Карбалас Бакиров: “Акындарга акылдуу болуштун кереги жок”

Карбалас аке, чыгармачылык кантип атат?
-Азыркы учурда анча деле иштей албай жатам. Ошондой кырдаал түзүлүп турат. Көбүнчө котормо менен алекмин. Өзүбүздүн кыргызстандык Михаил Синельников деген акын бар. Өзүң билесиң, 50-жылы Ленинграддан келип, бул жакта туруп калган. Атасынын сөөгүн апкелип, өзүнүн өтүнүчү боюнча Ошко койбодубу. Грузин акындарынын көбүн орус тилине которду. Биздин кыргыздардан Алыкулду которгон. Азыр ошонун ырларын кыргызчалап атам. “Жарым жылдын ичинде китебим чыгат” деп отурам Кудай кааласа. Жаңы ырлар, анан котормолорум кирет. Анатолий Жигулин деген акын болгон. 24 жашында Колымада отурган. Солженицынге ырларын жибергенде ал мактоо жазган. Ошонун түрмөдөгү ырларын котордум.

-Шарт болбой деп атпайсызбы. Ыр жазганга кандай шарт керек?
-Аның туура. Ыр жазганга шарттын кереги жок, бирок кээде убакыт да керек да. Ыр деген бул күтүүсүздөн учуп келген нерсе. Чымчыктар учуп келип, бир коргондун кырына, талдын бутактарына конот. Поэзия дагы ошондой да. Ошондой ырлар поэзиянын милдетин аткарат. Кээде учуп келген ырлар аз болот да, анан кол менен жасап жиберебиз. Алар поэзия болбой калат.

-Ыр жазганды жыйырма жашыңыздан баштадыңыз окшойт?
-Он беш жашымда баштагам. Алгачкы жолу жазган бир куплет ырым дале эсимде. “Эргүү көп” деген ыр эле, биздин Токтогул районунун “Учкун” гезитине чыккан.

Жаз келгенин белгилеп,
Куштар учат канаттары желбиреп.
Көңүлүңдү көкөлөткөн негедир
Ушул жазгы сезимдерде эргүү көп.

Биринчи ырың гезитке чыкканда адамга аябай катуу таасир берет да. Денең ысып, жерге батпай нары-бери басып, аалам башкача көрүнүп… Кийин китебиң чыкканда да анчалык сүйүнбөйсүң, биринчи ырларың чыккандагыдай. Түбөлүккө уча турган канат болот да биринчи ырың.

-Ырлар нөшөрдөй төгүлгөн эң жемиштүү курагыңыз кайсы жылдар болду?
-Энгельстин минтип айтканы бар: “Мен быйыл 68 жашка чыктым. Менин ойлорумду чагылдырыш үчүн 34 жаштагы эки Энгельс керек. 34 жышымда мындай ойлор жок эле. Азыр эми 68 жашымда ойлор көп, бирок аларды жазганга отуз төрттөгүдөй күч жок” деген. Мен дагы жыйырма жаштарымда аябай эле көп иштептирмин. Эртең мененки саат бешке чейин жазып отура берчүмүн. Бирок жандүйнөдөн чыккан жакшы саптар болгону менен, ал кезде интеллектуалдык деңгээл, дүйнөлүк адабият менен тааныштык жок эле. Ал эми дүйнөлүк адабиятты окугандан кийин басаңдап, азыраак иштеп калгандаймын. Себеби, сүйүү ырларын жазайын (!) десең, бул темага кайрылбаган акын калбаптыр. Сен ошолорго окшошпогон жаңы бир нерсени айта аласыңбы — кеп ошондо да. Болбосо жалпайган, эч нерсе көрүнбөгөн ырларды жаза бергенден майнап чыкпайт.

-Бирок, кээ бир акындар дүйнөлүк классиканы окуганда жаңы идея алабыз дешет го?
-Ал сөзсүз. Мисалы Рамистин “Мен сөздөрдү иттей кылып байлап салам, Сөздөрдүн пайдаланам мормоңдорун, ормоңдорун, ормондорун” деген саптары бар. Жакшы акындарды окусаң, бир сабы эле таасир этип коет.

-Сизге кайсы акындар көбүрөөк таасир этти?
-Мен көбүнчө орус адабиятын окудум. Орус адабияты — бул көпүрө да. Дүйнөлүк адабиятка ошол көпүрө аркылуу чыгабыз. Борис Слуцкийдин ырларын жакшы көрөм. Бул кишинин ырлары прозага окшош, бирок ойлору өтө салмактуу. Башка акындарга салыштырмалуу өзү жашаган доорду толук камтып, толук чагылдыргандай таасир калтырат.

“Есть кони для войны и для парада.
В литературе тоже есть породы, — дейт.

Чындыгында эле адабиятта дагы параддан өтө турган акындар бар, анан чыныгы адабиятты жарата тургандар бар. Президиумда отура турган, президиумга жарашкан, бирок чыгармачылыгы заманга жарашпаган акындар бар. Николай Приговдун китеби болгону 500 нуска менен чыккан. Бирок, азыр ал классик акын катар эсептелинет.

-Биздин өзүбүздүн кыргыз акындарданчы?
-Бир жолу мен Салижан Жигитовдон интервью алганымда, “Алыкул жакшы акын, бирок, анын болгону 28 эле жакшы ыры бар. А менин 31 ырым бар” деп айтканы эсимде. Мен Алыкулга караганда, Мидин Алыбаевдин ырларын жогору коем. Ширеңке чагып ийгендей керемет саптары бар. Кыргыз поэзиясындагы эң мыкты сүйүү ырлары — бул Анатай Өмүркановдуку. Башка акындардыкы жалпак боюнча калса, мунуку мөңкүп чыгып турат. Саптары жаңы саптар.

Жолон акени аябай жогору баалайм. Ош пединститутунда филфакты бүткөндүктөн, ал киши менен студент кезимде таанышып калдым. Телевизорго чыкканда, “жаш акындардан кимдер бар?” десе, дайыма мени айтчу. Жолон акенин 29 жашында чыккан “Отту сүйөм” деген ырлар түрмөгү кыргыз поэзиясында революция жасаган. Андан кийин ошо куракта, ошондой мыкты ырларды жазган Мамытовдун деңгээлиндеги акындар чыга элек. Жолон аке китеби чыга электе эле жазуучулар союзуна мүчө болгон. Ырларды абдан жакшы окучу. Ошону телевизорго тартып калганда кийинки акындарга мыкты үлгү болмок. Бүгүнкү күндө ырды анын деңгээлинде окуган акын жок.

-Байдыкем менен да үзөңгүлөш жүрүп калдыңызбы?
-Ал ооруп жатканда үйүнө барып, көрүп жүрдүм. Анын ырларын атам жакшы көрчү аябай. Атам өзү китепканачы болгон. Байдылданын, Мидиндин бүт китептери турчу үйдө. Ошон үчүн мен биринчи класстан баштап эле Байдыкемди окуй баштагам. Сахнага чыкканда башкалар ырдашса, мен окучумун ырларды. Ырларды, тамсилдерди окуп, дайыма Ардак грамота алчумун. 3-класста окуп жүргөндө Нурпаис Жаркынбаевдин ыр китеби чыгып калды. Ошондо “Тоолор — бул ауу деп токтоп калган аталардын ачуусу” деген сабы бар болчу. Мага аябай жаккан. Көрсө, ошондо эле кызыгуу болгон экен. Ошолор жетелеп кетет экен да поэзияга.

-Ыраматылык Алик Акималиевдин “мен ыр издеп азап таптым” деп айтканы бар. Сиз да канча жылдан бери ыр издеп келатасыз. Эмне таптыңыз?
-Чындыгында поэзия өзү азап да. Бирок, ыр жазуу азап болгону менен ага тартып турган нерсенин өзү жыргал. Мисалы, мен “тиякта” отуруп келдим. Эгерде поэзия болбогондо, кайтып келет белем, келбейт белем (?), билбейм. Жакшы бир эки сап таап алсаң, белиңе алтын байлап алгандай эч нерсени тоотпой жүрөсүң. Көрүнбөгөн, билинбеген деми, күчү болот да поэзиянын. Туура, акындык — бул азаптуу жол. “Ийне менен кудук казгандай” деген акындыктын түйшүгүнүн алдында башкалар эч нерсеге жарабай калат. Салижан аке айткандай, өмүр бою аракеттенип, бирок ошондон он-он беш ырың калса, ал аябай чоң бийиктик. Акындыктын азабы да бар, жыргалы да бар. Ошон үчүн адамдар чыгармачылыкка арты үзүлбөй, улам келип атса керек.

-Алыкулдун 28, Салижан акенин 31 мыкты ыры болсо, а сизде канчоо?
-Ха-ха-ха… Он ырым болушу мүмкүн. Төрт тарабы төп келишкен шедеврди жазуу абдан кыйын. Ошон үчүн Салижан аке Турар Кожомбердиевжөнүндө “төрт тарабы төп келишкен беш-алты шедеври бар” деп жазган. Менимче, поэзияга сөзсүз ушундай сын көз менен караш керек. Бул деле кумдун арасынан алтын издегендей эле нерсе. Дайыма эле сезимдер жылт эткен нерсени сууруп чыга турган учурлар боло бербейт.

-Башка акындардан айырмаланып, сиздин өзүңүзчө бир стилиңиз бар…
-Бул орус поэзиясын көп окуганыман го. Артына келе турган сөздөр алдына келип калат.

Төш кагып жок ал мактанган,
Түштүм деп түптүз асмандан.
Айлансак аздык кылат ээ
Унчукпай жааган ак кардан.
Бир-бирин алар жек көргөн,
Эмес эч, эмес жеп көргөн,
Күнөөсүз өсүү жагынан,
Үлгү алсак болот чөптөрдөн.
Жок алар мейкин талашкан,
Үйрөнсөк болот дарактан,
Короодон түптүз ааламга,
Кыйкырбай өсүп бараткан.

Бирок сөздөр ушундай каршы-терши түшүп калган учурлар да кандайдыр бир сезимди билдирет. Өзү негизи кемчилиги жок поэзия болбошу керек. Поэзияда өтө эстүүлүктүн, акылдуулуктун кереги жок. Сезимин, эмоциясын эмес, акылын киргизип ийген ырларды көп окугум келбейт. Акындарга акылдуулуктун кереги жок.

-Азыркы поэзиянын проблемасы эмнеде деп ойлойсуз?
-Азыр мурдагыдай ыр окуган окурмандар азайды. Айылда Турусбек деген иним бар. Мурдагы күнү телефон чалып, минтип айтты: “Жалаң эле тайга жөнүндө жазган ырларыңызды телевизордон окуп чыгып каласыз, мен уялам. Эй, современный ырларды жазбайсызбы? Бул бир жагы. Экинчи жагы, азыр силерди эч ким окубайт” деди. Эми анын айтканында да
чындык бар.

Мамат Сабыров, «Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 22.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий