Корифейлер тартылган «Көчө»

Кыргыз бермети «Көчө» тасмасы ушул күнгө чейин көрүүчүлөрдүн кызыгуусун арттырып, элдин эсинде. Фильм эмнеси менен элдин эсинде калды? Бул туурасында жаш, узун бойлуу, жылдыздуу, арык чырай, сымбат сыны келишкен мырза жигит, башкы каарман Аваздын ролун жараткан актер, Кыргыз эл артисти Чоро Думанаев тасма туурасында баяндады.

Жаштыкты, сүйүүнү, айыл турмушун чагылдырган тасма
1972-73-жылдары гана Токтогул ГЭСи курула баштаганда, эл көчүп, жаңы айыл курулганы жөнүндө учурдун талабына ылайык турмуштук, поэтикалуу, жумшак юморлуу «Көчө» деген фильм жаралды. Тасманын сценарийи Мурза Гапаровго таандык. Режиссеру Геннадий Базаров. Фильм Кыргызстандын үч жеринен тартылган: айылдын бузулушу, көчүрүлүшү-Ноокаттын өрүкзарынан. Жаңы курулуп жаткан айылдын жаңы жердеги жаңыча жашоосу-Токтогулдун «Көтөрмө» айылынан тасмага түшкөн. «Көчө» кыргыз киносунун бермети. Ал ушул ат менен унутулгус болуп, канча көрсөң да тажатпаган, тарбиялык мааниси бар кызыктуу жана жөнөкөй жашоону чагылдырган фильм.

Мурза Гапаров мени көрүп «Мына, Аваз!» деди
Ал учурда биз «Уркуя» тасмасын тартып жүргөн элек. Анда өрүкзарлуу Баткенде болчубуз. Ошол жерден түштүктүн мыкты жазуучусу Мурза Гапаров мени көрүп калат да сүйүнгөнүнөн «мына, Аваз!» деп режиссер Геннадий Базаровго алып келет. Көрсө Аваздын ролуна ылайыктуусу табылбай жаткан экен. Ал киши «Көчө» тасмасынын сценарийин жазган. Анан ошол эле жерден кинопробасына катыштырды. Ошентип аталган тасмага тартылып калдым. Бул тасма да өрүкзар тегиз гүлдөгөн маалда тартылмакчы экен. Ошол учурду күтүп калдык.

Корифейлер менен тасмага тартылганыма сыймыктанам
Режиссердун көсөмдүгү, мыктылыгы мен-мен деген кыргыздын корифейлерин бир тасмада топтогон. Фильм ошол үчүн ушул убакка чейин унутулбай, мурдагы сынын жоготпой келет. Ошол кезде Муратбек Рыскулов, Советбек Жумадылов, Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова, Нуртай Борбиев сыяктуу легендарлуу залкарлар менен чогуу иштешип калганыма абдан бактылуумун деп эсептейм. Мында Геннадий Базаров абдан мыктылык кылган. Азыр да ушул тасманы көргөндө ушул залкарларды, алар менен чогуу өткөргөн күндөрүмдү эстейм. Аларды мен ата- энемдей көрүп, сыйлачумун, урматтачумун. Ал эми алар да мени баласындай көрүшөөр эле.

«Режиссер бизди эркибизге койгон»
Тасмага тартылуу учурунда Маликанын ролуна ылайыктуу кыз табылбай иш бир топко токтоп калды. Анан Мамлекет деген кыз тартылып калды. «Көчө» деген тасмада биз өзүбүздү өзүбүз ойнодук. Киного тартылууда мен ал кезде жаш элем, болгону 18-20 жаш курагым болсо керек. Геннадий Базаровдун мыктылыгы, актерлорду тасмада атайын даярдап ойноткон эмес. Биз болгону бир үй-бүлөдөй болуп киного тартылганбыз. Кантип тартылып калганыбызды да билбей калдык. Ушул тасма качан бүтөт, деп тажаган да жокпуз. Себеби, режиссерубуз бизди эркин койгон, эч кандай талаптарды да сунуштаган эмес. Өзүңүздөр деле байкаган чыгаарсыңар, ар ким өз жолу менен кетип жаткандай туюлат. Бир да бирөөсүнүн тартынганын же уялганын байкоого болбойт.

Баягы эки кабаттуу үйүм азыр дагы туруптур
Тасмада жеңил ойлуу тиш доктур шаардан келип, эки кабаттуу заңгыраган үй салдырган жери бар. Бирок тасмада ошол там Авазга калган жери бар эмеспи. Чын эле ошол үйдү киностудия курган. Кийин мен токтогулдуктардан «ой, баягы эки кабат үйүм турабы, барбы?»,-деп сурап калсам, бар экен. Бузулбастан сакталып туруптур. Мен ушуга абдан кубанып калдым. Ал үй сакталып турмак түгүл, алгач бала бакча, андан кийин медициналык пункт болуптур.

Музообаш, жыланы көп жерде элек
«Көчөгө» тартылабыз деп «Көтөрмө» айылына барып калдык. Эски Токтогулду көчүрүп жаткан. Анда жашагандардын баары үй-жайын таштап башка айылга көчө башташкан экен. Ал эми «Көтөрмө» деген айыл ошондо жаңы курула баштаптыр. Ошол айыл тоодо жана кургак жерде болгондуктан музообаш жана жылан дегендер абдан көп болоор эле. Ал жакта чабандар мал жайып, кой сарай да бар болчу. Музообаштар ар жерде көп экен. Бакен Кыдыкеева, Алиман Жангорозова эжелер музообаштан коркконубузду көрүп, «булар чакпайт, чакса кайра кайтпайт» дешээр эле. Аны уккандан кийин ого бетер коркуп калдык. Ал эми ошол эле музообашты койлор кадимкидей чөп жегендей барсылдатып чайнап жешет экен. Ал койлорду деле чагат, бирок, алар эч нерсе болбойт көрүнөт. Андан тышкары айылда кара чаар жыландар да аябай көп болоор эле. Эртең мененкисин күн сайын эрте туруп айылда чуркап спорт менен машыкчумун. Ошондо чуркап бара жатканда бут алдымдан кара чаар жылан чыга калганда «аай» деп бакырып кайра артка каччумун.

«Эй-ий, аппагым,
Сен менен өттү жаш чагым»
Эсиңиздерде болсо керек «Көчө» тасмасында Аваз Маликага ашык болуп калат. Бул анын балалык сүйүүсү эле. Ал эми Малика шаардан келген жеңил ойлуу жигиттин мамилесине азгырылып, жактырган жигитти карабай, ага көңүл бурбай койгон жери бар. Аваз баары бир Маликаны гана сүйгөн. Тасмада сүйүү берилген бирок ашыкча кетпестен маданияттуу түрдө көрсөтүлгөн. Мында «Көчөдөгү» жаш жигиттин аппагы Малика экендиги айтпаса да белгилүү. Кыз жигитти таштаса да, кайра кийин кайрылып келет. Мында сабырдуулук, сүйүүгө туруктуулук мүнөздөлгөн. Аваз сүйгөн кызын аягында кечирет. Тасманын соңунда ал «Аппагым» деген ырды ырдаган. Ушул ыр алигиче жаштардын жүрөгүнүн түпкүрүнөн орун алып келет. Тасмага тартылып жатканда биз, сүйүүнүн ыйыктыгын, кадырын барктаганга аракет кылдык. Бирок учурда сүйүүнүн баркын кетирип, аны жаштарыбыз оюнчукка айландырышты. Тасмалардын көпчүлүгүндө терс көрүнүштү жаратуучу нерселер бар. Ал эми биз андай нерсени ойлочу да эмеспиз. Кино аркылуу биз колдон келишинче махабаттын ыйыктыгын, кечиримдүүлүгүн даңазаладык.

Окурмандардан келген кат
Мен жөнүндө көптөгөн каттар келчү. Гастролдоп жүрүп, кайра үйгө кайтканда бир баштык ичи толо каттарды «карачы» деп жеңем көрсөтчү. Мен туурасында ар кандай каттар келчү. Ошолордун баарын окуп бүтө алчу эмесмин. Албетте кыздардын ашыгына айлангам. Ошол жылдары тасмага тартылабыз деп тээтиги Прибалтикага чейин кеттик. Кыргызфильмде ошол жылдары кинолордун баарында башкы ролдо ойногом. Ар түркүн тасмада ар кандай ролду жаратканым жана ошол учурга туш келгеним бакыт болгон экен. Ал учур го мейли жаштык курак экен. Жакында эле мага бир кат келди. Бирок мен ага учурунда маани берген эмесмин. Бир күнү ачып окусам Мурзапар Үсөнов деген окурманымдын мага жазган каты экен. Ушул кат мени көп ойлондурду. Мен өзүм жөнүндө билбегендеримди аны окугандан кийин билип жатпайымбы. Менин кандай адам экеним, элиме кандай эмгек кылганым да ушул катта ачык жазылган экен. Ал окурманым алигиче менин жаш кездеги элесим менен жашаарын, ушул ыр тасмада жаңырганда ал көзүнө жаш ала артта калган жаштыгын эскерээрин баяндаган экен. Көрсө, «Аппагым» деп ырдап, жалындуу жаштык кезди, махабатты даңазалаган өзүмдү баяндаган экенмин.

Самара Кабылбекова, “Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 02.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий