Мамлекеттик тилде окутуу — маанилүү маселе

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде кыргыз тилдүү мектепти бүтүрүп келген айрым студенттер орус тилинде окугандыктан сабактарды өздөштүрүүдөн кыйналып жатышат. Факультеттерде окутуу негизинен орус тилинде гана жүрөт. Университеттин жетекчилиги өз кезегинде студенттердин кыргыз тилинде окутууга мүмкүнчүлүктөр бар экенин билдирүүдө.

Ала- Бука районунда кыргыз мектепти бүтүрүп келген Айбек техникалык университетке тапшырып өткөн биринчи күндөн баштап эле орусча окуп келатат. Ал азыркы учурда экинчи курстун студенти. Эки жылдан бери сабактар орус тилинде болуп жаткандыктан, жетише албай кыйналып жатууда. Ал түгүл орусча билбегендиги үчүн бир курдай мугалимдерден тил угуп калганын да айтат.

“Бир күнү лекцияда беш же алты тайпа биригип сабакта отурганбыз. Лекция учурунда агай “Ким орусча түшүнбөйт, колуңарды көтөргүлө” деди. Мен орусча түшүнгөндүктөн колумду көтөргөн жокмун. “Ким орусча сүйлөбөйт” дегенде мен колумду көтөрдүм. Себеби мен чын эле сүйлөй албайт элем. Анан агай мага кайрылып: “Тур ордуңдан.  Орусча билбесең сен эмнеге ушул окуу жайга тапшырдың”,- деп кыйкырды. Мен сүйлөгөн жокмун, башымды жерге салып эле туруп калдым. Бир кезде группалаштарым менин таламымды талашып агайга жабыла  айтышты, ал жакшы окуйт, түшүнөт деп. Агай “болду-болду… адвокаттарың аябай көп го” деп лекциясын окуп кетти,”-дейт Айбек.

Борбор шаардагы жогорку окуу жайларында окуп жаткан көп студенттер айыл жеринен келгендер, кыргыз мектебинде окуп келгендер. Айылда орус тилинен сабак берген мугалимдер көбүнчө сүйлөгөндү эмес, грамматикалык эрежелерди үйрөтөт. Ошол себептүү айыл жеринен чыккан жаштар орусча сүйлөй албайт, орус тилинде сабак окугандан да кыйналышат. Бишкектеги окуу жайларында сабактар негизинен баягы совет мезгилиндегидей эле орус тилинде жүргүзүлөт. Анткени кыргызча которулган окуу китептери аз, мугалимдердин кесиптик даярдыгы да орус тилинде болуп калган.

Ошол себептүү жогорку окуу жайларында мамлекеттик тилде билим берүү эгемен өлкөнүн турмушунда ургалдуу маселе болуп саналат. Көп окуу жайлардын отчетунда окутууну мамлекеттик тилге которуу боюнча бир катар иштер жүргүзүлүп келатканы айтылат. Бирок каражат өп-чаптыгынан бул багыттагы иштердин үзүрү анчалык көрүнө элек сыяктуу.

Мамлекеттик тилде билим берүүнү жүргүзүү жолундагы кыйынчылыктар жөнүндө КМТУнун социалдык иш жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору Белекова Гүлмира мындай деп билдирди: “Биринчиден мамлекеттик тилде көп терминдер, китептер, колдонмо каражаттары жок. Экинчиден, мамлекеттин өзүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө анча көңүл бурулбай жатат. Негизи мамлекеттик тилде окутуу боюнча пландар бар. Бизде мамлекеттик тил кафедрасы бар, алар орус тилинде окуп келген балдарды жана ар башка улуттун балдарын  кыргыз тилинде окутат. Алыс жактан, айыл жергесинен келген балдар, көбүнчө орус тилин билбеген, сүйлөбөгөн балдар бар, аларга атайын кыргыз тайпаларды уюштуруп, сабактар аларга кыргыз тилинде өткөрүлөт. Ар кайсы факультеттерде мугалимдер бар. Алар китептерди которушуп атайын кыргыз тайпалар үчүн кыргызча сабак өтүшөт. Каражаттын жетишпегендигинен биз аларга көмөк көрсөтө албай жатабыз. Эгер студент кыргыз тилинде окугусу келип, арыз жазышса биз аларга кыргыз тайпаларын түзүп беребиз. Бирок ал балдар орус тилин да билиш керек.”

Өлкөдөгү мыйзамдар боюнча студент кайсыл тилде окуганды өзү тандап алууга укугу бар. Кыргыз тилин же орус тилин билбегендиги үчүн студенттерди басмырлап же жемелегенге жол берилбейт.

“Эч убакта баланы “сен орус тилин билбесең эмнеге бул жерде окуп атасың” деп айтканга эч кимдин укугу жок. Ал мугалим кайра өзү которуп келип студентке түшүндүрүп бериш керек”,-дейт Гульмира Белекова.

Демек, студент эгер орус тилинде окуудан кыйналып жатса, кыргыз тайпага которулуп окуганга укугу бар. Бир гана өзүнүн каалоосу менен окуйм деп аракет кылып, тийиштүү окуу жайдын жетекчилерине кайрылуусу керек. Эки жылга чейин которулуу жөнүндө ректоратка арыз менен кайрылса болот, ал мөөнөттөн кечиксе жана окуудан чыгып калса ага кафедранын да, ректораттын да күнөөсү жок.

“Эгер бала акылдуу болсо, билим деңгээли бар болсо, мамлекеттик тилде окугусу келсе, алгач тайпа жетекчисине, ага болбосо кафедра башчысына, деканга, проректор жана ректорго чейин кайрылса болот. Экинчиден, эч ким анын укугун алган эмес. Эгер окуйм десе арыз жазсын, биз жардам беребиз жана ал каалаган кыргыз тайпаларын ачып берүүгө даярбыз”,- деп айтты проректор.

Ушул мезгилге чейин аталган университетте технология, энергетика, механика, транспорт жана машина куруу факультетинин студенттери кайрылып кыргыз тилдүү тайпаларга которулган учурлар болгон экен. Университетте азыркы учурда кыргыз тилинде окуган жыйырма бир тайпа бар. Бирок кыргыз тайпаларына которулуп окуу мүмкүнчүлүгү бар экенин бардык эле студенттер биле беришпейт көрүнөт. Ошондуктан бул жерде студенттердин укуктары жана милдеттери жөнүндө маалымат жеткиликтүү болбой жатканы жөнүндө маселе келип чыгууда.

Эльвиракан Калыбекова, КМТУнун башкаруу жана бизнес институтунун
экономикалык журналистика факультетинин студенти,
Journalist news

Соц тармактар:

Добавить комментарий