Аккордеончон аял

Күн сайын биздин кеңсенин босогосун өнөр адамдары атташат. Өткөндө аккордеонун көтөрө келген Мирлан Баеков “Кызыл өрүгүн” эзилип ырдап кеткен болсо, бул ирет КРнын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева аккордеону менен келип, ырдап кулак сүйүнттү. Бүгүн сиздерге аккордеончон аял сырларын төгөт.

«БЕЛЧЕБИЗДЕН СУУ КЕЧИП ШАЛЫ ОТОЧУБУЗ»
–Мен 1967-жылы 6-мартта Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында төрөлгөм. Жер жайнаган дарбыз-коон, алма-өрүк бышкан жерде төрөлгөнүмө кубанам. Бала кезден сууга белчебизден батып күрүч эгип, шалы отоп, тамекинин арасында чоңойдук. Биздин айылга бир эже совхоздун директорунун катчысы болуп келген эле. Ошол эже сумка көтөрүп, туфли кийип тыкылдап өтчү. “Ушул эжедей болуп туфли киер бекенмин…” деген кыял жашаар эле. Ал убакта шалы отоп, тамеки чаап жүрсөк, өмүр бою ушинтип өтүп кетем деп корксом керек да.

5-класста дүкөнчү болом деп чыктым. Дүкөндө шоколаддардын турганын көрүп, “дүкөнчү болсом, ошолорду сатып албай жейт элем” деген үмүт экен да. Сыягы, бала кезде таттууга организм канбай калса керек.

«ЖҮГӨРҮНҮН АРАСЫНА КИРЕ КАЧЧУМУН»
–Куршабда музыкалык мектеп ачылып, 4-класстан баштап анда окуп калдым. Биздин айылдан Куршабга чейин 3 чакырым. Жолдун алыстыгына карабай ошол жакка каттачумун. 6 күн сабак болсо, 3 күнүм жолдо өтчү. Анда тартип катуу эле да. Кыздар совети деген бар болчу. Автобустар каттаса каттайт, каттабаса жок. Мугалимдер “Нарбаева, сен көчөдө эле жүрө бересиң!” деп урушушчу. Жолдун бир жак четине жүгөрү, бир жагына тамеки эгилген болот. «Нарбаева жолдо жүрөт» деп чогулушта айтпасын деп, алыстан караан көрсөм, тамеки же жүгөрүнүн арасына кире каччумун. Караан өтүп кеткенде карап, мугалимим эмес болсо, жинденип, “бекер жашындым” дээр элем. Ошентип, мектепти, музыкалык мектепти да ийгиликтүү бүттүм.

«БИР БӨТӨЛКӨ ШАМПАН ИЧИП МАС БОЛГОМ»
–Улуу агам Ташкентте окугандыктан, “музыкалык билимиң бар, аны улантышың керек” деп Ташкенттеги Театралдык институтка алпарды. Ташкенттемин. Кыргызстандагы өзбектер менен ташкенттиктердин тили таптакыр окшошпойт экен. Сөздөрүнө түшүнбөйм. Биринчи эле өзбек адабиятынан экзамен болду. Мага “Хамза Хакимзаданын хикоялары” (ырлары)деген билет келди. “Хамзаңарды кинодон гана көрбөсөм, билбейм” дедим. Чын да, өзбек эмес, кыргыз адабиятын араң окугам. Анткени биздин убакта окуу аз эле, жайында чөпкө, сентябрда пахтага айдашчу. Советтик окуучуларды окууга караганда эмгекке үйрөтүшчү эмес беле. Төрт теманы бир өтсө, кантип жетишмек элек? Анан “кайдан болосуң?” деди.“Кыргызстан, Ош, Өзгөндөн” десем, “Ошту, Чыңгыз Айтматовду, Өзгөндүн күрүчүн билебиз” дегенинен Айтматов тууралуу, өзгөн күрүчү жөнүндө айтып берип койдум. Атайын келипсиң деп “3” коюп чыгарышты. Экинчи сынакта өзбек тилинен дил баян жазыш керек экен, “2” алып, өтпөй калдым. Айылга кайтып барыштан уялдым.

Агам Жалал-Абад Маданият техникумуна киргизип койду. Техникумдан үйлөмө аспаптар оркестри боюнча 4 жыл билим алдым. “Техникумга мугалим болуп кал” дешкенде ата-энем уруксат бербей коюшкандыктан, Өзгөндөгү Ленин атындагы №2-мектепте иштеп калдым. 4 жыл катары менен Оштогу Пединститутка тапшырып, эч өтө албай койдум. Ал убакта акча менен окууга өтүү деген башталып калган учур. Өзүм пенсионердин кызы болсом, алган акчам 60 сом болсо, кайдан өтмөк элем? Бешинчи жыл дегенде эч кимге айтпай Бишкекти көздөй бет алдым.

Тааныш эженин үйүнө барып, Ишеналы Арабаев атындагы Мам­лекет­тик университетке тапшырып, өтүп кеттим. Ошондогу сүйүнгөнүмдү айтпа. Тиги эже “жуубайсыңбы?” десе, сүйүнгөнүмдөн шампан көтөрүп келиптирмин го. Ичимдик ичкен уят болчу да, эңсеген тилегим орундалганына ка­туу кубанган окшойм, бир бөтөлкө шампанды өзүм ичип салдым. Башым айлангөчөк. Ошондо ойлогонум “качан соолугам же ушул боюнча аракеч болуп каламбы?” деген болду.

Ошентип, окууга өтүп, айылга бардым. Өзүмдү ушунчалык бактылуу сезгенимди айтпа. “Мени айылдагылар көрсө экен” дейм. “Карапайым үй-бүлөнүн кызы Фрунзедеги жогорку окуу жайга өтүп кетиптир” деп айтышса экен дейм.

«АПАМДЫН ЖООЛУГУ МЕНЕН ДАРЫЛАНАМ»
–Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз. Эки агам өтүп кетти. Атам айылдык Кеңеште, райондук милициянын жетекчиси кызматтарында иштеген. Апам аялдар кеңешинин төрайымы болгон.
Мен үйдүн кенжесимин. Апам мени 40 жашында төрөгөн. Ал кезде эжемдер турмушка чыгып калган учур экен. Алар уялып, “апа, алдырып салыңыз, биз менен жарышып төрөйсүзбү?..” деп урушушат. Апам болбой коёт. Төрөт үйүнө да “апабыз карыганда төрөдү” деп уялып барбай коюшуптур. Эжем “сени көргүбүз да келбей, биз каалабаган бала деп жеридик. Бетиңди ачсак, кашы-көзүң кара кыз экенсиң. Анан “ий, көтөрө береличи, сулуу экен” деп көтөргөнбүз” деп күлүп калат.

Үч-төрт жыл болуп калды, ата-энем катарынан өтүп кетишти. Мага көбүрөөк мээрим төгүшкөн экен, көзү өткөндө көбүрөөк кыйналдым, аза күттүм, тоом кулап калгандай болду. 3 жылдан соң концерт берип, Салижан Жигитовдун “Шуулдаба, теректерим” деген ырын аткарып элди ыйлаттым. Апамдын көзү өткөндө бир жоолугу менен жайнамазын алган элем. Айылга барганда көйнөгүн кийип, жоолугун салынып алам. Азыр да ооруп калсам, апамдын жоолугун башыма салам да, жеңилдеп калам.

«АККОРДЕОНУМ – СЫРДАШЫМ, МУҢДАШЫМ»
–“Кыз балага оор болот, эркектер ойнойт” десе да болбой аккордеонго көндүм. 9 аккордеонум бар, бардыгы белекке келген. Алгачкы жолу сахнага Рыспай Абдыкадыровдун 55 жаш мааракесине карата уюштурулган концертте ырдап чыктым.“Сахнага эмне киесиң?” дешсе, “эч нерсем жок” десем, “узун көйнөк кийип чык” дешти. Анан базар аралап узун көйнөк таап, таң аткыча жылтырак кадап уктабай, эртеси сахнага чыгып бутум титиреген. Эл аябай жакшы кабыл алды. Ошол мага чыгармачылыкка болгон кадам болду. Быйыл 11-жолу концерт берем. Сардарбек Жумалиев жетектеген оркестрде, Бишкек мэриясынын алдында түзүлгөн оркестрде эмгектенем.

Өткөндө гезитке “Үмүт бар жолугууга чын сүйүүдөн” деп анонс берген турбайсыңбы, менин ыр саптарымдан алып. Эми жолуккан эле адам “кайсы сүйүүңдү айтасың, кимди сүйдүң?” деп сурачу болду. Ооба, жүрөгүмдө сүйүү бар. Бирок менин сырдашым, муңдашым, курбум – аккордеон. Аккордеонум менен үй-бүлөмдү багып жатам. Эл-журтумдун дилине тамак тартуулап, эңсөөсүн кандырып жатам. Аккордеон аялзаты үчүн оор, моюнуң ооруйт, желкең уюйт. Бирок ооруганына да кайылмын…

«БАЛДАРЫМ – ЭКИ КАНАТЫМ»
1-курсту бүткөндө Кызыл-Кыяга келин болуп бардым. Атабыз Политехти бүткөн. 2-курста Акмарал аттуу кыздуу болдук. Жолдошум “окубай эле койбойсуңбу, мен багам да кийин” дейт. “Бул жакка турмушка чыкканы келген эмесмин, окуйм” деп айттым. Айылдан сиңдимди чакыртып бала каратып, окуумду бүтүрдүм. Мына ошондон бери борбордогу №67-мектепте мугалиммин, иштегениме 25 жыл болот. Кызым Юридикалык академияда 4-курста, уулум Темирлан Эл аралык университетте окуйт. Балдарым – эки канатым.

“Жашың улуулаган сайын карыгың келбейт” дегендерге кошулбайм. Анткени ар бир жаштын өзүнүн сулуулугу болот. Ар бир жашымды, жылымды майрамдай өткөрүп келатам. Балдарыма жакшы тарбия берсем, аларга үлгү болсом экен деп жашайм.

Бурул Исмаилова, «Супер-инфо», №488 9-март — 15-март, 2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий