Өтүрүкчүлөргө каяша. «Манас» жана анын кайбатчылары

Биздин кыргызда «өтүрүк» деген сөз бар, «Манаста»көп жолугат. Калп, жалган, айың кеп дегенди билдирет (Махмуд Кашгариде: «үтрүк» — кыйды киши). Акыркы кездери «Манаска», айрыкча анын туусуна байланыштуу ошондой өтүрүктөр өтө көп айтылды. Ушундан улам айрым жагдайларды башка бирөөлөргө эмес, атактуу Сагымбай («Манас «. 2010), Саякбай («Манас «.2010) жана Жусуп Мамай («Манас». Шинжан. 2004) аксакалдардын өздөрүнө таянып, дагы бир ирет тактап чыгуу зарыл болуп тургандай. Болгону «өтүрүктүн» ордуна анын маанилеши «кайбат» сөзүн колдонобуз, ал да «Манаста» бар: «Катарында кырк баатыр, Кайбатын айтып калыптыр»,-делинет.

Автор тууралуу
Белгилүү публицист, сөз устаты Эсенбай Нурушев — кыргыз журналистикасын түптөгөн, өнүктүргөн мыкты устаттарыбыздын бири. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетинин алгачкы бүтүрүүчүлөрүнөн. Кыргыздын тунгуч басылмасы болгон «Советтик Кыргызстан» (мурдагы «Эркин Тоо», «Кызыл Кыргызстан», азыркы «Кыргыз туусу») гезитинде 1979-жылдан тартып бөлүм башчы, узак жылдар бою (1984-1991) аталган гезиттин редакторунун орун басары болуп иштеген. Кыргызстан эгемен болгон алгачкы жылдары (1991-1994) Кыргызстан Жогорку Кеңешинин басма сөз, котормо жана коомдук байланыш бөлүмүнүн жетекчиси кызматын аркалады. Соңку жылдары Эркин Европа/Азаттык радиосунда иштеп, аналитикалык макалалары менен угармандарды кубантып келди.

* * *
Эмесе биринчи кайбат: Эгер «Манас» эпосуна таянсак, кыргыздар эч качан кызыл туу алып жүргөн эмес. Эзелтен алардын туусу көк болгон. Бир ирет чоң казаттардын бирине Манас кызыл туу алып бармак болгондо акылман Бакай эмнеге бул тууну алганын сурайт. Ошондо Манас урушка баратканын, майданда көп кан төгүлөрүн айтат. Бул маалымат тарыхый документтерде тастыкталат.

Бу ырастаманын автору — депутат Абдырахман Маматалиев, ага тигил же бу мааниде Карганбек Самаков, Турсунбай Бакир уулу, башка да депутаттар кошулушту.

Каяша. Биринчиден, Манастын туусу көк болгонун, ал урушка кызыл желек алып бармак болгондо Бакай таң калганын тастыктаган тарыхый бир да документ жок. «Манас» эпосу жөнүндөгү алгачкы маалымат, анын биринчи жазма варианты «Мажму атут-таворихте»(XVI к.) кездешет, бирок анда жогоркудай эпизоддор жок (Сайф-аддин ибн дамулло Шах Аббас Ахсикенти, анын уулу Нурмухаммед.Тарыхтардын жыйнагы.Б.,1996; Материалы по истории киргизов и Киргизии. М. 1973).

Экинчиден, эпостун жогорто биз эскерткен көлөмдүү үч басылмасында тең Манастын туусу кызыл болгону ташка тамга баскандай таасын жана так көрсөтүлөт. Сагымбай манасчыда ал «Ногойдон калган кызыл туу» деп аталат, Ногой -Жакыптын атасы, Манастын чоң атасы. Манас төрөлгөндө Жакып той берет, ага алыс-жууктан албан түркүн эл келет. Ошондо: «Ногойдон калган кызыл туу, оболотуп аштады, оюнду кызык баштады», — делинет ( 42-бет). «Кыргыздан калган кызыл туу, кыйгыйлаган улуу чуу» (392-бет) болуп айтылган саптар да бар. Бардык уруш-казаттарга кыргыздын колу кызыл туу менен кирет (193-199, 424-425-беттер).

Андан ары. Алмамбет келерде Манас Бакай, кырк чоросу менен Таластын баш жагына — азыркы Үч-Кошойго аң уулап, саятка чыгат. «Ногойдон калган кызыл туу, Байрагы калган жыртылып, Желексиз жүргөн мына бу. Касиеттүү баба деп, Байрак байлап бу тууга, Арнап мага бергин деп», ал жерге Кошойду чакыртат (1058-бет). «Кошой макул алган жер, Бээни союп салган жер, Баатыр Кошой абаңа, Туу байлатып алган жер»,- деп айтылат бул окуя (1061-бет).

Көзкамандар Таласка көчүп келгенде Манас той берет. «Ногойдон калган кызыл туу… Аягын жерге сайылтып, Асабасын жайылтып, Көтөртүп чыгып койдуруп» (1227-бет), аларга урмат көрсөтөт. Көкөтөйдүн ашына да кыргыздар кызыл туу алып, кырк миң кол менен келет (1507-бет).

Сагымбай аксакалда Ногойдон калган кызыл туу абдан арбын айтылат, жаңылбасам кырк- элүү чакты жерде учурайт. Кала берсе Манастын кырк чилтени да кызыл желектүү болот: «Талаага көзүн салганы, Кызыл байрак көтөргөн, Кырк киши чыга калганы»(61-бет).

Саякбай аксакалда Манастын туусу «айчыгы алтын кызыл туу» аталат. Кырк уруулуу кыргыз Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө: «Агала желек, кызыл туу, ыргап көчүп келатат»,- деп көрсөтүлөт.
Манасты Алтайдан келгенде Кошой тосуп алып, Таласка узатат. «Ээ, кулунум, эр Манас… Колуңа алсаң, мубарек, айчыгы алтын кызыл туу, алыша кетип кытайга, абыдан салсаң ызы-чуу, кабылан оозун бурармын, ажалым жетип өлгүчө, туу түбүнө турармын»,- деп айтат Кошой (326-328-беттер).

Саякбай аксакалда айчыгы алтын кызыл туу Манастын чоң атасы Каракандан калган бадышалык желек эмес, көңкү кыргыздын туусу катары көрсөтүлөт.

Он эки кандын бузугунан соң Манас Бээжинге аттанмак болот. «Алты күлүк ат берип, Алакандай кат берип: Абакем Кошой келсин деп, Каканчындын Бээжиндин, чоң бузугун көрсүн деп… Касиеттүү абакем, Бусурмандын кызыл туу, Калың кытай бетине, Кармап берип турсун деп» Кошойду чакыртат (556-бет).

Манас кол курап, Бээжинди көздөй аттанганы: «Баары бирдей күркүрөп, Кан Манастын айчыгы алтын кызыл туу, астына салып жүрүп кетти дүркүрөп»,- деп айтылат (559-бет). «Олуя чапкан жол болуп, Он эки сан кол болуп, Оң менен сол бүт болуп… Айчыгы алтын кызыл туу, Алдына кармап жүрөм деп», ар кайсы уруудан Манаска аскер кошулат (561-бет).

Чоң казатта Манастын кошуунуна Алмамбет колбашчылык кылат. Бу көрүнүш: «Ошондо Манас көк жалдын, Арсландай көзүн жайнатып, Каарлантып, булкунтуп, Бээжинди көздөй жулкунтуп, Кызыл туусун карматып, Чогуу койгон бир жерге»,- деп баяндалат (774-бет).

Акырында Жусуп Мамай аксакалдын вариантынан да эки-үч кесим үзүндү келтире кетели.

Жусуп манасчыда Орозду Жакыптын атасы делинет. Ороздунун он уулун Алооке ар жакка таратат. Ошо «Ороздунун кызыл туу, Жакып байда бар болчу, Айчыгын алтын тактырды, Манастын атын жаздырды, Көтөрүп жоого баргын деп, Кыргыл чалга тапшырды»,-деп баяндайт манасчы (52-бет). Жакыптын кызы Кардыгачтын күйөөсү — каракалпак ханына жардамга Бакай баштаган кырк чоро «кызыл желек туу менен» келет (80-бет). Чоң казатка да кыргыздын колун Алмамбет айчыгы алтын кызыл туу менен баштап барат (260-бет).

Экинчи кайбат: Манасты хан көтөрүшкөндө кызыл тууну алып келишет. Буга Бакайдын ачуусу келип, ханды кантип кан түстөнгөн туу менен ырымдасын, көк тууну алып келгиле деп айтат…

Мындай ырастаманы негизинен журналисттер, айрым авторлор таркатышты.

Каяша. Биринчиден, эпостун биз көрсөткөн үч вариантында тең мындай эпизод дегеле жок. Муну авторлор кайдан, кайсы «Манастан» алышканы белгисиз. Сагымбай аксакалда Манаска жыгалуу бөрк кийгизишип, хан көтөрүшкөндө Жакып Ногойдон калган кызыл тууну аштап, тогуз күнү той берет (137-бет). Экинчиден, Бакай Манастай эле Ногой хандын карачечекей небереси, анын атасы Бай менен Жакып бир атанын балдары. Анан кайдан жүрүп Бакай өз чоң атасынын туусуна каршы чыкмак эле. Тетирисинче, бир катар казаттарда, анын ичинде кыргыздар Алоокеге аттанганда Бакай ошо «Ногойдон калган кызыл тууну» өзү кармап, кол баштап барат.

«Манастын»туусуна байланыштуу жаңыдан «токулган»башка да жомок-жорун сөздөр бар. Бул тууралуу келерки макалада кеп кылалы.

Эсенбай Нурушев, “Де Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 28.02.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий