“Манасты” өзбекчеге которуп жатканда айкөл Баатыр түшүмө кирип жүрдү”

Малика Камилова эже Ош шаарында туулуп, өмүр сүрүп келет. Ал орто мектепти аяктап, Анжиандагы педагогикалык институттун филология факультетинде окуйт. Аны бүтүргөндөн кийин өзү окуган Фурхат мектебине кайра келип, аерде 21 жыл иштеген. 1987-жылы облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун өзбек тили жана адабияты кабинетинин башчылыгына сунушташып, ал жерде ашык-кеми жок 18 жыл иштеп ардактуу эс алууга чыккан. Бош убактысында ыр жазат, котормо менен алектенет. Малика эже өткөн жылы эл жазуучусу Мар Байжиев тарабынан кыскартылып түзүлгөн “Манас” эпосунун вариантын которууга бел байлап, аны иш жүзүнө ашырды. Биз жакында Малика эжеге жолугуп, аны сөзгө тарттык.

– Малика эже, сиздин “Манас” эпосуна кызыгып калууңуз кайдан башталган?
– 1964-жылы Өзбекстандын атактуу акыны Миртемир которгон өзбек тилиндеги Саякбай Каралаев­дин вариантындагы “Манас” эпосу колго тийип калды. Бир кызыксаң, берилип кетет экенсиң. Көз алдыма ошол кездеги кыргыз элинин өткөн учурдагы жашоосу, жоокерчилик замандагы чет жактан келген душмандарга каршы күрөшү, башка эл менен болгон достук мамилеси, чоролорунун каармандыгы тартылып, бул чыгармага кызыгуу, аны урматтоо сезими жаш кезимден эле пайда болгон. Эпосто Манастын атасы Жакып аны Ошпурдун (тактап айтканда Ош пирим) колуна тапшырып кеткендиги айтылат эмеспи. Ошол эпизоддон улам “Манас баатыр жаш кезинде Оштогу касиеттүү адамдын колунда жүргөн тура” деп түшүнчүмүн.

Кийин мектепте иштеп жүргөндө кыргыз тили жана адабиятынан сабак берген мугалимдер менен “Манас” эпосунун сюжети, формасы, идеясы, анын каармандары тууралуу пикир алышып, айрым учурда талашып калчумун. Алар мага таң калышчу, бирок “Манас” эпосун жакшы билгендигим үчүн мени абдан урматтап, сыйлашчу.

1987-жылы Сагымбай Орозбаковдун өзбек тилиндеги варианты атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кириш сөзү жазылган Султан Акбарийдин котормосу менен Ташкенттен чыгып калды. Аны да ушунчалык берилип окудум. “Манас” эпосун улам окуган сайын анын табышмактуу сыры кенен ачыла берет эмеспи! Анда көп кырдуу турмуштун бардык жагы чагылдырылган. Айтор, “Манас” эпосу жөнүндө кеп баштасаң бир күн, бир ай убакыт аздык кылат. Манастын чоролору Чубак менен Алмамбет чатакташып калганда аларга таарынып, тескери карап жатып алганда, берки экөө тең өз каталарын мойнуна алып, уялганынан өздөрүн коерго жер таппай калган учурду же бешиктеги жаткан Семетейди колуна алгандан тартынып, камчысын анын маңдайына тийгизип, аны терең жыттап алган учурду мисалга алалычы. Эмне деген тарбия, эмне деген чоң философия! Бир сөз менен айтканда, окуган, билген, түшүнгөн адам үчүн эпос түгөнбөгөн чоң кенч, казына.

– “Манасты” өзбек тилине которууга эмне себеп болду?
– Жогоруда айттым го, “Манастын уулу Семетей” драмасын бир нече жолу барып көрдүм. Аны ойногон актерлор да мени таанып калышкан экен. Өткөн жылы Бишкекте Манас күнү өткөрүлүп, ага каты-шууга Бабур академиялык өзбек музыкалык драма театрынан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Самида Халматова тандалып алынат. Ал Каныкейдин образы аркылуу сүйүү эл достугуна данакер боло тургандыгын чагылдырган эпизодду аткарат. Бул мааракенин уюштуруучусу драматург Мар Байжиев анын аткарган ролуна жогору баа берет. Ал Самидага “Манас” эпосунун өзү кыскартып түзгөн вариантын жана анын ташкенттик жазуучу Учкун Назаровдун өзбек тилине которулган китепти көрсөтөт. Самида ага: “Ошто “Манас” эпосун абдан жакшы билген Малика Камилова деген эже бар, өзү ыр жазат. Кыргыз акындарынын ырларын өзбекчеге которуп жүрөт, Учкун Назаровдун которгон китебине кошумча киргизип, аны түп нускага жакындатып которгонго дарамети жетет”, – деп айтат. М.Байжиев ага бул эки китепти берет. Самида Халматова Ошко келип, бул китептерди мага бергенде бир жагынан сыймыктансам, экинчи жагынан кооптондум. “Учкун Назаров мыкты жазуучу, белгилүү кинорежиссёр болсо, андан талашкандай боломбу…” деген да ой кетти. Мен билгенден “Манастын” айрым бөлүктөрүн оштук Турсунбай Адашбаев, Абдугани Абдугафуров сыяктуу белгилүү жазуучулар өзбек тилине которгон болчу. Бирок, мага ишеним көрсөткөн адамдарды уят кылбоо үчүн жооптуу ишти аткарууга бел байладым.

– Которуп жатканда кыйынчылык кезиктиби?
– Мурда кыргыз акындарынын ырларын өзбек тилине которуп жүргөн тажрыйбам бар болсо да, “Манаска” келгенде сүрдөп алдым. Бул иш айтууга оңой болгону менен жасай келгенде абдан эле кыйын экен. Нукка түшүп алгандан кийин бир аз оңой болду. “Манасты” мурда көп окуганым, эпостун духун сезгендигим, материалды жакшы билгендигим абдан чоң жардам болду, себеби, которуп жаткан саптын маанисин, анда сөз эмне жөнүндө болуп жатканын билесиң да. Анын формасын, идеясын, мазмунун жана уйкаштыктарын сактоого аракеттендим. Ырдын саптык түзүлүшүнүн техникасын бузбоого көңүл бөлдүм.

Манас бабанын руху тирүү экендигине ынандым. Силерге калп, мага чын, кыйналган күндөрдө зоот кийим кийген Манас баатыр Аккуласын минип, аскер куралдарын кармап түшүмө кирип жүрдү. Кээ бир түшүмдө оозума сүтпү, айранбы же… кымызбы билбейм, айтор, ак ууртап чыгам. Ошондой түштөрдөн кийин уйкаштыктар катары менен келет дейсиз… Котормо ойдогудай чыкканда андан алган канагаттанууну сөз менен айтып жеткирүү кыйын.

Мен компьютер менен иштегенди билбейм, чыгармаларды кол менен жазам. Бабур академиялык өзбек музыкалык драма театрынын жамааты мага моралдык жактан колдоо берип турушту. С.Тажиев, Р.Махмудова менин кол жазмаларымды компьютерге түшүрүп беришти. Аны Ош шаарында жашаган Турсунбай Адашбаев баш болгон өзбек тилинде жазган акын, жазуучуларга көрсөттүм. Баары жакшы пикирин айтышып, мени ого бетер эргитишти. Котормону Ош облустук “Уш саодасы” гезитине алып барып көрсөттүм. Басылманын башкы редактору М.Исмаилов менен анын орун басары А.Махамаджановго ыраазымын, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына карата менин котормолорумду гезитке басып турушту. 15 миң сапка жакын бул вариантты 6 айдын ичинде которуп бүттүм. Ал “Уш саодасынын” 20 номерине жарыяланды.

– Сиздин чыгармачылыгыңызга үй-бүлөңүз кандай карайт?
– Менин жолдошум Мухамадамин аскердик медициналык бөлүктө көп жыл кызмат кылып жүрүп, эс алууга чыккан аскер адамы. Чыгармачылык аракетиме тоскоол болбойт, аны ар тараптан колдоп турат. 2 уул, 2 кызым бар. Кудайга шүгүр, алар өздөрүнүн турмуштары менен. 9 неберебиз бар. Кичүү уулубуз колубузда. Ата-эне үчүн мындан өткөн каниетчилик барбы.

Ачыгын айтыш керек, менин бул аракетимди айрым адамдар жактырышкан жок. Бирок, өзбек тилинде окуган балдар кыргыз элинин дүйнөдө теңдеши жок ушундай баалуу адабий мурасы менен тааныш болгону жакшы эмеспи. Ал эки элди бири-бирине жакындатып, достугубузду бекемдей тургандыгына ишенем.

Келечекте бул котормону өзүнчө китеп кылып чыгарайын деген максат бар. Бирок, ага каражат керек, пенсиядагы адамдардын чамасы чакталуу экендиги түшүнүктүү. Ар бир пенде үмүт менен жашайт эмес­пи. Балким, өзбек же кыргыз элинин ичинен чыккан “Манас” эпосун кадырлаган, сыйлаган адамдар менин аракетимди колдоого алып калаар деген ойдомун.

Жакында эле телевизордон Москвада Манас баатырдын эстелиги тургузулгандыгын, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин катышкандыгын көрүп, Кыргызстандын жараны катары абдан сыймыктандым. “Манас” эпосун окуган адам андан көп баалуулуктарды табат. Башкаларды да ошого чакырат элем.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, “Кыргыз Туусу”, 09.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий