Алтынай Темирова

 

Алтынай Темирова жанан анын чыгармачылыгы тууралуу

Акын, кино жана театр драматургу, котормочу.

Алтынай Темирова Жалал-Абаддын, Аксы өрөөнүнүн Жерге-Тал айылында 1960-жылы 17-ноябрда туулган.
1984–1990-жж. Москва шаарындагы M.Горький атындагы бүткүл дүйнөлүк Адабият институтунда окуган.
1990–1992-жж. «Адабият» басмасында редактор,
1992–1997-жж. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясында улук редактор, комментатор,
2000–2005-жж. Кыргыз улуттук академиялык драма театрында адабият бөлүмүнүн башчысы, v 2007-жылдан Т.Океев атындагы улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактор болуп эмгектенген.
2011-жылдан «Де-Факто» гезитинде маданий журналисттик кызматты аркалаган.
2013-жылдан «Азаттык» радиосунун маданий журналисттик кызматында иштеп жатат. Биринчи ыры «Теңир-Тоо» гезитине 1977-жылы жарыяланып, алгачкы поэтикалык жыйнагы «Бурганак» деген ат менен 1989-жылы «Адабият» басмасында жамааттык жыйнакта жарык көргөн.
1991-жылы республикалык поэтикалык конкурс-семинарда 1-орунду жеңип алган жана Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган. А.Темированын «Генийдин уру», «Теңирдин оту», «Сынык асман» пьесалары республикалык драматургдардын жана чет элдик фонддордун конкурстарында башкы сыйлыктарга татыган. Бул пьесалары, республикабыздын Барпы атындагы театрында (режиссеру-КРнын эл артисти Акылбек Абдыкалыков, Учур телетеатрында (режиссеру -Аман Жапаров, Кыргыз академиялык драма театрында (режиссеру-КРнын эл артисти Замирбек Сооронбаев)ийгиликтүү коюлган.
А.Темирова «Тапан» төрт сериялуу комедиялуу көркөм тасманын (режиссеру-Шаршен Шейшенов), «Тоолор кулаганда»(режиссеру-Бакыт Карагулов,»Кадыржан»(режиссеру-Бекеш Абдылдаев), «Учуу аянтындагы ойлор»(режиссеру-Бакыт Карагулов) аттуу даректүү фильмдеринин сценарийлеринин автору.
1999-жылы «Сорос» эл аралык фондунун А.С.Пушкиндин 200 жылдыгына карата уюштурган конкурсунда «Жезит Айым» («Пиковая дама») прозалык драмасын мыкты которгондугу үчүн башкы сыйлыкты жеңип алган. 2000-жылы М.Шахановдун «Заблуждение цивилизации» («Адашкан өсүп-өнүгүү») аттуу китебин, Г.Лорканын «Ажайып колукту», М.Горькийдин «Түпкүрдө», Е.Елимжандын «Жан урааны», М.Метерлинктин «Азиздер», Эсхилдин «Фарсылар» пьесаларын которуп, алардын ичинен «Жан урааны»(режиссеру-?), «Азиздер» (режиссеру-Камат Касенов)пьесалары Учур театрында коюлган. «Фарсылар» — «Ый» деген ат менен Ош драм театрында коюлган (режиссеру-Овлякули Ходжакули. Дүйнөлүк поэзиядан: З.Бабур , Ж.Кулеби, Ю.Эмре, Ай Цин, Дуң Пыйлун, С.Квазимодо, А.Тажибаев, А.Алимовдун ырларын ийгиликтүү которуп, көптөгөн изилдөө, адабий макалалардын автору.
А.Темированын чыгармалары орус, казак, хинди, фин, англис тилдерине которулуп, чет тилдерде жарык көрүп келет.
2000-жылдан жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк уюму «Пенклубдун» мүчөсү жана «Пенклуб» уюштурган Хельсинки – Лахти шаарларында өткөн (2005) Жазуучулардын бүткүл дүйнөлүк Конгрессинин катышуучусу.
2001-жылы «Интерньюс-Нетуорк» кыргыз-америкалык телекомпанияда стажировкадан өткөн.
2003-жылдан КР Маданият ишмерлеринин ассамблеясынын мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Бурганак. Ырлар:– Б.: Адабият, 1990. – 155–193 б. Жамааттык жыйнак.

Генийдин уру: Пьеса. – Ош, 1994. – 3–55 б. Жамааттык жыйнак.

Жезит Айым: Котормо. – Б.: Сорос, 1999. – 44–90 б. Жамааттык жыйнак.

Сынык асман: Пьеса. К-те: Булак. – Б: Калемгер, 2007. – 96–132-б. Жамааттык жыйнак.

Алтынай. Тандалмалар. 1-том. – Б.: Бийиктик, 2003. – 512 б. – кыргызча, орусча.

Уикипедия

 

* * *

Июнь, 2005-ж. Хельсинки-Лахти шаарлары. Америка, Европа жана
Азия өлкөлөрүнүн жазуучуларынын эл аралык Конгрессинде:
— Силерде жазуучулар жокпу түрмөдө?.. –
деди капыс Анна-Рита фин кызы.

-Жок…
Менин өлкөмдө,
Алар Турмуш түрмөсүндө —
көртирликтин желеси чырмап катуу,
чыгарбай туткунунан…
эл сыяктуу
ит тартыш жашоо бизде, —
Лаокоондун жылааны кысып-ороп,
турат уулап… жай гана!
Чыгыш оор кандай гана!
Мен да түшүп… бул тозокко…
Баш байлагам аргасыз чыдоого.
Жан багуу парз!
Жаныңа карыз,
Баары болот бул дүйнөдө…
Бирок Өкүмдарың болсо эссиз,
Эли чилдей тарайт!
Чексиз
тарттырган азабы үчүн,
кайрылып келип күчүн
көрсөтүү үчүн… —
башына тийген таш болуп!..
Бирок, Өкүмдар кетти качып —
Тагдырдын тамашасы!..
Бир көрсөткөн!..
…Оор жазык!
…Болбос айтып!
Өткөн өттү, келбейт кайтып!..

 

* * *

Табиятта – кар.
Адамдарда – каар!
Эзелтеден бүтпөйт бийлик талашы!..

Өрүк гүлү түшүп,
Жаз кайрадан үшүп,
Унуттурду сүйүүсүн бат карачы?!..

Босогодо – бороон!
Шамал ачып койгон…
Таттуу үмүт чачыраган көздөрдө.

Адамдардын жүзүн
Жашырганбы күүгүм?!..
Бирок, Чындык – сен эч өзгөрбө!..

 

ААЛАМ — БОЗ ҮЙ

Ууз нурдан Уук тигип ааламга,
Күн төбөгө Чамгарагын жайгарат.
Кең мейкинди тегерете, айланта,
Тоолор курчап Керегедей калкалап,
Жашыл төрү окшоп түркүн саймага,
Аалам бүтүн Ак-Өргөөгө айланат!..

Адам Ата,Обо эне – бир сырдуу,
Тентек уулу Теңир теги Кыргызды
Бөлгөнүндө үйлөп-жайлап тоого бу,
Ар күн сайын көрүп мындай сыйкырды,
Суктангандан чечүү үчүн бул сырды,
Жасагандай ааламдык Үй-эң сырдуу!..

Жыгач менен кийиз гана куралы,
Табигаттан таазим этип сурады!..
Байыртадан аалам сыры өзүндө!..
Байыртадан урпактары улады!..
Таң калтырат — жылуу, жумшак уядай,
Умай эне, Теңир ата турагы!..

Куттуу төрдө, сыр сандыктын үстүндө!..–
Сан кылымдар, доорлор – жүк, жыйылган!..
Манас менен, дастан менен, күү менен,
Күпүлдөтө күн-түн айтып… уюлган…
Түндүгүнөн аалам көчү жүргөнүн…
Батырыптыр баатыр ата-бабалар!..
Ак-Өргөөгө — Боз үйүнө — дүйнөнүн!..

 

* * *

Бул ыр — Ааламга кушка окшоп учуп бараткан кыргыз тоо чокуларына  арналат.

Ааламга моюн созгон балапандай,
Алп куштар, азга катып кадалышкан,
Көтөрөт көчкөн булут сапарындай
Көрүнбөс келип-кеткен мезгил ыйын.
Канаттын шуулдагы чополордо
Катылып турду экен канча кылым?!.. –
Жалын болуп көздөрдүн шам чырагы,
Жым-жырттыкта үн-сөзсүз шаңшыганы,
Арман, ой да эч жеткис чакырыктай!..
Жаралуубу, жан кыйнап турушубу?..
Же, жан сырын жабыркап угушубу?..
Ай алдейлеп, Күн нуру эркелеткен,
Тирүүлүккө талпынган сүрү ушубу?..
Алп куштар… азга катып кадалышкан –
Алп тоолордун арбактуу кучагында
Аян кылып турганың – алп кыргызбы?!..
Ааламга моюн созгон балапандай!..
Көөдөнгө келип-кеткен мезгил ыйын
Көтөрөт көчкөн булут сапарындай…

 

* * *

Үнсүз күйүп сурабай эч аёону,
Үнсүз кулап тагдыр турган бийиктен.
Бабам кыйып таштап кеткен жашоону
Улантууга дал ошондой бийиктен,
Бутактарда көз ача элек сабак бар,
Бутактарда көрүнбөгөн эрдиктер…
А, мезгилдин бороонунда — бубагы,
А, мезгилдин бороонунда — кеңдиктер!..

 

* * *

Ай уюйт асманында Бишкегимдин…

Болбурап кеч жөлөнөт
ийинине өткөндөрдүн.
Мүрүсүнө мүшкүлдүү иш толтурган
мүдөөлүү жолдор көндүм.
Баратам көлөкөмдөн
бирде ашып, бирде сүйрөп.
Күүгүм талаш – так талаш,
тагдыр талаш…

Ай уюган асманы Бишкегимдин…

Өмүр жайлап,
өмүр токтоп
ак жайыл дасторкондун бир четинде
олтурган адамдарын
аарынын уясындай үйлөр катат.

Дүйнө — базар, сөздөр – сапар…
Сөздөрдү ээрчип алып дуулдайт шаар.
Жазмышың көлөкөдөй
Бирде издеп, бирде качаар…
Бир гана,
Ай уюган асманы Бишкегимдин
Ар дайым жолоочуга нурун чачаар…
Сынбас мазар –
…Ай уюйт асманында Бишкегимдин…

 

* * *

Кыргызым менин!
Кадырлап тоону, талааны,
Кыйырга кеткен кездериң калды ырыңда!
Кейитти жаның
керемет өмүр баяны,
Кетилген чети, кесирлүү турган кылымда…

Кыргызым менин!
Кыйналдың кыйбай каныңды –
Кыз-уулум дедиң
касырет күнүң өчүрбөй…
Калдайса урпак, кайнаган өңдүү жер алды
Карааны болдуң,
карегиң курчун үзүрбөй.
Карманып жолго
Капылет берген аянын…
Кабылдап ойго
Кадимден келген  баянын…
Карайсың сырдуу урпактын уучун түгөлдөп,
кан-жанын берген…
Кылымдар бою түгөл, бек…
кубатың артып
Касиет ыйык Рухуңдай
Кут болуп конуп
Колуңда учкул кушуңдай!..
Кызырлуу жердин байыртан жаткан турпагы –
Кыргызым кечкен
Киндик кан тамган ыйык жай!..

 

КҮЗ

Оту чыгып бетинен
Сары көйнөк күз кыдырат
этектерде, тоолордо…
Дал-далынан кийимдери айрылган
алыс жолдо болгонго.
Аса-муса таягын
алган жонго асынып.
Шамал үзгөн жыртыгын
Желген туман жашырып,
Күйүккөнүн баса албай,
күйүп барат ашыгып…

Соц тармактар:

Алтынай Темирова: 3 комментария

Добавить комментарий