Cөз маданияты

(Уландысы. Башы)

Бир элдин экинчи элге үстөмдүк кылып, өз тарабына имерип алуусунда байыртадан үч ыкма колдонулуп келген: биринчиден, ошол эл өзүнүн чыныгы тарыхын жакшылыктуу билбей калуусу; экинчиден, коомдук, мамлекеттик турмушта ошол элдин тилинин колдонулбай калуусу; үчүнчүдөн, жер-суу жана башкалардын жергиликтүү элдин тилинде аталыштарын жок кылуу.

Казак туугандар айтылган бул үч маселенин үчөөнү тең өз ордуна келтирип алышты.

АрстанбекЖеңижок, тоо булбулу Токтогул сындуу төкмө акындык “өнөр алды – кызыл тил” алптары заманды, он сегиз миң ааламды, жакшы менен жаманды, аккан суу, жан-жаныбар жаратылыш дүйнөнү түп көтөрө түгөл айтууларына түт келген сөз байлык бүгүнкү күндө не деген абалда? Оюндагысын эне тилинде ойдогудай айта албай, эки сөздүн бирин орусчаламай, кыргыз элин акыры кайда алып барып тынаар экен, эгерде терең ойлонуштурулган таамай чара көрүлбөй, ушу бойдон жүрүп олтурсак?

Эгерде кыргыз элдик сөз баккандык касиеттен ажырап бараткандыгыбызды, эне тилибиз жагынан жандүйнө жабыркап аткандыгын этибарса албай, ага жатыгып, көнүгүп жүрүп олтурсак, анда акыры кыргыз болбой каларыбыз анык. Кыргыз болуп туула берербиз, бирок, өң калат, өзөк соолуйт.

Жакында, кечки телеберүүлөрдүн биринде, мамлекеттик жетекчи кызматкер: “конституцияга ссылка кылып”, “спецмера кылып”, “частное обвинение деп коет”, “публичное обвинение болсо”, “раздвоение личности болот” деп сүйлөп атат. Андан кийинки дагы бир телеберүүдө: “производственный дефект”, “нарушение кылган”, “өзүнчө подход кылыш керек”, “кайра возврат болуп атат”, “закупка”, “нарушения”, “конфликтная ситуация”, “Зеленый коридор”, “непосредственно баланы лечит этип аткан жеринен”.

Ушундай абал боло бериш керекпи, же болбош керекпи? Эне тилибиз, мамлекеттик тил оозеки да, жазуу жүзүндө да сабаттуу айтылышы, жазылышы керекпи же кереги жокпу? Кыргыз мамалекетине, кыргыз коомчулугуна, кыргыз элине сөз, тил маданияттуулук керекпи, же кереги жокпу? Мамлекеттик денгээлде, коомчулукта чара көрүлүп, талап коюлуш керекпи же тил, сөз маданиятсыздык муундан муунга уланып кете берсинби? Кыргызды кыргыз кылып сактап келген, кыргызды кыргыз кылып өнүктүрүп, өстүрүп келген, эл оозунда: “өнөр алды – кызыл тил” делип туу тутулуп келген эне тилибизди кор тутууга акыбыз барбы? Айрыкча мамлекеттик кызматта иштеп аткан уул-кыздарыбызда! Ири алдыда ошолор эне тил жагынан маданиятсыз, адепсиз болууга акысы жок. Анткени алар эл менен иштешет. Сөздү таамай, таасирдүү айта билүү аларга кызматтык зарылчылык.

Тил илими институту, азыркыдай жайнаган окуу жайлары, нечен жүздөгөн окумуштуу адистери жок эле эл оозунда эленип өнүккөн эне тилибиз азыркы дүйнөлөшүү, маалыматтык технология деп аталган XXI кылым заманында эмнеликтен кыргыз элинде ашынган көйгөй абалга жетти?

Өткөн кылымдын 30-жылдарынан берки сексен эки жыл бою маселенин айтылбаган чоло жери калган жок. А маселе оңолуунун ордуна, жыл өткөн сайын улам бир жагынан жырылып атат. Кылымга жакын мезгил бою коом, мамлекет турмушунун өзөгүнөн сүрүлүп ташталган кыргыз тилин кайрадан калыбына келтирүү, өнүктүрүү аракеттер дагы эле көйгөй маселеге жыш.

Эмне кылуу керек?

Көңүлдөгү ойду, турмуштук миң түркүн маселелерди айтууда сөз байлык канчалык мол жана таамай болсо – элибиздин өнүгүүсү көп жагынан ошого жараша экендиги эске алынып, бийлик тарабынан мамлекеттик деңгээлде таамай чаралар көрүлүш керек. Акын-жазуучулар, журналисттер, чыгармачыл жаштар, коомчулук күч текши аракетке келтирилмейин эне тил жана сөз маданияттуулук оңуна келиши мүмкүн эмес. Анткени маселе өтө өтүшүп, татаалдашып кетти.

Президент Алмазбек Атамбаевдин балабакчадан башталсын деп, мамлекеттик тил маселесинде, мамлекет башчы катары талап кое баштагандыгы үмүт жаратууда.

Адистер, окумуштуулар чөйрөсүндө айтылып жүргөндөй “Адамдын көңүлүндөгү сөз тизмектер – ой жүгүртүүнүн каражаты. Ал тышкы сөз таасирлер аркылуу өнүгөт. Адамдагы ойлордун бардыгы анын эстутумундагылардан келип чыгат. Көңүлдө топтолгон ойлор, түшүнүктөр сүйлөм түрүндө адамдын айткысын келтирет. Адамдык акыл эс жана тил, башкаларга таасир этүүнү көздөгөндүк аркылуу өнүгөт. Ар бир адам тил, сөз жагынан – өзүнчө инсан. Социалдык өнүгүүнүн мындан аркы өңүтү барыдан мурда адамдын өзүнө, биологиясына, психологиясына, ой жүгүртүүсүнө бет алат”. Окумуштуулар бүгүнкү күндө мына ушуларды айтып атышат.

Сөз атасы, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун : “Эң көркөм, эң укмуш жана маанилүү асыл мурасты бабаларыбыз укум-тукумга белек этти! Ал сууга жуулбас, отко күйбөс, алааматтарда кыйрабас улуу сөз сепилдери” деп айтканы бар.

Байыркы египеттиктер фараондорунун (падышаларынын) табыттарына кээ биринин бийиктигин 146,6 метр кылып пирамида курушту.

Парижде бийиктиги 300 метр Эйфел мунарасы турат, асман тиреп заңгырап.

Узундугу 5 миң километрден ашыгыраак, кээ бир жеринде бийиктиги 10 метрлик кытай сепили турат, бул элдин өжөрлүгүн дадилдеп.

Москвада 1156-жылы башталып, Съезддер сарайы делип 1959 – 61-жылдары курулуп бүткөрүлгөн Кремль курулуш ансамбли турат, орус элинин архитектуралык дараметин даңадазалап.

А биздин байыртадан берки бабаларыбыз, Түгөлбай атабыз айткандай “сууга жуулбас, отко күйбөс, алааматтарда кыйрабас улуу сөз сепилин куруп” муундан муунга мурастады. Сөз кыргызда – тыбышмактуу сыр дүйнө. Мүмкүнчүлүк болоор, ошондо ошол “ Сыр дүйнө” жөнүндө сөз өзүнчө.

Советтер Союзу доорунда идеяларды, чечимдерди, партиялык маселелерди эл арасына жайылтуу иштери абдан кеңири жүргүзүлчү. Ал иштер бир ооз “пропаганда” деген сөз менен айтылчу. Азыр ал сөздүн өзү колдонулбайт. Эл арасында лекциялык агартуучулук иштер жүргүзүлбөйт. Бүгүнкү күндө эмне көп, кайым айтыш көп. Кыргызда жүйөлөшүү – өзүнчө өнүккөн салт болгон. Үй-бүлөлүк өйдө-төмөндүк учурлардан баштап, жалпы элдик маселелерге чейинки иштер жүйөөлөшү аркылуу оңуна келтирилип турган. Азыр болсо жүйөөлөшүү деген түшүнүктүн өзү эске алынбай калды. Коомчулук турмушта кайым айтыштар күчөп, сөз маданияттуулук сакталбай, элибиздин нарк-насилине зак кетип аткандык эске алынып, кандайдыр бир аракеттер жасалыш керекпи же бул нарк бузарлык кайым айтышуулар, ажылдашып сөз жебестиктер күчөй бериши керекпи?

Сөз маданияттуулук – жалпы элдик, мамлекеттик маанидеги маселе экендиги этибарга алынбай жүрүп олтурса, коомчулук турмушубузда жакшылык болбойтко.

Деги эле, сөз маданияттуулук деген эмне? – Албетте, айта билүү, уга билүү. Англияда, парламенттик талкуу учурунда колдонууга тыйуу салынган сөздөрдүн тизмеси дайыма спикердин астында турса да, анын ар бирин спикерлер жатка билүүгө милдеттүү болушат экен. Эгерде, талаш-тартышта бирөөлөр ошол тыйю салынган сөздү колдонуп койсо, дароо эскертилип, экинчи ирет колдонсо, эң акыркы эскертүү берилип, үчүнчүсүндө, бар, демиңди басып кел деп, атайы жай бар экен, ошого камап салышат экен ( “Эхо планеты” деген журналда жазылып жүрөт). Демек, сөз маданияттуулук талкуу учурунда – мамлекеттик зарылчылык. Кандай гана талкуу, кандай гана кайчы пикирлер болбосун, талдоого алынып, негизделип, адамгерчиликтүү айтылышы керек деген тыянак чыгарылып атпайбы, бул жерде. Ушул жагынан бизде, коомчулук турмушубузда маселе барбы же жокпу? Албетте, бар! Таасирдүү ой, таамай сөз айта билүү маданияттуулук деген эмне? Ушул жагынан бүгүнкү күндө эмне деген абалдабыз. Аракет болуп атабы? Маселеге маани берилип атабы? Эки сөздүн бирин орусчалап сүйлөгөндөр тыйылабы же дагы эле жылдан жылга күчөп жүрүп олтурабы? Дүйнөдөгү сөзгө эң бай тилдердин бири экендиги эч талашсыз кыргыз тили, ташка тамга баскандай кыргыз сөздөрү коомубуздун, мамлекетибиздин, элибиздин турмушунда татыктуу ордун табабы, тазаланабы, таамайлык, таасирдүүлүк күчүн күчөтө алабызбы? Татаалдашып калган бул маселе канткенде ордуна келет. Эмне кылуу керек, мисалы бийлик, эл, ар бир кыргыз, ар бир ата-эне, коомчулук жана саясий күчтөр, журналистер, интеллигенция өкүлдөрү? Кандай гана болбосун, тил жана сөз жагынан элибиздин элдигине азыркыдай жат көрүнүштөрдөн кыргыздардын тазалануусу тарыхий зарылчылык!

Кенжалы Сарымсаков,
Journalist.kg 

Соц тармактар:

Добавить комментарий