Нарынкүл Назаралиева. «Бопонун жомок аралчасы»

(аңгеме)

Мектептен тарап келатып, курсагы ачкан Бопо чемичкеге кайрылды. Шыпылдаган аял көлөмдүү көрсөтүү үчүн көз жазгырып, түбүнө пластилин, кардон кагаз коюп, зеленталап оролгон стакандан наристенин алака-нына чемичкени сала койду.

Баланын быйтыйган уучунан ошол да ашып төгүлүп жатты. Анысын бөлүп-бөлүп салып, бери басканда, көп кабат үйдүн бурчунан баягы Ахатты, “Гусеница” деген орусча кошумча аты бар баланы көрдү. Жүрөгү оозуна тыгыла түштү. Соодалап жатканын тигилер байкап, жолунан торой басышты эле, ал карышкыр куугандай качып жөнөдү. “Гусеница” Боподон кыйла чоңурак болгондуктан дароо аркасынан чуркап жетип токтотту: «Эркек мындай кылбайт, учурашып кетпейсиңби?» – деп, китеп салган сумкесин колунан шап жулуп алды.

Качантан бери курулушу токтоп калган жаштардын спорт борборунун жертөлөөсүн көздөй басышты. Ал үйүнөн «таарынып» качып-бозгон, ата-энелери ичип же тагдырдын жазымышынан селсаякка айланган өспүрүмдөрдүн чогулуп турчу жайы. Бопону адеп мында алып келишкенде, адам чыдагыс саңырсыган жыттан окшуп алы кеткен. Көп ирет кийимин тоношту. Улам бирөө жакканын, чак келгенин чечип алат. Үйүндөгүлөрүнө айтып даттанса, кайра эле тепкилешерин катуу эскертишкен. Муштум жеген ал далай ирет кассета, баалуу антикварь сувенир сыяктуу буюмдарды салып барып берип жүрдү. Апасынан мектепке шылтоолоп акча сурап, буларга жеткиргенге аргасыз болгон.

Тентимиштерге бул жолу жаңы­лары кошулгандай туюлду. Кечкисин ого бетер толот. Ушул күнү Бопону аябай сабашты. Эңсегендерин тинтип таппай калган алар, баланы ортого алышып, адеп бири-бирине түртүп көрүштү. Чачына чейин топурак болуп, башы каңылдап, көңүлү айланды. Сол жак бөйрөгү таш көтөргөндөй салмактанат. Үстүнкү ээрди калбайып шишик. «Танка» атанганы гезиттеги жылаңач аялдын сүрөтүн жакын алпарып: «Муну көрдүңбү? Эртең сени кыздар менен жаткырабыз» – деди. Баары кыраан-каткыга батты. «Дагы мында алып келишет турбайбы?» Аны ойлогондо баланын жүрөгү мыкчыла түштү. Уктап калгансыган жансыз тизелеринен ылдый заарасы куюлуп кетти. Качып чыкканга даабай, тепкиден кийин далайга отурду.

Бала үйүнө келгенде ата-энеси ашканада экен. Жаңы кажылдашып бүткөн кебетеде. «Силердин талашыңар кеппи, менин үч саат бою эмне азапты көргөнүмдү сурап койсоңор боло?» дегендей бала атасына келип, ыйдан каргылдана түшкөн үнү менен бирдеме айтмакчы болду. Энеси чебелектеп үстүнө түшө калды эле, атасы: «Эр жигит мушташып чоңоёт. Сен да ургандын катыгын бер!» – деп ары түртүп койду. Уулдун баласын жараткан көп күттүрүп отуруп бергени үчүнбү, карыя ушул небересин бөтөнчө жакшы көрөт. Ал Бопо сабактан келчү жолду балкондон акыйып карап отурат. Карегинин курчу кеткен көздөрү төртүнчү кабаттан кыбыраган караандарды гана көрөт. Бопо ылдыйдан катуурак үн чыгарып койсо угуп, дароо тааныйт да, «тиги келатат» деп балача сүйүнчүлөп үйгө кирет. Небересине каруу кирип чоңойгончо чоң атасы баягысындай күүлүү-күчтүү, бери дегенде төртүнчү кабаттан өзү түшүп-чыкчу кайраты, тентек балдарга каршы айбаты калса жакшы болбойт беле?.. Наристе ушуну ойлоду.

…Ал кезде Бопонун атасы эркин күрөш боюнча спортчу кесибин таштай элек эле. Мелдештерге катышканы барган шаарлардан оюнчуктун түрлөрүн алып келе берип, сандык толчудай үйүлүп кетчү. Баланын тили чыгып-чыга электе көзүнө көрүнгөндүн барын «бопо» деп сурап алчу. Ага апасы деле «бопо», атасын, чоң атасын – баарын ушундайча чакырчу. Жолуккан бирөө: «Бопоңор чоңоюп жатабы?» – делине берип, кийин сыртта деле ошол аты айтылып кетип жүргөн. Анын ысмы Калмир экенин өздөрү гана эстешет. Үч чоң кишинин үйрүлгөн сүймөнчүгүнө жарыша баяндалган жомоктор «жаап», бала тамга тааный электе эле бир канча жомокту өзү да айтып берчү. Зээндүү, сезимтал, китепке кадала калчу адатта өстү. Бул бүлөнүн ошол толтура ырыскысы чайпалмак эмес…

Конок бөлмөсүндөгү өчүрүлбөй калган телевизордон «компьютер согушу», азыркы күндөрдүн мульт­фильминдеги каардуу, кекчил каармандардын кол­дураган жексур, тааныш үндөрү угулуп жатты. Кайсы бир мектептеги жогорку класс­тын балдары бир окуучуну 50 сом «салык» төлөбөгөнү үчүн тепкилеп өлтүргөндүгү тууралуу соттун жү­рүшүнөн репортаж берилүүдө. Бопо муну өз бөлмөсүнө кирип келип, радиодон эшитти. «Өспүрүмдөр арасындагы мындай кайгылуу кармаштан баш жарылып, өмүр кыйылган окуялардын кайталанышы, мектептер арасындагы топ-тобу менен болуп жаткан кармаштар коомдун оорусуна айланды. Бүгүн минтип дагы бир ата-эне жер муштап ыйлап отурат…» – деп кабарчы безилдеп жатты. Бопо ванна толтура жылуу сууга магдырай түштү. Дене боюн караса, бүт көгала. Мынчалык экенин өзү да күтпөгөндөй таңгалды. «Эми бул качан айыг-аа-ат?! – ал өксүп ыйлап жиберди.

Тамакка көңүлү чапкан жок. Анын үстүнө жарылган эринин ысык кашык каарып кетчүдөй туюлду. Өз бөлмөсүнө барып, жууркандын ичине кирип, чоң кишидей үшкүрүнүп алды. Өткөн кыштын узун түндөрү өзү чыгарган жомогунун сюжетин көздөй сүңгүп жөнөдү…

* * *

…Ааламда абасын ок-дары жарып өтө элек бир аралча бар. Адамдардын пейлинен үшү кеткен ал аралча жүрөк сыяктуу «болк» этип алган.

Бул тартылуу, жыйырылуу күчү Бермуд үч бурчтугу жылып келгенсип, бүт континенттердин, көп өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн куралган бир самолёт элди күндөрдүн биринде оп тартып кондуруптур. Жапжашыл чөптөрү бел курчоодон, гүлдөрдүн жыты Жер эненин бала кезиндей аңкыган ажайып жайга булардын келип конгонуна эки суткеге жакындады. Экипаждын цивилизация менен болгон байланышы кан буугандай токтогон. Ачкалыктан, коркконунан чырылдап, чиркегичтен чыгарылган вагондой болгон самолётко эркектер эптеп койгон «траптан» эркин кирип-чыгып балдар, аялдар жүрүшөт. «Самолёт үйүн» шынаарлашып, эстери оогондо уй мүйүз тартып отура кетишкен. Жаш балдар, аялдардын ичинен көпкөк көздүү аксаргыл келин сумкесиндеги жалгыз нанын топчудайдан бөлүп тартатты. Элдин ичинде Бопо атасы экөө бар. Чебелектеген котормочу кыз абалдан кантип чыгууну кеңешип жатышкан ар улуттан топтолгон эркектердин арасында эле жүрөт…

Көз мелжиген жашыл аралда бул күндөрү жай айлары эле. Тегеректе аман калууга ылаажы болчу эч нерсе көрүнбөйт. Тээ үч чакырымдай жерде гана токой бар экен. Күтүүсүздөн күркүрөп келип, жашылды жапырып конуп калган авиа­лайнерди, адам баласын көрбөгөн жан-жаныбар, жырткычтар токойго кире качышкан. Түнкүсүн карышкыр, чөө, арстандан коргонуш үчүн от жагып, мылтык атып турушкан эркектерден бүгүн акыл чыкчудай. “Адамдар ушунча көп куралдарды койнуна кантип батырып самолетко киришти” деп, Бопо дагы бир жолу таң калды.

Кантсе да токой деген токой эмес­пи, ичинен ичээрге суу, бышырганга козу карын, жер-жемиш табылып калгысы бардыр. Экипаждын курамындагы байкелер, башына селдесин оронгон кара тору, көз айнек тагынган дипломант сыяктуу жоон тобу чогулушту. Колдоруна мылтык, тапанча, союл алышкан. Баарын башкарган Бопонун атасы. Күчтүү спортсмен эмеспи. Эркектер токойдун четине барганда, жырткычтар бери атырылды. Көп ирет токойго кирүүгө тап бергендери менен айла табылбай, шылкыйып кайра тартышты.

Арга түгөндү. Ачкадан боо түшүп кырылгандан көрө, ал жакка кимдир бирөө баруусу керек. «Мен барам!» – деп Бопо камынды эле, чурулдаган эл алды-артынан чыгып жиберчүдөй эмес. Бала көздөгөнүн бербеди. Эч кимден коркпогон анын атасы ошондо жалдырап турду: «Узак-узак «операцияларга» кетпейин, сени сагынтпайын, апаң менен ажырашпайм» – деп буркурады. «Чурулдакты токтоткула!» – Бопо ушинтти эле баары дымый түшүштү. Бопо эр жигит да! «Жалгыз туягым аа-а!» деген бойдон атасы да, эл да артта калды. Бир колуна канистр, бир колуна себет алып, токойго жакындады. Көзүн чылк жуумп, сырдуу, табышмактуу дүйнөгө кирип барды. Карбаластап отуруп бир топ жерге жетип калган экен. Айдын жартысындай жардана чогулган жырткычтар таңгалып карашканы болбосо, тап бергени турушат. Ал мандаш токунуп отура кетти. Айбанаттардын чөжүрөгөн кичине балдарын, ар түрдүү кооз куштардын балапандарын жондорунан сылап эркелетти. Бопонун бейкүнөө экенин сезишип, жырткычтар тарап кетишти. Жүрөгүн басып, эсин жыйып, оң тараптагы суунун шылдыр үнүн укту. Ордунан туруп, ичинен ийне көрүнчүдөй туптунук, көккашка булакты издеп тапты. Суусунун кандырып, жер-жемиши көптүгүнөн көң болгон бейишти аралады. Айбанаттан күткөн дос­тору жер-жемиштерден чогултуп беришип, узата чыгарып коюшту. Колу оорлошуп, кубанычы койнуна батпай текиреңдей баскан Бопонун карааны күткөн элге алыстан көрүндү.

Ал олжосун тегиз таратып бүттү. Ушундан кийин баланын токойго баруусу көп ирет кайталанды. Бопонун кара терге түшүп кайтып келатышы, бир самолёт эл үчүн айтып бүткүс бакытка, эрдикке тете эле. Бешенесинен куюлган тер ага асман-жерде жок рахат берди. Демиккен, чарчаганын баспай ал келген жагына кайра кайтып турду…

Кечинде баарылап чыгарган ырды ырдашат. Ар кимиси өз тилинде сөзүн кайрыганы менен, авазы укмуш музыка гимн болуп жаңырып жатты. Кудум «Эне тилди» окуткан мугалим эжеке коштоп ырдаткан өлкө гимниндей жан дилден ырдашат. Жашыл арал ушул күндөрү абдан ийиди. Айрыкча жашыл чөптүн үстүндөгү шүүдүрүмдөр батыштан кыпкызыл прожектордой батып бараткан Күндүн нуруна жаркырап чагылышып, не бир дүйнөдө жок сулуулукту берет. Булар минтип сулуу табият, улуу ырга карк болуп, Бопо өзүндөй досторун токойго чогуу барууга даярдап жатканда, башка самолётко түшүп, бардык континенттердеги өлкөлөрдүн президенттери аралдын чөбүн жапырып, келип конуп калышты. Тээ алыстан буларды көрүшүп, сүйүнгөндөн, издеп жүрүп, жалгызын араң тапкан энедей бышактап келатышат, Президент байкелердин этектери парашюттай желбиреп буларды көздөй чуркап келатышат!..

Баары менен жапырт учурашып. Болкулдап ыйлап… Ак чач президент байке кара тоголок африкалык кызды өз өлкөсүнүн президентине бербей эркелетип жатканы!.. Плашынын этегине катып алып өпкүлөп кубанып жатканы! Ушундан кийин гана жашыл аралча буларды бошотот. Жер шарынын элдери бул укмуш кабарды угуп таң калышат. Бир самолёт элди ачкачылыктан аман алып калганы үчүн Бопонун Калмир атын тартылуу күчү бар жаңы ачылган аралга ыйгарууга кеңеш курушту. Бопо андай демилгеге макул болбойт. Андан көрө бардык аталар эч качан согушка барбасын, бири-бирине уурдап курал сатышпасын, тентек балдар таарынткан досторунан кечирим сурашсын деп тынчытат.

* * *

Бопо өзүнүн чыгарган ушул жомогун кайталап эске түшүрүүдөн эбегейсиз рахат алат. Жомок бүттү. Ата-энесинин жаңжалы ка-туулап баратканы алардын бакылдагынан сезилип жатты. Аздан кийин экөөнүн бирөө «кетем» деп чыгат. Бала жуурканын сүйрөлтө жамынып ашканага жөнөдү.

– Байкалып калып темир тордун ары жагына отургузуп

коюшса, жетимиш алтыдагы атаңа колуңдан топурак буюрбай өлө­рүңдү ойлойсуңбу? Бопо болсо айлап-жылдап сени көрбөй сагынып, кусалыктан сары оору болуп чоңоюп жатат. Эти ысып ыйлачуда бүбү кемпирдин айтканын кылып, жуулбаган тер көйнөгүңдү жыттатып-жыттатып жаап жүрүп, эми эси кире баштаганда ага да алданбай калды, – деди апасы.

– Бакырба, оокаттын кайдан табыларын билбеген көк мээ катын. Колунан келгендер вертолётту деле айдап кетип, сатып жиберишти. Заманың бөрү болсо сен да бөрү бол деген учур ушул. «Операция» тос-коолдуксуз бүтсө, өмүр бою өзүм каалап, мингим келип жүргөн машиненин жаңысын сатып алам. Ал оңой акча эмес. Машинеге бышкан кирпичтен гараж салып кийрип коюп, кайра сапар тартам. Тиги араң жан кайнатаң ары карап кетсе, гараждан арткан-үрткөн, сынык-бүтүн кирпичтерден күмбөз тургузуп койсок жаманбы? Өзү деле өлөрүмө аз калды деп жатпайбы.

Мындай айтышуунун аягы кээде кармашуу менен уланат. Баланын спортчу атасына аялын уруп-сабап коюу кеп эмес. Карылуу немелерди койдура албай, ысык казанга куурулгандай чырылдап бала ортодо жүрөт.

– Ата, мени угуп турсаң, – деп баштады ал алаксыткысы келип, – эгерде президент байкелердин баары бир жомоктогудай ынтымакташса, сен узаа-ак күндөргө «операцияларга» барбай калат белең?

– Бар жогол! Эмнеге уктабай жүрөсүң? Мындай келесоо сурооң менен быйыл бешинчи класска көчпөйсүң. – Атасынын акыркы сөзү балапан сезим баланын жүрөгүн ого бетер жара тилип кетти.

Атасынын колуна «товар» тийгенде түн жарымында келет. Бирин-экин шериктери кошулуп, машинеден зылдай оор нерселерди түшүрүп, шашкалакташып үйгө ташышат. Алдынан тосуп чыккан үйдөгүлөрдү кагып-силкип жолотпойт. «Киргиле аңырайбай!» – деп ичкери кууп эшикти жаап коёт. Өзү гана ача турган бөлмөгө алып келгендерин кулпулап бекитет. Баягы таап келген «товарларды» кардарлары калтырбай алып кетет. Кооптуу соодасы жакшы жүргөндө баланын атасы эки-үч күн үйдөн чыкпай арак ичкенди адат кылып алган. Анан кайра эле «командировкага» кетүүнү самап туруп алат. Айтор үй бетин көрбөгөн, жаны тынбаган чоочун дүйнө менен алек.

– Ал бизди таштап кеткени турат, балам. Жолбун иттей талаалаган неме башка аял тапканы анык боло баштады. Чоң атаңа каралашып бакканым үчүн ачыкка чыга алабай кайсактап жаткан. Пейили кетип, үчөөбүздүн тагдырыбызды каакысындай көрбөй бара жатат. Оюна койсо чек арадан эмне кирип-чыкса, баарын жалгыз өзү алып-сатууга даяр. Үйүбүздү банги, ал түгүл курал ташып кайра саткан базага айландыра баштады. Укук сакчылары мунун сары изине түшүп калганын өзү деле боолголойт. Таянеңе сүйлөшсөм, «мен карыдым, андай шумдуктан алыс болуп, биздикине Бопоң экөөң биротоло келгиле» деди. Жайкы каникулуңа аз убакыт калды. Окууң аяктаганча эптеп чыдайлы. – Апасы менен бир аз күн мурда эле кабатырлана ушинтип сүйлөшкөн болчу.

Бир ирет сабак бүтүп, класс ээндей калганда мугалим агайынын маңдайына барып, Бопо жомогун ээн-эркин айтып берип жатты. Мугалим журналды толтуруп жатып суз укту: «Сенин президент байкелериң эч качан ыйлабайт. Эч нерсеге таңкалбайт. Кайсы бир жашыл аралдан эч кимди издеп барышпайт. Болду!» – деп саатын карап жыйналыша баштады. Бопонун шаштысы кетти. Аптыгып баянын чолуп-чолуп жиберди. Жомогу кыялында турса бир сонун мукам музыкадай. Чоң кишилер көңүлсүз укса эле баш-аягы табылбай калат. Мугалим мектептин коридорунан арыштай басып жүрүп берди. Бопо анын аркасынан ызаланып, буу­лугуп, кызарып айтып баратат! Текиреңдеп ээрчип баратат! Тиги мугалимдер бөлмөсүнө кирди да, окуучусун көрбөгөнсүп эшикти ичинен жаап койду. Чоң кишилерден колдоо жооп ала албаган байчечекей сезим ичиндегисин сырт дүйнөгө чыгаргандан кызганып, жыйрылып калды.

