Алайдын таңшык булбулу, ак терменин дулдулу

Алай жергесинде «болсоң Ботобек бол» деген накыл кеп эмгиче эл арасында айтылып калган. «Ботодой боздогон Ботобек ырчы» деп да айтылып келет.

Ботобек ырчы ким болгон, ал
кимдерге тең ата болуп ырдаган?
Алай тоолорунун киндиги Тоо-Ашкан өрөөнү жомоктогудай кооз. Оштон күн чыгышка көздөй автожол менен баратканда 110-чакырымдан оң тарапка Жолборсту, Сулуу Тоо-Ашкан, Калта-Тай, Бел-Конуш, Жанташ, Кайыңды тоолору 120 чакырымга, б. а., Сопу-Коргон айылына чейин созулуп жатат. Керемет кооздуктукту көз менен гана көрүү керек. Бул аралыкта Адигине атабыздан тараган эр Көкчө баатыр тукумуна таандык эл жашап келишет.

Кокон хандыгы Алай элин баш көтөртпөй эзип, салык көбөйүп, муңкуратып турганда дал биз сөз кылып жаткан эр Көкчө уруусунан Турдугул баатыр кол топтоп Сопу-Коргондогу Кокон хандыгынын чебине акаарат келтирип айласын кетирип, элди салыктан жана башка эзүүдөн бошоткон. Ошол Турдугул баатырдан төрт уул төрөлүп, эл ичинде «тоо ашкандан төрт зоо бар» деген нуска накыл кеп калган. Алар Болотбек бий, Мамытбек таңшык, Султанбек бай, Ботобек ырчы. Элдин тилинде сакталып калган Ботобек ырчы 1872-жылы Сопу-Коргондогу Тамчы-Ата мазарындагы үңкүрдө жарык дүйнөгө келген. Ботобек ырдаганды угуп калган аксакалдар илгери 60-70-жылдары минтип эскеришчү: «Ботобек ырдаганда көкүрөгүнөн эки түрдүү добуш чыгар эле», Ботобектин дайынын угуп айтылуу Алай канышасы Курманжан датка энебиз Сопу-Коргондогу Тамчы- Ата мазарында ак өргө тиктирип, үч күн, үч түн бою аны ырдатып, ыраазы болуп батасын берген экен. Дал ошол Сопу-Кароол бек ордосунда Курманжан даткага жолугууга келген санат ырларынын дулдулу Молдо Нияздын ырларын куйма кулак Ботобек бир уккандан жаттап алып, көп жерлерде ырдап отуруп, акындык өнөрү калыптанганын, мезгилинде эл айтып, ал урпактарга тараган. Оозеки дастандарды, уламыштарды айтуу жагынан Ботобекте укмуштуудай эске тутуу, жаттоо жөндөмү болгон. Кийин көрүнүктүү акын Нурмолдо Кашкарга, Үрүмчүгө, Индияга көп каттап, Жибек жолдун тогуз тоомундагы Сопу-Коргондо раватчыларда өргүп эс алып, Ботобек ырчыга көп жолу кезигип, экөөнүн ырдагандары элге аңыз болуп тарап «болсоң Ботобек бол» деген сөз төркүнү жаралат. Нурмолдону айтылуу Сулуу Тоо-Ашканда өргүтүп, анан ал аны өзү менен кошо Кашкарга чейин ээрчитип барганы айтылып келет. Ошондо Кытайдагы кыргыздар «Ботобек ырчы Алайдан, ашып кетти далайдан» деп ырдашкан. Илгери Алайдагы тарыхта калган Өмүзак бай (баарын) менен Бөрүбай бай (тооке) экөө айтылуу Камбар-Ата мазарында Жеңижок, Нурмолдону чакырып сыйлашып, айтыш өнөрүнө кызыкдар болушат. Ошол жерде Ботобек жаш ырчыга Нурмолдо ак батасын берген экен. Арапча окуганды, латынча жазганды дээринде бар Ботобек Кашкардан үйрөнүп алат.

Абдылдабекти угузуу
Курманжан датканын уулу Абдылдабек Сары-Колдо каза таап, аны угузганы досу Акбалбан Алике Ботобекти алдырып, Алайдагы Ак-Киндик жайлоосунда угузушат. Ошондо Ботобек ботодой боздоп ыйлап, бозодой кайнап, сыздап ыр менен угузган дешет.

«Ботобек ыйлап бото ыйлап,
Боздогон эл кошо ыйлап.
Буркурап кошо тоо ыйлап»,- деп жамакчы акындар ырдаган дешет.

Учурда Ош шаарында жашаган 80 жаштагы Кимсан эне Ботобек ырчынын кызы. Ал акылы зирек, куйма кулак, созолонтуп элдик ырларды келиштире ырдаган, нарктуу, салттуу эне. Мындан 5 жыл илгери Сулуу Тоо-Ашканга барып Ботобек ырчынын кабырына келип эки сааттай созолонтуп кошок кошуп ыйласа айыл аксакалдары эчак сөөгү сөпөт болгон атаңа да ушунча эзилесиңби деп тыйып коюшат. Кантсе да кыз бала күйүмдүү эмеспи, көзүмдүн тирүүсүндө Ботобектин ырлары табылса экен деп издеп үмүт артат. Эненин айтуусунда айтылуу акын Токтогул Сатылганов Алайдагы сарттар уруусунан, анын ичинде төбөйлөрдөн экен. Ал кезинде Сопу-Коргонго далай келип Ботобекке комуз белек берген экен. Токтогул менен Курманжан энебиздин жолуккан учурунда жанында Ботобек кошо болгон дешет. Башында Ботобек жаза билген сабаттуу адам болгон дебедикпи, анын жазган ырларын Токтогулду экинчи ирет сүргүнгө айдаганда эл арасында Ботобекти кошо айдайт экен деп сөз жүрүп, энесинин бир тууганы коркконунан Бел-Конушта жайлоодо отко жагып ийген экен. Ырасында эле Ботобекти да сүргүнгө айдоо амалы жүрүп, ал түнү бою Сары-Колго Култайдын уулу Куу-Кулак Осмон апызга качып кетет. Осмон апыз аны элден далдалап бир топ бекитип, анан өзү жетектеп Кытайдагы Кыпчак досторуна качырат. Дал ушул жактан ал «Ак Мактым менен Жалайыр жалгыз» дастанын үйрөнүп, кең Алайга кийин жайылткан экен. Ботобек Кашкарга качып жүргөн учурда Сопу-Коргондо анын жаш төрт баласы калат. Аны кулакка тартуу үчүн 1925-27-жылдары катуу күрөш болот. Чынында эле анын эбегейсиз көп тилделери (алтын) боло турган дешет. Сүргүндөн качып Кашкарда жүргөндө оголе көп тилде жыйып анысын Сулуу Тоо-Ашканга алып келип Жолборстунун ээн токойлорунда табылгыс кыла бекиткен экен.

Кашкарда Ботобектин аты катуу чыгып, ырчы, балбан, эр жүрөк адам катары эбегейсиз сыйга татыйт
Ошол жерден табиятынан өзгөчө сулуу жаш кызга үйлөнөт. Бул учурда чоң уулу Коргошун 17 жашта. Ал атасынын артынан Кашкарга барып, издеп таап, апасын чакыртат. Ал кичинекей бир жашар кызы Кимсанды жонуна көтөрүп барып Ботобектин комуз чертип ырдаган жеринен мойнуна мингизип коёт. Сүйүнгөнүнөн Ботобек алтын, күмүш, тенгелерге, тыйындарга кызын ороп эркелетет. Жаш аялын ээрчитип кетейин десе туугандары макул болбой ал Кашкарда ыйлаган боюнча калат. Ботобек Кашкарда тез байыган, 16 ат менен жүк, алтын жүктөп келет. Ошондо Терек-Даванда Ботобек боздоп ыйлайт, аялы аны жаш аялына ичи ачышып, ыйлап жатат го деп күйөөсүнөн сураса, ал «Жок, кемпир, жаш аялым өз мекенинде, бардар туугандарында кор болбостур, силер мени алдап барып акын Токтогулга кошуп тозокко айдайсынарбы», — деп шекшип жатам дейт. Анда аялы айтат: «Заман жакшы, эл сизди тойдон көргүсү келет, ырыңызды уккусу келет, Ботобек ырчы келсе экен деп эл сагынып калды», — дейт. Ошондо сүйүнгөнүнөн заставадагыларга 3 атты жүгү менен калтырып, Алайына өтүп кетет. Бирок Алайда Ботобек дагы алтын-күмүш менен келди дешип дуулдашып, кайра-кайра аны суракка ала беришет. Дүнүйөсүн көрө алышпай тууган арасында душмандыктар күчөйт, ушунун баары Ботобектин ден соолугуна таасирин тийгизип, Кашкардан союзга өтүп кеткенине бир жыл толуп-толбой 1932-жылы Кургак-Тоо- Ашкандын чатында каза болот.

Ботобектин Кашкардагы жаш аялы боюнда күмөн калган. Ал эми Алайдагы аялынан Коргошун, Зуну, Абыш деген уулдары, Кимсан деген бир жарым жашар кызы калат. Кийин Улуу Ата мекендик согуш башталганда чакыруу кагаз келсе, Көкчө уул активдери Сатар Жариев менен Жусуп Самиевге таарынып, Абыш деген уулу минтип ырдаган:
Элибиз Ак-Сай жайлашат,
Элиртип кулун байлашат.
Элиме келсе повестка,
Эң мурун бизди айдашат,
Калкыбыз Ак-Сай жайлашат,
Калкыма келсе повестка,
Ботобектин балдарын, калтырбай баарын айдашат».

Ырасында эле Зуну деген ышкындай солкулдаган, арчадай бойлуу, чырайлуу, келбетүү баласы согуштан дайынсыз жоголду. Коргошун согуштан жарадар болуп келип, али жашы толук жете элек иниси Абыштын артынан барып ордуна дагы согушуп келет. Тууган десе өзгөчө күйгөн Коргошун жөнүндө эл арасында легендага айланган сөздөр бар. Атасынын өнөрү, өжөрлүгү, эр жүрөктүүлүгү, балбандыгы дал ушул Коргошун баласында болгон окшобойбу. Ал адегенде Теректе мугалим, андан соң колхоздо актив болуп иштей баштайт. Ошол жылдары Алайга Атай, Муса, Мыскал келип, Сопу-Коргондо элге ырдап, Ботобек жөнүндө кызыгышып сурап калышат. Ошондо Коргошундун булбулдай сайрап, торгойдой таңшып ырдаганын, комуз черткенин көрүшүп, аны өздөрүнө кошуп алышат.

Коргошун ата жолуна түшүп эл аралап ырдап калат
Кичинекей Кимсан карындашы курбуларына минтип мактанат: «Менин агам ырдаганда, комуз черткенде Атай жолдо калат». Бирок арман көкүрөгүнөн арылбаган Коргошун балбандын төрөлгөн балдары токтобой кыйма кеселинен чарпылып, тогузунчу баласы токтобой кеткенде Бел-Конушта колуна кылкыякты алып черткенде күйүткө чыдабай Коргошун ыйлап, кыякты боздотуп, сыздатып күү чалганда эл ыйлап, Тоо-Ашканда тоо ыйлап, ошондо Сатар Карыев экинчи муңга батып кыяк чертпе деп Коргошундун колунан аспапты алып, ташка чаап талкалап салат. Боз үйдүн ичинде апасы ыйлап, сыртта Кимсан карындашы ыйлап, кыяктын сыныктарын чогулткан экен. Ошол жылы топ артистерди Бел-Конушта сыйлашып, Ботобекке куран окутушуп, Коргошунду экинчи ырдабасын деп артисттерден суранышкан. Кийин күйүткө чыдабай Коргошун жер которуп чөл тарапка көчүп кеткен. Күчүн күрөштөн чыгарып, Коргошун балбан деген атка түбөлүк калып кыл кыяк менен комузду такыр колуна албай койгон. Ошентип, Коргошундун тагыры да Осмон апызча туягы жок өткөн. Сары-Колдук Осмон апыз Ботобекке:
«Алайдын таңшык булбулу,
Ак терменин дулдулу»,- деп баа берген дешет.

Айтылуу төкмө Элмирбек Иманалиевдин айтымында илгери бир айтышта Токтогул эл келгенче Ботобекти балбандар менен күрөштүрөйүн деп күрөш уюштуруп жиберет. Нык балбандарды бирин калтырбай жыгып, ошондо, «болсоң Ботобек бол» деген накыл кеп ырас тура деп эл суктанган экен.

Эл деген кенч. Мүмкүн эл арасында Ботобек ырчынын ырларынан билишеттир деген үмүттөмүн. Урматтуу окурмандар, эгер сиздер Ботобек ырчы жөнүндө азын-оолак ырларынан билсеңиздер бизге кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз. Белгилүү санжырачы эмгек ардагери Сыргак Соронкуловдун айтымында Курманжан датка энебиздин кадырлап конок тоскондо дайыма Ботобек акынды чакыртып алчу экен.

Алай элинде Ботобек акын торгой таңшык, сыбызгы кыякчы, залкар комузчу катары айтылып келгени менен учурда анын чыгармачылык өмүрүн изилдөө сыяктуу иштер колго алынбай келет. Жалгыз кызы Кимсан апанын энелик ак тилеги да ушул, Ботобектин ысымы урпактарга жетип, тарыхта калса экен деп үмүт артат.

Сүйүнбай Бөрүбаев, Алай району, Сопу-Коргон айылы,
“Заман-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 16.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий