Комуз кылдарындагы Жеңишбек Шамшиев

Бир ирет Эл артисти Жолболду Алыбаев менен маектеш болгонумда агай “ыр дүйнөсүнө Рыспай аккордеонду алып кирип жаңычылдык баштаган” деп айткан эле. Анын сыңарындай, 60-жылдардын ыр ышкыбоздорунун эсинен комуз, аккордеондун коштоосунда обон созгон Жеңишбек Шамшиевдин ысымы али чыга элек.

АЛАЙКУУНУ ЫРГА БӨЛӨГӨН ОКУУЧУ
Жеңишбек Шамшиев Алайкуу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар айылында 1945-жылы 8-мартта кызматкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы башкарма болгонуна байланыштуу үйүнө ошол кездеги райондун биринчи катчысы Пельшин деген барып конуп калат. “Эртең менен менин колумду кысып, “майрамың менен, бүгүн Аялдардын эл аралык майрамы, өзүңдүн майрамыңда уул төрөпсүң” деген. Ошондон кийин гана 8-Март аялдардын майрамы экенин билгем. Ошол убакта бардык эл жеңиштин болушун тилеп, батыш жакты үмүттүү тиктеп турган мезгил эле. Ошондой тилек менен уулубузга Жеңишбек деген ысымды атасы койгон”,- деп каарманыбыздын апасынын айтканы бар.

Жеңишбек кенедейинен эле ырдаганга шыктуу болгон үчүн атасы комуз, балалайка, гармошка алып келип берчү экен. Мектепте окуп жүргөн кезинде “Алайкуум” деген ырын ырдаганда уккандар “Алайкууну биринчи ырдаган сен болдуң” деп аябай ыраазы болгон дешет. 1961-жылы орто мектепти бүтүп, Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетине тапшырат. Университетте окуганда да ал өздүк көркөм чыгармачылыгынан кол үзгөн эмес. Студенттик фестивалдарда, кароолордо экономика факультетин далай ирет мөрөйгө марыткан. Мындан тышкары оюн-зооктордун да көркүнө айланат. Жагымдуу ыр угууга ашыккан улан-кыздар айланчыктап анын жанында.

Ушундай көңүлдүү жагдай, анан да студенттик романтикалуу дүйнө ага сезим козгоп, чыгармачылык чабыттарга жетелеп кетет. Ал убакта Абдыкадыров, Тагаев, Жумалиев сыяктуу обончулар ыр дүйнөсүнө удаа келип, музыка майданын шаңга бөлөп турган. Мына ошол обончулар жапа тырмак аккордеондун коштоосуна өтүшсө, Жеңишбек агай улуттук аспапты – комузду шаңкылдата чертип, өзүнүн шаңдуу үнүнө жуурулуштура эфирде оболотконго өтөт.

ТАЛАНТ КЕСИПКЕ БАЙЛАНБАЙТ
Жеңишбек Шамшиевдин чыгармачылыгындагы бир калыптуулук анын мүнөзүнө кандайдыр бир деңгээлде байланышып кетет окшобойбу. “Токтоо, кайсы иште болбосун өзүн сабырдуу тутуп, шашпай, майын чыгара иштегенди жакшы көрөт” деп айтышат аны жакындан билгендер. Анын обондорунун элдик мүнөздө болушуна дагы бир жагдай себепкер сыяктуу. Маселен, башка обончулар нота билип, аккордеон ойноп, музыкага катыштыгы болсо, каарманыбыздын кесиби обончулук өнөргө ат чабым жакындабайт. Кесиби – экономист. Студент кезде алгачкы “Эсиңдеби?” деген ырын радиого барып угузганда баары ырдын жакшы жазылганына кубанып кол чаап жиберишет. “Арнадым көлдүн жээгинен”, ”Таарынба”, ”Эсиңдеби?”, ”Угузчу бир сөз”, “Сен дейм дайым”, “Сөз таппайм” деген обондору ошондо эле жазылып, Алтын фонддо калган.

966-жылы университетти бүткөндөн кийин Алайкуу өрөөнүндөгү Сагындык атындагы совхоздо башкы экономист болуп эмгек жолун баштаган. Ал мезгил чыгармачылыгынын жарк этип жанган мезгили экен. Совхоздун комсомолдорун уюштуруп, өздүк көркөм чыгармачылык концертин ар бөлүмдөргө, башка совхоздорго тартуулашып, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгонун журтташтары дале айтып жүрүшөт. Албетте, негизги ишинен тышкары убакта эки өнөрдүн башын кошуп, көкүрөк өйүгөн ойлорун эл менен бөлүшсө жаманбы? Дал ушунун өзү анын да, угармандын да турмушун алда канча мазмундуу, жагымдуу кылып жатпайбы. Чарба кызматында жүрсө да, өнөрүн таштабайт. Көрсө, ошол жагымдуу ыргактарды Жеңишбек ага элдин өзүнөн алат тура. Бөкөнбай Боркеевдин: “Бу чарбалык кесибиң чыгармачылык өнөрүңө тоскоол болбойбу?”- деген суроосуна ал: “Тескерисинче, элдик кайрыктарды дал ушул чарбалык кесиптин аркасы менен таап жатам”,- деп жооп берген.

«КОМУЗ СЕНСИЗ ЖЕТИМСИРЕП КАЛБАСЫН…»
Жеңишбек Шамшиев 1972-жылдан тартып бир топ райондук, мамлекеттик кызматтарда иштеген. 1975-жылы Москва шаарында өткөн эл чыгармачылыгынын фестивалында лауреат, ”Эл чыгармачылыгына сиңирген эмгеги үчүн” медаль жана бир нече I даражадагы дипломдордун ээси. “КРнын Эмгек сиңирген артисти” наамына 2003-жылы ээ болгон. 2011-жылы КРнын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Улуу инсан Төлөмүш Океевдин Султан Раев менен болгон маегинде ”эгер сизди Робинзондой ээн аралга таштаса, кимдин чыгармасын алып кетет элеңиз?” деген суроосуна “Чыңгыз Айтматовдун”, “ал эми обондордончу?” десе, “Жеңишбек Шамшиевдин обонун алып кетер элем” дегени анын талантын жогору баалаганына күбө болот.

Жеңишбек аганын бир туугандары да таланттуу. Агалары Рашид, Насип, Годовой, эжелери Бүрава, Ирсалат комузду кол ойнотуп чертишет. Каарманыбыздын 6 баласы бар. Баары кесип ээлери, жогорку билимдүү. 17 неберенин сүйүктүү чоң атасы, таятасы. Жубайы Саипжамал – кесиби боюнча мугалим, Эл агартуунун мыктысы.

Жүрөктө калган жылдыз жөнүндө баяныбызды М.Каракозуевдин каарманыбызга арнаган ыры менен аяктайбыз.

Бул турмушуң – күрөш, таймаш, эр эңиш,
Буурул толкун, алпурушуп келесиз.
Коштоп сайрап үч кыл комуз муңканса,
Керемети обонуңдун ченегис!
Ала-Тоонун аскарында калкыган,
Атың Жеңиш, затың Жеңиш, теңегис!
Обон салса, үмүт отун жакчудай,
Тоо-суу коштоп, жаңырыктап капчыгай.
Кыргыз үнүң коштоосунда комуздун,
Коштойт шумкар, коштойт улар, чакчыгай.
Кайрыгыңа обонуңдун магдырайт,
Жерде арча, көктө сулуу Ай.
Эсен болуп, элге-жерге түгөйлөш,
Кылым менен, кыргыз менен өмүрлөш.
Ала-Тоонун ак калпактуу жылдызы,
Кыргызымда кылым жашап өнүп-өс!
Комуз сенсиз жетимсиреп калбасын,
Кайрыгыңда жашап турсун улуу көч!

Бурул Исмаилова, “Супер-Инфо”, №489 16-март — 22-март, 2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий