«Улуттун руханий дүйнөсүн талкалоо үчүн атайын жасалган иш болсо керек»

— Маегибизди ток этээр жеринен баштасакпы дейм. Жакында бир катар чыгармачыл союздун төрагалары маданият тармагына бөлүнгөн мамлекеттик бюджет боюнча кайрылуу менен чыктыңыздар. Буга Сиздерди эмне түрттү? Сиздер коомдук уюмдар катары мамлекеттик бюджетке тиешеңиздер жок эмеспи?
— Сурооңдун жөнү бар. Биздеги акыркы жылдардагы калыптанып калган көз караш боюнча коомдук уюмдардын мамлекеттик бюджетке тиешеси жок. Так айтканда мамиле бир жактуу. Коомдук уюмдар салык төлөп мамлекеттик бюджетти толтурууга иштесе болот. Ал эми мамлекет болсо коомдук уюмдарга бир тыйын да бөлбөшү керек. Эски коммунисттердин тили менен айтканда, мамлекет элдин канын соруп жашап, бирок кайра элге жардам көрсөтпөгөн эзүүчү тапка айланып калып жатпайбы. Бул маселенин бир жагы. Экинчиден биз чыгармачыл союздардын төрагалары чындыгында коомдук союздарга эмес, маданият тармагына каражат сурап кайрылдык. Себеби акыркы жыйырма жыл ичинде маданиятка, адамдарга руханий интеллектуалдык азык берүүчү булакка тиешелүү көңүл бөлүнбөй калгандыктан жалпы коомдо маданий кризис тереңдей баштады. Муну көрмөксөн болууга болбойт.

2012- жылдын бюджетин карасак, айлык акыга гана каражат бөлүнгөн да, маданий иш чараларды өткөрүүгө, пьесаларды, опера, балеттерди коюуга, мыкты симфония, кантатталарды жаздырууга китепканалардын фондун жаңыртууга, жазуучулардын китептерин чыгарууга, кино тартууга, маданий имараттарды ремонттон өткөзүүгө, жаңы техникаларды сатып алууга каражат каралган эмес. Демек бир жыл бою курсак тойсо болду деп басып жүрө берүү керек. Кызык суроо туулат эгер тиешелүү маданий иш чара өткөрүлбөсө, өсүш жок болсо, анда ушунча чоң айлык берип маданий тармакты кармоонун зарылдыгы канча?

Ал эми «Маданият жөнүндөгү» мыйзамдын 35- беренесинде «Жалпы республикалык бюджеттин 3 пайыздан кем эмеси бөлүнсүн» — деп жазылып турат. Мамлекет мыйзамдуулукту сактабай жатат. Быйыл араң 0,8 пайыздын тегерегинде каралыптыр. Биз муну жок дегенде 1 пайызга жеткиргиле деп жатабыз.

— Каражат демекчи жазуучулар союзундагы каржылык абал кандай?
— «Ооруну жашырсаң өлүм ашкерелейт» — дейт кыргыздар. Жашырбай эле айтайын Улуттук Жазуучулар Союзундагы каржылык абал өтө начар. Бүгүнкү күндө аппаратта иштегендер 8 айдан бери айлык албай иштешүүдө. Турган имаратыбызга арендага карызыбыз эле 500 миңге чукулдап кетти. 80 жылга чукул тарыхы, 470 мүчөсү бар республикадагы эң чоң чыгармачыл союздун абалы бүгүн өтө оор.

— Кандайча мындай абалга түшүп калдыңыздар? Мурда кантип жашашкан?
— Жакшы суроо экен. Чынын айтсак бир чоң чиновниктин ойлонбой сүйлөп алган сөзүнөн ушундай абалга келип калганбыз. Жазуучулар Союзуна эгемендүүлүктү алган жылдардын башынан бери эле каржылоо булагы катары Президенттик фонддон тиешелүү каражат бөлүнүп турган. Бул кандайдыр бир деңгээлде салтка да айланып калган. Анан айрым бир демөөрчүлөр да чыга калып турушкан. Ал да ачыгын айтканда бийликтин түртүүсү менен болуп турган. Ушул салт 2011- жылы бузулган. Себеби А. Келдибеков спикер болуп турганда чыгармачыл адамдар менен жолугушуп, » Жазуучулар союзуна китеп чыгарууга 10 миллион, Ала Тоо журналын чыгарууга 5 миллион бөлдүрөм» — деген очойгон убада берет. «Жазуучуларга чоң каражат бөлүнө турган болду» — деген маалымат тарап кетет да, Президент өз фондунан бөлдүрүп жүргөн каражатын токтотуп коёт. «Жазуучулар жыргай турган болду» — дешип демөөрчүлөр да карабай калышат. А. Келдибековдун айтканы болсо сөз боюнча калып ишке ашпайт. Ортодо өзүн «пиярит» эткиси келген депутат чыга калат да, «Мен 10 миллион бөлдүрүп салдым. Барып алгыла да каалаган китебиңерди чыгаргыла. Эмне, акчаны силердин чөнтөгүңөргө салып беришим керекпи» — деп жазуучулар чогулган жерде бакылдап салат. Жазуучулар чуу түшөт. Акча эмес таш балекет да жок. Сөзү аткарылбай калгандар, «Биздин колдон каражат бөлдүрүш келбей калды. Колунан келүүчүлөр жардам бергиле.» — деп кайра жарыя ачык айткандын ордуна ушул күнгө чейин «ана — мына» — деп кайпактап келатышат. Ушинтип «Мүйүздүү болобуз деп кулактан айрылып» турган кезибиз.

— Кызык экен. Мындай суроо, коңшу мамлекеттердеги союздар кантип жашашат? Деги эле алар жашайбы же жоюлуп кеткенби?
— Мурдагы ыраматылыгы болгур СССРдин катарынан чыккан мамлекеттердин баарындагы Жазуучулар Союзу кадимкидей жашайт. Ал түгүл Москвада «Мамлекеттер аралык жазуучулар Союзунун биримдиги» дегенди да түзүп алышкан. Биз да ага мүчөбүз. Жылына эки жолу чогулушуп турушат. Каражат жок бизден гана делегаттар барбайт экен. «Ал түгүл граждандык согуштан чыккан Тажикстан биздин жыйынга үзбөй катышат. Силерде эмнеге мындай » дешип таң калып телефон чалып турушат.

Үч эле мамлекетти айтайын. Азербейжанда ар бир жазуучулар союзунун мүчөлөрүнө 500 евродон 1000 еврого чейин стипендия берилет. Китептери чоң нуска менен токтоосуз чыгарылат. Казакстанда жазуучулар союзунун мүчөлөрүнө 200 доллардан 500 долларга чейин Президенттин фондунан стипендия берилет. Китептери токтоосуз чоң нуска менен чыгарылат. Россияда жазуучуларга «Китеп жазам» — десе астына ала гранттык каражат бөлүнөт. Башканы кой Тажикстан жазуучулары ушул кезге чейин бир жолу «кыйналдык»- деп айтыша элек.

— Суроо туулат. Эмне себептен бизде жазуучулар мындай абалга түшүп калды? Балким буга жазуучулардын өздөрүнүн да күнөөсү бардыр?
— Акыркы убакта ушул суроо мени да катуу ойлондуруп келет. Мен, мага чейинки иштеп кеткен союздун жетекчилерин күнөөлөгүм келбейт. Ошондой болсо да айта кетүүчү нерсе көптөгөн документтер улам кийинки жетекчиге мыйзамдуу өткөрүлбөй жоголгон. Азыр айрым бир иштерди документалдуу далилдөө өтө оор.

Жазуучулар Союзу учурунда бекер жеринен үч-төрткө бөлүнүп чачылган эмес экен. Кимдир бирөөлөр тарабынан атайын жасалган иш сыяктанат. Анткени улуттун руханий интеллектуалдык азык берип туруучу булагын соолтуп, токтотуу кимдир бирөөлөргө өтө керек болгон окшойт. Жазуучулардын бөлүнүп жарылышы керек болсо мурдагы СССР дин курамындагы Жазуучулар Союзунун эң күчтүүсү аталган, дүйнөгө Ч.Айтматовдой, Т. Сыдыкбековдой, Т.Касымбековдой, А.Осмоновдой таланттарды берген союздун алсырап, эптеп аты бар заты жок деңгээлге жетишине шарт түзгөн. Жазуучуларга караган нечендеген имараттарынан айрылышкан. Баса, жогорудагы башка өлкөлөрдүн союздары мурдагы ээлеп турган имараттарын арендага берүү менен эле канча каражат табышаарын мактанып айтышат. Эгер биз азыркы «Америка» университети жайгашкан имаратыбызды ээлеп калганда аны арендага берип коюп түшкөн акчанын эсебинен эч кыйналбай жашамакпыз. Арамза азгырык сөзгө жетеленип, болбогон кичинекей кызыкчылыктар үчүн бөлүнүп жарылып, бири- бири менен тирешип, соттошуп жүрүп жазуучулардын да кадыр — баркы кетип түрткүнчүк абалга жетишкен. Болбосо учурунда Жазуучулар Союзу деген керек болсо менмин деген министрликтен да кадыр барктуу, бараңдуу эмес беле. Жазуучуларды кыйратуунун жыйынтыгында эгемендүүлүктү алган жыйырма жылдын ичинде бир дагы жарк эткен чоң талант чыккан жок. Бир дагы дүң түшүргөн чыгарма жарык көрбөдү. Жаңысын кой мурда таскагы чыгып эл көзүнө көрүнүп калгандары жүдөп какап эптеп жашап келатышат. Коомубуз жыл өткөн сайын руханий интеллектуалдык маданияттын кризисине тереңдеп батып баратат. Кыскасын айтканда жазуучуларды талкалоону максат кылгандардын түпкү максаттарына толук жетишине аз эле өлчөм калды көрүнөт.

Адамдар күн сайын тамактанууга муктаж болгон сыяктуу эле руханий жактан да күн сайын азыктанып турууга муктаж. Эгер күн сайын руханий жактан туура азыктанбаса адамдардын жашоого, коомго болгон көз карашы өзгөрөт. Жыйынтыгында ач көздөр, уятсыздар, ыймансыздар, мекенин саткандар көбөйөт. Улуттар ортосундагы кагылышуулар келип чыгат. Ал эми руханий азыкты өндүрүүчүлөрдүн башында жазуучулар турат.

— Жазуучулар бирөөлөрдүн тилине кирип бөлүнө береби. Нечен акылдуу каармандарды жаратып, чыгарма жазган жазуучулар өздөрү ушул сиз айтканды учурунда түшүнүшкөн жокпу?
— Чынын айтсам жазуучулар Сиз айткандай нечен акылдуу каармандарды жараткан инсандардан болгонубуз менен табиятыбызда аңкоо, бала кыял, жетеленме, жеткен ишенчээк калк болобуз. Жазуучуларды алдап коюш «сокур ит бок жалагыча». Керек болсо азыр да тымызын жок нерсени астыртан убада кылып, ар кимисинин кулагын ушаласа ээрчип кетип, бөлүнүп жарылып, ич ара бири — бирибизди жамандап тытышып жатып калышыбыз толук мүмкүн. Биздин элдик эпосторубуздун дээрлик баардыгында, » Кыңыр иш кылган тымызын, ойрот — калмак иши бар, көзүңдү ачып жүрбөсөң, жүлүнгө саят бир күнү ал.» — деген нуска кеп байма- бай айтылса да көзүбүздү дайым чоң ача албай атпайбызбы.

— Мындай оор абалдан чыгуунун жолу барбы?
— Жолу бар. Жазуучуларды эле эмес, коомдогу руханий интеллектуалдык маданий кризисти болтурбай токтотуп сактап калуунун алгачкы кадамы катары » Келечек» аттуу программаны иштеп чыгып жазуучулардын чоң жыйынында бекиттик. Бул программа азыр өкмөттүн кароосунда турат.

— Программа жөнүндө кыскача айтып өтсөңүз?
— Программа негизги беш бөлүктөн турат. Атасак, «Бөбөк», бала бакчадан баштап 4- класска чейинки жаштагылар үчүн арналган чыгармаларды чыгаруу. «Жеткинчек», 5-8 -класстын жашындагылар үчүн. «Өспүрүм», 9 — 11 класстын жашындагыларга. «Атайын тандалган чыгармалар», мамлекеттик идеологиянын талаптарына жооп берген, окурмандарды улуттар аралык ынтымакка, мекенди сүйүүгө, ыйман- адепке, улуттук нарк, каада — салты сактоого үйрөткөн, таза тарыхыбызды үйрөткөн чыгармаларды чыгаруу. «Илимий негиздеги чыгармалар», Сөздүктөр, маселен «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», «Орфографиялык сөздүк» сыяктуу илимий чыгармалар.

Аталган беш багыт тең мамлекеттин колдоосу болбосо өсүп өнүкпөйт. Бир эле мисал, өткөн жыйырма жыл ичинде жогорудагыдай «Бөбөк», «Жеткинчек», «Өспүрүм» деп жаш өзгөчөлүгүнө карата бөлгөндү кой деги эле балдарга арналган көп нускалуу чыгарма чыктыбы? Азыркы балдар жазуучуларынан кимдерди билесиңер? Жооп жок. Ал эми өз келечегине кам көрбөгөн мамлекет да мамлекетпи? Балдарыбызга тээ кичинесинен руханий жактан туура тарбия бере албасак мамлекетибиздин келечегин кимдердин колуна тапшырып жатканыбызга ишене алабызбы? Муну бүгүн ойлонуу керек. Эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Ансыз да ортодо өткөн жыйырма жылдык коркунучтуу боштук жатат. Эмне себептен жаштарыбыз бүгүн миңдеген жылдардан бери улуттук каныбызга сиңген нарк, каада- салтыбызды билбей, ыйман адептен кетип, намыс, уят, эл алдында жүзүм жарык болушу керек деген түшүнүктөрдөн алыстап, кандай жол менен болсо да материалдык байлыкка жетиш керек дегенди биринчи орунга коё башташты? Бийликти жаштарга бериш керек дейбиз. Тигине жаштар чоң каржы айланган фирманы бийледи эле эмне болушту. Бир жарым жылга жетпей бүт камалып отурушат. Айына 15 миң доллар айлык алганы аз көрүнүп колун булгаганды кандай түшүнөбүз. Чет өлкөдөн билим алды укмуш деген жаштарыбыздын кылаары ушул болсо кайда барабыз? Эртең Кыргызстанды дүңүнөн сатуучулар бийликке келсе кантебиз? Балким асты келе да башташкандыр…

— Айтымыңызга караганда чын эле өтө керектүү программа экен. Эми өкмөт аны кабыл алабы?
— Бул суроого мен жооп бере албайм…

Суроо салган Алтынай Бакирова, «Айгай» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий