Жаңы доор жана жаңылануу зарылдыгы

Кайсы бир элдин адабиятынын өнүгүүсү үчүн анда болуп жаткан процесстерге, жаңы нерселерге сереп салуу, баа берүү, сын айтуу маанилүү болуп саналат. Тилекке каршы, эгемендүүлүүккө жеткенибизден бери Кыргызстандын адабиятында кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын көрсөткөн, бул өзгөрүүлөргө баа берген сын макалалар өтө сейрек болуп калды. 2008-жылдын аяк чендеринде «Кыргызстан маданияты» гезитинде Мамасалы Апышевдин бул жааттагы өксүктү толтуруу аракетиндеги эмгеги жарыяланган эле. Макала жарыялангандан бери 3 жыл өткөнү менен  ал өзүнүн баалуулугун али да жогото элек деген ойдобуз.

КМБ

(Эгемендик доорундагы улуттук адабиятка баяндама)

Мамасалы Апышев — прозачы, адабиятчы, котормочу. 1960-жылы туулган. 1986-жылы Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. 1988-жылы СССР Жазуучулар Союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1988-жылы Москвадагы «Молодая гвардия» басмасынан чыккан «Запоздалая весна» аттуу аңгемелер жыйнагы үчүн Бүткүлсоюздук М.Горький атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. «Тартылып бүтпөгөн сүрөт» аттуу повесть жана аңгемелер жыйнагынын, «Сооронбай Жусуев» («Жизнь замечательных людей Кыргызстана» сериясынан) аттуу адабий-биографиялык изилдөөнүн, «Оомат эң күчтүүлөргө оойт… (Чыңгыз Айтматовдун адабий портретине штрихтер)», «Мезгил бурулушу жана түбөлүк нарк» аттуу адабий сын макалалар жана адабий портрет жыйнактарынын автору. Мамасалы Апышев орус тилинен кыргызчага Франц Кафканын «Кубулуу» («Превращение») аттуу повестин жана Гарбриэль Гарсиа Маркестин, Василий Шукшиндин, Василий Песковдун айрым аңгемелерин которгон. Апышевдин котормосунда орус тилинде Абдиламит Матисаковдун «Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй…» аттуу повести, Чолпонбек Абыкеевдин «Бриллиант жылан» романы жана башка повесть, аңгемелери, Мундузбек Тентимишевдин «Авиценна киргизской медицины» аттуу документалдуу баяны жана башка чыгармалар жарык көргөн. 

Редакциядан: Мамасалы Апышев кыргыз профессионал адабиятына ырааттуу саресеп салган калемгер. Мамасалы калемдешибиз «КМ» кайрадан жарыкка чыгарын эшитер замат босогобуздан аттаганда эле «адабий талкуу баштайлы» деген демилгеси менен демитип, «адабий чарбабыздын» эмне менен дем алып, кандай күндү көрүп жатканына Жазуучулар союзу да, жазуучулар да кайдыгер болуп баратканынан сөз улап кейиди. Канчалык көлөмдүү болсо да, анын адабий баяндама-сынын бүгүнкү адабиятка зарылдыгын туйдук. Ордунан козголбой жаткан ташты козгогонго батынган жалгыз адамдын күчү баары бир жалгыз. Андыктан, Мамасалынын демилгесин өчүрбөй адабиятчы, акын-жазуучуларыбыз кыйыктанбай талкууга катышса дурус иш болоор эле… 

Жалпыга белгилүү болгондой, мындан он беш жылча илгери мурдагы социалисттик системанын түп-тамырынан кыйрап жок болушунан адамзат коомчулугундагы аң-сезим жаатында да революциялык өзгөрүүлөр, тарыхый-эволюциялык жаңы тепкичке өсүүнү тастыктаган көрүнүштөр пайда болду. Мурдагы каршылашкан эки системанын (социалисттик жана капиталисттик) жоюлушу, глобализация маселесинин жаралышына алып келди… Бул коомдук-саясий маселени андан ары тереңдетпей, кесе чаап айта турган болсок, мындай доорлордун алмашыш учуру жалпы адамзат тарыхында эки-үч кылымда бир болуп келсе, советтик доордогу коомдук илимдер белгилеп келгендей «дароо эле феодализмден социализмге секирик» жасашкан Орто Азия, анын ичинде кыргыз эли үчүн ХХ кылымдагы дагы бир (экинчи) коомдук өнүгүүнүн жаңы баскычы болуп калгандыгы түшүнүктүү. Тарых мыйзамы ушундай экен, — адам психологиясы, табияты эзелки (азыр кээ бирде жарымжапайы деп жүрүшкөндөн бери) жаралган кезден бери өзгөрбөй эле кала берсе дагы, анын жашоо образы, ошого жараша айлана-чөйрөсүндө аны курчап турган бардык атрибуттар да кошо тынымсыз өзгөрө берет. Анын ичинде, албетте, адамзатты эзелтен кошо ээрчип келе жаткан анын айбанаттан, башка жаныбарлардан айырмалап турган, рухий дүйнөсү чексиз, алиге чейин толук изилденип бүтө элек сыр экендигин далилдеп турган адабияты да кошо өзгөрө берет. Адабият аркылуу дайыма сырын төгүп, арманын айтып, айга-күнгө карай күүлөнгөн максаттарын, ой-тилектерин билдирип келген адамзат, ошентип, доорлор алмашкан сайын улам жаңыланып, адабиятын да кошо өзгөртүп турганы мыйзам ченемдүү эле процесске айланган…

Демек, мына, он жылдан бери (мейли 1995-жылга чейин чыккан чыгармаларды советтик доордо жазылган чыгармалар деп атап, бул кубулушка киргизбей эле койгон күндө да) жаралып жаткан кыргыз адабияты да принципиалдуу түрдө жаңы доордун адабияты болуп эсептелет. Мен эмне үчүн мындай деп ишенимдүү айта алам? Адамзаттын улуу генийлеринин бири Карл Маркс (айтмакчы, өзүнүн «Капиталы», же андагы негизги идея — «кошумча баа — прибавочная стоимость» менен адам эмгегин өз алдынча продукт катары баалап, ошонусу менен буржуазиялык доорго төңкөрүш жасап, капиталисттик өнүккөн жаңы баскычына өтүшүнө түздөн-түз таасир эткен адам) эбак эле жазбады беле: порох менен свинецтин (же, ок-дары менен коргошун куралынын) доорунда мурдагы грек эпосторундагыдай жебе менен атышып согушкан, энеси кичинекей кезинде кириндиргенде жалгыз гана такымына суу тийбей калып, бир гана дал ошол жерине жебе келип сайылып, жан берген, бирок, өлбөс баатыр болуп жаралган Ахилес сыяктуу каармандын болушу такыр мүмкүн эмес деп…

Башкача айтканда, бардык учурда эле адамдын турмуштук философиясы бир калыпта өнүгүп олтурганына карабастан, ар бир доордун социалдык-экономикалык, коомдук-психологиялык шарттары адамдын ой жүгүртүүсүнө, дүйнөнү кабылдоо ченемине сөзсүз таасир этет. Ал эми ошол таасирдин өзү ар бир доордун сүрөткерлери жараткан чыгармаларга жипсиз байланыштагы руханий энергия сымал дайыма өтүп турат…

Менин азыркы кыргыз адабияты — жаңы доордун адабияты дегеним, балким кимдир бирөөлөрдү таңдандырар: ушул он жыл ичинде эле кантип жаңы адабият жарала калды? — деп. Мен бул жерде бар болгону адабиятта мурдагы Уркуя, Танабай, Жамийла, Кычан Каныбек, Ыманбай ж.б. сыяктуу советтик доорго тиешелүү, типтүү болгон образдар эч убакта жаралышы мүмкүн эместигин, азыркы жазуучу каалайбы-каалабайбы, башка доордун каармандарын жазып, такыр башка проблемаларды көтөрүп чыгууга мажбур экендигин гана айтып жатам. Азыр кээде наалып (кай бир учурда негизинен туура эле!) жатышпайбы, телевизорундагы кинолор деле, адабият деле бүт канга, кылмышка, секске ж.б. терс көрүнүштөргө толуп кетти деп. Туура, бирок азыркы («современная» маанисинде) адабият, искусство башкача болушу эч мүмкүн да эмес. Анткени, адабият-искусствонун жаралгандагы эле талабы (предназначение) адам рухий дүйнөсүнүн (мейли, ал каймана тилде айбанаттар жөнүндө баяндап жаткан күндө да!) күзгүсү болуп саналат. Ошолор аркылуу адамзат өзүн тааныйт, өзүнүн улуулугун, татаалдыгын, жоопкерчилигин сезет… Анан эшикте, көчөдө, айланада, сен жашаган коомдо бүт эле ошондой көрүнүштөр болуп жатса, «бала көргөнүн кылат» демекчи, жазуучу да көргөнүн, билгенин, сезгенин, өзүнүн жүрөгү өйүгөнүн жазат да. Албетте, көркөм каражаттар аркылуу. Же өзү жашаган коомдун маанилүү бир проблемасын көтөрүүнүн ордуна (мейли фантастикалык жанрда иштеген учурда да!), ойдон чыгарып жомок жазмак беле?! Ал тургай, дал ушундай эле адабияттын жаралышы өткөн доорлорду баяндаганда, башкача айтканда, тарыхый темаларда да басымдуулук кылат. Себеби, ар бир доордун жазуучусу, кайсыл доор жөнүндө жазбасын, өз доорунун «көзү» аркылуу гана карай алары, алыскы келечекте эмне болорун адамзаты биле албагандай эле — турулуу иш…

Эсиңиздеби, окурман, биз кечээ жакында эле горбачевдук кайра куруу, ачык айтуу доорунда мурда бизде тыюу салынган батыш адабияты, киносу селдей каптап кирип, Италиялык «Спрутка» таң калып, «адам жаны булар үчүн тоок сойгондой эле экен го?»- деп таң калчу элек го… (Ал эми азыр эч кандай адабият, кинолорго таң калбай да калбадыкпы. И-и, ошондой боло берет дейбиз. Анткени, борборубуз Бишкекте деле «Спруттагыдай» дал күндүзү автоматтык атышуулар болуп жатпайбы?..) Асыресе, мурда биз жашаган коомдо бардык терс көрүнүштөрүнө карабастан, мораль, адамзаттык баалуулуктар, гуманизм идеялары баарынан жогору турчу. Дал ошон үчүн адабият таанууда көп учурларда «оң каармандын образы» боюнча талаштар жүрчү…

Натыйжада, жаңы доордун дарбазасы кенен ачылып, жаңыдан башталган нерселердин баары дароо эле даңгыр жол салып кете албаган сымак, адабият да мурда болуп көрбөгөндөй оор кырдаалга туштугуп, кризис сазынан алиге жандуу чыга албай келе жатат. Бул абал бардык эле мурдагы союздук өлкөлөргө тиешелүү деп койсок акыйкат болот. Бирок дал ушул жерден эле дароо бир тактоо киргизе кетелик. Айрым бир учурларда кыргыз жазуучуларынын нааразыланганын угуп калууга болот, орустарда, өзбектерде, казактарда адабият мурдагыдай эле чыгып жатат, а бизде өкмөт бул тармакка такыр көңүл бурбай койду деген сыяктуу. Мында, кандайдыр бир деңгээлде чындыктын үлүшү бар, арийне толук эмес… Ошол жөнүндө азыноолак сөз кыла кетели да, негизги темабызга өтөлүк. Казакстан менен Өзбекстанда адабият мурдагыдай эле өнүгүп жаткандагыдай сезилгени, биринчиден, бул мамлекеттерде адабият дале болсо мурдагыдай кайсыл бир деңгээлде идеологиялык курал болууну улантууда. Дал ошол себептен улам, улуттук аң-сезими аябай өөрчүгөн бул өлкөлөрдө адабиятты экономикалык жактан каржылоо жакшы жолго коюлган. Мурда орусташып бара жаткан казак улуттундагы жазуучулардын көбү улуттук темага сүңгүп кирип, мурдагы адабияттын актай калган барактарын да толтурушууда. (Баса, бул багытта кээде күлкү келтирерлик көрүнүштөр да кезикпей койбойт. Маселен, мурда өзүнүн эне тилин да жакшы билбеген бир мага тааныш жазуучу өз генеалогиясын терең изилдеп, кайсыл архивдерден таап алганын билбейм, өз тукуму дал эле чингизиддерге барып такаларын жазып чыкты!) Демек, сөз эркиндиги, цензура маселесине келгенде жазуучулар дале болсо анчалык (айрыкча, албетте, Өзбекстанда) эркин боло алышпайт, акча жагынан каржылаган өкмөткө өз оюн таңуулай албай, көз каранды болуп келишет. Ал эми Россияда болсо, мурдагы союздук республикалардын ичинен биринчи болуп адабияттын жаңы түрү — коммерциялык адабият пайда болду. Бул да болсо түшүнүктүү. Басма сөз рыногу ушунчалык кеңири (алиге чейин СНГ өлкөлөрүнүн көбүн камтыган) өлкөдө жазуучу эч кимге жалдырабай эле өзүн-өзү багып келе жатат. Бирок, ошол эле учурда, баса белгилеп коючу бир чек — коммерциялык адабият эч убакта сөздүн чыныгы маанисиндеги олуттуу адабиятты (канчалык ийгиликке жетип, популярдуу болбосун, канчалык миллиондогон тираждар менен чыкпасын) алмаштыра албайт. Себеби, алардын жаралышындагы, табиятындагы эки ажырым аларды эч качан бириктирбей бөлүп турат. Олуттуу адабият адамдын жан дүйнөсүнө рухий азык берүүгө умтулса (анын зарылдыгын эзелки «Библиядан» бери эле «не хлебом единым жив человек» деп адамзат өзү эле кайра-кайра тастыктап келе жатпайбы), коммерциялык адабият утурумдук көңүл ачууга (развлечение), убакыт өткөрүп, алаксууга гана багытталган.

Асыресе бир кашкайган чындыкты моюнга алып коюу парз. Жаңы замандын — жаңы адабият доорунун эшиги ачылышы менен бирге адабият да дароо мурдагыдай идеологиялык курал болуудан калды. Башкача айтканда, эзелтен берки өзүнүн табигый абалына келди. ХIХ кылымдагы улуу жазуучу Федор Достоевский дагы карызга батып жүрүп өз шедеврлерин чыгаргандыгын кайталабай эле коелу. Андан көрө биздин көз алдыбызда өзгөрүп жаткан процесстин фактыларына кайрылалы.

90-жылдардын башы. Орустун жыйырманчы кылымдагы улуу жазуучуларынын бири Леонид Леонов өзүнүн өмүр бою жазган «Пирамида» аттуу эң мыкты шедеврин чыгарып (ал айтылуу миллиондогон тираждуу «Роман-газетага» да жарыяланганына карабастан), эч көзгө илинбеди. Бул чыгарма тууралу мурдагыдай орошон талкуулар, көп сөздөр болгон жок. Эмне үчүн деген суроо туулбай койбойт. Анткени, ал бар болгону бир нече жылга гана кечигип калган болчу. Адабият мурдагыдай рухий баалуулуктан коммерциялык рельске өтүп, мурдагыдай мыкты максаттарды көздөгөн чыгармалар чанда гана чыгып, чыкса да көңүлгө алынбай калган учур болчу. Ал эми олуттуу, терең мазмундагы көркөм туундулар менен бардык эле өлкөлөрдө тар чөйрөдөгү адамдар — интеллектуалдар, ички руханий муктаждыктары барлар гана шугулданышат. Биз бул ачуу чындыкты моюнга алып коюшубуз парз. Башкасын айтпайын, баарыбыз ооз көптүрүп, мактанып жүргөн «Манасыбыз» менен Чыңгыз Айтматовду деле (кайра-кайра окуп, кез-кезде рухий азык катары дайыма аларга кайрылып турганды кой!) баштан аяк окуп чыгышкандар ченелүү эле экенине мен терең ишенем. Эч болбоду дегенде эгерде чынчыл социологиялык метод бар болсо бул факт дароо эле ашкере болмок!..

Орустун башка бир азыркы улуу жазуучусу Валентин Распутин таң калып жазбадыбы ошондо: мощный роман, а бирок, эч сөз болбоду деп… Асыресе өзүн орус улутунун рухий байлыктарын сактап калуучу катары эсептегендердин бири болгон Распутин дароо эле 150 миң калкы бар орустарды руханий деградацияга дуушар болушту деп айтып, кейип жатып калбадыбы…

Андан он жыл өткөндөн кийинки ушул багыттагы дагы бир «знаковый» факт. Казактын азыркы доордогу эң мыкты акыны Олжас Сулейманов Италияда Казакстандын элчиси болуп жүрүп, «Казахстанская Правда» газетасына берген өтө терең мазмундуу «Исправляя метафорой мир» деген көлөмдүү маегинде ыр жазганды токтотконун ачык эле моюнга алган. Азыр поэзияга эч ким кызыкпай калды, анын эч кимге кереги жок болгон соң убараланып жазып эмне кылам деген мааниде. Белгилей кете турган нерсе, Олжас Сулейманов мурда деле аз, бирок, саз жазган акындардан болчу, анын үстүнө мурда бир кезде анын атын чыгарган «Азия» китебинин логикалуу уландысы болгон «Язык письма» деген илимий-популярдуу китебинин жаралышына да узак убактысын арнабадыбы!

Айтор, азыркы адабияттагы кризис жөн жерден эле жаралып калган жок. Өзүңүз талдап көрүнүзчү: деги мурдагы «дүйнөдө баарынан көп китеп окуган» советтик окурмандын жашоо образы кандай эле? Ал бир Чеховдун айтылуу «кутудагы адамы» сыяктуу эмес беле (албетте, айрым диссиденттерден, антисоветчиктерден башкалары), ашыкча сүйлөөгө, эркин ой жүгүртүүгө такыр мүмкүндүгү жок болчу. Демек, адабияттан, кинолордон гана ошол өзүнө жетишпеген «абаны» издешип, алардан кээде такыр эле болбогон (кээде автор жазуучу өзү да ойлобогон) подтексттерди таап алышып, кухняларында шыбырашып, жыргап калышчу эмес беле! Азыркыдай коммерциянын кызыгына батып, бир аз байып алайын десе — ага дагы жол бөгөлүү болчу. Ченемдүү айлыгыңдан сырткары тапкан каражатың билинип калса барбы «нетрудовые доходы» деп аталып, белгилүү органдар менен көпкө чейин аргасыздан «маектешүүгө» мажбур болмоксуң.

Дагы бир фактор: адабияттын мурдагыдай күчтүү таасири илимий-техникалык прогресстер менен кошо бир топ азайды… Ушул жерден бир аз лирикалуу чегинүү жасоого аргасыз болуп турам. Өткөн кылымдын 80-жылдарынын орто ченинде бизге, — Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунун студенттерине, япониялык адис К.Рехо «Япон романы» деген темада спецкурс окуп калды. Сөзүнүн көбү эле Ясунари Кавабати, Кобо Абэ, Кэндзабуро Оэ ж.б. бизге мурдатан эле жакшы тааныш авторлор жөнүндө болгондуктан, биз азыркы жаңы — биз билбеген авторлор жөнүндө айтып берүүсүнө кызыгып, өтүнүп сурансак, күлүп, мындай деп жооп берген эле: салттуу роман да, мурдагыдай салттуу түшүнүктөгү окурман деген да бизде азыр акырындап «өлүп жок болуп баратышат» деп… Көрсө, компьютер, заманына баарынан мурда кирген, жашоо образынын жаңы, тири укмуштай тез темпине өтүшкөн япондуктар өздөрүнүн убактысын экономдоп, Лев Толстойдун «Согуш жана тынчтык» сыяктуу шедеврлерин да комикс аркылуу окуй башташкан экен. Муну биз такыр түшүнө албадык: кино болсо да мейли эле, ал эми кичинекей балдарга арналган комикс аркылуу килейген романды кантип түшүнүүгө болот деп… Карикатура-сүрөт аркылуу Наташа Ростованын сүйүүсүн кантип берүүгө болот? Же Андрей Балконскийдин Аустерлиц талаасындагы жарадар болуп жаткандагы өмүр жана өлүм, түбөлүктүүлүк жөнүндөгү («Нет на свете ничего, кроме этого вечного, синего неба» деп) ойлорун кантип карикатуралык сүрөт аркылуу түшүнүүгө болот? Болгону, жарадар адамдын сүрөтүн тартып, алдына «Он сражен пулей врага» деп жазып коюшат деп ойлодук. Япондуктардын көбү комиксти да электричкага олтурганда гана, башка иши жокто гана барактайт тура, өз станциясына келген соң, «окуп бүткөн комиксин» акыр-чикир салган урнага ыргытат да, ары жолун улантып кете берет. Аны болсо электричкага олтуруп жаткан башка дагы бирөө алат да, «окууну» улантат дейт… Классикалык адабиятка болгон ушундай мамиленин өзү эле бизге — бул дүйнөдө адабияттан өткөн эч бир улуу, ыйык эч нерсе жок деп жүргөн жаш-идеалист адамдарга, эч бир ченемсиз обужоктук (кощунство) сыяктуу сезилген эле… Эми ошол эле япондуктарга он тогузунчу кылымдын окурманын салыштырып көрүңүзчү: же телевизор, же радио, ал тургай телефон да жок болсо, аристократиянын билимдүү адамдары убактысын адабият менен өткөрбөсө, дагы эмнеге жумшашмак эле? Баса, балким азыркы биздин ата-энелер муундарынын 30-40-жылдарда Касымалы Жантөшевдин «Каныбекти» таң аткыча уктабай окутуп чыккандары да ушул себептен улам болгон чыгар.

Демек, ушул эле негизги фактор адабий кризистин жаралышын, жаңы доордун принципиалдуу жаңы адабиятынын пайда болушун шарттап койгондугу түшүнүктүү. Ошол эле учурда, мурдагыдай таасири, коомдогу күчтүү орду болбогону менен адабият кайсыл бир өлчөмдө рухий азык катары адамзат менен дайыма чогуу жашай берери да айныгыс чындык. Анан калса, советтик «Эң көп китеп окуган» окурманга келгенде да аша чапмайыбыз бар эле. Анткени, көптөгөн интеллигентүү эле үй-бүлөлөр өздүк китепканаларын не деген укмуш китептерге толтуруп коюп, аларды ачып карап да койбой жүрүшкөнүн да, тилекке каршы, учуратып калчу эмес белек?!

Бул жагынан алып караганда, адабият азыр өзүнүн табигый абалына келди деген сөзүбүз жөн гана айтыла калган жеңил ойлуу пикир эмес. Дегеле, көкүрөгүндө шыгы, жөндөмдүү ой-туюму бар инсан коомго өзүнүн бир нерселерди жаратып жаткандыгын милдет кылбашы керек. Чыдасаң жаз (же болбосо, кайсыл бир гана деңгээлде тамашалуу айтылчу сөз боюнча айтканда, — колуңдан башка иш келбесе), ошол эле учурда башка тармактардын коомго келтирип жаткан пайдасын эч азайтып баалаба!..

Жаңы доордун адабиятын дал ошондой өз табиятынан бул ишке баш оту менен берилген жазуучулар гана жарата алышмакчы. Алар китебинин чыкпагандыгына, чыкса да аз тираж менен чыккандыгына, гонарардын жоктугуна да кайыл болушуп, мурдагы калыбында эле иштеп келе жатышат. Айрым бир учурларда таланттуу чыгармалар жаралып жаткандыгына карабастан, алардын көзгө көрүнбөй жатышканы да жогоруда белгиленген эле себептерге байланыштуу болуп жатат.

Дал ошондон улам соңку он жылга жакын убакыт ичинде жарык көргөн кыргыз адабиятынын «Манастан» башталган улуу көчүн улантып келе жатышкан жазуучулардын китептери жөнүндө азын-оолак сөз кылуу зарылдыгы туулуп жатат…

Адегенде эле мурдагы совет адабияты учурунда бир гана адабият делип эсептелип (профессионал), ошол гана өз арасынан «олуттуу, жеңил, халтура» ж.б деп бөлүнүп келгендигин эскерте кетелик. Ал кезде жада калса «беллетристика, чтиво» деген сыяктуу терминдер да кемсинтүү, жек көрүү иретинде гана айтылганы белгилүү. Ал эми бүгүнкү күндө болсо, кыргыз адабияты да баягы профессионалдуу деген бир эле шарттуу көрсөткүч рамкаларынан чыгып, көп түрдүүлүккө ээ болду. Болсун, ушунун өзү жакшы. «Поэтов должно быть много — хороших и разных» — деп совет адабиятынын классиги Владимир Маяковский бул түпкүлүгүндө адабиятка коюлуучу табигый талапты бир ырында эбак эле айткан… Башкача айтканда, ар бир чыгарманын өзүнө жараша окурманы, аздыр-көптүр аудиториясы болот. Демек, бүгүнкү кыргыз басма сөз рыногунда жайнап кеткен коммерциялык багыттагы көркөмдүк деңгээли өтө төмөн адабият сымал нерселердин да өз окурмандары бар. Анан калса, азыркы күндүн чала сабат, интеллектиси абдан төмөн, кечээ жакында окуп-окубай жүрүп, мектепти араң бүтүрүп келген, азыр базарда үшүп, зеригип соода кылып отургандарга, башкасын кой, кантип Айтматовду, Касымбековду оку деп таңуулай аласың?..

Демек, «спрос рождает предложение» демекчи, жеңил-желпи, же көркөм чыгарма эмес, же болмуш окуя эмес «Качкын», «Кайнатанын каарына калган келин», «Өгөй кыз», «Тирилип келген арбак» ж.б. сыяктуу толгон «чыгармалардын» азыркы күндө жарык көрүп жатышкандыгы кайсыл бир өлчөмдө табигый эле көрүнүш, жана буга кейип, баш оорутуунун кереги да жок. Мен атайылап бул сыяктуу чыгармалардын авторлорун атаган жокмун, анткени, алардын ысымдары адабиятта «аба ырайын» эч өзгөртө алышпаган белгисиз ысымдар. Дагы бир эске ала турган жагдай: азыр адабият сымал нерселердин жайнап кетишине бизге мурдагыдай туруктуу, тыкыр көзөмөлдүн жоктугу да себеп болууда. Акчаң болсо болду, «басмачы» (издатель дегеним) эч нерсени ойлонбой туруп каалагандай кылып басып берет. Ага эмне көркөмдүк үчүн баш оорутуп, өзүнүн иши жүрсө болду да. Дал ушул себептерден улам, үстүрт караганда бизде деле китептер көп чыгып жаткандай сезилгени менен, көбүнчө коммерциялык багыттагы адабият сымал нерселердин карааны жүрүүдө…

Ал эми поэзияга келе турган болсок, акындар мурдагыдай эле активдүү иштеп жатышкандай. Бирок, дале болсо поэзияда керектүү деңгээлди сактап турушкандар мурдатан белгилүү, калыптанган акындар. Жаңы муундун жаңы доордо келип кошулган акындары жөнүндө сөз кыла турган болсок, мурдагыдай күчтүү критерий-талаптардын жоктугунанбы, негедир соңку он жыл ичинде «жарк» этип чыккан, өзүнө өзгөчө көңүл бурдурган жаш акындын чыкпагандыгы, албетте, өкүндүрбөй койбойт. Демек, поэзияда деле ырлар көп жазылып жатканына карабастан адабий деңгээли аябай төмөндөп кетти. Эптеп эле саптын башын версификациялык (жамакчылык) деңгээлде уйкаштырууну үйрөнүп алгандар деле (а бул жагынан кыргыз өзү кыйын эл, ошондуктан фольклордук традицияларга жамынып, кыргыздын баары эле акын деп жүрбөйбүзбү!) өздөрүн акын, «белгилүү акын» санашып, китеп артынан китеп чыгарууну улантышууда.

Айтор азыркы адабият жөнүндө обзор, же сын жазам деген автор бир топ машакатка туш болбой койбойт. Маяковский өзүнүн поэзия жөнүндө жазган ырында — поэзия бул бир тонна кумдан бир грамм радий тапкандай эле оор иш демекчи, — көптөгөн материалдарды карап чыккан соң да көңүлгө толорлук чыгармаларды (сөзсүз эле мыкты эмес, жок дегенде олуттуу адабий талдоого арзый турган) аз учуратат… Эмне демекчибиз, пайгамбар барына ыраазы демекчи, жаңы адабиятыбыздын доору башталганына бар болгону он жылга жакын аралык өткөндүгүн эске алып, а бул убакыт адабият тарыхы үчүн өтө эле аз убакыт экендигине баа берип, азырынча колдо бар «рухий байлыгыбызды» санаганга, талдаганга өтө берелик…

Адегенде эле мурдатан адабияттын көч башында келе жатышкан атактуу жазуучуларыбыздын романдары жөнүндө сөзгө өтөлүк. Чыңгыз Айтматов советтик доордун акыркы күндөрүндө жарык көргөн «Тавро Кассандры» романынан соң көзгө көрүнгөн, өзгөчө сөзгө арзый турган деле эч нерсе жарата элек. Бул романдын орус адабиятында да, кыргыз адабиятында да мурдагыдай «ажиотаж» менен кабыл алынбагандыгы белгилүү. (Дагы бир жакшы жери, «Плаханы» кудай сактаган экен, «Тавро Кассандрыдан» бар болгону үч жылча мурда чыгып калбаса, аны деле кийин «Тавронун…» тагдыры күтүп турушу мүмкүн эле. А бул болсо өз кезегинде адабий адилетсиздик болмок, себеби, «Плаха» Айтматовдун эң бийик шедеврлеринин бири эмеспи!), буга дагы бир себеп, романдын кыргызча котормосу да (котормочусу- Мырзаян Төлөмүшев) мурдагы Ашым Жакыпбеков, Аман Токтогуловдордун деңгээлине жетпей калган чабалдыгы түрткү болду десек жаңылышпайбыз.

Аталган романдан соң жазуучу мурдагыдан кыйла аз жазып калды. Ошого карабастан Чыңгыз Айтматов казак акыны Мухтар Шаханов менен биргелешип чыгарган «Плач охотника над пропастью (Исповедь на исходе века)» аттуу маек (диалог) жанрында чыккан (Алматы «Рауан», 1996) китеби жазуучунун чыгармачылыгын изилдегендерге, дегеле жазуучунун жалпы күйөрмандарына биографиялык пландагы мурда көп белгисиз болгон фактыларды тартуулагандыгы менен баалуу. Айтмакчы, жакында эле дал ушул багытта Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн «Балалыгым» аттуу китеби Бишкекте жарык көрдү. Эң алгач жазуучунун өз оозунан угулуп, немис адабиятчысы Фридрих Хитцер тарабынан жазылып алынып, Германияда китеп болуп чыгып, андан түрк тилине которулуп, жакында гана Бишкектеги түрктөрдүн «Себат» фирмасынын жардамы менен чыккан бул китеп биз өз жазуучубузду ансыз деле жакшы билебиз да деген менен, дале болсо айрым бала кездеги, жана чыгарамчылык башатындагы жаңы фактылар менен кубандырбай койбойт.

Деген менен Чыңгыз Айтматов жакында эле жаңы чыгармасын жарыялады. «Вечная невеста» романы («Дружба народов», №7, 2007) жазуучунун мурдагы көп чыгармаларына мүнөздүү болгондой, анималисттик чыгарма болуп, табият менен айбанаттардын карым -катнашын чагылдырууга арналган. Карып, алдан-күчтөн тая баштаган барс суу боюндагы бадалда эликтердин суу ичүүгө келишин аңдып күтүп жатат. Сууга көп тоюп алган эликтер демейдегидей катуу чуркай албай калышын күтүп, аларга кууп жетем деп ойлоп, мурдагы өзүнүн алдуу-күчтүү кезин эске салып жаткан барстын психологиясы кадимки эле адамдын ой-жүгүртүүсү сымал берилген. Дал ушул учурда ал арыраактан өзүнүн түгөйү — сүйгөн ургаачы барсы башка бир жаш барсты таап алып, аны менен ойноп жүргөнүн көрүп жаалданат, кайгырат, ачууга алдырат, жара тарткысы келет, бирок, тигил жаш барстын өзүнөн алда канча күчтүү экенин ойлоп, тартынат… Дегинкисин, жазуучунун чеберчилиги, эң бир назик сезимдерди жеткире бере алгандыгы эч шек туудурбайт. Бир гана кооптондурган маселе — бир кездеги Гүлсаранын сүйүүсүн, өз үйүрүнө башкарма Сегизбаевден качып келе берип, акыры бычылып тынган айгырды, жана дагы «Кылым карытар күндөгү» Каранар төөнүн тагдырын эске салат. Жазуучу кайсыл бир деңгээлде кайталанып жатабы деген ой да туулбай койбойт.

Асыресе, башкы каарман Арсен Саманчин интеллектуал-журналист, кезинде «Горбачевдук стаяда» таасирдүү болуп жүргөн адам катары сүрөттөлөт! Ал жан-дили менен сүйүп жүргөн опера ырчысы Айдай Самакова да өзүнүн бийик талантын кордоп, ресторан ырчысына айланып, шоу-бизнестин шарына агып кетип, баягы эле ургаачы барс сымал, Арсен жек көргөн белгилүү бизнесмен менен жүрүп кетет…

Жазуучунун кыйла узакка созулган тыныгуудан соң жарыяланган романы олуттуу проблемаларды козгогондугуна карабастан, жеңил жазылып, курч окуялуулукка умтулгандыгы байкалат. Маселен, мурдагы эң мыкты чыгармаларындагыдай лирикалык чегинүүлөр, философиялык подтексттер дээрлик жок. Бир дем менен баяндалган кызыктуу окуяга гана ички тереңидкти астыртан камтуу аракетине, окурманды артыкча «оор» идеяларга алагды кылбоого басым жасалат. Ал эми айылдаш классташы Ташафгандын аны барымтага алышы кадимки эле детектив стилинде курулган. Албетте, бул залкар жазуучубуздун бул эң соңку романы өзүнчө алып талдоону талап кылган азыркы доордун бараандуу чыгармасы болуп калары шексиз. Биз болсо бир гана нерсени белгилеп кетелик, — жогоруда айтылган замандын, турмуштун, окурмандын өз ара мамилелериндеги өзгөрүүлөр жада калса Айтматов сыяктуу алп жазуучуга да таасир этип, жазуу ыкмасын, сүрөткердик дараметин өзгөрткөндүгү ачык эле көрүнүп турат…

Экинчи бир белгилүү жазуучубуз Төлөгөн Касымбеков 2000-жылы «Шам» басмасынан «Баскын» аттуу жаңы романын жарыкка чыгарды. Китепке сөз аягын жазган окумуштуу Кадыркул Даутовдун сөзүнө ишенсек, «Бул роман «Сынган кылычтын» түздөн-түз темалык уландысы, азыр «түндүк» делип жүргөн жалпы кыргыздын жарымынын мурдараак оторлоо баскынына дуушар болушу» жөнүндө.

Бир сөз менен кесе айтканда, бул жаңы чыгарма «Сынган кылыч» аттуу шедеврдин деңгээлине жетмек турсун, чабал гана, ортосаар чыгарма болуп калган. Роман жыйырмадагы Шабдандын орустардын: «Тынчтык жана илим экспедиция» тобунда кыргыз жерин көрсөтүп жүрүшү менен башталат да, Токтогулдун Анжиян көтөрүлүшүнө катыштың деген айыптоо менен түрмөгө кесилип, айдалышы менен аяктайт. Баса, бул төртүнчү бөлүм (249-беттен-393-бетке чейин) жазуучунун мурда жарык көргөн «Келкел» романынан эч өзгөртүүсүз алынып өтүлгөн. Эмнегедир, дароо эле көзгө урунган бир нерсе — жаңы үч главалар тең чебер стилист, лексикалык байлыгы кенен Касымбековго мүнөздүү эмес келегей тил менен жазылган. М: «Чүйдүн эки жээгин чалгындоо ишин ошол 1859-жылы бүтүрүп, Көлүнө да, күн жүрүштөгү бийик тоо чөлкөмүнө да бийлиги өткөн Сары-Өзөндөгү Бишкек калаасын алыш келе жактагы 1861-жылдан кечиктирилбөө Батыш Сибирь генерал-губернатору Гасфорддун аныктамасы эле. Бул маселе Александр 11-нин алдында атайын Кеңешмеге коюлуп, «бул стратегиялык мааниси бар мерчемди алыш 1860-жылы ишке ашырылсын» деген бүтүм кылынган.

Госфор төрө тезинен жылдын башы февралында эле Чүйдүн күн жүрүш оң жээгин топокартага түшүрүш, аскер керегине, саясий мааниси боло турган жагдай үчүн чалгын ишин жүргүзүшкө атчан казак-орус аскеринен шатыраган эки отряд аттандырды…»

Жалпысынан алганда, тарыхый булактарды жыш колдонгондугуна карабастан, ал фактылар «Сынган кылычтагыдай» көркөм трансформацияланган эмес. Ошол себептен улам, көп эпизоддор дээрлик документалдуу, ал тургай газеталык ыкманы эске салат.

Айрым главаларда гана жазуучу өзүнүн мурдагы сүрөткерлик деңгээлине (айрым кемчиликтерине карабастан) көтөрүлө алган. Маселен, дунгандардын Кытайдагы дин кысымына байланыштуу Чүйгө качып, көчүп келишин, бүтүндөй бир улуттун башына түшкөн трагедия кадимкидей көркөм иштелгендиги тарыхый-көркөм каражаттардын шайкеш ширелишкендиги менен чечмеленген.

«… бу саналуу гана саны калган элин кыйын колбашы «мусулман батырар, кубаттуу орус асырар» деп, минтип ушул 1877-жылдын кеч күзүндө «мусулман ичине», «орус чегине» өткөрүп келип турганы эле. Анын «ак жолборс» деп эли бел кылган, душманы моюнга алган атагы болчу.

Жерди көрсөтөрүн го көрсөтүп берди, башына каран түн түшкөн байкуштарга жакшылык кылды, адамкерчилик кылды, мусулманчылык бар карызын өтөдү, а бирок жамы Түркстан жерин падышасынын менчиги деп жарыялап алган орус төрөлөр не дешер экен?! Шабдандын көңүлүн өйкөгөн ушу…»

«Шабдан Жантаев «чалгынчы», «орточы», кала берсе «бул элдин эң таасирлүү адамы» катары орус аскербашыларынын арасында эрке бала сыяктуу «Шаби» деп да жакшы көңүлдө аталчу».

Эми Туркестан генерал-губернатору Калпаковскийдин Шабданга айтып турганын келтирелик: «Бу… жер деген Шаби, — деп жумшактап кебин улады, — урматы улук император бүткүл Россиянын эгесинин менчигине өтүп калган. Айталы ким көрүнгөн ким көрүнгөнгө үзүп-жулкуп бере беришине эч убакта жол бериле койбойт. Сен, ырас, өтө кадырман адамыбызсың, муну тушүнүшүң ылаазым эле.

«Э-э, — деп билди Шабдан, — былтыркы байкуш бозгун элге көрсөтүлгөн биртике жер туурасында экен бул такык!..»

Кийинчерээк орун-очок алып, чарбачылдыгынан бутуна туруп алышкан дунгандар Шабдан баш болгон кыргыздарды — өз айлына сый конокко чакырышат. Бул эпизод мындайча баяндалат: «Көзү жалдырап, бир мейман чыдабай тоң алмадан бирди шагынан алып, күртүлдөтүп кемирип кирди. «Эй, кой…» деди жанындагы. «Биздин жердин алмасы бу…» деп койду корс этип, көк алманы камырабай кемирип: «Энеңди, бейиш кылып алган тура тим эле…» деп кубаттады аны бири.

Көзү чалып турган дунгандар көрмөксөн, бирок бир уурту тартыла жылмайып турушат…

…Тай союлган, кымыз алдырылган. Эткор күшүлдөп, үйүнөн ушул жерге келгенче сагынып калгансып казы сугунуп, кымыз шимиришсе, тыякта дунгандар бакма коенчо быйпыңдап, көгүн кыртылдатып, эки жак тең тынышпайт.

Тайдын жумшак эти кыргызча нарын кылып тууралып, биртке пияздалып, атайын камыры аз, ысык чыкталып келди бир убакта. Дегиси этке табити көп тартпаган эл «О!», «О!» деп сүйүнгөндөй болушканы менен анча сугулуп түшө алышкан жок, а меймандар, каягына батып атат, өзүлөрү да билбей, чоң чеңгел салып сугунуп, чараларын түгөтүшүп, бир маалда эки көзү акыйып, ынтыгып отуруп калышты кай бири…»

Бир караган көзгө бул цитаталар жазуучунун тил байлыгынан, ирониялуу стилинин ийкемдүүлүгүнөн кабар берип тургандай сезилгени менен образдардын карикатуралуу, бир беткей түзүлүп калышына жол берет. Айтмакчы, бул романда айтылуу Шабдандын образы гана анча-мынча ачылган дебесек, калган каармандар (айрыкча орустар — «Россия империясынын өкүлдөрү» документалдык фактылар чегинде гана берилгенденби) жансыз марионеткаларды эске салат. Дагы бир субъективдүү жагдай — орус колониячыл болсо эле жазуучу жек көрүп, жамандап (подтекст аркылуу же ачык эле) жатып калат. Бирок, объективдүү жагдай мындай бир деталдарга көңүл бурдурбай койбойт: биз келтирген цитатада Калпаковский кантсе да өз милдетин так аткарып, өз мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп жатат. Ал эми кыргыз элинин башчысы Шабдан «биртке жер» деп берип салып, ага жолбун болуп келген эл аз убакта «бейиш» орнотууга умтулат. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай: Шабдан кең пейил, көр дүнүйөгө кызыкпаган, элди коргоочу, бей-бечара, жетим-жесирлердин таянычы сыяктуу бир беткей гана сүрөттөлөт. Ал эми башка өнүттөн карасакчы? «Биртке жерден» башка казактарга кырк байталга сатылган Кордой жөнүндө эмне үчүн сөз болгон эмес? Жана да Алайда Курманжан датканын уулу Абдылдабек орус аскерлери менен айыгышкан кармашууну башынан кечирип жаткан кезде Шабдандын Тогуз-Тороо аркылуу орус аскерлерин жол баштап алып барганы эмне үчүн бир беткей (Курманжан менен тынчтык жолунда тилге келишүү катары) гана сүрөттөлүп калган?!

Дегинкиси, орус кысымынан кутулдук, цензурадан кутулдук, эми баарын эркин жазууга болот деген жазуучунун башка бир «рамкага» тутулганы ачык байкалат. Ал кайсыл бир деңгээлде — Шабданды идеализациялоодо көрүнөт. Бул да түшүнүктүү.

Эгемендик жылдарынан бери мамлекеттик идеологияда өз стреотиптерибиз пайда болбодубу. Алардын бири — түштүктөн Курманжан датканы, түндүктө Шабданды эл башылар, элдин эгемендиги үчүн мурдатан эле күрөшүп келген адамдар катары сүрөттөөгө умтулуу. Курманжанга келгенде бул кандайдыр бир деңгээлде чындыкка жакын. Эки уулу — Абдылдабек менен Камчыбек орустар менен кармашууда жан беришип, калгандары сүргүнгө чейин барып келишпедиби. Ошол эле учурда Шабдандын дайыма конформисттик, компромисттик саясат жүргүзүп, керек учурда кыргыздарга каршы орус жасоолуна айланып келгендигин да моюнга алышыбыз керек. Айрыкча тарыхый чыгарма деп атай турган болсок. Бул жерде Шабдандын тарыхтагы ролун төмөндөтөйүн, жамандайын деген эч ким жок. Тескерисинче, Шабдандын ошол драмалуу абалы психологиялык жактан жеткиликтүү ачылбай калгандыгы жөнүндө болуп жатат. Анткени, орустарга каршы туруу (Абдылдабекчесинен) түндүктө 1916-жылкы алааматтын андан алтымыш жыл илгери болуп калышына да алып келиши мүмкүн эле.

Тарыхый жактан да, көркөмдүк жактан да чыгарма өз максатына жеткен эмес. Айта кете турган бир нерсе: «Сынган кылычтагы» Абдылдабектин Ооганга качып барып, жолдо өлүп, көз жумар алдында «көкүрөгүмдү жарып, жүрөгүмдү ала кеткиле, жок дегенде жүрөгүм өз жеримде калсын» деген керээзи тарыхый чындык эмес экени факт. Абдылдабектин сөөгүн жигиттери өз жерине алып келип көмүшкөндүгү чындык. Бирок жазуучунун көркөм интерпретациясы канчалык күчтүү символ аркылуу берилген?! Ал керек болсо тарыхый, документалдуу чындыктан дагы жогору болуп турбайбы?!

Китептин аннотациясында: «Кыргыз элинин тарыхын көтөрүп келе жаткан реалист сүрөткер, таасын илимпоз жазуучунун бул романы «Сынган кылычты» толуктайт» — деп жазылган. Тилекке каршы, көркөмдүк жактан да, илимий-тарыхый жактан да роман чала, үстүртөн иштелгендей таасир калтырат:

…Элүү жаштагы Шабдандын жеке трагедиясы да (азыркы тил менен айтканда, өз кезегинде сүйбөй, тек гана «расчет» менен үйлөнүп калгандыктан улам) бир топ күчтүү чечилген. Маселен, ал өзүнүн жолдош баласы, солто бийи Өзүбек менен кыз көргөнү барган эпизодду алалык.

«Баш өргөөгө акмалап барышты. Чоң сарала дөбөт күрүлдөп тосо чыкты эле, кудай жалгап Өзүбекти тааныйт экен, ал алдына таштаган бирдемени шимшилеп, күймөнүп калды. Шырп эттирбей эки жигит баш өргөөнүн түбүнө жетишип, Өзүбек эки үзүктүн катталышкан жерин акырын ачып, ичкериге кол салып, анан кол шилтеп чакырды күйөө баланы. Күйөө бала жүрөгү лакылдап, ынтылып, кайра кыжала токтоп, а тиги караңгыда колун булгап, шаштысын алды.

Барып, акырын өргөө ичине серп салды, ошол тапта анын жалгыз үмүтү керилген бир текебер сулуу жан көрмөктү эңседи, аттиң ай… От бүлбүлдөп турган экен, Жангарач бий карала кымкабы желбегей, байбичеси экөвү акырын сүйлөшүп отурушат… албетте, сөз сөйкө салыш жөнүндө жүрүп жаткандыр… Бий тарапта бир секелек кыз бала сулап боортоктоп жатып алган «куурчак көчүрмөй» кылып өзүнчө ырдагансып кыңкылдап, жалаң аяк, итбалдактак эки аягын салпылдатып жатат. «Э, сиңдиси окшойт эркелеген…» деди күйөө бала.

«…Көрдүң… болду, жүр…» деди артынан Өзүбектин күңүрт үнү. «Ушубу?..» деди купуя, дили чаңыргансып, күйөө бала үзүктү жаба сала жүзүн үзүккө басып, көөдөн толо үшкүрүгү чыкты. «Ушулбу?..» деди ындыны өчкөн дили…»

Ал эми уруучулуктун айынан өзүнүн эле аталаш туугандары «Үчикенин үч уулуна жем болгон аз тынайдын бийи» Жантайдын ою такыр башкада эле «күчтөнүп, таасири жайылып, «ток пейил толгон солто» делинген эл менен куда болуу максаты бар болчу.

«Мына, «кыз беришип», «уул үйлөшүп» тамыр-сөөк болушуп, түбү тууганчылыгын кайра бекемдеш. «Эр азаматтын бир журту өз журту, бир журту тай журту, бир журту кайын журту» делинип келген илгертеден. Төртүнчү журту азаматтын өз дөөлөтү, адилеттиги. Бирок жалгыз өз журту, өз дөөлөтү, адилеттиги аздык кылат. Бир күнү бирдемеден кемийт — көмөгү болбой калат, бирдемеден аксайт- жөлөгү болбой калат. Ошон үчүн кексе Жантай «жакшы чыкмасына» көп солтону кайын журт кылып, азыртан кубат кошмок, тымызын Жангарач бийдин агасынын уулу зоңкойгон баатыр Байтиктин катарына өткөрмөк болуп жаткан.

Бир сөз айта албай олтуруп калган бала Шабдан».

Азыркы адабияттагы дагы бир мүнөздүү касиеттердин бири — соңку он жылдыкта тарыхый темадагы чыгармалар көп жазылгандыгында болду десек жаңылышпайбыз. Атап айтсак, «Теңир Манас», Мелис Абакировдун «Көкөйкести» (он тогузунчу кылымдагы кыргыздар менен казактардын согушун чагылдырган), Самсак Станалиевдин «Касым Тыныстанов. Чагылгандын көз жашы» аттуу документалдуу романдары учурдагы адабияттын чыныгы жүзүн аныктай турган чыгармалардан болуп калышты.

Аталган роман отузунчу жылдарда жалпы кыргыз адабияты, илими, маданияты үчүн опол тоодой эмгек кылып, бирок тагдыры трагедиялуу аяктаган инсандын өмүр баянына арналган алгачкы олуттуу изилдөө. Болгондо дагы — тарыхый, илимий-популярдуу жана көркөм жанрлардын чегинде. 20-30-40-жылдардагы кыргыз интеллигенция чөйрөсүндөгү атмосфера, анын пролемалары жана белгисиз жагдайлары Тыныстановдун өмүр жолу аркылуу таасын ачылган. Роман «Арыктап бүтүп, ачарбак болгон бир караан камерада жалгыз олтурганы» менен башталат да, Касымга атууга өкүм чыгарылышы менен аяктайт, дал ошол себептүү, жазуучу ким жөнүндө жазбасын, кандай татаал, бир жактуу кароого болбой турган жагдайларды сүрөттөбөсүн — баары башкы каармандын көз караш призмасы аркылуу берилет. Романдын бир гана кемчилиги ушунда деп койсок болот. Анткени, тарыхты жана башка көптөгөн кырдаалдарды бир гана адамдын көз карашы, баасы аркылуу кароо чектелүүгө алып келет эмеспи. Ал эми башка жагынан караганда — романда өтө бай материал хронологиялык тартипте, ырааттуу тизмектелип жүрүп олтурат. Касымдын балалыгы, сүйүүсү, билим алышы, инсан катары калыптанышы, балалык, өспүрүмдүк чөйрөсү айкын көз алдыга тартылат. Андай баяндар менен кошо эле романдын негизги өзөгүн түзүп турган конфликт акырындап, байкалбастан өнүгүп жүрүп олтурат.

Асыресе, ХХ кылымдагы жазма кыргыз адабиятынын пайдубалын түзүшкөн эки акындын — Касым Тыныстанов менен Аалы Токомбаевдин кармашы, чыгармачылык полемикадан улам пайда болгон келишпестиктин адамдык душмандыкка айланышы романдын сюжеттик линиясынын чордонун гана түзбөстөн, аны драмалуу-трагедиялуу бийиктикке көтөрүп турат. Башкача болушу да мүмкүн эмес болчу. Бул коллизиясыз чыгарма тек биографиялык пландагы документалдуу баян болуп гана калмак. Ансыз да анын өмүрүн алып кеткен бул байланыш жөнүндө эгемендик жылдарында архивдер ачыла баштаганда гана ачык жазыла баштабадыбы.

Бул эки инсандын чыры алиге бүтпөй, алардын талапкерлери жана күйөрмандары алиге чейин «ким туура, ким туура эмес?» — деген талашты улантып келе жатышпайбы. Ошондуктан Станалиев өз чыгармасын тек гана роман деп атап койгону да абдан туура болгон. Себеби, автор тарыхый вердикт, бир беткей бүтүм чыгаруудан алыс. Окурманга гана өз чындыгын тартуулап, жыйынтыкты окурман өзү чыгарып алышын сунуш кылат. Дал ушул жагдай авторго кээде көркөм фантазиясынын көкөлөшүнө, ал тургай легенда, миф сыяктуу чыгармачыл элементтерди колдонууга мүмкүндүк берет. Айталык, Касымдын кыяматтык душманы болуп калган Токомбаевдин генеалогиясын сүрөттөөдө автор эч кандай документтерге, архивдик материалдарга таянбагандыгы (таяна да алмак эмес!) ачык эле көрүнүп турат. Шербото-Өтөгөн-Токомбай-Аалы… Бул атадан балага калган, кан кууган (генетикалык) сапаттарды сүрөттөө жазуучу тарабынан көркөмдүк каражаттар аркылуу эле бир топ ишенимдүү берилген. Табиятынан өжөр, кекчил Аалынын Касым кийинчерээк ортого киши салып (болгондо да Осмонкул Алиев сыяктуу ошол кездеги кадыр-барктуу кишилерди), жарашалык, кечиришелик дегенине да көнбөгөнүнүн сыры көрсө тээ тереңде жаткан тура. Анын ата-бабалары таарыныч, же бир берген убада сөзү үчүн керек болсо өзүнө да канжар малгандан да тартынбаган кишилер болгон экен.

«Шербото баатыр баатыр дегенчелик эле болот. Анын Сурантай деген уулу кызыл өрт болуп чыкканда, айла жок экен, ак өлүмгө алдырып ийет. Күйүтүнө күйүп, балам деп боздоп турган Шерботону алыс туугандык жайы бар, өзүнчө Саза баатыр аталган адам жолун тазалап алыш үчун сөөк үстүнө сөөк кошмок акылды ойлоп табат. Көңүл айтыш үчүн келип:

— Жаман иш болуп калыптыр, баатыр, уккандан кийин кантип тирүү басып жүрөбүз деп калдым. Сурантай өлгөнчө сен экөөбүз кучакташып өлсөкчү. Эми кимге керекпиз. Ушул жашка келгенче жоодон коркуп көрбөгөн элек, эми ажалдан коркмок белек, мен кайра жанбас чечимге келдим, жашарымды жашадым, аларымды алдым, бул дүйнөдө арман деле калган жок. Сурантай өлүп биз экөөбүз дүйнөнүн кайсы тешигин бүтөмөк элек. Какчаңдаган чал деген сөздү укканча, ушул Сурантайды кучактап жатканыбыз жакшы эмеспи. Сени билбейм, Шербото, мен камынып келгем, кечирип кой, бул сөзүмдү керээз кебим катары элге-журтка айтып кой, — деп канжарын алып, жарынып алмакчы болгондо:

— Саза досум, бир ачууңду мага бер. Эл көзүнчө андай иш жасаган болбойт. Айтканың чын, баатырым, мен дагы жашагым келбей турду эле, — деп колунан канжарын алып, кынына салат да: — Баатыр жалгыздап өлөт, анын өз жолу бар, — дейт.

Ошол түнү таңга жуук Шербото жарык дүйнө менен кош айтышып кеткени өзөктү күйгүзөт, сөөгү Сурантайга казылган көрдүн казанагынан табылат. Баатырдын сөзү бир, эрдиги миң деген ушул дешип, ата-баланын сөөгүн бир мүрзөгө коюшат…»

Ал эми Токомбай «өзүнүн карачечекей инисине ага айтпай кызына калың бычканы» үчүн бычак салат…

Тарыхый темаларга арналган «Хан Ормон», «Алымбек хан», «Балбай», «Байтик», «Атаке баатыр», «Курманжан датка», «Медет датка», «Исхак Раззаков», «Султан Ибраимов» делип жазылган роман сыяктуу, драма сыяктуу белгилүү тарыхый инсандар жөнүндө жазылган чыгармаларды санап чыгууга да мүмкүн болбой калды. Менимче, бул аталган чыгармалардын кеңири таркаган мучүлүштүгү — алар белгилүү гана фактыларды эл оозунан гана (өтө сейрек учурларда архивдерден) жыйнап, болгонун болгондой жазып коюшкандыгында. Бул жагынан алганда андай чыгармалардын авторлорун жазуучу, драматург дебестен эле фольклорчулар, эл оозундагы уламыш, айтымдарды жыйноочулар деп койгонубуз туура. Балким, ким билет, алар да кийин бир убакта башка бир толук кандуу чыгармаларга материал болуп беришер.

Ушул жерден баса белгилей кетчү бир нерсе — ушундай эле даяр материалдардын негизинде жазылган Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» романы автордун сүрөткердик дареметинен улам анын өзүнүн чыгармасы, өзүнүн «Манас» варианты болуп калгандыгы деп айтууга толук негиз бар.

Албетте, таланттуу жазуучу Абдиламит Матисаковдун «Атамды көргөн өлбөсүн» аттуу прозалык жыйнагы (публицистикалык мыкты чыгармалары да орун алган) өзүнчө узун сөзгө арзый турган китептердин бири болуп калды. Бирок, анын денгээли, стили баягы эле тааныш автор экендигин, анда сонку убактарда эч өзгөрүүлөр, изденүүлөр болбогондугун ырастап тургансыйт. Баса, бул жагынан алганда соңку жылдарда жарык көргөн таланттуу жазуучу Орозбек Айтымбетовдун беш томдук «Кыргыздар» аттуу адабий изилдөөсү кыйла өзгөчөлөнү турат. Айтылуу Александр Солженицындын «Архипелаг ГУЛАГын» көлөмү боюнча да, жазуу стили боюнча да эске салып, бай материалды топтогон чыгарма ар түрдүү ойлорго салбай койбойт. Албетте, нукура улуттук материалдардын негизинде. Демек, тарыхый-адабий изилдөө стилинде жазылган китепке көркөм чыгармага мамиле кылгандай эмес, такыр башка өңүттөн кароо талап кылынат.

Адабиятка соңку он жылдыкта келип кошулушкан жазуучуларыбыздын стилдери мурдагыдан кескин айырмаланып тургандыгын үстүрт караганда деле байкоого болот. Цензура, идеологиялык кысым дегенди билбегендиктенби, алар турмуштук ар кандай окуяларды сүрөттөөдө өздөрүн абдан эркин сезишет. Бул айрыкча белгилүү, популярдуу жазуучулардын бири болуп калган Чолпонбек Абыкеевдин чыгармаларына таандык. «Бриллиант жылан», «Кызыл көйнөкчөн келин» аттуу чыгармаларында жазуучу стилдик көп түрдүүлүктөрдү көрсөтүүгө жетишип, дал турмуштагыдай реалдуу картиналарды, мүнөздөрдү чагылдырат. Окуялар да дал турмуштун өзүнөң алынгандай схемасыз, күтүүсүз өнүгүп жүрүп отурат. Азыркы жаңы доордогу турмуштун көйгөйүн чагылдырууда, менимче, Чолпонбек Абыкеевге тең келген жазуучу чыга да элек. Ким билет, балким дал ошондон улам ал окурмандар арасында тез оозго алынып кеткендир. Жасалмасыз, анын үстүнө кызыктуу сүрөттөөлөр жогоруда аталган эки чыгармада тең жыш орун алган. «Бриллиант жылан» романы жанры боюнча детективдик-приключениялык чыгармага жакын. Жай, жөнөкөй адамдардан тартып, кылмыш дүйнөсүнүн авторитеттеринин турмушу, базарда эптеп күн көргөн бечаралардын тагдырлары бири-бирине жуурулушуп, окуянын жандуу өнүгүшүнө шарт түзүп турат. Ал эми «Кызыл көйнөкчөн келин» повестинде мистикалык, эротикалык элементтер арбын.

Мындан 25-30 жылча мурда «Сто лет одиночества» романында колумбиялык жазуучу Габриэль Гарсиа Маркес өлгөн кишинин тигил дүйнөдөн кайтып келип алганын ишенимдүү бергенине суктанып, таң калып окусак, эми андай изденүүлөр цензурадан эркин болгон биздин жазуучулардан да чыга баштаганы кубандырат. Турмуштун көлөкө жактары арбын чагылдырылганына карабастан аталган эки чыгарма тең бийик адабиятка мүнөздүү гуманизм, рухий идеяларга чулганып турат.

Дагы бир жаңы доордун жазуучусу — Бекмурза Жекембаев. Анын «Министрдин кызынын махабаты» деген повести да бир кыйла чыйрак жазылган. Айылдан кечээ эле мектепти бутүруп, борборго окууга келген жаш жигиттин сүйүү жана башка турмуштук приключениелерин жазуучунун тили жатыгып, сюжет курууда кадимкидей такшалып калгандыгы байкалат. Бирок, тилекке каршы, сюжеттеги конфликт күчөп, окуя чыңалып баратканада (бзарда жездесинин чочколорун сатып бизнес жасап жүрүп шектүү адамдар менен кокусунан байланышып калышы) чыгарманын күтүүсүздөн аяктап калышы анын бүтпөй калганын, толук бойдон иштелбегендигинен, чийкилигинен кабар берип турат.

Каныбек Иманалиевдин «Жоогазын ыры» аттуу повести соңку жылдардагы прозалык мыкты чыгармалардын бири экендиги шексиз. Жазуучу кийин эле жаза баштаганына карбастан, классикалык стилде олуттуу адабият багытында иштегени көрүнүп турат. Повесттин башкы каарманы Калтегин ажылык сапарга аттанганы, ал жактан Гүлбагым деген кыз менен таанышып, аны сүйүп калганы сюжеттин негизин түзөт. Окуя ал тургай реалдуу негиздерден да куру эмес. Кайыңды айылы жер көчкүнүн борборунда калып «бир айыл эл жер көчкүнүн алдында калып, калган жарымы акиташтуу болгондуктан кашкайып жар болуп, анысы Көк-Жар аталып күнү бүгүн да тээ алыстан кашкайып көрүнүп турбайбы…»

Арийне, жазуучунун тили бай, ийкемдүү экенине карабастан чыгарманын көп жерлеринен жадаткан көп сөздүүлүк сыяктуу олуттуу кемчилик да байкалбай койбойт. «Жоогазын ырында» анчалык байкалбаган бул кемчилик Иманалиевдин жакында эле жарык көргөн «Айдың көлдүн ак куусу» аттуу жанры «Энесайдын махабат аңызы» катары аныкталган жаңы чыгармасында ачык эле көрүнүп жатат.

«Тайчы кырдан ашаарда соңку ирет өрттөнүп жаткан айылын бир жалт карап алды. Арт жагында боз үйү өрттөнүп, журту өлүп жаткандай кайран кыргыз. Коргоп чыгар жигити жок, бийлиги өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Малдын баары өрттөнүп, байлыгы өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Чөбү өрттөнүп, жери өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Күйгөн күлү сууга агып, суусу өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Карагай кайыңы күйүп, тоосу өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Түтүнү көккө көтөрүлүп, асманы өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Өрт жыттанып, өлүк жыттанып, абасы өлүп жаткандай, кайран кыргыз. Кыямат күндө кыргызын сактап калалбай, Манасы өлүп бараткандай, кайран кыргыз.

Жалгыз гана Кулагер эмне болду экен деген ой аны менен кошо зуулдап баратты.

Арчатору көйкүлүктүгун эми гана көрсөтүп туу куйругун желге, көкүлүн көккө сапырып, таноолору дардайып, эргип учуп баратты… баратты…»

Дегеле жаңыдан проза жаза баштап, ушундай стилге көнүп алган жазуучу андан ары кандай жазышы мүмкүн? Тем более, Мидин айтмакчы, андан ары «таратты, каратты, жаратты» ж.б. жатса?..

Улам эле желдирме стиль менен ар бир сүйлөм аягында улам «кыргыз», «баратты» деп кайталай берген менен текст мыкты проза болуп кетпейт. Ушул эле зарыл болсо, мындай текстти бир-эки километрге да созууга болор эле.

Биздин адабиятта, адабият таанууда азыркыга чейин чаташтыруу болуп келген бир маселенин бетин ачып алуу зарылдай туулат. Мунун башаты тээ 60-жылдардын аягында, 70-жылдардын башында Айтматовдун повесттери адабиятта модалуу боло баштаганда башталган. Эң чебер жазуучубуздун чыгармачылыгына айтылган, көп кайталаган комплименттердин бири — анын чыгармалары «поэтикалуу» деп айтылып жүргөндүгү белгилүү. Муну айрым адабият таануудан түшүнүгү алыс адамдар поэзия менен чаташтырып жүрүшөт. Жакшы прозага комплимент айткысы келсе, «проза эмес эле ыр жыттанат, поэзия жыттанат» деп айтып калышат. Түпкүлүгүндө натуура ой жүгүртүү. Проза поэзиясыз эле толук кандуу, өз алдынча мыкты жанр экендиги эске алынбайт. Ал тургай ой, идея күчтүү чыккан кезде тилдин өзү эч эске алынбай, жазуучунун сүрөткердик даремети гана бааланат. Мисалга алсак, улуу жазуучулар Лев Толстойдун да, Федор Достоевскийдин тилдери (тил байлыгы эмес, стилистикасы) начар экендиги жалпы адабий коомчулук тарабынан аныкталган факт. Биринчисин дээрлик ар бир сүйлөмүндө «потому, что», «так, как», сыяктуу оборотторду колдоно бергендиги үчүн жемелешсе, экинчисин дегеле сүйлөмдөрү стилистикалык каталарга толо экендигине жемелеп келишет. Бирок ошол техникалык көрсөткүчтөр алардын чыгармаларынын мазмунун төмөндөтүп, улуулугун жокко чыгара алабы?! Албетте, жок. Ал гана эмес, чебер стилист Иван Буниндин «Война и мирдин» стилин оңдоп, «жакшыртып» кайра жазып чыксамбы деген оюна анын замандаштарынын бири жипкирип, сенин сыйда саптарыңдын арасынан Толстойду кантип табабыз деп аны дароо бул ниетинен кайт кылганы бар.

Муну айтып жатканымдын себеби, кооз сөздөр, сыртынан чебер курулган сүйлөмдөр канчалык жалтырап чубалжыбасын, нукура прозага тиешелүү башка сапаттарга негизделбесе, эсте да калбайт. Анткени, ал чын эле «ыр, же ыр менен жазылган чыгарма» сыяктуу гана болуп калат. Баса, «Стихотворение в прозе» деген прозадагы ритмикалык ыкманы Иван Тургенев биринчи жолу колдонгон, бирок, анын бул ыкмалары чакан, кыска гана бир пейзажды (проза үчүн көнүмүш эмес болгон, жансыз, элести, «сүрөттү» берүүгө болбой турган) темаларда гана пайдаланылган. Ал эми ХХ кылымда ритмикалык прозаны өз стилинде пайдаланган жазуучулар аны демейки эле окуялуу прозада ийгиликтүү пайдаланышкан. Алсак, Анатолий Кимдин «Лотос» повести бүтүндөй болбосо да, басымдуу бөлүгү ритмикалык проза ыкмасында жазылган: «Синий цвет небес, /созвучен косматым соснам/ растущим на горе…» Бирок ошол эле учурда окурман бул уйкаштыкты, ритмди дээрлик байкабайт. Байкаштын да зарылчылыгы жок, анда ал повести окубай эле башка бир сүйүктүү акындын ырын колго алмак…

Бир сөз менен айтканда, прозада динамикалуу өнүккөн сюжет (сөзсүз эле курч окуялуу деп ойлобош керек), турмуш агымын, каармандын өөрчүп-өнүгүүсүн көрсөтө алган идея болбосо — ал эч кандай проза эмес, тек гана лексикалык көнүгүү сыяктуу болуп калат.

Дал ошондон улам «прозасы поэзия жыттанат» деген сандырак комплиментти токтотуп, адегенде «Поэтика» деген терминди жакшылап өздөштүрүп алуу зарыл. Адабият теориясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Леонид Тимофеевдин китебинде да, «Литературоведческий словарда» да, «Поэтика Достоевского» (ал эми Достоевскийдин тили кандай экендигин жогоруда айтып өттүк) аттуу адабият таануу илиминин шедеврин жараткан Михаил Бахтиндин, улуу адабиятчы Дмитрий Лихачевдун аныктамаларында да «Поэтика» термини бир эле түшүнүктү туюндурат. Себеби, ал ар ким каалаган жакка чоё бере тургандай эмес, туруктуу теория. Ал — эң башкысы чыгарманын тышкы структурасы (сырткы түзүлүшү) менен ички мазмунунун шайкеш келиши, чыгарманын гармониялуу өнүгүүсүн жана жалпы бүтүндүгүн (цельность), талап кылган түшүнүк. Башкача айтканда, Айтматовдун повесттери өтө поэтикалуу деген баа кыргызча айтканда «ашык, кеми жок, өтө чебер жасалган чыгарма» дегенди эле билдирет. Чынында эле Айтматовдун дээрлик бардык повестерин карап көрсөк, алар эч бир артык баш эпизод же тескерисинче, кошумча толуктоо киргизе турган жери жоктой жыш жазылгандыгы менен айырмаланып турат.

Поэзия жанрына келсек, 1990-2004-жылдар аралыгында чыккан китептердин ичинде поэзия жанрындагы эң ири чокулар деп Сооронбай Жусуевдин «Курманжан датка» романын, Жолон Мамытовдун «Башат жана мухит» аттуу тандалмаларын (Бишкек, «Адабият», 1991) жана Омор Султановдун «Жан берели сүйүүгө» аттуу тандалмаларын (Бишкек, «Акыл», 1996) атап кетер элем.

Бул жанрдагы бараандуу китептер деп мурдагы эле белгилүү акындар Сооронбай Жусуевдин «Курманжан датка» аттуу тарыхый пландагы кеңири масштабдуу романын, «Канат менен Зарина» аттуу трагедиялуу (реалдуу турмуштан алынып жазылган) махабат дастанын, Токтосун Самудиновдун чебер, маданияттуу юмор менен жазылган пародиялары да орун алган «Тандалмаларын», Анатай Өмүркановдун «Күндөгү так» аттуу азыркы замандын көйгөйүн ырга кошкон курч публицистикалык маанайга толгон жыйнагын, Шайлообек Дүйшеевдин «Арабадагы ыр» аттуу фольклордук, нукура элдик поэзиянын салтын улаган мыкты жыйнагын, Бактыгүл Чотурованын «Боз торгоюн», Фатима Абдалованын «Шамалдагы үн» аттуу философиялык пландагы ырлар жыйнагын, жана да жаш акындар Аида Эгембердиеванын «Белгисиз жомок» жана Олжобай Шакирдин «Өзүм менен өзүм» аттуу ырлар жыйнактарын соңку жаңы доордогу чыккан бараандуу чыгармалар катары атап кетсек ашыкча болбос.

Соңку он жылда адабияттагы эң үзүрлүү өнүгүп жаткан жанр катары адабият таануу менен документалдык-публицистикалык жанрды айтып кетүү акыйкаттык болор.

Конкреттүү атасак, белгилүү адабий сынчы Кеңешбек Асаналиевдин «Шекер и космос» аттуу изилдөөсү, таланттуу жазуучу Мар Байжиевдин «В битве за истину» аттуу адабий изилдөөлөр жыйнагы бул жанрдагы чоң окуяга айланган чыгармалардан болуп калышты. Эгерде биринчи аталган жыйнакта атактуу жазуучубуздун чыгармачылыгы биринчи жолу кыргыз адабиятчысы тарабынан ушундай фундаменталдуу деңгээлде изилденип жатса, экинчи китепте Мар Байжиев «Манас» эпосу үчүн бул сөздүн толук маанисинде каны-жанын беришкен адабиятчылардын, фольклорчулардын эмгегин архивдик баалуу материалдардын негизинде тескөөгө алат. «Боль сердца моего «Манас»» аттуу адабий изилдөөдө 30-жылдардын башынан тартып, 1950-жылдарга чейин созулган репрессиячыл режим заманында эпоско тиешеси бар жыйырмадан ашуун окумуштуу, коомдук ишмер атылып жок болгондугу архивдик материалдардын негизинде иликтөөгө алынган. Ал эми «В битве за истину» ошол эле каралоо жолу менен атылып кеткен окумуштууларды кайра актоо, алардын эмгегин баалоо үчүн болгон күрөш баяндалат.

Акын Эрнис Турсуновдун архивдик материалдардын негизинде түзгөн «Жоомарт Бөкөмбаев» жыйнагы да мурда жарыяланбай келген материалдары, эскерүүлөрү менен адабият таанууда жаңылык ачууга жөндөмдүү фактылары камтып турат. Улуу тилчи Кусейин Карасаевдин «Кылым жана инсан» аттуу жыйнагына (Каракол, 2002) өмүр жолу элдин, тарыхтын, адабият-маданияттын өөрчүп-өнүгүшүнө тыгыз байланышкан инсандын архивдик материалдары, эскерүүлөрү топтолгон…

Эскерте кетчү жагдай: аталган китептердин ар бири өзүнчө кеңири сөзгө арзыйт жана тыкыр талдоого муктаж. А биз, обзордук макаланын чектелүү мүмкүнчүлүгүнө жараша, тилекке каршы, бардык оюбузду кеңири бере алган жокпуз…

Менимче, адабияттын тарыхын окуп үйрөнүүдө жакында эле жарык көргөн Ашым Жакыпбековдун «Күндөлүктөрү» баалуу материал болуп бере алат. 1954-жылдан 1959-жылга чейинки убакытты камтыган бул «университеттик турмушту» чагылдырган документалдуу элестерде автордун өзүнүн гана адабияттагы эң алгачкы кадамдары гана эмес, Б. Жакиев, Ж. Садыков, К. Бобулов, С. Асанбеков, Э. Турсунов, С. Жетимишев сыяктуу азыркы адабиятыбыздын бараандуу өкүлдөрүнүн чыгармачылыктагы эң алгачкы изденүүлөрү камтылган.

Албетте, «Литературный Киргизстан» журналы чыгара баштаган «Жизнь замечательных людей Кыргызстана» деп аталган сериясы да эң мыкты фактыларды, баалуу документалдык эстеликтерди камтып тургандыгы менен жаңылык болуп калды деп ишенимдүү айтууга болот. Бул сериядан жарык көргөн Александр Ивановдун академик Кайып Оторбаев жөнүндөгү китеби, Тамара Токомбаеванын өзүнүн атасы — залкар акын Аалы Токомбаев жөнүндөгү китеби, жазуучу Мар Байжиевдин «Мой отец Ташим Байджиев» деген китептери алда качан кеңири ачылган архивдер ыктуу пайдаланылып, жалпы коомчулуктун аң-сезиминде ушул кезге чейин «ак тактар» болуп орун алып келген кенемтелерди толтура баштаганын айгинелеп турат.

Жыйынтыктап айтканда, эгемендик орногондон кийинки доордогу көрсөткүчтөр анчалык жаман деле эмес. Анткени, адабиятта эзелтен эле башкы критерий сан эмес, сапат болуп келген эмеспи. Бул жагынан алганда, жаман айтпай жакшы жок дегендей, азыркы адабияттагы экономикалык кризистин «пайдалуу» жагы да бар. Себеби, китеп чыгаруу кыйын болгон сайын жазуучулар, акындар жана адабиятчылар да өздөрүнүн эң мыкты деп эсептешкен чыгармаларын гана жарыкка чыгарууга умтулушат эмеспи. Демек, мурдагы замандагыдай гонарар үчүн «рекорд» коюп, отуз-кырк китеп чыгарбай, азыркы адабияттын өнүгүү процесси ушуинтип жүрүп олтурса, табигый тандоо аркылуу жаралган, эки-үч мыкты китептери менен деле адабияттын тарыхынан өзүнүн татыктуу ордун ээлей турган мыкты акын-жазуучулардын күбөсү болушубуз мүмкүн. Ал эми дүйнөлүк адабиятта өмүр бою иштеп, бир эле китеби менен тарыхта калган жазуучулар да арбын эле кездешет. Маселен, Узакбай Абдукаимов жалгыз романы «Майдан» менен классик-жазуучуга айлангандыгы айныгыс факт.

Жыйынтыктап айтканда, улуттук адабиятыбызда ар түркүн багыттагы аракеттер арбын. Ошол эле учурда, азырынча изденүүлөр азыраак, жаңы чабыттарга чыгуу далалаты да чабалыраак. Ошондуктанбы, көп учурда азыркы доордо пайда болгон көптөгөн коммерциялык адабияттарды эске албай айта турган болсок, улуттук адабияттын мурдатан таанымал өкүлдөрүнүн айрымдары калыптанып калган инерциялары менен гана иштеп жатышкансыйт. Жаңы дыңды бузуп, мурда айта албай, жаза албай келген чыгармаларын жараткандар саналуу гана.

Мамасалы Апышев, «Кыргызстан маданияты» («Кыргыз гезиттер айылы»), 11.12.2008-ж.
Соц тармактар:

Добавить комментарий