Сөз маданияты

Сөз деген эмне, сөз маданияты деген эмне? Төрөлүп, тили чыгып, өмүрүнүн соңуна чейинки тирүүлүк адам баласында сөз менен коштолгондуктун өзүндө сөздүн чексиздик мааниси айтылып туру. Улуу сөз, улама сөз, учкул сөз, накыл сөз, макал-лакап сөз, кеп-кеңеш сөз, жыйындагы сөз. Атай берсек, дагы далайга чейин уланат. Жакшы сөз жанга кубат. Орду менен орундуу айтылган сөз — жаназык. Көңүлдү жабыркаткан сөздөр да чыгат адам оозунан. Сөздүн эң зыяндуусу – бурмаланып айтылган чындык. Сөз кадырына жете билүү, уга билүү, айта билүү – адамдык өсүп-өнүгүүгө өзөк.

Көл элинде Аке делип даңазалангандардын жоон тобун Тилекмат аке тамашалап: “Усталардан дат калат, молдолордон кат калат, силер эмне, өлүп эле тим болосуңарбы” десе Сарт аке айткан тура: “Усталардан дат калса, молдолордон кат калса, бизден, кийинки муундагыларда айтылып калчу сөз калат”, — деп. Ал сөздөр айтылып да, жазылып жүрөт.

Баары, баары сөздөн башталат. Сөз – улук. Улуу сөз өлбөйт. Таамай сөз тарыхтан тарыхка, муундан муунга уланып айтылат, тарбиялык таасирине маани бирилип. Өзүнүн оңдогон жылдар бою окутуучусу болгон Платон менен Аристотельдин ортосунда талаш-тартыш кайчы пикир келип чыгат. Ошондо айтканынан кайтпаган Аристотель “Платонду жанымдай көрөм, бирок чындык андан да артык” дегени – биздин заманга чейинки айтылган сөз. Ошондон берки нечен миң-миңдеген жылдар бою дүйнөлүк эл оозунан түшпөй айтылып келет. Бул сөздүн тарбиялык мааниси албетте – принциптүүлүк, эч убакта чындыктан тайыбагандык. “Өзүң кандай ойдо болсоң ошондой айт. Бирөөлөрдүн оюндагысын көздөөгө көнүп алсаң, анда сен акыры, эки жүздүү кошоматчы болуп тынасың”, — деген тура, кайсы бир аалым.

ХII кылымдын экинчи жарымында XIII кылымдын баш жагында жашап өткөн борборазиялык ойчул, акын Ахмед Йугнекинин 3 нускада Стамбулда сакталып турган“Чындыктар белеги” деген (“Хибат алхакайык”) эмгегинин кол жазмасында: “Өзүңдүн кеп-сөзүңдү сактай алсаң, өзүң сакталасың, эне тилиңерге этият болгула”, — деп жазылган жери бар экендиги айтылып жүрөт.

Болжол менен сегиз кылым мурда жашап өткөн ойчул Кет Бука бабабыз:

“Көгүш тоону кыян жууп,
көрк бузулат сак болгун.
Көсөмдөрүң элди алдап,
көч бузулат сак болгун.
Өзөгүнө өрт таштап,
өз бузулат сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап,

сөз бузулат сак болгун” деген тура.

1972-жылы 10-февралда “Советтик Кыргызстан”, азыркы “Кыргыз Туусу” гезитинин редакциясында Кеңешме өткөрүлүп, Сөз атасы, сөз устаты Хусаин Карасаев атабыз жалпыга маалымдоо каражаттарындагы сүйлөм түзүлүштөрдү талдоого алып, баяндама жасаган эле. “Жаңы суу артериясы” – “Жаңы өстөн” десе болот эле да. Түшүнүктүү болсун, “Өстөн” орусчасы: “оросительный канал, большой арык”. Демек, бул жерде “артерия” эмес, “өстөн” деп алынса сүйлөм өз ордунда болмок да; “Достук контактылар” – “Достук байланыштар” деш керек да; “Жаш муундардын темир канатын жетилтип” дептир – “Темине канатын жетилтип” деш керек. Балапан адегенде темине канат болот, анан тыбыт пайда болот; “Көп миңдеген” дептир – “Нечен миңдеген” деш керек; “Көп сандаган” дептир – “Толуп жаткан” деш керек; “Китепти кымбат баалоочу адамдар” дептир – “Китептин баркын билген адамдар” деш керек эле; “Орундатууну чечтик” дептир – “Орундатмак болдук” дебейби; “300гө жакын өндөрүштүн алдыңкылары” дебей – “Өндүрүштүн 300 гө жакын алдыңкылары” дегенде сүйлөм түзүлүш туура болмок; “Миңдеген ар түрдүү улуттун өкүлдөрү” дебей – “Ар түрдүү улуттун миңдеген өкүлдөрү” дегенде сүйлөм мааниси өз ордун тапмак; 26-январь, кечки саат 7ден өткөн. Радиодон: “Чолпон-Атада ар бир бешинчи кой эгиз тууду” деп атат. Эмне үчүн бешинчи кой эгиз тууйт. Балким, ал беш койдун биринчиси эгиз туугандыр – “Ар бир беш койдун бири эгиз тууду” деш керек эле да.

Улуу адам атайын чыгынып, коошпогон копол сүйлөм түзүлүштөрдү тизмектеп, талдоого алып, баяндама жасагандыгы албетте бекеринен эмес. Сүйлөм сабатсыздык эл оозунда көнүмүшкө айланса, “сөөлөтүнөн ажырап, сөз бузулгандыгы” ошол да.

1694 – 1778-жылдары жашап өткөн Франциялык ойчул Вольтер: “Олуп-чолуп айтылса, омоктуу ойдон да кут качат” дептир. Сөз алсыраса – эл алсыз болбой койбойт экен да.

Хусаин Карасаев атабыз туура эмес сүйлөм түзүлүштөрдү мисал кылып айткан 1972-жылдан бери 40 жыл өттү. Абал өзгөрдүбү, жакшырдыбы? – Жок.

5-январь, 2012-жыл. Теледен алып баруучунун сөзү: “Эт болсо мурунку баасын кармап турат”; “Тазалыкты сактабоо жыл сайын жаман жагына кетип баратат”. Көп жылдар бою Кеминден Чалдыбарга чейинки чоң жол боюнда: “Көңүл бургула, мектеп окуучулары” деп жазылып турат. “Көңүл бургула” деп орусча “вниманиени” сөзмө-сөз которуп алышкан. “Абайлагыла, алды жакта мектеп окуучулары” деш керек эле. А “көңүл бургула” деген сөз кыргызда, кандайдыр бир маселеге, түшүнүк алууга карата айтылат.

Москвада көп жылдар бою орус тил сабагынан абитуриенттерден экзамен алып жүргөн окутуучу атайы иликтеп: “Абитуриеттердин орус тилинин орфографиялык жана синтаксистик сабаттуулуктары кийинки 5-6 жыл аралыгында болжол менен 3-5 пайызга, а стилистика жагынан 10-12 пайызга төмөндөдү” дептир. Минтип жазыптыр: “ Мындай караганда, токтолбой саймедиреп сүйлөшөт. Бирок негедир айткандары копол, кунарсыз, жугумсуз. Сөздү ырааттуу, сабаттуу, таамай айта билүү жөндөмдүүлүктөн жылдан жылга кол жууп бараткан абалдабыз” деген тыянак чыгарыптыр. Бул мисал 1990-жылдардын акырында чыккан “Сөз маданияты” жөнүндөгү китепчеден алынды.

Владимир Путин президент болуп шайланып, эл менен алгачкы жолугушууларынын биринде “берегите прекрасный русский язык” деп ушул маселеге дароо көңүл бура баштаганы – ар бир мамлекет башчылык жоопкерчиликке өрнөк.

Ошол эле жылы, жыл акырында, беш жүзгө жакын журналистер менен жолугушуу өткөрдү. “Каражаттын айынан далай иштер токтоп калууда. Мамлекет тарабынан финансы жагынан колдоого алынса жакшы болчудай” деди журналистердин бири. Путин: “не ждите не будет этого никогда, а если они будут заниматься важнейшими стратегическими проблемами, то будем помогать, государство обязано помогать” деди эле, катышып аткандардын бирөөсү: “ал эмне болгон стратегиялык маселелер” дегенде, Путин: “ это – образование, культура и язык” деп жооп берип атпайбы.

Россиянын түндүгүндөгү тили гана эмес, аты-жөнү орусчага ооп калган элдер да бүгүнкү күндө эне тилдерин калыбына келтирүүдө. Африка континентиндеги колония болуп, тилинен, дилинен алсырагандар: “Өнүгөбүз десеңер өз тилиңерге кайдыгер боло көрбөгүлө” деп ураан чакырып, чоң аракеттер жасалып атканына көп болду.

(Уландысы эмки санда)

Кенжалы Сарымсаков,
Journalist news

Соц тармактар:

Добавить комментарий