Бир ырдын баяны: «Алтын балалык»

Бул обон — төлбашым. «Жубан» текстке жазылган. Анткени Жапаркул Алыбаевдин бул тексти буга чейин он жылдай Жакып Таштаналиевдин «Карап турдум жолуңду» деген обону менен «жашап келген». Ал обонду мектепте безеленип ырдап жүрдүм. Кыскасы, ырдын жандүйнөсү мага бала күндөн тааныш болчу. Бирок кийин ырдалбай, унут болуп да бараткан.
Түгөлбай Казаков

…Экинчи курсту жаңы эле баштаганбыз. Устатым ойдо жок жерден эле:
— Баян үчүн чакан чыгарма жазып кел. Өзүңө эң эле жакын теманы ал, — деди.

Мага жакыны эле балалык, жайлоо, тоолор, жаштык, сүйүү…

Жаш кезде киши максималист болот эмеспи. Бир жолоочунун жорго минип жыргап келатып эле ашууда бороон-чапкынга туш болуп, аябай кыйналып, анан өтүп кеткенден кийин кайра жыргап баратканын жазып салмак болдум. Ар дегенден эчтеке жок! Музыкалык формадан түшүнүгүм жок эле үч бөлүмдөн турган бирдемени жазып салдым. Антпесем бүт дүйнө капа боло тургансып, нотасын да жазып ийдим.

Эртеси ойноп берсем устатым:
— Сен обон жазып алыпсың. Биринчи бөлүгүнөн куплет, экинчисинен кайырма чыгарып кел, — деди.

«Алтын балалык» ошентип жаралган. Жолдуу экен. Радиого жазылбай эле элге тарай баштады.

Ал мындай болду. Обонум менен баянымды көтөрүп алып, азыркы телемунара турган жерге келдим. Милийса киргизбей, көпкө турдум.

Ары-бери өткөндөр: «Сени ким чакырды эле?» — дейт. «Эч ким» — деп коюп турам. Бир маалда түшкү тамактан кайтып келаткандардын бири: «Ой, сен дагы эле турасыңбы? Жүрчү, угуп көрөлү», — деп алып кирди. Чоң студияда беш-алты кишинин алдында ырдап коё бердим эле, араң токтотушту (ал кезде ырдасам эле деп турчумун. Ырдап койчу деген киши көзүмө периште болуп көрүнөр эле). Чачты артты көздөй жыга чапкан, кулагы далдайган бирөөсү:
— Ыр кимдики? — деди («Алтын балалыкты» сурап жатат).

— Меники, — дедим.

Ал олуттуу боло түштү да:
— Сен Атай, Муса дегендерди билесиңби? — деди.

— Билем, — дедим.

— Обон чыгарсаң ошолордой чыгар. Болбосо мындай орусча обондоруң менен башты айлантпай колуңан келген ишти кыл! Бар, мындан кийин келбей жүр!- дебеспи.

Баянымды көтөрүп, Дзержин гүлбагы менен жөнөдүм. Эмне кыларымды да билбей калдым. Теледе корифейлер иштейт деп ойлочумун. Ошондон улам, теңтуштарым ырымды көңүл көтөрүш үчүн эле мактап койгон турбайбы, менден обончу чыкпайт экен да деген ой келди. Жатаканага келип баянды тапшырдым да, документтеримди алып, учкучтар окуу жайына экзамен берип баштадым. Ким билет, акыркы экзамендин алдында деканыбыз Жанузак Молдобаев билип калып, документтеримди кайра алдырып кетпегенде, мүмкүн обону жок ободо жүрөт белем… Тагдырды айтып болбойт.

Декан:
— Сен кетип кал. А мен эки жылдан кийинки планды сенин ордуңа ким менен толтурат экем?! — деп баркылдады эле, өзүмдү колхоздун коюндай сезип кеттим.

Окууга көңүл жок жатаканада жатсам, Беганас Сартов деген агабыз кирип келди (Ал жаштардын ийримин түзүп, мен ага катыша коюп жүрчүмүн).

— Жүр, кечинде телевизорго чыгабыз, — дейт. Ээр-токум көргөн жоор аттай секирдим. Себебин түшүндүрсөм:
— Аерде келесоолор толубатат. Бүгүн башкасы болот, — деп алып барды. «Алтын балалыкты» ырдадым. Бир айдан кийин Беганас байке бир топ конверт көтөрүп келди.

— Көрдүңбү, сенин ырыңды канча киши суранганын, — дейт.

Ошол конверттер тагдырымды чечип кеткен эле.

Айыл чарба институтунда «Алые паруса» деген эстрадалык ансамбль бар эле. Анын ырчысы Нина Дараева «Алтын балалыкты» алып, азыркы КВНдын кожоюну Александр Масляковдун ошо кездеги «Ало, биз таланттарды издейбиз!» деген Бүткүлсоюздук телеконкурсуна Пермь шаарында катышып, Москвада боло турган корутунду турга өтүп кетпеспи! Телевизордон көргөн көзүмө ишенген жокмун. Анткени союздук теледен кыргыз авторунун чыгармасы аткарылганын көргөн эмесмин. Эртеси эле жатаканада дуу болду. Көрүшүптүр. Достор куттуктап, башкалардын мамилеси өзгөрүп дегендей, алгачкы обонум биринчи чоң ийгиликти алып келген. Ошондон уламбы, айтор, нечен жылдар бою эл аралаганда ушул тунумду эркелетип жетелеп жүрдүм.
Деген менен жашым өйдөлөгөн сайын Жакып Таштаналиевдин обону меникине караганда улуттук колоритке бай, нукура элдик обон экенине көзүм жете баштады.

Алтын балалык
(Урмат менен Неля ырдаган вариант)

Ал кезекте,
Сен тентек кыз эселек.
Мен да бала,
Сүт оозумдан кете элек.
Жар бооруна экөөлөп,
Орок менен үй куруп,
Жаңы гана үйлөнүп,
Көчүп келдик дечү элек.

Кайырма:
Алтын балалык,
Бизди ойноткон.
Бизге билгизбей,
Сүйүүмдү ойготкон.

Кемпир десең,
Сен колумдан жетелеп.
Белим ий деп,
Мен да сага эркелеп.
Чалым байкуш жумуштан,
Чарчады деп сени аяп,
Чай кайнаткан күндөрүм,
Ал эсимден кете элек.

Кайырма

Коштошоордо,
Коомай кармап колуңду.
Сагынба деп,
Санга бөлдүң оюмду.
Жаш күнүмдүн унуткус,
Эстелиги ушул деп.
Карап турдуң жалдырап,
Караан үзгөн жолумду.

Кайырма

“Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”) 24.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий