“Бетме-беттеги” Ысмайыл 90 жашында көзү өткөн”


Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Бетме-бет” повести экрандаштырылып, тарыхый тасмага айланышы чыгармага экинчи өмүр берген. Ал турмушта болгон окуяны баяндаган трагедиялуу тасма. Бул туурасында КРнын эмгек сиңирген артисти, эл аралык Ч.Айтматов сыйлыгынын лауреаты Бусурман Одуракаев кеңири баяндап берди.

Ысмайылдын ролун ойнойм деп эч ойлогон эмесмин
Алматы шаарында актерлук окуу жайда окуп жатканда залкар жазуучу Ч.Айтматовдун “Бетме- бет” повестининин эски варианты боюнча Ысмайылдын монологун айтып беш алган элем. Ошол институтту бүтүп келип, он жылдан кийин Ысмайылдын ролун ойнойм деп эч ойлогон эмесмин. “Бетме-бетти” Болот Шамшиев жана бир топ режиссерлор тартууну пландап жүрүшкөн экен. Анан сценарийи жазылып, мамлекеттик бюджеттен акча каралып, 1989-1990-жылдары тасма тартыла баштаган. Режиссерубуз Бакыт Карагулов деген жигит эле. Ысмайылдын ролуна он бештен ашуун мыкты актерлор тандала баштады. Алардын арасында мен да өтүп кеттим, ошентип Ысмайылдын ролун жараттым. Тасма тартылаардан мурунураак режиссер мени алдын ала чыныгы Ысмайыл менен таанышып келүү үчүн Таласка жиберген.

“Бетме-бет” повести кайрадан оңдолгон
Аталган тасма классикалык чыгарма. Анда согуш мезгили, Ысмайылдын согуштан качып, тоо-ташта дезертир болушу баяндалган. Тасма негизинен трагедиялуу. Фильмде Чыңгыз Айтматовдун дезертирди актаган жагы бар. Себеби, Союз тарагандан кийин германиялык чоң бир басмаканачы Л.Лейтес “ичиңиздеги оюңузду азыркы демократиялык заманга ылайыктап жазып бербейсизби,” десе, “ооба, ошондой жерлери бар, мен ошону оңдоп берейин” деп кайрадан жазып чыккан. Ага чейин “Бетме-бет” повести Совет дооруна ылайыкташтырылып жазылган эле. Бул жерде өзүнүн мекени, сүйүүсү, очогу үчүн бөлөк бир жерде жөн эле өлүп алгандан көрө, өзүмдүн мекенимди коргоп өлгөнүм жакшы деп качып келген Ысмайылдын тагдыры баяндалган.

Чыныгы Ысмайылга жолуктук
Ч.Айтматовдун бул повести чыныгы турмуштан алынган чыгарма. Анткени Таласта чындап эле Ысмайыл болгондугун ал согушка барып, бирок качып, тоо-ташта, үңкүрдө дезертирлик кылып жүргөндүгүн жазган. Ошол себептен 1990-жылы февралда тасмага тартуу башталардын алдында атайын Таластын Көк-Сай айылында жашаган Ысмайылга бардык. Ошол кезде ал киши 82 жашта экен. Аттан жыгылып бутун сындырып алып, төшөктө жатыптыр. Ошондо өзү жана дезертирлик туурасында бүт баарын саймедиреп айтып берген. Себеби, согушта жоокерлердин баарынын колунда бир гана беш атар мылтык болгон. Душманда болсо баары бар, танка, пулемёт, замбиректер менен куралданышкан. Командирлер аларды түз эле өлүмгө айдайт. “Ушинтип бөөдө өлүп калгандан көрө” деп беш киши, бирөөсү казак, төртөөсү кыргыз, биригип алып качканбыз дейт. Келгенден кийин кылган уурулуктарын да айтып берген. Ал өзү үчүн гана уурулук кылбай ачкадан өлөйүн деп калган жетим-жесирлерге мал уурдап эт алып келип берип, алардын өмүрүн сактап калган экен. Бирин-эки мал уурдабай үйүрү менен уурдап келип, элге таратып, өзүнө бир-эки мал алчу экен. Кийин согуш бүтүп, ал колго түшөт да, дезертир болгондугу үчүн түрмөдө жазасын өтөйт. Ал киши абдан тамашакөй киши экен, жаныбызда тасмадагы Тотой менен Сейденин ролун аткарган кыздарыбыз да бар эле. Эки кызыбыздын колун кармап алган, “кетпегиле, азыр балдарым кой соёт кечинде тойлойбуз десе, режиссерубуз Бакыт Карагулов, “Кой, аман- сообузда кетип калалы” деп болбой койгон. Ошентип кетип калганбыз. Кийинчерээк тасманын бет ачаарында 1991-жылы баарыбыз Таласты айылма-айыл кыдырдык. Көк-Сайга барып, Ысмайылды байбичеси менен чакырып келип көрсөттүк. “Мени актаганыңарга рахмат!” деп ыраазы болду. Ысмайыл 90 жаштан өтүп барып каза болду.

Көптөгөн жери тартылбай калган
Сценарийде дагы көп нерселер тартылбай калган. Мисалы, аябай сонун жерлери бар эле. Союз жоюлуп, каражат жагы азыраак болуп калып, сценарийдеги жакшы жерлер тартылбай калды. Анда апам өлүп, топурак сала албай карап турам. Анан кечинде көрүстөнгө келип, ыйлаган жерим тартылган. Бүткөндөн кийин, үңкүрүмө келем, келгенден кийин тооду-ташты омкоруп жибере тургандай кыйкырган эпизодум бар. Анан эртеси күнү Маймак станциясына кайра барам. “Бүттү, мен эмне үчүн келдим эле, эми бир гана вариантым кайра согушка барып, каным менен дезертирлигимди актайм” деп, поездге сүйрөлүп жүрдүм. Бирок бир дагы поезд токтобой койгон. Анан эртеси күнү бир поездге жабышам, сүйрөлүп барып, оңкочок атып, эсим ооп жатып кайра үңкүрүмө келем. Анан айла жок аягында аскерлер келип, атып салбадыбы.

Көрүстөндө көзүмдөн жаш чыкпай…
Актер катары дезертирдин ролун аткаруу кыйынга турду. Бирок аткара албай кыйналгандыктан эмес. Болгону бир гана жери, көрүстөндө ыйлаган жерим аябай оор болду. Же көзүмдөн жаш чыкпайт, аябай эле ыйлаак элем, билбейм? Ал күнү болбой калып, башка күнү келгенде абдан сонун ойнодум. Съемка бүтсө деле ыйлай берген экенмин. Киного тартылып жатканымды да унутуп коюпмун. Көрүстөндө ыйлаган болбойт экен. Ал үчүн башка жерге топурак салып келишти. Анан бош жерде олтуруп алып, боздоп, чындап ыйлагам.

Үйдүн ичи бүтпөй он беш күндөй күтүп калдык
Дагы бир кызык жери, үйдүн сырты Таластан тартылган. Ал эми ичин Таластан тартса болмок, бирок ал жерден техника начар болгондуктан, Ташкентте тартылган. Ал жерге атайы топ барып, үйдүн ичин курушкан. Ал үйүбүз, тар болуп калып, бузуп, кайра дагы кененирээк кылып курушкан. Ошондо үйдүн бүтүшүн күтүп, он беш күндөй туруп калдык. Ташкентти кыдырдык, кино, музейлерге бардык. Сабира Күмүшалиева менен чогуу дүкөндөрдү кыдырдык. Ал бизге да көзөмөлдөп, жакшы ойногон жерибизди абдан мактап, начар ойногон жерибизди начар деп ачык айтчу.

“Мени таштап кетишти” деп таарынып асманга ок аткам
Январь-февраль айы эле, жылаң баш, аябай суук, ал кезде 25-26 жашта болчумун. Жаштыгым менен суукту анчалык деле сезген жокмун. Негизинен фильмдин жакшы тартылышы биз үчүн мааниге ээ эле. Съемка учурунда “тээтиги тоонун үстүнө чык” дейт, темселеп барып чыгасың. Дөңгө чыкпайсың албетте, тээтиги Беш-Таштагы аска-зоонун чокусуна эки метрдей карды жиреп барып, кайра келгенче бир саат өтөт. Бирок съемка бүткөндөн кийин келсем эч ким жок. Атайын топ бар да, алар мени күтпөй эле кетип калышкан экен. “Түү, ушундай да таш боор режиссер болобу?” деп ачуум келип, калчылдап калдым. Мени таштап кетип калышса, жөө жана кийимдерим өтүгүм карды жирегенден улам кар кирип, суу болгон абалым боюнча кантип жетем деп ачууланган элем да. Жинденгеним ушунчалык колумда беш атарым бар, аны менен асманды көздөй аткылап кирдим. Антип ок атсам, тоодон көчкү түштү. Бирок мен жакка жакын эмес алыс жактан болчу. “Бул жактан көчкү түшсө эмне болот эле” деп ал ансайын жинденип жатам. Бир убакта келсем, алар болгону жолдун кайрылышында тамашалап бекинип калышкан экен. “Ой, тамашалап койдук” дешет. Алар жабылып, суу болгон буттарымды спирт менен сүртүп, жылуулап кийиндирип, ысык чай беришти. Анан тамашалагандарын уккандан кийин гана ачуум тарады.

“Биттеп кетем” деп коркком
Съемкага чыгаарда бир сааттай бети-башымды гримдешчү. Ысмайылдын ошондогу абалын көрсөтүү үчүн шамалга бети туурулган, жүдөгөн абалды келиштирет. Анан ушунтип жуунбай жүрдүм. Жуунсам аппапак, таптаза болуп калам. Аны кайра мурункудай сапсайган, жүдөгөн абалга келтирүү азап. Тим эле биттеп кете турганга чейин барып анан уруксат сурап “жок дегенде башымды жууп алайынчы, биттеп кетсем эмне болот?” деп сурангам. Анан мончого барып жуундум. Бирок бир-эки күндөн кийин кайра эле топурак менен чачтарды уйпалап эски абалыма түшүп, дезертир Ысмайыл болуп жүрдүм.

Киного тартылабыз дешип…
Айылдагылар абдан жакшы жардам беришти. Барган жерден сый тамак менен сыйлашып, ыраазы болдук. Ал гана эмес көпчүлүгү киного тартылабыз дешип, артыбыздан жүрүштү. Кээ бирлери Ташкентке чейин биз менен барышты. Кийин алар тасма тартылып бүткөндөн кийин өздөрүн көрүшүп, “ой мен бир эле жерде бар экенмин, бир ай жүрбөдүм беле, ушунча убара болдумбу?” дешип таарынгандар да болгон. Ал гана эмес “кечке чейин ары-бери чуркатып, анан ушул эле эпизодго түштүмбү?” дегендер да болгон. “Режиссеруңарды карап тургула, жолуксам, талкалайм” дешкен. Ал кинодо бардык эпизоддор каралып чыгып, керектүүлөрү калып, ашыкчасы алынып салынат эмеспи.

Самара Кабылбекова («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий