Карбалас Бакиров

Акын жана котормочу Карбалас Бакиров 1954-жылы 8-январда Токтогул районуна караштуу Кызыл-Өзгөрүш айылында туулган. 1971-жылы Өзгөрүш орто мектебин бүтүрүп, бир жыл чабан болуп иштеген. 1972-1977-жж. Киев шаарында Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1975-1979-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинде окуган.

1979–1992-жж. КРнын Жазуучулар союзунун алдындагы үгүт бюросунун корреспонденти, 1992–2000-жж. «Кыргыз Туусу» гезитинде маданият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 2000–2003-жж. Кыргызпатентте (Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик) котормочу болуп эмгектенген. 2003-жылдан «Эркин-Тоо» гезитинде маданият, адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келе жатат.

2005-жылы КРнын Президентинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Бир нече поэзия фестивалдарынын лауретаы. Алгачкы ыры 1969-жылы «Кыргызстан пионери» гезитине жарыяланган.

2003–2006-жж. Түркиянын Сивас, Элазыг шаарларында өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн акындарынын эл аралык жолугушуусуна жана «Хазар поэзия кечтери» фестивалынын катышуучусу.

1992-жылдан бери Кыргызстан Жазуучулар союзунун мүчөсү.

 

Карбалас Бакиров жана анын чыгармачылыгы тууралуу

Карбалас Бакиров: “Кудай сакта жашоодон чарчагандан”

Карбалас Бакиров: “Акындарга акылдуу болуштун кереги жок”

Карбалас Бакиров: «Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө, Келет дайым талаалардан ойгонгум…»

Акын Карбалас Бакиров: Баш оорум ыр жаза баштагандан тартып токтоду…

 

Ырлар

* * *

Тыюу салган жактарга ташта кадам,
Түптүз кеткен жолго мен батпаган жан.
Күндөр келсин кенгуру, кентаврдай,
Баш тартамын жадатма сентябрдан.

Уктай берип жармыңар өлүп калган,
Бурчуңардан чыккыла көнүп калган.
Толкундарын жөнөтөм жүрөгүмдүн
Коркпогула деңизге жолуккандан.

Не жаңылык бейтааныш тараптарда?
Канатыңды кайрыба камап тамга.
Короочулар аяймын силерди мен,
Булут көчүп, кайдадыр баратканда.

 

ШЕРНАЗАР ШҮКҮРОВГО

Төш кагып жок ал мактанган,
Түштүм деп түпсүз асмандан.
Айлансак аздык кылат ээ,
Унчукпай жааган ак кардан.

Бир-бирин алар жек көргөн
Эмес эч, эмес жеп көргөн,
Күнөөсүз өсүү жагынан
Үлгү алсак болот чөптөрдөн.

Жок алар мейкин талашкан,
Үйрөнсөк болот дарактан.
Короодон түпсүз асманга
Кыйкырбай өсүп бараткан!

 

* * *

Чындыктын салмагына карабаган,
Бул дүйнө азап чегет таразадан.
Ушактын мүрзөлөрү болбойт окшойт,
Түгөнгүс мен тууралуу — жарамазан.
Кетпедим, бир ыр жазып келиш үчүн,
Түмөндөн, Уэленден, Магадандан.

 

БАЛДАР

Тайлардай булуттарды айдайсыңар,
Талаанын чагылганын кармайсыңар.
Чырылдап мен жетпеген жылдыздарга,
чымчыктай бирден конуп алгансыңар.
Көкөлөйт күнөөсүздөр жеңил гана,
Тайгада канаты бар кардайсыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар.
Кудайга жыңайлак, түз баргансыңар
Икардай мен асмандан кулаганда,
Илинип силер көктө калгансыңар.
Балдар эй, ошон үчүн балдарсыңар.
Эстүүлөр тааныганды тангансыңар,
Өтүнөм, жерге шашып түшпөгүлө,
А жерде жашайт жалаң жалганчылар!

 

* * *

Олтурбагам чаңын жутуп бөлмөнүн,
Көрдүм көлчүк толкуну жок өлгөнүн.
Чартылдаган чагылгандар жоголгон,
Чокулардан, түнт токойдон келгемин.

Олтурбагам эки беттен май тамып,
Терезеден булуттарды кайтарып.
Ташкындаган суулар менен аккамын,
Ташка тийип, таштын мизин майтарып.

Олтурбагам далдаасында коргондун,
Мага бакыт азаптары жолдордун.
Үйдөн эмес, шыбыраган бүт дүйнө,
Келет дайым талаалардан ойгонгум!

Вавилондун, кыйраган Вавилондун
Дал түбүнөн кылтыйып, жабалактап,
Өсүп чыккан жаш чөптөр адырлардан,
ашып түшүп, талааны барат каптап.

Барат каптап талааны жоокерлердей,
Кулпуларын талкалап аралдардын.
Жар, үңкүргө жармашып, тоону чачып,
Жарып чыгып таштардын тамандарын.

Келаткандай дүйнөлүк салтанатка,
Ээ-жаа бербей сүрүлүп чар тарапка
Өчүрүп көр, эми сен жер үстүнөн,
Тебелеп да, таптап да, балталап да.

Болгон менен эң назик — так көшөрлөгөн,
Ашкан өжөр таппадым, көк чөптөрдөн.
Урандылар, мүрзөлөр арасынан,
Таазим сага, тирүүлүк баш көтөргөн!

 

УЖУР ШААРЫ

Үй күчүк тумандарың мени жөөлөп,
Жамгырың кежирленет, өжөрлөнөт.
Жадесе, саламымды кабыл албай
бурулбай, темир жолуң көйрөңдөнөт.

Бирөөдөй өз ою жок жетеленген,
Жадагам сызгычтардай көчөңөрдөн.
Жашасын трафарет үйгө кирбей,
Жапжалгыз карышкырлар кете берген.

Туйгансып келгендигин бөтөн, башка,
Каркылдайт каргаларың үч жүз жашта
Аз менин түз жактарым, Ужур шаары,
Сындырам эрежеңди чаап ташка!

Кезип тайга, тундра кыйырларын
Арасында чуркадым куюндардын.
Аман калган Троя согушунда,
Бир баласы өңдөнөм Приамдын.

Жолуктуруп өкүлүн түмөн элдин,
Мейкиндиктин бир четин түрө келдим.
Учурашып кайткан Нух пайгамбарга,
Бир баласы өңдөнөм шумерлердин.

Урап, кулап, кыйраган, талкаланган,
Келаткансыйм бир туруп Карфагенден.
Миллион жыл жашаган сыяктанам,
Кудай сакта, жашоодон чарчагандан.

Мен жолдомун, дөмөк парз жаңылгамын,
Изимди жаап артыма кайрылбаймын.
Кылым үчүн маанисиз бир кишимин,
Кыпкызыл бир үнүмүн ай-жылдардын.

 

ТУУЛГАН КҮНДӨГҮ ЫР

Ысымың сан жылкы дүрбөгөн,
Аламан,
Тополоң,
Дүрбөлөң.
Атындай жолдоруң чатышкан,
Адашпай, чалынбай жүрбөгөн.
Бирөөлөр кол созбойт жардан саа,
Өтүкчөн тайгада кар малта.
Ызы-чуу менен бар эртеңге,
Жымжырттык көтөрүп барганча.
КАРБАЛАС деген сөз өзүндө,
Карама-каршылык бар канча?
А бирок уят иш артыңдан
Чаң калса,
Чаң калса,
Чаң калса!

 

* * *

Төрөлгөн экем шар аккан,
Шаң аккан суунун боюнда
Ошондон окшойт, шар айткам,
Эмине болсо оюмда
Төрөлгөн экем тоолордун
Чыйыр жол жеткен койнунда
Ошондон окшойт, дөөлөрдүн
Жүгү бар менин мойнумда.

 

Уистен Оден

ЖАМГЫР

Жамгыр көктөн тегиз төгөт барына,
Жакшы адамдар — шөмтүрөшүп алышкан.
Жамандарда колчатыр бар дайыма,
Чепкени да, гөлөшү да кайыштан.

 

 

Соц тармактар: