Аялзат. Махабат. Поэзия

8-март майрамына карата Аялзатын даңктаган ырлар чамбарын сунуштайбыз.
Майрамыңыздар менен! 

 

* * *
Жаз келди жүрөгүмө,
Эритип мөңгү, музду кабатталган.
Күкүктөйт кан тамырым дайра болуп,

Башталып өмүр жаңы,
Башталып жашоо шаңы,
Бир кезде кышкы ызгаарга каракталган.

Жаз келди жүрөгүмө,
Жан дүйнөм бейиш сыңар жашылданып.
Жароокер гүлдөр дагы назданышат,
Бул дүйнө сулуу кандай,
Сезилем азыр гана туулгандай,
Нурданып, асылданып.

Сен келдиң жүрөгүмө,
Жаз болуп кокусунан ушул кечте.
Сүйүнүч ууртумдагы,
Төгүлүп калбаса экен.
Сен эми жүрөгүмдөн,
Суранам, такыр кетпе!
Суранам, такыр кетпе!

Зайырбек Ажыматов

 

КҮТӨМ ЖАЗДЫН ЖАМГЫРЫН…
Тереземди тырс-тырс чертип акырын,
Мезгил менин уурдап кеткен жаштыгым.
Ажар ачкан сулуулуктун дүйнөсү,
Күтүп келем жаздын жумшак жамгырын.

Мен отурсам терең ойго чөмүлүп,
Сүрөтүңдү тартып өттү чагылган.
Булут минип кеттиң менден алыстап,
Элес калды каным менен агылган.

Көңүлүмдү бийлеп алган кызганыч,
Башкаларга ыраа көрбөй үшкүрөм.
Кимдир бирөө күмөн койгон сыяктуу,
Өзүмчө эле кыйналам да, түйшөлөм.

Боз кыроодой бубак басып чачымды,
Өмүрүмө кирип келди да бир күз.
Учурунда мен да өзүңдөй жаш элем,
Мээрим төгүп күлүп койчу сулуу кыз.

Эртабылды Аттокуров

 

* * *
Өкүнүчкө өзөгүмдү күйгүзүп,
Сени кудай неге койду сүйгүзүп.
Таптым десем кайда кеттиң жубалай,
Тагдырыма кедергиңди тийгизип.

Караңгысы болот тура жарыктын,
Күтө берип канча күндү карыттым.
Сенин кирсиз көздөрүңө ишенип,
Сапарымда жалгыз эле калыпмын.

Балким жоктур сага менин керегим,
Бирок мага зарыл бүгүн жөлөгүң.
Арманымды айтып-айтып алууга,
Атайылап сени издеп жөнөдүм.

Тургунбек Бекболотов

 

Т… га
Ачылып турган кызыл гүл
Жел соксо көркүн чыгарат.
Толукшуп турган сүйгүн кыз
Жар болсо көөнү кубанат.

Аземдеп тилин сайраган,
Акыны менмин кыргыздын.
Алтындуу нуру балкыган
Чолпону сенсиң жылдыздын.

Акынга чолпон жакпайбы
Ардагы болуп турмуштун.
Бутакта турган булбулдун
Гүл болсо тили чыкпайбы?..

Буралып турган жаркын кыз
Булбулдун үнүн укпайбы?..
Асмандап учкан чүрөксүң,
Алдымда жаркын тилексиң.
Ай жарык укмуш күнгө окшоп,
Айласын тапчы жүрөктүн.

Жоомарт Бөкөнбаев

 

ЖОМОК
Кыш шыбырап:
“пады-шахым, эгем” дечү,
“падышанын уулунан да
сени жакшы көрөм” дечү.

Кыз чын эле
сүйүчү дейт,
жигит болсо падышанын
уулу билбес
көп нерсени билүчү дейт.

Кыз шыбырап:
“кембагалым, кемем” дечү,
“кембагалдын уулунан да
сени жакшы корөм” дечү.

Кыз чын эле
сүйүчү дейт,
жигит болсо кембагалдын
уулу билген
көп нерсени билүчү дейт…

Шайлообек Дүйшеев

 

КЕМПИРИМ
Сен-банкирим, сен-вампирим, сен-пирим
Сенин мен деп тозду көйнөк, жемпириң.
Сендей мага күн да жарык чачалбайт,
Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим.

Тил жанысаң — тилиң тинте, булдурсун.
Тилиң сууруп кууруп жечү кургурсуң.
Анткен менен аябастан камчылап,
Аалам кезип чапса арыбас дулдулсуң.
Өмүр ширин, өмүрлөшүм сен ширин,
Өзүң менен тапкан балдар эң ширин.
Сендей мага аалам кеңдик кылалбайт,
Сен ооруба, мен ооруюн кемпирим.

Дүйшөн Жапаров

 

САГА
Айткан элем мажнун чакта сага мен:
«Апаң сени бир мен үчүн төрөгөн».
Айныбаймын ал сөзүмөн дале мен:
Жалгыз мага жаралган бир жан элең.

Сага тушташ көз жарган көп кишиден,
Сага жашташ жалпы балдар ичинен
Жалгыз сага жар болууга, а балким,
Бул жалганга келгендирмин ушу мен.

Баягыда баш кошкондо экөөбүз
Бассак-турсак балатыдай кош-эгиз,
Бир жагынан пейлибиз да бап келип,
Болбойт беле турмушта бир гөзөл иш.

Жагыныштуу азил айтсам жаркылдап,
Жаңырыктуу сенин күлкүң шаңкылдап,
Бирди-жарым коога түгүл, көр жеме
Биздин үйгө баш баккандан тартынмак.

Жан эркем ай, жарым болсоң эгер сен,
Өмүрдөгү өтүп далай белестен,
Көр оокаттын көп түйшүгүн экөөлөп
Көтөрмөкпүз кабак-кашым дебестен.

Уул тапсак, кут түшкөндөй кудуңдап,
Кыз болсо деп кийинкисин утурлап,
Басып жүрсөк балдар аман, баш аман,
Бакыт бизден качып кайда кутулмак?

Бирок тагдыр төлгөсүн терс таштады:
Анда менден артык көрдүң башканы.
Байкаштырсам, бак-таалайга тунган жок
Бай үмүттүү ак никеңдин арт жагы.

Көрүнгөн кыз аркасынан сүйрөлүп
Көпкө жүрүп, алдым мен да үйлөнүп.
Андан бери аламандап келемин
Опоосу жок оомал-төкмөл күн көрүп.

Кайран жаштык кайра жанса жаңырып,
Калсам эгер кайра сага кабылып.
Эч бир жанга ээлеттирмек эмесмин,
Эркем, сени ээрчисем да ак уруп.

Өмүр-дайра аркасына агылып,
Өзүң кайра калсаң мага кабылып,
Балким, сен да барбайт белең башкага,
Менин ысык мээримиме багынып?

Бирок жаштык колдон кумдай төгүлдү,
Калды чөгүп көл түбүндө көгүлдүр.
Бушаймандуу чындык ушул: чиркин ай,
Бу жалганда жашоо жалгыз, өмүр бир!

Атаганат, «аркы дүйнө бар» деген
Анык болсо, арзып жүрүп анда мен
Сага жетип, кошо тартып тозогун,
Бейишине кирбейт белем сен менен.

Өксөп-өксөп ыйлайт белек бул жерде
Өлбөй тирүү күн астында жүргөндө
Экөөбүз тең оңбогондой жаңылып,
Эки бөлөк өксүк өмүр сүргөнгө.

Бирок мунум — кур кыялда күйгөн от,
«Тиги дүйнө бар» деген сөз — бир жомок.
Бушаймандуу чындык ушул: чиркин ай,
Бу дүйнө бар, мындан башка дүйнө жок!

Жалгыз дүйнөм жапжаш бойдон кулпурат,
Жалгыз күнүм кеч бешимден түнт турат…
Артын эстеп, алдын тескеп өмүрдүн
Аз-аз калам ыйлаганга буркурап.

Чымырканып башка түшкөн шорума,
Чыгат окшойм тирүүлүктүн соңуна
Өмүр кайра жанбасына өкүнүп,
Арман кылып а дүйнөнүн жогуна.
1984-1985

Салижан Жигитов

 

МАХАБАТТУУ ТЕРЕЗЕ
“Махабаттуу терезе” деп атагам
Терезесин сен жашаган үйүңдүн.
Алгач ирет айнек чертип, себеби –
Алгач ирет даамын таткам сүйүүнүн.

Ал терезең күлүмсүрөп турчу эле
Айга түндө, күндүз күнгө чагылып,
Алыс кетсем калуучу элем аны мен
Айнектей мөл сезим менен сагынып.

Сага таандык нерселердин бардыгын
Кароочу элем бир башкача көз менен.
Өзүңө да периштедей ишенгем
Айтып берүү кыйын аны сөз менен.

… Калдык анан эки жээкте экөөбүз
Кайчы келип көз караштар биздеги.
Муздасак да бирибизден бирибиз
Ал мезгилдин өчөөр эмес издери.

Тагдыр бизди кошпогонго өкүнбөйм.
Сен ойготкон тунгуч сүйүүм уктаган.
Бирок ошол мөлтүрөгөн жаштыктын
Көз тийчүдөй кооздугуна суктанам!

“Махабаттуу терезе” деп атагам
Терезесин сен жашаган бөлмөнүн.
Сенден ысык сүйсөм дагы башканы
Андан сүйкүм терезени көрбөдүм.

Анасбек Жумалиев

 

КОШ ЖЫЛДЫЗ
Эстечи андай чак кайда,
Экөөбүз бакта басканда.
Коңур жел жортуп таң эрте,
Кош жылдыз турган асманда.

Жылдыздай сүйүү мен тилеп,
Жылдыздай сүйүү сен тилеп.
Ал экөө биздин жылдыз деп,
Албадык беле энчилеп.

Кош жылдыз өңдүү жанашып,
Кош жылдыз өңдүү жарашып.
Эрмектеш болуп экөөбүз,
Калбадык беле энчилеп.

Жаз сайын булак шыңгырап,
Жашка жаш кошуп жылжылдап.
Көргөндө көктөн кош жылдыз,
Көзүмдүн жашы кылгырат.

Сооронбай Жусуев

 

ЖООПСУЗ…
Күткөн сайын кетти күтүүм тереңдеп,
Сызган сайын сызды санаам тызылдап.
Буккан сайын бугум буура, жолум муз,
Бул сүйүүнү бүтөм качан бүт ырдап?

Акылымда күлкүң агып шыңгырап,
Тамырымда сагыным зыркырап.
Качкан менен кайда барам өзүмдөн,
Бул сүйүүнү коем кантип кулпулап?

Башым батып, балтыр сыяр жай барбы?
Бырыштарын жууйм нетип маңдайдын?
Гүлдөр мага күү чертишти жазды-жай,
Буркураган жытын үрөп армандын.

Ушул илеп улааргандан уларып,
Көп жуулган көйнөк окшоп кубарып…
Жалгыздыктын жаалы катуу, каары курч,
Теним муздайт тамырымда суу агып.

Жараткан ай, унутууга мүмкүнбү,
Чоктой ысмың, оттой ысык күлкүңдү.
Дудуктандым, дүлөйлөндүм дымыдым,
Тепкеси жок толгонбогон кыл сындуу.

Кашыктагы кара суудай мөлтүрөп,
Көзүң күйөт көөрүк окшоп өрт үрөп.
Жаным сыздайт жарылбаган жарадай
Ушул сүйүү акыр мени өлтүрөт.

Кулдук уруп кетээримде чөгөлөп,
Көзүңдү өбөм – көз отуңду керемет.
Кезиң үчүн эс-учумдан тандырган,
Кездер үчүн кеткен жана келе элек.

Жок кылдай да сага менин керегим,
Кетем деле кайра айланып келемин.
Ара жолдо калаар жоопсуз ак сүйүү,
Ара жолдо сокпойт жүрөк эгерим.

Мени ушунча беймазага батырган,
Арманымды мумиядай катырган.
Эмне мынча түшүнүксүз, эссизсиң,
Эмне мынча эсимди алган асыл жан.

Жолдошбек Зарлыкбеков

 

ЖАЛГЫЗ ТЕРЕК
Сүйдүм сени, жолдоштукка тандадым,
Сөз айталбай бир топ мезгил жандадым.
Өзгө адамды жактырарың укканда,
Өлө жаздап, өзүмдү араң кармадым!

Билбейм кантип жаратымды бүтөймүн?
Билик жандын өрт алышын күсөймүн.
Куу жыгачтай болгон менен кебетем,
Көөдөн быкшып, чычаладай түтөймүн!

Жүрөгүм таш, мен сүйүүгө сенекмин,
Жалбыраксыз жалгыз калган терекмин.
Сөңгөгүмө шынаа кагып кууратпа,
Сенден башка адамга да керекмин?!

Жолоочудай күндө сага кезигем,
Жарам ырбап, көргөн сайын эзилем.
Өзөк жанды мите курттай кемирип,
Өзүмдү-өзүм жеп аткандай сезилем!

Алтынбек Исмаилов

 

ӨКҮТ ЫРЫ
Сүйөм сени, сүйөм Күндөй көктөгү,
Сен күткөндөй сүйүүм жалп деп өчпөдү.
Өөрчүп-өөрчүп улуу өрткө айланып,
Өмүрүмдүн гүлгүн кезин өрттөдү.

Ак сүйүүнүн шек келтирбей салтына,
Ардактасак жетээр болсок баркына.
Экөөбүздү сезмек эмес тозоктой,
Экөөбүздөн качмак эмес бакты да.

Эми билдим сүйүүлөрдү таптаза,
Эзелтеден кайгы-капа баспаса,
Азыркыдан адамдар да бактылуу –
Азыркыдан дүйнө болмок башкача.

…Өкүт ыры чын сырымдай сезилсе,
Эт жүрөгүң эңшерилип эзилсе,
Өтүнөрүм: абалымды түшүнүп,
Кайрыла көр, мен тирүүмдө кечикпе…

Жумадин Кадыров

 

СЕН МАГА ТӨГҮП КЕЛДИҢ ТАМЧЫЛАРЫҢ
Тар жолдо көңүл издеп карап турду
Таба албай чын бакытты, өзгөрбөгөн.
Алсыздык аргасыздан саматтырды
Алысты кулак чалып, көз көрбөгөн.

Жан элем, далай жолду багындырган,
Жамгыры жаштыгымдын төгүп болгон.
Сен келдиң жакын туруп сагындырган,
Сезимге жан киргизип өлүк болгон.

Тирүүлүк чапкан сайын камчыларын
Тизгинди тарттырбастан туяк кагып,
Сен мага төгүп келдиң тамчыларың,
Сергиткен шаркыратма сыяктанып.

Кайрадан көктөм күтүп сезим багы
Кайрадан күлгүн кыял толуп канга
Бактылуу болгум келчү менин дагы.
Бактылуу болуп жүрдүм жолукканда.

Көпөлөк бутак таппай коно турган
Көп мезгил арзуу гүлүн искеп жүрүп,
Чарчадык, биз бактылуу боло турган
Чакан бир жомок шаарын издеп жүрүп.

Азыр мен сезбей келем шамал, карды,
Аялуу жалгыз сенин атап атың,
Биз барып бакыт тапчу аралдарды
Биз гана таппай койдук, махабатым.

Бул жашоо тескери окшойт аңтарылган
Буулугам жытын эңсеп наздыгыңдын.
Алыстап баратасың жан-жагымдан
Акыркы жылдарындай жаштыгымдын.

Тап жолдо көңүл издеп карап турду,
Табалбай чын бакытты өзгөрбөгөн.
Алсыздык аргасыздан саматтырды
Алысты кулак угуп, көз көрбөгөн.

Жыргалбек Касаболотов

 

СЕН ЖАРЫК
Келе жатсаң керемет бир дүйнө агып,
Чымчык сайрап, куш безенеп термеген.
Жолдорума нурун төгүп күн жарык,
Жуурулушуп кетем мен да сен менен.

Келе жатсаң карегиңде таң калып,
Бар экеним унутамын жарыкта.
Жан-жагымда тымтырс дүйнө жанданып,
Жаным дагы учуп кетет алыска.

Келе жатсаң жарыктан да, сен жарык
Көзүм жайнап көктөм болуп кетемин.
Мелт-калт толгон ыйык сезим менде агып,
Сезем анан, сендик болгон экеним.

Келе жатсаң деңиз толкуп аткандай,
Жүрөгүм да жүзүм нурдап толкуду.
Толкуп-ташып өзөн күр-шар аккандай
Тамыр, жаным аралады тоо-сууну.

Жолду утурлап, сени күтүп карагам
Жомок болуп жан-дүйнөңдө мен калып.
Карегиме батып кетет ай-аалам,
Келе жатсаң жарыктан да, сен жарык.

Атахан Кожогулов

 

ИЗДЕЙМ СЕНИ
Мезгилге куйрук-улаш түшүп алып,
мен сени издеп келем – утуру арып,
күч берээр бакытымды, таалайымды
100 грамм шарап сымал жутуп алып…

Изделип жүрүп өзүм – кийик болуп,
издеймин ийне-жибиң билип толук,
калчылдап бут шилтенбей калган кезде
кайгымды канттай чагып, шимип коюп.

Издеймин, таап бүтүп, жаным, дагы!
Издөөгө өмүрүмдүн кайыл баары!
Табылып, колтукташып жүргөндүгүң –
болгону, дарегиңдин табылганы!

Сени мен издеп келем мекенимдей!
Сезимдер далбалактап этегиңдей!
Издебей калган ошол мүнөт-саатта
из-тозсуз бул дүйнөдөн кетеминби-эй?!

Кашкайган тиштериңдей – каткырыгың,
кайрылып бир карасаң – катты кылым.
Ийниме бул ааламды илип алып
издеген үчүн сени бактылуумун!

Кожогелди Култегин

 

БИР БАШЫҢА ТЕҢ БОЛСОМ
Ак марал болсо атканым
Асылкеч болсо тапканым.
Өзүңө көөңүм эң кызык,
Өзгөгө мен да башкамын.
Отуздан ашсам мейличи,
Оолуксам он беш жаштамын!
Көк тулпар болсо мингеним,
Көк чатыр болсо киргеним.
Кучагым жайып кубанып,
Кумаркөз болсо сүйгөнүм.
Арзыган сага мен үчүн,
Артыгы сенсиң дүйнөнүн.
Жаманга колум артканча,
Жакшыга жакшы күйгөнүм!

Жылдыздан болсо панарым,
Жибектен болсо танабым…
Күүлөнүп күндө шилтөөгө
Күмүштөн болсо каламым.
Кадыры бийик сен үчүн
Капкайдан сөздү табамын!
Кырк бештен ашсам мейличи,
Кыялымда баламын!

Сүйбөсөң, сүйсөң өзүң бил,
Сагынып, сени самадым.
Ойлонуп ырдап отурсам,
Оюмда жетип каламын.
Өзүңдөн жалгыз сөз болсо,
Иркутта болсоң барамын.
Деңизде сүзүп жүрсөң да,
Дегдесем бир күн табамын!

Чабалдар жетпес төр болсом,
Чалкыган терең көл болсом.
Кайратым бойго жыйнасам,
Каптаган кыян-сел болсом.

Агарган таңдын алдында,
Бетиңден сылар жел болсом.
Эмне болсо оюмда
Ошонун баары мен болсом…
Баарынан кечип кетейин,
Бир башыңа тең болсом!

Кубанычбек Маликов

 

КЛАРАГА
Мен көлдө көз жаргамын.
Сен да көлдө…
Бирок, мен көлгө аз барам.
Көп барасың.
Сен келе жаткан кезде
көлүм көчүп
бүт мага келаткансыйт.
Сен мага кол сунганда
көлдүн ууз толкундары…
Сен төшкө жыгылганда —
көлдүн бал толкундары…
Чачтарың балыр жыттуу.
Эриниң балык даамдуу.
Көздөрүңдө кайыктай калкып турам.
Шуудурайт кирпиктериң камыштардай.
А күлкүң – мерген аяп,
мерген атпас
күн канат балапандай…
Сен көлгө көп бара бер!
Мен аз барам…

Табылды Муканов

 

СУЛУУГА
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба,
Жаш кездердей ынак сүйүү жок экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Кош сүйгөнүм, коштошордо жалынба,
Сен жакшы элең мен сүйө элек чагыңда,
Ак сүйүүдөн көңүл калуу көп экен,
Отуз жаштын улам аркы жагында.

Сен бир кептер боз шумкарын түнөткөн,
Унутулган учар замат түнөктөн.
Сүйүү деген – сүйүү эмес эринден,
Сүйүү деген – от чачышуу жүрөктөн.

Сен бир бака миваларың келишкен,
Мен жүргүнчү ооз тийген жемиштен,
Сүйүү деген – сүйүү эмес бетиңден,
Сүйүү деген – сүзүп өтүү деңизден.

Сен бир жүзүм бышып турган мына бу,
Арманда эмес, бирок сенден кур калуу,
Сүйүү деген ырдоо эмес бал ууртап,
Сүйүү деген сүйүү уусуна уулануу.

Таттуусуңар, ачуусуңар сулуулар,
Алдайсыңар бизди опоңой кургурлар.
Канча болсо сенин жибек көйнөгүң
Дал ошончо жүрөгүңдө сүйүү бар.

Бирок менин махаббаттым бир гана,
Бирок ал жок, эгер болсо ал гана?
Мага ишенбе, элес кылып бардыгын,
Күлүп жүрөм өзүңө окшоп алдана.

Алыкул Осмонов

 

АЯЛДЫ СҮЙ
Бирөө мурун дем алган деп абадан,
Сен дем албай кое албайсың эч качан.
Менден мурун бирөө муну өпкөн деп,
Өппөй басып кете албайсың аялдан.

Көпкө узабай көз жумасың абасыз,
Так ошондой тагдыр күтөт аялсыз.
Аргасыздан моюнуңду сунасың,
Моюн толгоп кетүүгө али жан алсыз…

Абадан жут! Каалаганча, канганча,
Аялды сүй акыл-эстен танганча!
Акмакчылык келбей коюу өмүргө,
Менден мурун жашаган деп жан канча…

Аба азайбай көбөйөт дем алгандан,
Өпкон сайын өң өзгөрөт адамдан.
Келесоолук келберсинген аялды,
Өбүшкөн деп беттен өөп калбаган.

Дагы дем ал! Абадан жут канганча,
Дагы аял сүй акыл-эстен танганча.
Сенден мурун эч ким аны өппөгөн,
Дем албаган сенден мурун бир жан да…

Анатай Өмүрканов

 

ЖАШОО
Мен өмүрдө канча узун
Жол басканым билбеймин.
Кандай кызык ойго чөмдүм
Не айтканым билбеймин.

Жашоонун бир кур өзөнү,
Барат мени агызып.
Эмне айла менен койдуң,
Жүрөгүмдү жангызып.

Ошол түнү, ошол күнү,
Жалын түштү мойнума.
Бул сүйүүнүн элирмесин,
Тартыптыр деп койгула.

Турмуш өзү алыс сапар,
Жол чегүүбү билбеймин.
Бийик аскар көз жетпеген,
Бел ашуубу билбеймин.

Айтып берчи турмуш сырын,
Баяндачы угайын.
Миң бир түркүн сырларыңан,
Даам татып куунайын.

Рамис Рыскулов

 

ЭНЕ-БЕЙИШ
Биз бейишти көрбөгөнбүз эгерим,
Бейиш кандай, элестетип келемин.
Бейишти биз издеп жүрсөк кайда деп,
Бейиш тура таманында эненин.

Баскан изи, турган жери эненин —
Бейиш экен, бейиш деген себебим —
Бала үчүн төккөн эне мээрими —
Бейиштен да артык, жылуу дегеним.

Балдарым деп түзүп турган бейишти,
Эне барда балдар билбейт кейишти.
Балдар үчүн — бейиш алтын апалар,
Балдар бейиш болбогону кейиштүү.

Жедигер Саалай

 

СҮЙҮҮДӨГҮ ЖАШ ЖАЗЫМСЫҢ
Сен дайым гүлдүү көйнөк кийгениңде,
гүлдөгөн жаздын өзү көрүнөсүң.
Суктанып, шагыңды мен ийгенимде,
жыпарлуу сүйүү болуп төгүлөсүң…

Мына жаз — жер денесин гүлдөр бүлөп,
күйөөгө барар кыздай куп жасанган.
Сага окшоп, ажарланып, бою үлбүрөп,
асманды күзгү кылып чач таранган.

Мына жай — жаштык болуп жашыл түрдөн,
сага окшоп, гүлдүү жашыл көйнөк кийген.
Сүйүүнүн күлкүсүндөй тунук күлгөн,
сүйүүнүн ширининдей жемиш ийген.

Мына күз — түрлөр өчүп, жалаң сары,
жарашпайт, жердин минтип жасанганы.
Жарашпайт, болсо деле кымкап-шайы,
Гүлү жок сары көйнөк сага дагы.

Мына кыш — жер денесин ак кар чүмкөп,
Муздатып ысык денди, аяз түнөп.
Акырын жашыл чакты көз боочудай,
Абайлап, салды баарын акка бөлөп.

Мейли, өмүр сени жайдай мөмөлөтсүн.
Мейли, өмүр сени күздөй куба кылсын.
Мейли, өмүр сени кыштай ак карытсын.
Сен менин сүйүүдөгү жаш жазымсың.

Шондуктан, гүлдүү көйнөк кийгениңде,
Гүлдөгөн жаздын өзү көрүнөсүң.
Өмүрдүн бардык ушул мезгилинде,
Жыпарлуу сүйүү болуп төгүлөсүң.

Курбаналы Сабыров

 

СҮРӨТҮҢӨ
Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.

Өппөдүм, мейли өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап, көргөн түшчө кеттиң жөнөп.
Байкатпай баштагыңдай жүргөндүрсүң,
Башканын жүрөгүнө башың жөлөп.

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүретүң жүрө берсин күлүмсүрөп.

Жалил Садыков

 

ЖИГИТМИН
Кээ бир кыздын айтуусуна карасам,
Жылдан жылга мен улгайып баратам.
Баягыдай жакпай калды аларга,
Магнит сөз, бала кыял тамашам.

Аялымдын айтуусуна карасам,
Жылдан жылга мен жашарып баратам.
Магнит сөз жакпаса да көөнүнө,
Майдай жагат бала кыял тамашам.

Мейли, кыздар мени «чал» деп күлүшсүн,
Таарынчым жок ыгы бардыр күлүштүн.
Бирок өзүм токсон жашка барсам да,
Аялыма солкулдаган жигитмин.

Байдылда Сарногоев

 

ЭГЕР БОЛСОМ
Күн болсом, көз уялтып жаркыраган,
Нурума каалаганча канар элең.
Суу болсом, аскалардан шаркыраган,
Суйкайып суу алууга барар элең.
Күркүрөп капчыгайды жарып өтүп,
Чарпылып кучагыма алар элем.
Түбөлүк махабатка кир жугузбай,
Сүйгөнүм, кубанчыңа канар элем.

Жан жеткис, тилсимдеги мүрөк болсом,
Эсепсиз узун өмүр берер элем.
Гүлдөгү сайрап турган булбул болсом,
Талпынып так жаныңа келер элем.
Ойлонуп, уктай албай жатканыңда,
Оюңду сайроо менен жеңер элем.
Алдастуу акын болбой, ташчы болсом,
Аскага сүрөтүңдү чегер элем.

Аалы Токомбаев

 

ЖЕҢЕЛЕР
Кайнилерин кылып шылдың
Каткырышкан жеңелер,
Бир кезекте бир айылдын
Бүтпөс, ойну элеңер.

Бир саным бүт сеники деп
Бирок жакын жолотпой,
Таарынтчу элең, биз курч элек
Тапка кирген болоттой.

Кайда ал кездин оюндары,
Кур таштамай, дүмпүлдөк.
Жайлоо түнү. Айыл жаны.
Жаш бойзойлор сүлкүлдөп.

Не мынча тез карыдыңар,
Сооңон көп ооруңар.
Өчтү качан жалыныңар,
Өттүбү же дооруңар.

Бир айылдан сыртка чыкпай,
Не көрдүңөр бул өмүрдө?!
Жаштык эмне? Сүйүү эмне?
Кана акырын айтчы жеңе…

Аман Токтогулов

 

КАРАРГАН ДЕҢИЗ, АГАРГАН ТОЛКУН
Мен турган тушта – сен туулган кыштак,
Тулпарлар туйлап, туйгундар учкан.
Жалгыз бир кезде жарк этти эске,
Жагоочон күндөр жадымдан чыккан.
Барайын дедим, баралган жокумн,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Тунарган жакты турамын карап,
Туш-туштан шоокум шооладай жанат.
Бир мезгил келет жамгырдай төгүп,
Бир мезгил кетет шамалдай сабап.
Бүт дүйнө шундай жаралган достум,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Шамалбы, карбы, өкүнбөйм эчбир,
Кезинде жаады, кезинде кетти.
Тек гана дүйнө жазындай болгон,
Кумарлуу кездер көзүмдөн өттү.
Сенин да билем, тизмеңде жокумн,
Карарган деңиз, агарган толкун.

Алым Токтомушев

 

АЯЛГА
Жар салып сүйөмүн деп айткандардын,
Жүрөгү таш болбосун, абайлагын.
Мен сени даңктап ырдайм деп камынып,
Сөз таппай калтаарыдым, карайладым.

Касиет, нарк-насилиң бузулбасын,
Бактыңды башка келген, учурбасын.
Көз отуң бүт дүйнөнү тегеретип,
Көздүүлөр сени мактап ыр ырдасын.

Сагынтып санаа кылсын касиетиң,
Сүйүшсүн жоготушуп акыл эсин.
Чулгаган кереметке кудай сени,
Баш ийсең бир сүйүүгө баш ийерсиң.

Баш ийсең бир сүйүүгө баш ийерсиң,
Ал сенин айкөл, терең касиетиң.
Жашоого жашыл жарык  экениңди,
Далилдеп турсун дайым акыл-эсиң.

Майрамбек Токторов

 

КЕЧИКТИМ
Таңшыган булбул белең бутагымда,
Талпынам кучагыман учарыңда.
Карааның карегимен үзүлсо да,
Элесиң кала берет кучагымда.

Сен жакка агылармын дагы далай.
Өзүмдү ташып бүтпөйм дарыядай.
Көзүңчө жаш баладай жайнасам да,
Өзүмчө ойго чөгөм карыядай.

Билемин, менсиз деле арманың көп,
Астыртан аяр карап зарладым көп.
Сөз менен жалынычым айтпасам да,
Көз менен айтып келем “ардагым” деп.

Кербендер өтүп кетти, кайрый албайм,
кечиктим, кантип анан кайгыланбайм.
Өзүңөн өмүр бою айрылсам да,
Ойлордон сен жөнүндө айрылалбайм…

Кыялбек Урманбетов

 

АК КАРЛУУ КЕЧ
Чачың кара кундуздай. Меникичи…
Айыбы жок көзүңдү кадабачы.
Садагасы, таңгалып, аяр сылап
буурул түшкөн чачымды тарабачы.

Ак кар тышта сампарлап. Сен экөөбүз
маңдай-тескей олтурган маанайы суз…
жеңилдесек о, кана үшкүрүнүп
кыштын ушул кечинде таалайы сыз.

Сырттан кирип, кар салып моюнума,
оюнуң да кандыбы? Бубак кардай
агын санап чачымдын муңайасың,
бирибизге бирибиз чукак жандай.

Улайм кантип муңайган көңүлүңдү?
Келдиң мага күтүүсүз ала таңдай.
Эркелетип жүрөйүн карындаш деп
балапандай жөн гана, балапандай.

Каргылданба, кайгы бар менде дагы…
кар жаай берет ушинтип жер бетине.
Карлар эрип, жаз келет табиятка
жаштык келбейт а менин келбетиме.

Жантуйгу деп санаба, мерес кээде
өз кыялым өзүмө дайын эле:
аппак кардай көңүлүң кирдейт бир күн,
ысык болбос мээримим дайым эле.

Сен жалынсың алоолоп. Мен от эмес.
Терезедей муздакмын. Алаканым
ысык болуп ээгиңде турган менен
а ичимде суз тартып баратамын.

Ажарыңдай ажайып айланабыз.
Үндөбөгөн сырттагы теректердей
үндөбөйбүз биз дагы үй ичинде.
Үшкүрүнөм бар үчүн себеп менде…
Олжобай Шакир

 

ДОН-ЖУАН
Быт-чыт үзүп ар-намыстын кишенин,
Жүрөгүмө толуп үмүт, ишеним,
Жем издеген ободогу куш болуп,
Бүгүн сенин тузагыңа түшөмүн.

Түшөм, чексиз кумарыма жеңдирип,
Малайын же кулуң болуп, чынында:
Эшигиңден отуң менен тең кирип,
Кайра тышка күлүң менен чыгууга.

Сен дегенде менде жан жок аялуу:
“Өл!”, “тирил!” де – кыңк дебестен укмакмын.
Хафиз окшоп, ыйык санап аягың,
Туфлийиңе вино куюп ичмекмин!

Сүйүнбай Эралиев

 

КАР ЛАПЫЛДАЙТ
Кар лапылдайт. Биз экөөбүз жолугуп
Олтурабыз тааныш кемпир үйүндө.
Тар, караңгы бөлмө. Бир аз корунуп
Колдоруңду апкелесиң мүрүмө.

Биздин турмуш башкаларга белгисиз,
Түшүнүксүз бул сыйкырдуу мамиле.
Жүрөк күсөп жүргөн күүнү чертебиз —
Кантип сыйды бул жапан күч денеге?..

Бир кезекте канат күүлөп учалбай
Калып калган арманыбыз төп келип
Шуктурабыз, пайдаланып учурдан
арабыздан далай жылды өткөрүп…

Сен баягы шыңгыраган күлкүңдү,
Ким бирөөнүн кучагында калтырып,
Токтоо тартып, ого бетер сүйкүмдүү
Көрүнөсүң. Таарын, наздан, алтыным!

Кар лапылдайт. Тааныш кемпир үйүндө
Ээн-эркин аалам менен иш болбой
Буркан-шаркан жуурулушуп сүйүүгө —
Жаңырабыз шаңдуу, бийик обондой.

Эгемберди Эрматов

Соц тармактар:

Добавить комментарий