Жылдызбек Турсунбаев

Жылдызбек Турсунбаев 1982-жылы 15-августта Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарында туулган. 2004-жылы Бишкектеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Коммуникация факультетинин «Радио, телеберүү жана киноискусство» бөлүмүн бүтүргөн. 2005-жылдан тарта журналистика тармагында эмгектенип келет. Учурда ФМ 102.9 жыштыгындагы «Манас» радиосунда иштейт.

Алгачкы ырларын 14 жашынан тарта жаза баштаган. Ырларында көбүнчө публисцистикалык темаларга кайрылганды жактырат. Манасчылык, сөзмөрдүк жана акындык өнөрү боюнча республикалык бир нече таймаштардын баш байгесин багындырган.

2003-жылы Эл Аралык «Ч.Айтматов» атындагы фонд тарабынан уюштурулган «Дебют-I» жайкы мастер-класс мектебинин бүтүрүүчүсү.

Жылдызбек Турсунбаев «Кыргыз маданият борбору» өткөрүп келген «Аптап» жана «Күз» темасына арналган бир ыр сынактарынын жеңүүчүсү.

Ырлар

ЭНЕ ТИЛДИН АРМАНЫ

Алдыма ар тараптан коюп тосот,
Армандуу абалыма азап кошот.
Килеңдеп аброй күткөн башка тилдер,
Кичине баш көтөрсөм токмоктошот.

Жат элдин тили өздөй аркаланып,
Жатса да жиликтерим талкаланып.
Кыргыздар капарына алып койбой,
Кыюуда тамырымды балтага алып.

Тарыхтан, кылым кезген жолдон узап,
Тартылды улуулукка болгон ызат.
Энеден кошо туулуп турсам дагы,
Эсирип башка тилди колдонушат.

Жыйылып кыргыз деген ордого муң,
Жыгылдым, туралбаймын, ортодомун.
«Мама» деп тили чыгып наристенин,
Мен неге өз элимде кордоломун?

Өзөгүм курт жегендей мүлдө соолуп,
Өмүрүм дудуктукка үндөш болуп.
Олойто эки көзүм оюп алган,
Орус тил омуроолойт күндөш болуп.

Чечилбес бул маселе күндө күчөп,
Чет тилдер чегирткедей ирденишет.
Арданбас, намыстанбас эссиз жаштар,
Атанын тилин билбей күрмөлүшөт.

Бир кезде мен аркылуу кыргыз гүлдөп,
Баалангам эл оозунда эне тил деп.
Баркымды жаңы муунга тебелетип,
Батыштан каптап улам келет илдет.

Далайлар сүйлөшпөсө четке кагып,
Дартымды кимге айтмакмын эске салып.
Мааниси бийик тилден болмок белем?
Манасты мазактасак рэпке салып.

Бүгүн мен ылайланган короодомун,
Бүдөмүк келечекте оңолорум.
Бир күнү сүйлөнбөстөн өчүп кетсем,
Билишпейт кыргыз өзү жоголорун.

Тил болбой журт башкарган аалымдарга,
Тил болдум күндүк ушак-айыңдарга.
Айланып көкүрөгү көздүүлөрдү,
Алсырап жашап келем айылдарда.

Чынында мени менен улут улук,
Чыркырайм калбас үчүн курутулуп.
Бабалар мурас кылган тил элем го,
Баратам акырындан унутулуп.

 

КӨЙГӨЙ

Эш тутунбай сапаттарга инсандык,
Эсирдик биз, ач көздүктөн үн салдык.
Барган сайын уят-сыйдан арылып,
Бөксөргөнсүйт көөдөндөгү дил сандык.

Сыздасак да чындык издеп акыйлап,
Сыйыртмакка түшпөйт азыр акыйкат.
«Акыл эмес, акчаң болсо бүт болот»,

Азыркыдан бизге калган насыйкат.

Атка минер байлар күндө той куруп,
Арамзалар алдап жасап жойпулук.
Адам сабап зөөкүр балдар көчөдө,
Адат болду жаш кыздарга сойкулук.

«Мыкты»,- дешип макоо чалыш дөдөйдү,
Миңдеп, жүздөп алып берип мөөрөйдү.
Казынасын тыйпыл кылып өлкөнүн,
Калк ичинде жеп-ичкендер көбөйдү.

Көрө албастык жашап ар бир кадамда,
Көз көрүнө бут тосушуп адамга.
Көңүл эзген жүрөктөгү көйгөйлөр,
Көкүрөккө казык болду кадалма.
Күчсүздөрү күчтүүсүнө жем болгон,
Кабылдык биз кантип ушул заманга?

 

СЕЛСАЯК

Жашоодон ордун таппай мүчүп кеткен,
Жонунда жамынганы тытык чепкен.
Жол бойлоп калч-калч үшүп «бомж» жатты,
Жүзү укмуш күпчөк сымал шишип кеткен.

Билбестен баткан күнүн, аткан таңын,
Билбестен кай тарапка барар жагын.
Күнөөлөп бардыгына куу турмушту,
Кемирет колундагы каткан нанын.

Муздак жер болуп анын төшөнгөнү,
Муунтуп улам ыкшып жөтөлгөнү.
Жазгырган «ак молдону» жолдош көрүп,
Жазданып жатат жарым бөтөлкөнү.

Селсаяк, ылаң тийген баспас аттай,
Сыноодон өтүп өмүр даамын татпай.
Жеңилип азаптарга каңгып калган,
Же өлүп, же болбосо жерге батпай.


Түбүнө шум арактын түшүп кеткен,
Таалайын таш боор тагдыр үзүп кеткен.
Кыймылсыз «бомж» турбай өлүп жатты,
Капыстан чыккан унаа сүзүп кеткен.

 

КАЙЫР ЗАМАН  

Келбетин карап туруп кайырчынын,
Коркомун келгенби деп кайыр кылым.
Кейиткен санааларга жооп таппайм,
Ким билет изи кайда байыркынын?

Көп көрүп көчөдөгү таштандыны,
Курсак ач, көздөн учуп аш калдыгы.
Кагылып көрүнгөндөн түрткү жеген,
Кунарсыз жакыр заман башталдыбы?

Ашалбай азап толгон белестерден,
Аксакал билем келген элет жерден.
Ар күнү эртең менен көрүп калам,
Антаңдап оокат издейт челектерден.

«Жардам кыл, жардам кыл»,-деп нан жегенге,
Жанында баласы бар жалгыз эне.
Жашоодон жадагансып ыйламсырайт,
Жыгылып кайра туруп алсыз неме.

Көзүндө бер дегенсип бересеңи,
Карабай чопко болгон кебетени.
Күдөрсүз бир жаш бала кайыр сурайт,
Каякта бул шордуунун келечеги?

Баарынан ойлой келсем майыптарды,
Бейкүнөө байкуштарда айып барбы?
Бозоруп таңдан кечке тыйын тилейт,
Буга ким, турмуш өзү айыптарбы?

Сыз жерге кагаз төшөп кабат-кабат,
Саркынды тамак жеген майда барат.
Сандалган тилемчинин саны арбып,
Сыр бербей жылып заман кайда барат?

 

КЫЗ АДЕБИ КЫМБАТ

Баштан ашып шайкелеңи, кылжыңы,
Баптап кийген жамбашына джинсыны.
Батыш жыттуу бузук кыздар көбөйдү,
Билген жанга ыйманы жок бир чыны.

Кездемеге жетпей калган жардыдай,
Көйнөк кийип жонго жарым жартылай.
Көчө бойлоп кылыктана басышат,
Коргой албай кыздык намыс, баркын ай.

Чыккан өңдүү жаңы гана кыркымдан,
Чачтары да желкеден жок кыркылган.
Чычайтыша чылым тиштеп оозуна,
Чылк орусча сөз сүйлөшүп тыңсынган.

Өйдө коюп өз аброюн өзгөдөн,
Өзүлөрүн Кудайдан кем сезбеген.
Өнөр көрүп көрүнгөндү жандоону,
Өбүшүүнү жол боюнда көздөгөн.

Төккөн сымал күздө дарак баригин,
Төгүп турса кыздар минтип абийирин.
Тилингендей жүрөгүмдүн учтары,
Толуп барат толтосуна дагы ийриң.

Кызды теңеп асмандагы жылдызга,
Кыз абийири кымбат дешкен кыргызда.
Канткен менен баалуулугун бул сөздүн,
Кастарлабай баратат го бир кыз да….

 

АРАКТЫН АНТЫ

Азгырамын, сулуу кыздай туюлам,
Ачыламын, алкымыңа куюлам.
Аңдабасаң абийириңди кетирип,
Арылтамын уят менен сыйыңан.

Илдет болуп айыкпаган ичиңен,
Ичкен сайын кумар кылып ичирем.
Чылап ууга, анан жинди көрсөтүп,
Чыгарамын бир каргаша ичинен.

Ырыскыдан кемтик кылып, бактыдан,
Ыйманыңды «жүз граммга» саттырам.
Башкаларга тебелетип башыңды,
Баткак жолго оонаттырып жаткырам.

Азабыңды, арманыңды эселеп,
Аз өмүрүң туткундаймын жекелеп.
Акырындан арбап улам олтуруп,
Ажалыңа акыр келем жетелеп.

Жуттуң мени өчүң бардай жанатан,
Жумуруңда жалын болуп баратам.
Балдарыңды чыркыратып ыйлатып,
Барып азыр аялыңды сабатам.

Сенде жашайт менин ачкыл элесим,
Сен анткени эрксиз, чабал немесиң!
Эстен чыгып эшектигиң бүгүнкү,
Эртең кайра издеп мени келесиң….

 

АПТАПТА

Акактаган деми сыртка билинип,
Аптап менен алпурушат тирилик.
Ачуу тийет күндүн нуру чекеңе,
Асман бели калган сымал ийилип.

Теребел үп, айырма жок тандырдан,
Тердеп дене, беттер ысып албырган.
Эмнегедир күздү күтүп жаткансып,
Эч дайын жок шамал, булут, жамгырдан.

Кургап булак, кудук соолуп какырап,
Киринүүгө дайра сайга чакырат.
Көчө чаңып, саратандар ызылдап,
Көлөкөлөр үй артына жашынат.

Чегирткелер мойсоп буудай талаасын,
Чырмоок издейт соолубаштын дабасын.
Анда-санда ийнеликтер ойсоңдоп,
Араң сермейт көпөлөк да канатын.

Балдар таппай ойногонго чыдамын,
Бак-дарактар күнгө кактайт ыраңын.
Ах, ысыкта Көлдү самап бараткан,
Асфальт эрип изи түшөт унаанын.

Жанып турган оттон тандап шеригин,
Жалын кылып төгүп чексиз мээримин.
Жандын баарын талыкшытып, суусатып,
Жай сездирет жалпы журтка ээлигин.

 

ЧЫКЫРООН КҮЗ

Булут тосуп жарык күндүн бир көзүн,
Булбул куштун уга албайсың үндөшүн.
Кирип келди чыкыроон күз – айбаттуу,
Кийип алып кызыл-сары күрмөсүн.

Суук аба, муздак шамал, суз асман,
Суулар акпай муз денелүү тузактан.
Сумсайышса тоолор ичтен чыйрыгып,
Сук каргалар “карк-курк” этет узактан.

Төгөт жамгыр… Жолдор көлчүк тешилип,
Таманыңдан баткак өбөт эзилип.
Дарыялар киргил тартып ташкындап,
Дарак боздойт эчак алган чечинип.

Чулгап жерди үймөк сары жалбырак,
Чөп кубарат, бели сынып жалдырап.
Терезелер ным кучактап тердешсе,
Туман уктайт таалааларда магдырап.

Түтүн булап көккө кыштак үйүнөн,
Түндөр узун сестенчүдөй түрүнөн.
Камыккансыйт Жер-эне да ыр угуп,
Кайтып учса келгин куштар дүңүнөн.

Иттер тоңуп, эптеп үрбөй таң ашат,
Иштер кычап, мезгил санаа жаратат.
Мемиреген жылуулук бар бөлмөдө,
Мештин үстүн кумган, чайнек талашат.

Тоготпостон күзгү желдин үшүгүн,
Татып даамын жайкы эмгек үзүрүн,
Элеттиктер кызуу турмуш шарында,
Эбак жыйган отун, эгин, түшүмүн.

Аяганды көңүлүнө эч илбей,
Аяз ойноп айлананын бетинде эй.
Чыкыроон күз – улам сүрдүү ышкырат,
Чиркин өмүр тизмегинин кечиндей.
28.11.2011

Соц тармактар:

Жылдызбек Турсунбаев: 4 комментария

Добавить комментарий