүңүзгө абдан жарашкан роль берген экен, Раймалынын ажарын ачтыңыз, төкмөлүгүңүздү төгөрөктүн төрт бурчу билет. Бирок, адамдын турмушунда дегеле «алмадай башта бир арман» жашайт дейт, сизде арман барбы?

Ал биртике ойлонуп, ак чачтуу башын акырын сылап, алыска тиктегенсип туруп, ошондо да турмуштагы ар бир адамда болуп келүүчү айрым бир жетишпегендиктерди эмес, сөз жараткан өнөр адамы экендигин көрсөтүп, мындай деп жооп берди:

– Өзүң билесиң Бактыгүл, мен өмүр бою өнөр менен келе жатам. Өнөр адамы болгондон кийин, ойлоруң ошого ооп турат экен. Мынча болду, сурап калдың Бакы, бир арманымды айтайын. Кайсы бир жылы жыйын болуп, биздин элде Жаңыбай ырчы менен Эшмамбет ырдап жатпайбы:

Төрөкелдинин иниси,
Мына бу Мама баккан ат.
Аркыратып шамалдай,
Акындын уулу чапкан ат,
– деп мактап  келишип:

Төкөм мага ат берет,
Ат берсе да бат берет –
деп Жаңыбай айтса,
Төкөмдүн берген атына,
Менин ээр-токумум чак келет,
– дептир Эшмамбет. Ошол Төрөкелдинин тууганы Мама деген кишинин баласы Чоюбек калпа деген болгон. Өзү мага жезде болчу. Ошол жездем айтчу: “Ажалдан кала турган эки чоң өнөр бар, үйрөн. Биринчиси-көп тил бил. Экинчиси – сууга сүзгөндү үйрөн. Айыкпай турган эки оору бар, алар-дүнүйө кууган менен мансап кууган оору, булар эч качан айыкпайт дечү. Жүз жашка чамалап барып өлдү. Көптү билген көсөм эле. Ошол кишинин сөзүн жазып көчүрүп калат элем деп жүрүп жетишпей калдым. Бир арманым ошол болду”, – деп  өкүнгөнү кулагыма угулат.

Ошо сыңары менин да бир арманым Тууганбай агамдын айтылбай калган сөзү болсо айттырып жазып калбай деп жүрөгүм эзилди. Көрсө ажал жетип, күн бүтсө айыкпай турган бир жаман нерсе – оору деген бар экен го. Ошол оору болбогондо Тууганбай агамдын 71 жашы карылыктын эми гана алды десе болоор эле. Буйрукка айла жок. Кайриет деш парз экен, артында экинчи өмүрүн улаган нускалуу эмгектери калды.

Расул Гамзатов айткандай…

Тууганбай ага өзгөчө тамашага жакын болчу. Токтогул атанын өзбек элинин атактуу өнөр ээси Молдо Тойчунун «Люблю Мамажанын», Токтогулдун «Торгой менен турумтайын», Коргоолдун кепич менен байтал бээни базарда жар салып кошконун, гастролдордо жүргөн күндөрдөгү тамашалуу айтыштарды кемелине келтирчү эле, деги койчу аларды угуп олтуруунун өзү жыргал болчу. Акындын күчү, таланттын күчү элдин жүрөгүнө ошо тубаса жаралган нукуралыгынан жетет турбайбы.

Тамаша коштоп сүйлөгөнү да ташка тамга баскандай эле. Бир жылдары мен кыргыз телевидениесиндеги “Манас”  редакциясында азыраак иштеп калган элем. Ошондо Тууганбай агамдын чыгармачылыгы тууралуу көрсөтүү тартып калдык. Мукаш Байтаков деген режиссер экөөбүз иштедик. Кыштын күнү болчу, суук. Съемкада жүргөн балдардын бирин чай-пай алып келүүгө жөнөттүк. Анан ал балабыз негедир кечигип жатты. Тууганбай аке комузун колунан алып, биртике эс алып олтуруп калды. Башынан  суусар тебейтин алып, алаканы менен чачын сылап калды эле, режиссер жигит: “И-ий, чачыңыз тегиз агара баштаган го, агай”, – деп калды. Анда Тууганбай агам күлүп:

– Расул Гамзатовго так ушул суроону беришкенин уккам. Ал эмне дептир дебейсиңерби?

– Эмне дептир, агай?

– Жанагы шарапка жиберген балдарды күтүп жүрүп чачым агарып кеткен,-дептир. Анын сыңарындай менин чачым деле ошентип агарып кетти көрүнөт, – дегенде баарыбыз жыргап күлгөнбүз. Аңгыча чайга жиберген балабыз келип калып, кайрадан каткырганыбыз эсимде.

Тууганбай агамдын карындашы Калем Абдиева менен бала күндөн курдаш-сырдаш өстүк. Калем Токтогулда райкомдун катчысы болуп бир нече жыл иштеди, Жалал-Абад облустук Кеңешине депутат да болуп жүрдү. Экөөбүздүн ортобузда Жыпар Карыпбаева жана Атыр Конушбаева деген дагы ысык дос­тор бар. Атыр досубуз көп жылдардан бери Бишкек шаарына караштуу Ала-Тоо конушундагы мектептин директору болуп иштеп келе жатат. Биз аны тамашалап “Ала-Тоо Конушбаевна” деп атап алганбыз. Бир жолу ошону угуп алып Тууганбай агам аябай күлүп, “Ой, силер укмуш ат койгонго уста, жакшы достор турбайсыңарбы, мага да бир ат коюп бергиле” деп тамашалаган. “Сизге атты кыргыз эли койгон” десем калпагынын алдын кашып, “Ырас-ырас, мен жөн эле силердин достугуңарга ыраазы болуп айтып жатканым, ушунуңардан жазбай жакшы жүргүлө, ар кимдин  кадырын билер катары болот, катарынан айрылган жетим калган менен барабар”, – деп айтканын унутпай калдым. Көрсө, ошондо ал дагы өз катарын эстесе керек. Аны менен үзөңгүлөш жүргөн айтылуу төкмөлөр Эстебес Турсуналиев, Токтосун Тыныбеков да аалам менен эрте коштошкону өкүттүү ойлорду жараткандай сезилет. Тууганбай агамдан мурдараак эле дагы бир залкар, Тууганбай агамдын дагы бир ийиндешип жөргөн жолдошу, төкмө акын Ашыраалы Айталиев да дүйнөдөн өтүп кетпедиби.  Экөө жаш чагынан бирге ырдап чыгып, замандаш, ысык курбулар эле. Ашыраалы аганын көзү өткөндө аябай кейип, ыйлаганын Эсен жеңемден укканым бар. Ыйык сахна табыштырган тагдырлаштар өнөр ааламында өмүрүнүн  көбүн бирге өткөрүшүп, тамашалары да курч, бирок бири-бирин түшүнө билген азилкеч болуп калышкан да. Анан экөөнүн удаа кеткени төкмө өнөрүнүн өргөөсүнүн бир капшытын оңкулдатып бош калтыргандай улуттук маданияттагы чоң жоготуу, өкүнүч болду. «Алтынды дат баспайт» эмеспи. Канткен менен анын ырлары улуттук өнөрдүн тарыхында өз ордун ээлеп калды, анда талаш жок. Ошентсе да ушундай асыл адам, бийик талант кылымдын жашына жакындап жашап барса кандай жакшы болмок. Не деген керемет ырларды жаратмак. Өмүр деген адам пендесинин колундагы нерсе болбогондон кийин, пешене-тагдыр деген өз мыйзамын коё бермеги жок.

Бактыгүл ЧОТУРОВА, “Кыргыз Туусу”, 24.02.2012-ж.

Соц тармактар:

«Кырк миң сапты бир айткан, Кыргыздан башка ким айткан?!»: 1 комментарий

Добавить комментарий