Бир ырдын баяны: “Жамгыр”


Апам: “Жамгырда жылаңбаш жүргөн балдардын чачы кара болот” — деп койчу. Үй күчүк болбосун десе керек. Жайлоодо күн алыс эле жамгыр жаап, дөңдөн-дөңгө безилдеп “чач карайтчу” элем. Жамгырдан кийинки аруу табиятты ким жеткире айталат?

Түгөлбай Казаков
Дүлөйоозго окшогондор жамгырдын алдында турса тазарат эле, аялын урбай калат эле деп ойлочумун. Анан ушул оюма аябай ишенчүмүн. Жамгырда аны сыртка алып чыккым келчү. Үйүнүн жанына барып, атын айтып кыйкырып, эшиктен башын кылтыйтканда: “Жеталбайсың мага, жеталбайсың!” — деп, качымыш болчумун. Бирок ал куучу эмес. Чыкса эле эзилип кете тургансып, жамгыр басылганча үйүндө отурчу. Биз болсо жүрчүбүз, тобурчактай секирип. Азыр ойлосом Жамгыр жерге эле сиңбей, менин жандүйнөмө да сиңген экен. Ошо жайлоодо ал мага чогуу өскөн достой, кыйбас жакынымдай, мени тазалаган периштемдей сезиле баштаган. Ал кечиксе ойлоп, кадимкидей эңсеп, а тургай азыраак куса болуп да кетчүмүн. Ал эми жамгыр алдындагы үрккөн койдой удургуган булуттар — биздин кинотеатрыбыз болчу: дөөлөрдү да, кулап келаткан дөңдөрдү да, айтор, тирукмуштун баарын кыйкырык-чуулдак менен көрчүбүз.

Ушу Жети өңгө (радуга) эле акылыбыз жетчү эмес. Себеби ал турган жерге такыр жеталбай койдук. Барсаң нары жылып кетет. Кайра айылга келсең ошол эле жерде турду дейт…

Бала кезде жанга жакының кийин өмүрүңдү коштоп жүрөр экен. Жамгыр да мага ошондой сапарлаш болду. Студент кезде да жамгыр жааса ар кайсыны шылтоолоп, жатакана менен институттун ортосунда чуркап алар элем.

Бир күнү бизде окуган Маркс деген аксакал: “Ай, таланттуу десе эле таптакыр делбирттеп кетет экенсиңер да!” — деди.

Үлүлдөй болуп “үйүмө” кире түштүм. Жатаканада кичикий үтүк бөлмө бар эле. Ага эч ким деле кирбейт экен. Ошерге барып, кыяк тартчу болдум. Сабакка да даярданам, бирдемелерди жаратымыш да этем, айтор, ошол бөлмөгө байыр алдым. Айнегин ачып, Жамгыр менен ошол жерден жолугуша баштадым.

Бала кездеги Жамгыр мени оюн салдырып, ичиме канат байлап, бир жерге токтотпой алып учуп турчу эле. Алгач ошо бала кездеги Жамгырымды ырдайын дегем. Бир эмес үч обон чыгарып көрдүм. Бирок үчөө тең тоо койнунда кала берген ыйык Жамгырыма татыбай туруп алды. Таптаза Жамгырымды булгап алгандай болдум. Туулбай туна чөгүштү.

Андан кийин бул темага да, тигил обондорго да кайрылган жокмун. Кийинки, Ысмакең айткандай, кар чайнаса аш болуп, музга жатса тердеген жаштыктын Жамгыры болсо ойго салып, кайдагы бир маа белгисиз кусалыкты ойготуп, өзөккө түшкөнү келаткан өкүттөн кабар бергенсип, кийин калчу көңүлдөр менен ажырым жолдорго азыртан эле ыйлап жаткан көз жашка окшоп, акыры апытта калтыра турган бир ишти түшүндүрө албай тереземди койгулагандай, өзүнчө эле бир сыр дүйнө болуп, айтор, буга чейинки мүнөзүмдү кадимкидей өзгөртүп кетти.

Ал ар бир жааганда мен буулугуп баштачу болдум. Мунум адатка айланып, күн бүркөлсө кошо бүркөлүп, жалгыздыкка ыктап, ичимде удургуган түрлүү кайрыктардан башым айланып, дендароо болуп көпкө жүрдүм. Кайдагы бир угуттан көкүрөгүм көөп, жарылалбай жүрсөм, Кукуш деген курсташымдын сүйлөшүп жүргөн кызы башкага тийгени жатат деген кабар келди. Кабары курусун, Кукушум өлөм деп чыкты. Ал Толстойду деле окуган эмес, бирок темир жолго барып кертилип өлмөй болду. Бир жерге туралбай, эстеген сайын тактекедей секирип жатат. Анан эле: “Бактылуу бол!” — деди да, бөлмөдөн атып чыгып, чуркаган бойдон кетти.

Балээнин бактылуу болгонубу, жолдошуң үч бөлүнүп өлгөнү атса деп, артынан жөнөдүм. Келсем, рельстин үстүндө отуруптур. Сурасак, анын “ажалы” кечке маал өтөт экен. Ага чейин эмне кылабыз? “Юбилейный” деген дүкөндөн көлтөйгөн бөтөлкөнү алдык да, экөөбүз эки ташка отуруп алып, өлүм алдындагы “отурушту” баштадык. Күн бүркөлүп турган. Бир кезде как төбөбүздөн асман жарылгандай болду. Күн күркүрөгөнүн көп эле көргөм, бирок мындай татырап үрөйдү учуруп, жерди солкулдатканын көргөн эмесмин. Анан нөшөр башталды. Биздин негедир тургубуз келген жок. Шөмтүрөп суу болдук, чачтарыбыз сууга түшкөн мышыктын жүнүндөй жалпыйып, кебетебиз келишти да калды. Анан эле мен бир кызыктай боло түштүм. Көкүрөгүмөн бир нерсе тирелип келип кайра кетип, кайра ого бетер күчөнүп келип чыгып-чыкпай артка тартылып, анан кандайча оозуман чыгып кеткенин байкабай да калдым. Кыйкырып ырдап жибердим:
Күн күркүрө-өп жамгыр төктү…

Ушул сап обону менен бир келди. Андан ары уланган жок. Кукуш кайра-кайра ырдатты. Нары жагы уланып кетчүдөй болуп барып эле токтоп калып жаттым. Акырында экөөбүз кучакташып алып, ушул кайрыкты кыйкырган бойдон жатаканага жөнөдүк.

Билбейм, Кукуштун тагдыры таасир эттиби, же өзүмдүкү эле жетиштүү беле, айтор, ошондо болочок ырымдын бир сабы табылган. Жаранын оозу ачылгандай болгон. Анда эрте жаз эле. Обонум же уланып кетпей, же унутулуп калбай кыжалат кылып жүрүп күз келди. Күзгү жамгыр дагы эки сап берди:
Жамгыр төктү эч басылбай
Биз келаттык көл-шал болуп.

Ары жагы табылбай дагы токтоп туруп калды. Ушул жаман экен! Жаныңа сайылган чегедей болуп кыйнап гана турат да, эй! Кайра жаз келди. Кайырмасы бүттү. Ырдайын десең толук эмес. Ырдабайын десең тынчтык бербейт. Кайрадан күз келгенде барып араң бүттү. Сөздөрү обон менен кошо чыккан эле. Аларды көтөрүп алып акындарды кыдырдым. Бири: “Жамгырда да сүйүү болчу беле?” — деп ыйлагыны келтирсе, экинчиси: “Эки сааттан кийин кел, даяр болот” — деп таң калтырган. Эки сааттан кийин келсем, ал акең кыз-жигит жамгырдан коргологон кайдагы бир көк жоолук жөнүндө жазып салыптыр. Албай кетип калдым. Дагы бири “сол буту” менен жазып кор кылды. Бир жагынан ойлосом аты-жыты жок бир студент келип эле текст жаз деп турса, кайсы акын ишинин баарын таштап салып, төшөлүп отуруп тигинин заказын аткармак эле.

Ошо бойдон акындарга кайрылган жокмун…

Ыр элге жакшы алынды. Дооронбек Садырбаев тарткан “Топчу” аттуу телефильмге Шандор Каллош деген венгр композитор лейтмотив катары пайдаланды; Азербайжандын атактуу “Гайя” деген эстрадалык ансамблинин репертуарына кирди; Владимир Коркин деген сөзүн которуп, Москванын ресторандарында орусча ырдап жүрүштү; Казакстан боюнча өткөрүлгөн эстрадалык ырлардын конкурсунда Каухар Каспакова ырдап, баш байгени жеңип алды; Кыргызстандын биринчи президентин ээрчип барган кыргыздарга Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик симфониялык оркестри ойноп берсе, он алты кыргыздын бири да кошулуп ырдай албай, бир дунган жигит кыргызча ырдап берген; Швеция, Португалия, Польша, Сомали, Болгария, Молдова, Германия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө аткарылды. Султан Ибраимов ушул ырымды Токон Эшпаевдин аткаруусунда аябай жакшы көрчү дешет. Кыскасы, багы ачылып кетти.

Эки тамаша эсимде жүрөт: Ошто бир жолдошум какылдап эле жөтөлө бергенинен эмне болгонсуң десем: “Түндө жамгыр төктү дей берип өпкөмө суук тийип калыптыр” — дейт.

Бишкектен бир жаш жигит жолугуп: “Сиздин “Жамгырыңызды” уш-шунчалык жакшы көрөм” — деп калды. “Эмнесин жакшы көрөсүң?” — десем: “Өлө мас болгондо бакырып ырдаганга жакшы экен” — дейт.

Өтө эле майдалап жибердим окшойт. Бул обонумдун болгон таржымалы ушундай.

Редакциядан: “Жамгыр”, же “Жамгыр төктү” деген ырдын сапары автор айткан окуялар менен гана бүтпөйт. Бул ырды мыкты аткарган Юля Руцкая бир нече жолу сыйлыктарга татыса, Гүлжигит Калыков дал ушул ыр менен “Евразия жылдызы” аталды. Кудай буйруса, Түгөлбай Казаковдун “Жамгыры” дагы да далай ырчынын бактысын ачат деп ишенебиз.

ЖАМГЫР
Сөзү, обону: Т.Казаков

Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачылбай,
Бет алдыдан шамал согуп.

Кайырма:
Күн күркүрөп, жамгыр төктү
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымдай же кечээги
Кайрылбай кетеби?

Жамгыр төктү, эске түштүң
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү ээзип,
Колдон учкан ак кушумдай.

Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эскеребиз,
Алгач сүйүү унутулбай

«Zaman-Кыргызстан» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий