Кыргызстандагы кош тилдүүлүк

1998-жылдын жай айларында Кыргызстандын көл кылаасындагы кыштактардын биринде англис тилинен сабак берип калдым. Анда университеттин акыркы курсунда элем. Окуу жайдан орус тилин үйрөнгөм. Себеби бул жакта негизги тил орус тили деп билчүмүн. Шеригим Салтанат күндөлүк турмушта кереги тийе турган “Рахмат, тойдум, жок ичпейм” сыяктуу бир нече кыргызча сүйлөмдөрдү үйрөтүп койду.

Ошентсе да Салтанат достору менен сүйлөшүп жатканда кыргызча-орусча аралашып, радионун толкунун кимдир бирөө чалды-куйду бурап жаткандай туюлчу. Алардын айрым сөздөрүн жакшы түшүнсөм, айрымдарына башым жетпей отуруп калчумун. Англияга кайтканымда “Кыргыз тилин өз алдынча үйрөнүү” аттуу китепче менен кошо келдим. Илимий ишимди болсо Кыргызстандагы тил реформалары жана бул саясаттын ишке ашуусу темасында жактадым.

1989-жылы кыргыз тили мамлекеттик макам алгандан кийин Кыргыз ССРинин жашоосундагы жана саясий чөйрөсүндөгү абалын изилдедим. Мына ушул мезгилден бери ондогон жылдар өтсө да Кыргызстандагы “тил маселеси” дале курч бойдон калууда. Канткен менен он жыл мурдагы Салтанат сыяктуулардын саны кыйла азайып бара жаткандай. Үйүндө, бала бакчада жана мектепте кыргызча сүйлөбөй чоңойгон шаардык балдар 11-сыныпты аяктаганча кыргыз тилин өздөштүрүүгө умтулушууда. Ал ортодо орус тили калаа тышындагы айыл-кыштактарда “чет тили” катары мектеп сабактары менен эле чектелбей, телеканалдар аркылуу да жетип жатат.

Кош тилдүүлүккө бөгөт кою боюнча талаш-тартыштар коомчулукта далай ирет болуп келген. Кыргыз тилин үйрөтүү багытында жаңычыл ыкмалар дагы деле жок. Мурдатан калыптанган адабий метод менен күнүмдүк жашоодо керек болгон кыргыз тилин үйрөнүү мүмкүн эмес. Эне тилин үйүндө үйрөнө албаган жаштардын көпчүлүгү анын ордуна башка чет тилди өздөштүрүүнү көздөшөт.

Анткени кыргыз тилин үйрөнүп отурбай, анын ордун чет тил менен толуктоо алар үчүн пайдалуудай. Ошол эле учурда орус тилин окута турган адистердин саны кескин азайып барат. Туш тараптан Бишкектин айланасына көчүп келгендердин саны артып, орус тили он жыл мурдагы күчүн жоготуп, көчөлөрдө ойноок балдардын оозунан угулбай деле калды.

Кош тилдүүлүк бир катар кайчы пикирлерди да жаратууда. Журналист Бектур Искендер өзүнүн блог-макаласында орус тилдүү чөйрөдө чоңоюп, кыргызча билбестигин жазат. Бирок кыргыз тилин үйрөнүү үчүн окуу материалдары жетишсиз эмес, андан дагы эң орчундуу жүйөө катары ал чала-бучук эне тилин билип, кыргызча эркин сүйлөгөндөрдүн жек көрүүсүнө учурап каламынбы деп чочулаганын белгилейт.

Искендердин айтымында, чет элдиктер үчүн кыргызча үйрөнүү эне тилин билбей, орус чөйрөдө жетилген кыргыздарга караганда алда канча жеңилирээк. Анткени башка улуттун өкүлдөрү кыргызча чалып сүйлөсө да эч ким туура эмес кабылдабайт.

Мен Искендердин айткандарына толугу менен кошулбаймын. Анткени тил үйрөнүп жаткан киши кайда жана ким менен пикир алышпасын өзү кетирген каталарды оңдоп сүйлөө менен гана үйрөнө алат. Уялып сүйлөбөй кою – үйрөнүүгө каалоо жок экенин билдирет. Бирок анын пикирлеринен улам Кыргызстандагы кыргыз тили жөн гана мамлекеттик статуска ээ, байланыш түзүүчү каражат эмес улуттук өзгөчөлүктү аныктоочу негизги белги экени аныкталды. 2009-жылы кыргыз тили мамлекеттик макам алганына 20 жыл толуп, өлкөдө кеңири белгиленди.

Ошондо көчөлөргө илинген дубал-жазууларда “Тил тагдыры – эл тагдыры” деген ураан бадырайып турду. Мындай курч сөз менен мамлекеттик тилдин баркын көтөрүп, кам көрүү максаты коюлганы шексиз. Бирок бул ураан кыргыз тили мамлекетте жашаган атуулдардын макамдуу тили эмес эле биринчи кезекте бир улуттун гана тили деп бөлүп салды. Улуту кыргыз эместер үчүн кыргыз тили “меники” эмес “анын” тили бойдон калып жатат. Ал тургай насили кыргыз, тили орус Бектур сыяктуулар менен эне тилин мыкты билгендердин ортосуна от бүркүүдө.

Чыңгыз Айтматов кыргыз жана орус тилдерин бир куштун эки канаты деген. Улуу ойчулдун жашоосунда эки тилдин тең мааниси эбегейсиз болгон. 2000-жылдары кош тилдүүлүккө бала бакчадан баштап эле көндүрүп, экөөнү бирдей окутуу демилгелери көтөрүлдү. Мындай аракеттин үзүрү анчейин болбой, расмийлердин жылуу кабылдоосу менен гана чектелип калды. Арийне, балдар чоңдорго караганда чет тилдерди тез эле өздөштүрүп кете алышат.

Алар ошондой эле чоңдор тайсалдаган саясий, расмий макам деген кептерге башын оорутуп отурбайт. Кош тилдүү бир мугалимдин айтымында, балдар топ ойноп жатканда кайсы тилде ойногону маанилүү эмес. Ойногондо ката сүйлөп жибердимби деп наристелер кысынбайт. Сөз соңунда айтарым тилге макамдарды жүктөп, аны ого беш бетер татаалдаштырып, туура эмес чалып сүйлөгөндөргө “маңкурт” же, орусча билбегендерди “мырк” деп бөлбөстөн тилди чала-була сүйлөсөк да баарлашууга умтулуу биринчи орунда турарын унутпасак дегим келет.

Мадлен Ривз,
Манчестер университети, Социалдык антропология бөлүмүнүн изилдөөчүсү,
ВВСнин Кыргыз кызматы, 28.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий