Марат Токоев

1970-жылы Бишкек шаарында туулган. Бишкектеги аскерий лицейди аяктагандан кийин 1989-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин физика факультетине өткөн. Университетти аяктагандан соң 3 жыл борбордогу №5-мектепте мугалим болуп иштеген.

1997-жылдан баштап журналистика тармагында эмгектенип келет.

Эки тилде жазат. Ырлары айрым республикалык гезит журналдарда жарыяланып келет.

 

Марат Токоев жана анын чыгармачылыгы тууралуу

“Борбордун” көңүл борборунда – маданият, адабият, тарых, салт-санаа…

 

Ырлар

АНТКЕНИ

Ырларымдан издебе Гармонияны.
Табыш кыйын, оор аны.
Анткени жан-дүйнөмдүн тоомунда
Бийлик кылат душманы “Дис-” 1
Ооруган тиш
Бийлик кылгандай ойлоруңа:
“Зырп” этсе, шамал кулу жалбырактай
Чачылат ойлоруң ар-тарапка.

Бирок да таарынбайм да, өкүнбөйм
Тагдырыма чыгарылган бул өкүмгө.
Анткени жапайы да, азоо да
Ыйлатып, термелткен теректи
Куюн да керектир,
Жел гана эмес үйрөтүлгөн жашоодо:
Кээде керек сезимдерди көнүмүшкө
Багындыртбас акын — АНТИ мүнүшкөр.
30.12.1995


1 (гректин dys, латындын dis деген сөздөрүнөн) кыйналууну, бузулууну, бөлүнүүнү, жоготууну билдирген сөз алдына келүүчү сөз бөлүгү (мисалы, диссоциация, дисгармония, диспропорция, дизурия).

 

* * *

Күн алдында көз карыткан аппак жер
Жаңы жылга белек сымал Кудайдан.
Ак белектин күзөтчүсү тентек жел
Ойногондой мени менен жашынмак
“Мен мындамын, эй!”, — дегенсип бутактан
Күбүп кетти бубак карды башыма.

Кыймылдабай, ушул карды жамынып,
Окшоштурам өзүмдү бир даракка
Табигатка сезгим келип жакындык.
Бекер үмүт. Чоочун бойдон калдым мен –
Ортодогу көрүнбөгөн жарака
Азиз жанга аттап өткүс чоң экен.
26-27.12.1994

 

КӨЛЧҮКТӨР

Асмандын үзүктөрү
Караарып жерде жатат.
Күзгү болуп күздүн өртүн
Чагылтуудан катуу тажап.

Эмнеге ал умтулду
Жаан болуп төгүлүүгө?
Тапканы – адам буту
Санаа салган көңүлүнө.

Кайра эңсейт көк асманды,
Жашоосун жыргал, эркин.
Ызасынан бычыратты
Чагылышын ак теректин.
11.11.1994-01.2009

 

* * *

Кандай досум? Шыйпаңдатып куйругуң
Менден, байкуш, бир нерсени сурайсың.
А көзүңдө ишенбестик, кайгы-муң.
Келчи жакын, теппейм сени, урбаймын.

Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Сен караба, менин адам кейпиме.
Чыгаралбай эч ким укпас бугумду
Сендей гана жалдыраган итмин мен.

Келчи жакын, айга чогуу улуйлу.
Орусча айтсам: “Будет вместе веселей”.
Жалдырайсың шыйпаңдатып куйругуң,
Сен да мага ишенбейсиң кенедей.
05.1997

 

* * *

Асман бетинде сейилде
Ай орогуна илинип
Араң бошонду ак булут.

Эркин жашоодо билбеген
Эмне экени буулугуу
Болгон кайгысы ушудур.
06.05.1995

 

* * *

Жер өлүктөй кепинделген ак карга.
Күн араң жан боз асманда үлбүрөйт.
Дарак суроо белгисиндей, а карга
Бутагында үтүр болуп үргүлөйт.

Бирок дүйнө издегенин акыры
Кубанычсыз бул суздуктан тапкансып
Мемиреп тынч. Айлананын ак ыры
Уйку менен дүйнө бетин жапкансыйт.
04-05.03.1994-2010

 

* * *

Таңгаласың “Үшүбөйсүңбү-, деп,
— Неге жеңил кийинип алгансың?
Күндү суугун карачы: шөмтүрөп,

Жаан-шамалга жанчылып, сабалып,
Дүйнө жатат бир байкуш, асмандын
Аёо билбес каарына калгансып”.

Таңгаласың. Билбейсиң себебин
Турганымдын туйбай суук азабын.
Сууган жүрөк күн суугун сезеби?
29.04.1993-06.10.1999

 

ЖАЛГЫЗДЫК

Басёнун каргасындай жалгыздык
Шоңшойот жан-дүйнөмдүн багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган суз асмандын алдында.

Жымжырттык. Кээде гана угулат
Шамалдын үшкүргөнү кайгылуу,
Оодарып жалбырактар барагын
Ачкандай жок экенин кайрылуу.

Кайрылуу эсил кайран күндөргө
Аянбай жүрөк жанган жалбырттап.
А бүгүн кайырчыдай жүрөгүм
Башканын жалынына жалдырайт.

Басёнун каргасындай жалгыздык
Шоңшойот жан дүйнөмдун багында,
Жылаңач бутактары каржайып,
Суналган суз асмандын алдында.

 

КОРООДО ӨСКӨН ЖАЛГЫЗ ДАРАККА

Төрт тарабың сенден бийик дубалдар,
Күн шооласын тоскон сага жеткирбей.
Жалдырайсың аянычтуу, жетимдей –
Эч бир жан жок бул капастан куткараар.

Курчоосунда муздак бетон дубалдын
Элестеткен тунжуроонун эзүүсүн
Жалгыздыктын символунун өзүсүң
Катып калган тиктеп бетин асмандын.

 

* * *

Итти көрдүм
Өлүп жаткан көчөдө.
Жансыз көздөрү
Өткөндөрдүн
Этектеринен тарткылап
Сурагансыйт аянычтуу:
“Токточу, айтчы,
Бул өлүмбү?”
Жабык бирок
Жан-дүйнөгө эшиктер.
Кайдыгер,
Жийиркенген көз караштар
Өтөт аны чаап бет талаштыра.
Асман
Бүт оордугу менен
Кулагансыды жүрөккө.
А болгону итти көрдүм
Өлүп жаткан көчөдө.

 

* * *

“Эрте жазда өлүм арбайт өзгөчө”.
Бүтпөй калган бир ырымдын баш сабы.
Негедир ал бүгүн келип эсиме
Кетпей койду. Улам-улам шыбырайм,
Жансоогалап келтиргенсип келмени:
“Эрте жазда өлүм арбайт өзгөчө”.
Таң маалдагы түшүмдөнбү? Мага окшош
Закым элес караңгыдан унчукпай
Басып келип, карап алып көзүмө
Дагы унчукпай бурулду да жок болду.
Жүрөк сезди ким экенин бул караан.
Жер жарылып урабады үмүттөр,
Мас кылган да кубаныч жок. Бир гана
Муздак колдуу ага бирөө тийгендей
Түштү жүрөк көз ирмемге чыйрыга.
Көзүм ачсам күндүн нуру шыкаалап
Кечиккен жай “Жүр”, деп жаңсайт көчөгө.

 

* * *

Жүрөгүм – паровоз.
Жылдардын канчасын
Вагондордой чиркештирип
Сүйрөй алат болду экен
Станцияга чейин акыркы
“Өлүм” деген?
Кандай болот күүсү
Дөңгөлөктөрүнүн?
Шаңдуубу?
Же кайгылуубу – күңгүрөгөн?
Билбейм.
Жөн гана жашап келем
Аткарып болушунча
Жараткандын буйругун
“Жаша, — деген, —
Ырлар менен
Узартып өмүрүңдү”.

 

ОН БЕШ ТЫЙЫН

Чыйрыктырган таң алды.
Ишке шашып баратам.
Жол четтеги боз чаңдан
Он беш тыйын таап алдым.

Кайра келбес күндөрдүн
Бир сыныгы, калдыгы.
Тоголотту кайгыны
Түпкүрүнө жүрөктүн.

Бала кезде сүйүнчүм
Он беш тыйын таап алсам.
Анда ага бүт аалам
Келчүдөй, эх, көрүнчү.

Акыркысы жылдыздын
Жаңы таңга багынды.
Колго катып тыйынды
Ишке кайра шашылдым.
27.03.97

 

* * *

Кат-кат кийимдерге
Таш бакадай жашынган адамдар
Качкандай сууктун илешчээк колунан,
Чоочулап да жылгаяктан
Чуркашат тамтаңдап
Жаңы баскан баладай.
Ааламда баары алмашып орундарын
Дарактар да жерди карай өскөнсүйт –
Каржайган бутактары тамырлардай
Кучактайт жетимсиреген асманды.
Суук кол мыкчыгандай жүрөктү
Кандай көңүлсүз көрүнүш!
Көз жашың да тоңуп, муз болуп
Кулай албайт көзүңдөн.
Бир гана алыс жер түйшүгүнөн
Асман коноктору – күмүш чымындар
Бейкапар бийлешет абада.
18.02.94-8.01.97

 

АПТАП

“Я чувствовал только, как бьют
у меня во лбу цимбалы солнца…”
А. Камю (“Посторонний”)

Ойно, Күн, ур. Башым сонун добулбас.
Меникиндей үнү катуу табылбас.
Добуштары асман-жерди жаңыртат.
Мээде кызык элестерди жаратат:
Көпөлөктөй качып менден көлөкө,
Күн нуру жаайт нөшөр жаандай көнөктөп,
Адамдыгың жуулат жаман боёктой.
Жарым жаның тирүү туруп тозокто.
Шоргологон чөлдөй ысык беттен тер –
Толкундарда жол издешкен кербендер.
Кадамдары мыктай мээге кадалат,
Окугандай узун ырды кайталап
“Ап-тап, ап-тап, ап-тап, ап-…”

 

ТҮНКҮ ЧАБУУЛ

Кыш күндүзү күнгө алдырган жерлерди
Кайтарам деп катуу коюп максатты
Коюу түнгө жашырынып жиберди
Үнсүз учкан аскерлерин – десантты.

Тынч, бейкапар айлана уктап жатканда
Жаап жатты кар түнкү абада жай бийлеп
Чатырларга, кара жолго… мага да
Бул чабуулга күбө болгон капилет.
01.2009

 

БИЛЕСИҢБИ

Билесиңби, мен көнүпмүн
Баш көтөрбөй жашаганга.
Жаз келгенин билдим бүгүн
Нөшөрлөгөн жаан жааганда –
Тамчылары алма-өрүктүн
Бариктерин күбүп бүтүн
Бут алдыма таштаганда.
07.04.2009-ж.

 

КӨЧМӨ СЮЖЕТ

Мына келдим. Күтпөгөн чыгарсың —
Өчкөнсүдү заматта чырайың.
Сураганың айткандай аткардым.
Колумдагы – жүрөгү апамдын.
Жер көчкөнсүйт. Алсаңчы, батырак.
Жаңырыктай тоодогу жаңырат
Кулагымда жүрөктүн аёосу
Кулап кетсем чалынып байкоосуз.
Кечир, мен да кетейин. Кечиктим.
А Кудайым сени өзү кечирсин.
Баратканым эмнеге билчүмүн,
Акыл, жүрөк болучу ордунда.
Баарын кылдым жалгыз сен, сен үчүн
Эчак өлүп, жан кечип ойумда.
08.12.1994

 

АЙТА ГОЙ

Айт, айта гой сөздөрүңдү
Уулуу тикен.
Көөдөнүң тепкен
Бугуңду чыгарып ал.
Жүрөгүм алп.
Чыдайт.
Көтөрөт.
Анткени ал
Сени мындайыңда да
Жакшы көрөт.

 

* * *

Көздөрүң сенин – Жашыл арал,
Бейиштин төрү жомоктогу.
Тескери согуп тагдыр-шамал,
Отуз жыл сага жолотподу.

Адаштым башка аралдарда,
Чачылдым, сындым, кейпим кетти.
Жүрөктө жалын аз калганда
Тагдырым сага айдап келди.

Тескери соксун тагдыр-шамал –
Кайрууга болбойт жоголгонду.
Кыялда калсын Жашыл арал,
Бейиштин төрү жомоктогу.
2005-2008

 

Үч саптар

Көпкөк көлмөдө
Ак куу сүзөт беймарал…
Жаздын ак таңы

 

* * *

Кышкы түндүн жанды талыткан
Узактыгын мурда сезбепмин.
Бош ордуңду колум сыйпалайт.

 

* * *

Кыш кечи. Саат согот: “Чык-чык, чык-чык…”
Угулат негедир “Чык-кын, чы-лык…”
Жүрөгүм бушайман актаналбай.

 

* * *

Мына дагы бир күн кетти чиркелип.
Ар бир күнүм жашоо болду чиркейлик —
Төрөлүп мен кечте кайра өлөмүн.

 

* * *

Бүткөн бою титиреп
Көлчүк үнсүз кыйкырат
Кетсе бирөө тепселеп.

 

* * *

Аяп үшүгөн жерди
Дарак жалынын берди
Өзү жылаңачтанып.

 

* * *

Чаңырыгы баламдын
Кубалап жүрөт бөлмөдө
Безилдетип уйкумду.

 

Светлана Суслованын ырлары

КИЧИНЕКЕЙ ЖҮРӨК

Мөңгүдөн сууга чейин айгайлаган –
Тянь-Шаным чексизикке берет айбат.
Жоондугу үч кулачтай карагайлар
Жүрөккө кичинекей кантип батат?

Унутпай кантип сактайт Тянь-Шанымдын
Жаздагы жыпар жыттуу ар-бир саатын,
Ар бирин бүктөмдөрдүн, бырыштардын,
Ным жыттуу алакандай жалбырактын?

Кантип ал жетише алат байкаганы
Уктабас гүлдөрүмдүн көз жаштарын,
Асмандын жайкы таңда агарганын,
Шедеврин көзирмемдик булуттардын?

Тянь-Шаным, миң кубулган сыйкырчысың,
Тойго жөн чакырбадың жүрөктөрдү:
Муштумдай жүрөк – аалам уч кыйырсыз,
Жүз жолу батыра алат бүт дүйнөнү.

 

ЖОМОКТУН АЯГЫ

Бакыт деген жомоктун аяк жагын
Таба элекмин али да, унуткарып.
Эрий элек көк муздан хан сарайың,
Сүйүү дагы кете элек муңга салып.

Кумга сиңип жок болоор дарыядай,
Мунарыктап алыстайт келечегиң…
“Укта гой…” деп шыбырап кулагыма
Жылуу шалын жабасың энекемдин.

Бирок да мен көк муздан коргонумда
Шекке батып изденем, өжөрлөнөм:
Канткенимде бул жашоо уланчудай
Бир башталган жомоктой, эч бүтпөгөн.

 

* * *

Берчи мага кең талаа,
Берчи мага күлүгүң,
Шамал калсын аркамда,
Жетпегенге күйүнсүн,
Ат жалынан мыкчысын,
Муздак ичке манжалар…
Тээ алыста калышсын
Закымдашып куюндар.
Шүүдүрүмдүү ак таңда,
Атып чыгам короодон, —
Калсын биздин армандар
Аткарылбай сөз бойдон.
Качкым келет безилдеп
Сенден алыс белеске,
Калса деймин эсимде
Жаркын гана элестер.
Ушунчалык кыйынбы?
Мен үчүн да, мен үчүн!?,
Жаным, бактым, ыйыгым,
Берчи мага күлүгүң.

Соц тармактар:

Марат Токоев: 1 комментарий

Добавить комментарий