Тургунбай Эргешов

1948-жылы Кара-Кулжа районундагы Буйга кыштагында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. Мектепте, газеталардын редакцияларында иштеген. 1968-жылы «Өлбөгөн жанга жаз келет» аттуу туңгуч ырлар жыйнагын чыгарган.

1986-жылы дүйнөдөн кайткан.


Тургунбай Эргешов жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Рысбек Маткасымов: “Акындын ыр дептерин 40 жылга жакын убактан бери сактап келдим…”

Дарексиз кеткен «Даңаза» табылды


Ырлар

ЖАКШЫ КАЛ

Учуктан ооруп жатам айлап-жылдап,
Үшүтүп жүрөгүмдө ажал кыштап.
Өкүнөм өмүр кыска болгонуна,
Обдулам өлбөстүктүн ырын ырдап.

Ыйласам ысык жашты тамчылатып,
Ырдасам дарактарды кыймылдатып.
Жылдыздар алысына жылбай жанат,
Өздөрүн мага окшотуп жалдыратып.

Же кечпи жылдыз болуп жанышыма,
Жетемби жолдон кайткан алысыма?
Өзүмдөн ашкан күчтү издебедим,
Өмүрдү жыгып алып тургузуума.

Ал тура дарыгерден керек жардам.
Үлүңдөп бара жатып кайра жанган.
Өзүмө кайрылалбас учур келсе,
Жакшы кал, жарык берген жарык аалам.

Жакшы кал, жашоо берген жарык аалам,
Жашагым келген эмес сенде жалган.
Ыр менен ыйласа – ыйлап, күлсө — күлдүм,
Айырмам ошол эле башкалардан.

 

АНДАН СЕНИН ЭМЧЕГИДЕН КАРМАСАМ

О, тун сүйүүм тумчуккан,
Көздөрүңдү көрсөтүп кой күн чыккан.
Жүрөгүңдү тыңшатып кой күү чыккан,
Ыйлап коюп келе жаткан кезимде,
Кусалыктын сели жүрүп сезимде,
Бир сен үчүн болуп алдым кызуу кан.

О, тун сүйүүм, узанган,
Жалындаган кызгалдактай кызарган,
Жайлоодогу жалгыз жолдой узарган,
Ак денебиз айлуу түндө кармалган,
Эң биринчи жигиттигим арналган,
Эң биринчи жарым элең кыз алган.

О, тун сүйүүм, бүрүшүп,
Каршылыктар жана ушактар түртүшүп,
Ортобузга кайра айыкпас түн түшүп.
(Кайра айланып конбой коюп чүрөгүм)
Кайра толуп бошоп калган жүрөгүм,
Сен да кеттиң бирөө менен сүйүшүп.

О, тун сүйүүм, аппак кыз,
Жайлообуздун жашыл отун жакмакпыз,
Ак жал өскөн дайралардай аппакпыз,
Жүрөктөгү сүйүүлөрдү өлтүргөн,
Каректеги кайгыларга чөктүргөн,
Өлбөй жүрсөк, экөөбүз тең акмакпыз…

Анда сенин эмчегиңден кармасам,
Жооп күтүп ак жүзүңө карасам.
Жайнап турган эки көзүң коюлуп,
Айттың эле,- «ооруп жатат, аясаң?»

Аягамын тартып алып колумду,
Түшүнбөй, кап, ошондогу оюңду.
Азыр неге эч аябай эзесиң,
Өзүң менин жүрөктөгү оорумду.

Экөөбүз ий, арманы жок акактап,
Алыстарга бараткансып ат сүрөп.
Көзүбүзгө жылдыздардын нуру уюп,
Ортобузга калчу эле ай түнөп…

Эрип-эпчип эмчек эмген баладай.
Эриниңдин эриндисин шимирип.
Бул дүйнөдөн сени караан тутчумун,
Карааныңды карегиме шып илип.

Көп ойлоном сенин күйөөң жөнүндө,
Агартуучу нур бар экен өңүндө.
Жылытуучу от бар экен көзүндө,
Бакыттардын баарын каалап түбөлүк,
Сагынтуучу гүл бар экен өзүндө.

Көп ойлоном сенин күйөөң жөнүндө,
Сулуулугу менден эки эсеби.
Баалай билип кадырыңа жетеби.
О, жакшынам, жесирдетип жашыңан,
Же бир күнү зар ыйлатып кетеби?

Көп ойлоном сенин күйөөң жөнүндө,
Чынында эле чындыктардай жигитпи?
А сүйүүсү сезимине сиңиппи,
Башка айтпайм, сени сүйгөн жагынан,
Чиркин, дүйнө, менден дагы бийикпи.

 

МЕН КҮТКӨН БАКЫТ

Бөлүнсөк көз жашымсың, Ата Журтум,
Ыр жазган дептериме тамчылаган.
Туяктан жүрөк каны агып жаткан,
Күлүккө окшоп кетем кансыраган.

Бөлүнсөк көз жашымсың, Ата Журтум,
Аш ичкен аягыма тамчылаган.
Жолдордун ортосунда баратсам да,
Сокурга окшоп кетем жол сураган.

Бөлүнсөк көз жашымсың, Ата Журтум,
Денемдин тамырлары сөгүлгөнсүп
Экөөбүз өйүз-бүйүз болгонсуйбуз,
Жер шары тең экиге бөлүнгөнсүп.

Экөөбүз кучакташып, Ата Журтум,
Башкага асман-жердей бирикпедим.
Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт,
Өзүңдө чирип жатса жиликтерим.

 

КҮКҮК — МЕН

Агызып көз жашымды ак чыныга,
Аламын чаңкаганда өзүм жутуп.
Зар болом көрмөк турсун, сени угууга,
Же калбай көз ирмемге унутулуп.

Абага сиңип кетип какшаганым,
Акыры так каттым деп, ташка коном.
Оо, гана… жылуу жытын жыттаганым,
Оо, кантип өз балама башка болом.

Сайраган бойдон эле сайда калам,
Мөңкүгөн суулар түшөт башка нукка.
Оо, кантип жоготконду кайрып алам,
Оо, качан жоолук салам сулуулукка.

Тагдырда таш боор кылып эрибеген,
Жүрөккө зейнеп кеткен муң калтырып.
Өрттөнүп өз баласын жерийт экен,
Дүйнөдөн өзүн-өзү муңкандырып.

Күкүктө — качан болсун жокту ырдаган,
Угулат бир гана үн мындан ары.
Бактыма же балама жолукпаган,
Бир себеп болсо керек менде дагы.

 

КЕЛДИМ УШУЛ ЧЕЧИМГЕ

Анда эмесе, келдим ушул чечимге,
Сүйүү үчүн жемиш болуп эзилме.
Жашаган соң сүйдүрбөсөң, сүйбөсөң,
Бул жашоонун кереги жок эч кимге.

Сүйүү үчүн жаз болгула назданган,
Жашоо менен сүйүү экөө жаш калган.
Өмүр дагы дайым жаңы башталат,
Күндөй болуп чыгаарына аз калган.

Сүйүү үчүн жаз болгула толукшуп,
Ак сүйүүлөр агып чыксын оргушуп.
Кокустукту сезбей жашайт баардыгы,
Сүйүүлөрүн жакшылыкка жорушуп…

Сүйүү үчүн күз болгула саргарып,
Жаштыгыңар кайра келсин жазды алып.
Жашылдантып жарыктыктын жалынын,
Жашагыла жүрөктөргө от жагып.

Сүйүү үчүн кыш болгула кычырап,
Учуруңар дайым турсун жазды улап.
Айдан, күндөн айырмасы жок болуп,
Чиркин өмүр кетет экен чачырап…

Анда эмесе, сүйбөгүлө кыскача,
Ойготкула, таштай катып уктаса
Жамгыр болуп ырын ырдап жаштыктын,
Кулагына жаңыргыла, укпаса.

Ошон үчүн адам өзүң жарыксың,
Жетпей калган жүрөгүңөр айыксын…
Да бир жолу кол көтөрүп койгула,
Бул дүйнөдө болсун үчүн сүйүү чын.

 

АК ЭМЧЕК

Канча гана эмчек көрсөң ийиген,
Өмүр менен дүйнө деп бил — эриген.
Эң алгачкы сен оозанган ууз сүт,
Агып чыгат энелердин деминен.

Эмчектердин кымбаттыгы баарынан,
Күн сыяктуу жаралышат жаңыдан.
Анан сага азык болгон аппак сүт,
Агып чыгат апалардын канынан.

Болгон үчүн аппак сүттүн түнөгү,
Эмчек дайым аппак болуп күйөбү?
Наристеге не шооласын тамызып,
Билик болот энелердин жүрөгү.

Дүйнөдөгү эң бир бийик нерсени,
Десек болот энелердин эмчеги.
Жамандыкта жерден мурун «дүрт» этип,
Чочуп кетет энелердин эмчеги…

Мен эмчекке кайра келем жүрөк таап,
Жаткан экен жашыл күйүп жалындап.
Ийип турган ыйык эмчек болбосо,
Турмак экен өмүр муздап — бүт муздап.

Билбейт элек бул дүйнөгө келбесек,
Ырыс болгон эне сүтүн эмбесек.
Бала кезде тиштеп, тээп ойносок,
Бой жеткенде ашык кылат ак эмчек.

 

ЭКӨӨБҮЗДҮН ТУРМУШ

Болду эми, биздин көлгө ак куу конбойт,
Сунушуп жемиш жесек таттуу болбойт.
Адамдан ажырашуу оңой эмес,
Буркурап жүрөктөрдө бороон боздойт.

Болду эми суулар акпайт биздин сайдан,
Суусаймын көрүп калсам сани кайдан.
Дагы эле менин сүйүүм кутурууда,
Кем калбай жайлоодогу кулун-тайдан.

Угулуп сенин үнүң жаңырыктай,
Солкулдап сыздап турам сени унутпай.
Дагы эле менин сүйүүм кутурууда,
Жылкычы жылкы үркүткөн укуруктай.

Түшкөндө жүрөгүмө аппак жарык,
Сагынам жүрөгүмдү ачып салып.
Калды го турмушубуз сүйүшсөк да,
Сулуунун күзгүсүндөй талкаланып.

Тагдырга туш кылбасын нуксуз жарды,
Жаш жарым жесир деген укук алды.
Жүзүбүз же көрүнөт, же көрүнбөйт,
Күзгүнүн сыныгындай турмуш калды.

 

АКЫН ЖООМАРТ ЖӨНҮНДӨ АКЫН ЭЖЕМ ТЕНТИГЕ

Башкага унутулуп калсам дагы,
Ыр үчүн улутунуп кайра келем.
Жүрөктүн ыйлап турган бир учурун,
Сүрөтчү тартмак кандай айла менен.

Эжеке, бороон болуп боздобочу,
Башыңа бажырайып куштар конуп.
Жоомарттың жолдо турат жомоктолгон,
Асканын сыныгындай бир таш болуп.

Эжеке, бороон болуп боздобочу,
Ыр окуп бериңизчи андан көрөк.
Боёлуп көз жашыңа жашыл болду,
Баягы кара жоолук, кара жоолук!

Жаз келсин, жамгыр жаасын куштар сайрап,
Жаңыртып Жоомартыңдын айланасын.
Баарыбыз тура калып кол чабалы,
Болду эми, мындан ары ырдан айтсын.

 

КҮЗГҮ ЖААН

Чытыраган түн шыкаалап берилеп,
Жалгыздыкка бу жарыктык көз болуп.
Жазыгы жок кылгырышкан көз жаштай,
Тереземде өлүп жатат күзгү жаан.

Алп тоолорду уйкусунан ойготуп,
Кара түндө караан болчу чагылган.
Ушул жолу өз сапарын аяктап,
Бу дүйнөлөр тунуп калган сыяктуу.

Ичиркенип дит бага албай кеңдикке,
Кирпик какпай сен жөнүндө ойлонуп,
Отургандай кармап келсең чагылган,
Эн акыркы өмүрүнө жаандын,
Жуунат элек кайра жаңы төрөлүп.

Күндү көздөй күлкү учуруп бу сапар,
Күзгү жаандын шүүдүрүмүн күбүсөк.
Жүзүбүзгө сүртөт эле табигат,
Аппак саргыл түстөрүнөн көбүртүп,
О ошондо күз болмокпуз биз дагы.

 

ТОПУРАКТАР

Ажал күбүп,
Тоң алмадай топ дей түшуп,
Кара жердин капталында денебиз
Болуп калат кочуш гана топурак.
Топуракты жыттасаңар пенделер,
Кан жыттанып карегиңди какшатып,
Нан жыттанып, бул жашоону баштатып,
Жүрөгүңө өтүп турат жылуулук.
Өлгөндөрдүн музыкасы угулуп,
Биз төшөнүп,
Биз жамынып,
Биз жазданып жаткан жумшак топурак:
Эриндиси күндөрдүн,
Чириндиси гүлдөрдүн,
Өлүмдөрү түндөрдүн.
Көөнөргөндө жашообузду алмашып:
Биз тутунган топурак,
Күлкүлөрү жаздардын,
Өмүрлөрү карлардын,
Сиңип кетип нечен жашыл жайлоолор,
Ак нурлары саздардын…
Топурактар, топураган өмүрлөр,
Биздин жашоо бүткөн анын үстүнө,
Өлүмдөрү сүйүүлөргө айлантып,
Топуракта, топуракта бүт дүйнө.

 

БӨЛҮНҮҮ

Эми кимге эртели-кеч эркелейм,
Эми кимди эрмек кылып жетелейм.
Ажал сени тартып кетти койнуман,
Жашыл көзүм жаш төгүүгө бүткөн бейм.

Ачыла элек эмес беле гүлүбүз,
Угула элек эмес беле үнүбүз.
Мен күн болуп, сен үр болуп көрүнүп,
Жеттик эле бирибизге-бирибиз.

Кайдан билдим коштошорду ушинтип,
Кара жерге түшкөнүңдө түңүлтүп.
Эң биринчи топурактан мен септим,
Анан эмне алмак белем тирилтип.

Сенче болор жайнап туруп жаш өлгөн,
Менче болор жер кучактап көгөргөн.
Койгон гүлүм куурап калат кайрадан,
Жаткан жериң жашылдансын нөшөрдөн.

 

* * *

Сезилет менин соодам бүтө электей,
Эх, тагдыр, коё турчу тегеретпей.
Калтырбай каалгасын ачып койчу,
Көрүнгөн базарларга жетелетпей.

“Кечир” деп, ооп кетип оңолчусуң,
Тоо болуп жүрөгүмдө козголчусуң.
Алыстан азык болуп аңкып турар,
Ал базар балам жана сен болчусуң.

 

УЛУУ УУЛУМ МАШАЯККА ДА БИР ЫР

Менин уулум: элиң тоолук, жериң тоо,
Бүркүттөрдөн айланып ал бир мүнөз.
Айбаттанган аскаларды жаңыртып,
Оңой эмес асман жактан күркүрөш.

Жата калып сүйөрлүгүң чын болсо,
Тууган жерге урук түшсүн салааңан.
Жатып алып жетиш оңой алыска,
А сен болсо озуп жаша санааңан.

Калайыгың карап калсын дал болуп,
Жылкы минсең жылан кармап камчылан.
Шуулдагы жердин бетин жапырып,
Шамал гана тосуп чыксын каршыңан.

Бут шилтебе, кол көтөрбө башкага,
Андан көрө топтомолок мунжу бол.
Укпас, күлбөс, сүйлөбөстү сыйла да,
Ашыксынбай сен аларга муңдуу бол.

 

УШУЛ ЖАРЫК ТЕРЕЗЕ

Калдым мына керебетке бөлөнүп,
Кайра кетмей же айыгып же өлүп.
Ооруп келген күндөн бери жатамын,
Ушул жарык терезеден күн көрүп.

Эгер жетсе менде болчу кудурет,
Мүмкүн көпкө жашарымды ким билет.
Асманынан тереземе эңкейип,
Жалгыз көзүн жалжылдатып күн күлөт.

Кайра угулчу жалгыз күндүн күлкүсү,
Кимдин келбейт күлкүлүү өмүр сүргүсү.
Ушул жарык терезе бейм жашоомдун,
Мен жүзүмдү көрүп турчу күзгүсү.

Терезеден дүйнө карайм эмесе,
Тирүүлөргө кызмат кылгын миң эсе.
Тийип турса болду сенин жарыгың,
Мен өчсөм да сен өчпөчү терезе.
(Болушунча балбылдачы терезе).

 

ЧЫНДЫК

Сөгүлсө сөздөрдү да сөгүш керек.
Чыркырап чындыкка да көнүш керек.
Бороонго артты тосуп туруп албай,
Чуркабай калган жерде өлүш керек.

Соц тармактар:

Тургунбай Эргешов: 1 комментарий

Добавить комментарий