Колу-башы тынбай калчылдап, таяк менен үйдүн ичинен араң басып калган карыяга эркелеп жаткан небереси жомок суроосун эми ага узаткысы келген. Чоң атасы баланын баянын жан дилден угуп кеңеш бермек. Бирок кулагы жакшы укпагандыктан, ар бир сөздү күчкө салып, кыйкырып айтуу керек. Ал эми Бопонун аздектегени – сезим кылдарын абайлап чертчү нерсе. Не болсо да суроо куш болуп ооздон учуп чыкты.

– Оо-о анда 1945-жылдын 9-май айы, Улуу Жеңиш күнүндө мурда теңирде болуп көрбөгөндөй кубанганбыз. Мындан ары эч бир жерде согуш болбоочудай сезилген, – Карыя терезеден мунарыкты карап, кимдир бирөөлөргө айтып жаткансыды.– Уруш башталганда мен жыйырма беште элем. Биздин полк Сталинграддан отуз чакырым аралыкта жайгашкан. Катарыбызга шыңга бойлуу боз улан кошулду. Сөөк-саактуу болчу. Он бешке жаңы толгондо жашын коштуруп жаздырып фронтко келе бериптир. Согушка андан эрте киргендиктен, ал жактын сырын билчүмүн. Байкасам жүрүш-турушу бала эле бойдон. Берилген паёктун нанынан кечкиге сактаганга аракет кылчубуз. Ал бечара баарын бир отурганда жеп алат. Суюктукту үнөмдөгөндү да билбейт. Көпкө курчоодо калсаң ачкачылыктан деле мерт болуубуз мүмкүн эле. Тигинин аны менен иши жок. Баёолугуна боорум ооруду. Мага бөлкөнүн чоңураагы тийсе анын алдына жылдырып коём. Согуш бүтүп, Улуу Жеңишти тос-­
кондо биздин полктон ошол раматылык экөөбүз эле калганбыз. Жеңишти мен госпиталдан тостум. Жоокерлер өз республикаларына, үйүнө жөнөп жатсышса, тиги досум бир-эки апта мага жети чакырымдан жөө келип-кетип, тапкан оокат-ашын жеткирип турду. Бир нече жыл мурда аны осколкадан алган жараат жеп тынды. Акыр замандын кысталак балдары досум кайтыш болгондо Уралдан Кыргызстанга кабар бергенге жарашпаптыр. Жомогуңдан, тилегиңден айланайын балапаным, атаңдын ач көздүк кыял күтүшү, үйгө бангизат, курал сыяктуу суук буюмду жашырышы жакшы жышаан эмес. Эгер атаңдын анысы үчүн жараткан жазалагысы келсе, менин эле башыма көрүнсө экен…Экөөнүн чатагы сени тунжуратып жүрөт. Баладай болуп, эшикке чыгып досторуң менен ойносоңчу, – деп чоң атасы чекесинен өпкөн. Чоң атасы анын сырт дүйнөдөн кандай жабыр тартып жүргөнүн билсе кана?

Бопо эртең менен ооруканадан көзүн ачты. Ыйлап көздөрү шишиген апасы, дарыгерлердин жанында ак халат кийип алып атасы – баары маңдайында турушуптур. Бала түн ортосунда онтоп-жөөлүгөнүн, бул жакка алып келишкенин түк билбейт. Анын акыбалы кечээгиден бүгүн оор экени байкалды. Жаагы ачылбай, кулагы «жабылып», чоң кишилердин ооздору кыбырагансып, сөздөрү угулган жок. Кечээки жер төлөдө бирөөнүн таманы сол жаагына «тарс» тийгенде ачуу бакырганын эми элдир-селдир эсине түшүргөндөй болду.

Бопо бир апта реанимацияда жатып, «түн каракчысы» жорткон таңга маалга жакын гана эсине келди. Көзүн ачса чоң атасы, апасы, баягы жомогун укпай койгон мугалими жана ак халатчандар тегеректеп турушуптур. Көп күндөн бери булардын эч кимиси уктабаса керек. Алардын арасында атасы гана көрүнбөйт…

«Кыргыз Туусу», 14.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий