Кыргыздын тирүү гомерине таазим

Балам, Жүсүп Мамай жөн салды адам эмес, аркасынан караса эки ийнинен шам күйөт, бул олуялыктын сыны эмеспи! Сен ал аксакалдын таалимин алгын, көрүшкөндө бетме-бет келбей жандай жүргүн деген болчу чоң энем-, деп башталат, кытай коомдук илимдер академиясынын изилдөөчүсү, доктор, «Манас» таануучу илимпоз Адыл Жуматурдунун «Залкар манасчы Жүсүп Мамай» аттуу китеби. Кытайда жашаган кыргыздар алмадай башына ааламдай кенендикти сыйдырган атактуу инсан менен мекендеш болгондугубуз үчүн гана эмес, кылымды карыткан кыргыз эпосу «Манас» баштаган он канча элдик эпос, дастандарды бүгүнкү күнгө жеткирип берген «Дүйнөнүн кавхар ташы» Жүсүп Мамайды мезгил-мезгили менен жоктоп, анын талантына таазим этип, ак батасын алып турабыз.

2012-жылдын 13-январында Шинжан автономиялуу раёнунун Кашкар аймагы жана Кызыл-Суу областынын ар кайсы жерлеринде жашап жаткан бир топ жаш акын-жазуучулар бүгүнкүнүн тирүү гомери -Жүсүп Мамай аксакалды жоктоп келүү үчүн Артуш калаасында баш коштук.

Какшаалга сапар тартуу
14-январь таң эртең эки авто уна менен жолго аттандык. Ал күнү биздин маанайыбызга кошул-ташыл болуп аба ырайы да абдан ачык болуп берди. Ак-чий ашуусунун чокусуна чыкканда аялдап таза аба жуттук. Үстүбүз учу-кыйры жок көпкөк асман, таманыбызда кылымдар бою кыргызды багып келген арсак-терсек, кар жамынган даркан Ата тоо. Көтөрүңкү маанай, көңүлгө түйгөн улуу ойлор менен айкалышкан кооз табийгат бизге чексиз сулуулугун сездирди. Бөтөнчө, мага жаратылыш ошончо кооз көрүндү. Кырчак таштын үстүндө алыска карап олтуруп:биз асман менен тоолордун кесишкен жеринде, карды тепсеп, таза абаны жутуп турабыз, азыр асман канчалык чексиз болсо, биз өпкөн тоолор да ошончолук чексиз, чексиздиктин ичинде биз бир чекит, тек гана бир чекит… Биз табийгат эне менен ошончолук тыныкташ жашаган манастын урпактарыбыз, эми мына манас атанын арбагына сыйынып, манастын рухун тирилткен улуу инсанга саламга баратабыз деген ой кечти.

Кашкар педагогикалык иниститутунун прафисору Сайыпбек агадан илимий изилдөө жагындагы жаңылыктар тууралуу көп собол сурадык. Арабызда жана эки миллиён уйгурдун арасында тикендей жалгыз жашаса да жүрөгү кыргыз деп күйгөн, жакында эле уйгурдун эң чоң адабий сыйлыгы Кантеңир сыйлыгын утуп алган Абдыракман Азиз аттуу элге-журтка белгилүү жазуучу да бар эле. Ошол жолу Ак-Чий бизге өтө жакын сезилди, төрт жүз километир жолдун кандай түгөгөнүн сезбей эле калыпбыз, бир маалда Карабулактын көпөрөсүнө жетип бардык да, Какшаал дайрасынын суусунан жутуп, көк жашыл дайранын сулуулугунан үзүр алдык. Биз сапарга чыгуунун алдында Ак-Чий оодандык маданият, дене-тарбия мекемесинин жетекчиси Турдубай ага менен кабарлашып койгонбуз. Ал кишиге чалсак, Карабулак айылындагы «Манас ажайыпканасында» бизди тосуп алчу киши орундаштырып койгонун айтты.

Мактоого сөз жетбеген манас ажайыпканасы
Ажайыпкана кыргыздын боз үйү формасында салыныптыр, ичи абдан таза, манас жана Жүсүп Мамай атага байланыштуу буюм-тайымдардын орундаштырылышы иреттүү ары жайдары. Ажайыпканада адамды бөтөнчө таңдандырганы эшиктин тушуна коюлган Жүсүп атанын айкели болду. 94 жаш курагындагы Жүсүп ата кандай болсо айкел да как ошондой, биз баам салып карадык, алакандын сызыктары, бетиндеги тырыш-бырыш, чач-сакал, колдун түгү, муун, тырмак, сөөк-саак, бой бийиктик, көкүрөк айланма…айтор, Как эле Жүсүп атанын клон нускасындай кылып кавчуктан жасалыптыр. Көп эле айкелдерди көргөнбүз, бирок мындай бир тал түк, колдун бир тал сызыгына чейин окшогон айкелди көргөн эмеспиз, тири шумдуктуу окшотуптур. Айкелге жана көз айнек такап, оң колуна аса таяк карматып коюптур. Башкаруучудан уруксат алып айкел менен жанашып сүрөткө түшүп алууга үлгүрдүк.

Сол жак ишкапта Жүсүп Мамай айтымында жарыкка чыккан 30 га жакын китеп тизилүү турат, залкарга ыйгарылган ар түрдүү ардак граматалар жана күбөлүктөр оң жакка жайгаштырылыптыр. Көркөм жана сызма сүрөттөр тамдын дубалына иреттүү асылыптыр. Ажайыпканада кыргыз маданиятына байланыштуу байыркы буюмдар: ат жабдыктары, саймаланган буюмдар, тулга, соку, чара, көөкөр, жаргылчак, көмөчтан, жыгач аяк, саба, бишкек, жыгач кашык, аяккап, секичек, капкан… Айтор биз да атын билбей турган эски буюмдар; арпа, буудай катарлуу азык-түлүктөр; улуттук кол өнөр буюмдар, улуттук кийим, кыргыз боз үйүнүн кичиртилген нускасы, арпадан жасалган дарылык чай… Катарлуу толгон-токой боюм-тайымдар менен жабдылыптыр. Байыркы кыргыз турмушун аз да болсо элестеттик.

Сыргак баатырдын сыр каткан күмбөзү
Ажайыпкананын алдында эстелик сүрөткө түшүп, Жүсүп атанын туулган айылы меркечке карай сапар тарттык. Меркечте сыргак баатырдын көрүстөндүгү бар экен, салт боюнча куран окудук. Көрүстөндүктү Кызыл-суу кыргыз автоном областтык эл өкүмөтү 2006-жылы июлда Област даражалуу түйүндүү корголо турган маданий мура орду деп бекиткен экен. Көрүстөндүктүн белги ташына кыргыз жана кытай жазуусу боюнча кызыл түстө «Сыргак байыркы көрүстөндүгү» деген кат оюлуптур. Биздин баамыбызда бул көрүстөндүк жөн эле уламыштан кийин тургузулбаган болуш керек; көрүстөндүктүн айланасында таш жок, сагыз топо экен, бирок көрүстөндүк корум таш менен бекитилип чыгыптыр, ортосу түшүп кетиптир. Көрүстөндүктү курчап турган сепилдин урандысы жоголуюн деп калыптыр. Бул көрүстөндүк жана урандыга байланыштуу тоомдорду, орчундуу жайларды фото апаратка түшүрүп алдык. Биздин баамыбызча көрүстөндүк шаман дининин каадасы боюнча эмес, ыслам динин өзгөчөлүгү боюнча тургузулган. Көрүстөндүк узак жылдардан бери эл сыйынып келген ыйык жайга айланган болсо да, анын айланасында малаан байланган, сүрөт чегилген… Шамандык белгилер байкалбайт.

(уландысы бар)

Курман Мамбеттурган, мугалим, жаш изилдөөчү,
Кытай, Кызыл-Суудан, E-mail: kurman@126.com,
«Нур Реклама» (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий