Жаштардын кубаттуу муунун тарбиялаган Кенжалы агай

“Адамдагы карапайымдык – бул улуулук, касиеттүүлүк” дешет. Карыя журналист агайыбыз Кенжалы САРЫМСАКОВдун жан-оту кыргызга күйүп, кыргызга ыйлап, кыргызга кубанып, өзүнүн өтө жөнөкөй, тынч, нарктуу, көрөӊгөлүү  мүнөзү менен далай пайдалуу коомдук иштерди унчукпай жасап келатат. Мындай адамдар арабызда саналуу гана деп ишеничтүү айтса болот. Өткөөл мезгилдин көрүнүштөрү  өзөктү өрттөп турганда, келечек ээлери боло турган кийинки жаш муун менен иштешип, мекенчил ал жаштарга турмуш баалуулуктарын ачып көрсөтүп, коомчулукта нуска кеби, маданияттуулугу, дөөлөттүү, каадалуу карылыгы менен сыйга татыган Кенжалы агай марттын бешинчи күнүндө 73 жашка толду.  Дайыма көйгөйлүү маселелерди көтөрүп кызматташкан авторлорубуздун бири болсо да, ушул убакка чейин бир да жолу агай менен маек курбаптырбыз. Бу да болсо өзүнүн жөнөкөй мүнөзүнөн деп, “күнөөнү” өзүнө оодарып койдук… Эми, жетимиш үч жашынын урматына деп бетме-бет олтуруп сүйлөшкөн маегибизди жарыялап жатып, “Көк асаба” гезитинин жамааты агайды туулган күнү менен чын ниетинен куттуктап, ден соолуктуу, ырыскылуу узак-узак өмүр каалап, өзөктүү кыргыздын куттуу карысы болуп жүрө бериӊиз  дегибиз келет!

Эл жүрөктүүлөрдүн заманы келатат

— Агай, азыр дагы жаш курагыңызга карабай коомдук-саясый багытта иш алып барып жүрөсүз,  чарчаган жоксузбу?
— Кары кезиңде картайдым деп арыбай, чарчап-таалыкпай эмгектенген бакыт турбайбы. Эгер жан дүйнөңө  жагып, ой-тилегиңе дал келген жумуш болсо андан кубат алып, кайрадан жаңыланып, шыктанып турат экенсиң. Учурдагы саясый-коомдук багыттагы элдин руханий маданиятын көтөрүү боюнча ишмердүүлүгүм, жогоруда айтылгандай, менин өмүрлүк жолумдагы эң негизги ишим жана эл астындагы кызматым. Өзгөчө ушул тапта элдин түпкү кызыкчылыгын ойлоп жана анын өнүгүүсүн улутубуздун улуу мурасында экенин түшүнгөн эл жүрөк адамдар менен иштешүү мен үчүн абдан жакшы болду. Мен буга чейин беш жыл Урмат Барыктабасов менен иштештим. Ал дагы өзүнчө мен үчүн көп жакшы нерсе алып келген кызматташуу болду. Чынын айтайын, Урматтан көп нерсени үйрөндүм. Анын окуган китептери, ой жүгүртүүсү, көптү көргөндүгү, көптү билгендиги — бул өзүнчө мектеп дээр элем.  Урматтын иштин көзүн жетик билип, ар бир маселени жүйөсүнө чыгара чечкендиги көпчүлүккө сабак. Негизи Урмат жөнүндө айтар сөз көп. Ким тың чыгып элге кызмат кылуу мүмкүнчүлүгү пайда болгондорду бийлик басып, жок кылгандыгы — бул трагедиялык жетишпегендик. Бийликтин арсыз чабалдыгы кыргыздын канчалаган эр-азаматтарын бийликке жолотпой басып, элге алар тууралуу тескери маалыматтарды жайып салды.  Бычакка сап, эр мүнөз,  эрки күчтүү эл деген жигиттерибиз башынан бийликке жакпай келет. Мен ишенем, дал ушундай дымактуу эл жүрөк мыктыларыбыздын заманы жакында келет.

— Сиздин эмгек жылдарыңыздын көбү союз мезгилине туура келди, айтсаңыз, ошол жылдары кайсы кызматты аркалап келдиңиз?
— 15 жыл “Билим” коомунда эл аралык турмуш, оозеки пропагандалоонун ыкмасы же лектордук чеберчилик жана философия багытында иштеп,  республика боюнча ушул тармакты мен тейлечүмүн. “Билим” коому  бардык окумуштуу-академиктердин, коомдук интеллигенциянын очогу эле. Союз убагында Япония, Америка сыяктуу сырткы капиталисттик өлкөлөргө ушул биздин коом аркылуу гана чыгуу мүмкүнчүлүгү бар болчу.  Ушул менин өмүрүмдөгү ички жан дүйнөмдүн калыптанышына, билимдин өнүгүшүнө,  ар нерсенин аналитикалык жөн жайын түшүнүүгө ошол кезим чоң өбөлгө болду.  Анткени, иш багытым боюнча эки күндүн биринде эле Москвада болууга туура келчү. Ал жерде конференция, симпозиумдар, семинарлар болуп, өлкөнүн жана коомдун өнүгүү жолу боюнча союздагы мен-мендеген атактуу академиктер лекция окушчу.  Ал учурда кубаттуу советтер союзунун ураар мезгили аз калгандыгын тар чөйрө гана билчү. Көп өтпөй эле экономикалык туңгуюкка кептелип союз тарады. Анын үстүнө “бардыгын мамлекет жасайт, мамлекет камкордукка алат, сен иштей гана бил” деген түшүнүк элдин эмгекке болгон мамилесин бошотуп жиберди. Эмгектенүүдө жеке изденүү, чыгармачылыкка болгон шыктануу сууп калды. Япониянын өнүгүү моделин  мисалга алсак, алардын эмгекке болгон мамилесинде, адамдын адам болуп өсүп-өнүгүшүндө төмөндөгүдөй эки нерсе бар: биринчиси эмгек, андан кийинкиси өндүрүм. Эмгектин функциясы — адамды тарбиялоо. Эмгектенүү процесси адамдын калыптанышында олуттуу таасир берет. Ал эми андан кийинки эмгектен чыккан өндүрүм, продукт экинчи орунда турат. Союздун кемчилиги ушунда болду, эмгекти экинчи планга таштап,  өндүрүштүк көрсөткүч биринчи кезекке чыгып калды. Ким кандай кылып өндүрүш көргөзсө болду, ошону мактап, сыйлап депутат кыла салышчу. Ал эми ал кандай адам, эмгегинин сапаты кандай — каралчу эмес. Адамдын калыптануусу, адамдын орду көңүлгө алынчу эмес. Союздун трагедиясы ушунда болду.

Элди шыктандырган бийлик төбөлү жок

— Ал эми азыркы биздин трагедиябыз  эмнеде  деп ойлойсуз?
— Өзүбүздү таанып биле албаганыбыз, өздүк өнүгүү жолубуздун нугун таппай жатканыбыз бир топ жылдарды алып койду. Эми бул тү­ӊгуюктан кантип чыгыш керек? Кыргыз элинин азыркы абалы кандайча түзүлдү? Адегенде ошону элге түшүндүрүү керек го. Кандайча, эмне болуп эл кыйналып жатат — ошонун себебин бийлик өзү билбейт.  “Кантип ушул абалга келип калдык, себеби эмнеде?” деген суроо бүгүн ачык бойдон турат. Көпчүлүк адамдарыбыз маселенин себебин жана чыгуу жолун айтпастан, наалыма адатка кирип алды. Маселени жүйөсү менен так, даана айтпастан, бардыгы элге күйгөн адам сыяктанып эле наалып көрүнгүсү келет. Ал эми ары жагында бир да сунуш, олуттуу ой айта алышпайт. Азыр ушундай адамдардын чөйрөсү көбөйүп кетти.  Бул, албетте, жаман көрүнүш. Бизде  кыргыз деп күйгөн жүздөн ашык уюм бар.  Ар кимиси өз казанында эле кайнап келет. Бизде уюмдашуучулук деңгээли жакшы болбой турат. Бирдиктүү коомдук күчкө айлансак, таасирибиз бир топ эле болмок. Астыга озунуп өнүгүп чыккан көпчүлүк өлкөлөр адегенде элдин дымагын көтөрүп, элди багыттай турган максат берген. Мисалы, согуштан кийин Германия “немистердин арасында начар жашаган, оокаттан кыйналган, түшүнүгү тайкы, билимсиз немис болбош керек” деген ураан астында элди алдыга шыктандырган. Улуттук сыймык, улуттук намыс элдин деңгээлин көтөрөт. Менин оюмча, азыркы жашообузда биринчиден адамдын өзү баалуу болушу керек.

— Агай, сизди тил маселесин эң алгачкылардан болуп көтөргөн адам катары да билебиз, тил көйгөйү канчалык деңгээлде чечилип келе жатат?
— Эне тилин кадырлай албаган элдин келечеги жок. Тил маселеси башка бардык маселеден да алда канча олуттуу мүнөзгө ээ. Анткени, тил мамлекеттин пайдубалы, элдин руханий негизи. Азыр тил маселеси оор абалда чечилбей келет. Кыргызча сүйлөгөндөрү менен так жана таамай сүйлөө маданияты калыптана элек. Сөздүн образдуулугу жана логикасы сакталбай келет. Ошон үчүн сөздүн куну кетип, айтылган сөз орундалбай талаада калып жатат. Алыс барбай эле Жогорку Кеңешти келтирүү түшүнүктүү болот го. Мурда мисалы, Исхак Раззаковдун жыйындарда сүйлөгөн сөзүнөн кийин элдердин жан дүйнөсү жаңырып, шыктанып кетишчү. Азыр бийликтеги төбөлдөрдүн сөзүнөн эл иренжип калды. Нускалуу сөз айтып,  жүйөсү менен таамай сүйлөп турсаң жакшы эмеспи.

— Өлкөнүн өнүгүү формуласын эмнеден көрөсүз?
— Азыркы күндө АКШда 8 млн. миллионер жана миллиардер жашайт.  Алсак, алардын алды, майкрософттун ээси Билл Гейтс жылына 20 млрд.  доллар АКШнын бюджетине салык түрүндө төгүп турат. АКШ бизнес чөйрөсүнүн өнүгүшүнө шарт түзүп, элдин билим алып өсүп-өнүгүшүнө чоң мүмкүнчүлүктөрдүн түзгөндүгүнүн жыйынтыгы ушул.  Өлкөнүн өсүп-өнүгүшүндө 3 субъект бар. Алар: мамлекеттик бийлик, коомдук күч жана бизнес чөйрөсү. Эгер ушул 3 субъект бир тилекте системалуу түрдө бири-бирине эриш-аркак болуп иш алып барса, бардык маселе чечилет. А эгер бизнес чөйрөсүндөгүлөр өз чөнтөгүнүн кызыкчылыгын, ал эми бийликтегилер бийлигин сактап калууну гана ойлонсо, ортодо коомчулук эки жакка сөзү өтпөй чырылдап чуркап жүрө берсе, ар ким билгенин кыла берсе, эч качан өнүгүү болбойт.  Элдин кызыкчылыгы бардыгынан өйдө турат деген сезим ар бир адамдын көкүрөгүндө кыттай уюп калганда гана бакубатчылык жашоого келип, бекем тартиптин негизинде улуттук баалуулуктар үстөмдүк кылган мамлекетти жарата алабыз.

 — Мамлекетибиздин акыбалына күйүп, ар дайым нускалуу кеӊештериӊизди айтып келесиз. Ал эми сиздин үй-бүлө мамлекетиӊиз туурасында сурасак болобу?
— Үч уул, үч кызды чоңойттум, ар бири турмуш жолунда өз оокаты менен. Улуу балам Москвадан окуп бүтүп, ошол жерден үйлөнүп-жайланды. Эң улуу кызым болсо мамлекеттик кызматта бир топ жыл эмгектенип, чет өлкөлүк ар кандай долбоорлордун алкагында иштеп, эми азыр болсо менин жолумду улап,  «Вечерний Бишкек» гезитинин сайтында иштеп келет. Кичүү балам болсо чакан иш ачып алып, соода ишин жүргүзөт.  Кудайга шүгүр, жээндер, неберелер чогулса үй толо салтанат-шаан болуп, береке толот.  Байбичем экөөбүз неберелерибиздин тамашасына кумарланып бактылуубуз.

7 жылдык койчулук мезгил

— Кенжалы агай, жаш кезиңизде кандай турмушту кечиргендигиңиз бизди кызыктырат, эсиңизде калган бир-эки окуя айта кетпейсизби?
— Марттын 5де 73кө толуп, 74кө карай кеттим. Карый да билиш керек дегендей, кыргыздын илгерки нарктуу карыялардын деңгээлине жетпесек дагы, азыркы замандын өзгөчөлүктөрүн түшүнгөн, калыс сөзүнөн тайбаган адамдардин бири катары ушул карыялык жашымдагы коомчулугубуздагы айрым көйгөйлүү маселелердин тегерегинде сөз кылдым окшойт.  Өткөн кылымдын 63-жылынан бери тил маселесинин тегерегинде бир топ макала, изилдөөлөрүмдү жаздым.  Ушул таптагы багытымды баштоого менин жашоо тагдырым өзү түрткү болду. Ар бир адамдын жашоо тажырыйбасы өзүнчө мектеп. Мен 7 жыл кой кайтардым. 7 жыл тоолордун бийигинде жана Казакстандын талааларында кадимки койчуман болуп өткөн жылдар болду. Казактын Кенес -Анархай деген жеринде биринчи болуп кой менен мен кыштадым эле. Ал убакта бир айлап кең талааны көздөй кой айдап, күн баткан жерге түнөп жүрөр элек. Анда жалаң ат үстүнөн түшпөдүк. Кенесте суук -45 , -50 градуска чейин барат.  Ат үстүндө калың тонго оронуп, ээрдин кашына чычкан кармаган капканды мык менен кадап, шамалда барак  учпасын деп китептин эки жагын кыстарып коюп окучумун. Улам бир бети бүткөндө кайра алып кыстарып отуруп далай китеп колуман өттү. Эртең менен ат үстүнө бир отургандан кийин түшмөй жок, талаа жери болгондуктан, үстүдөн койго көз салып туруу оңой.  Эртеден кечке чейин эрмегим эле китеп. 7 жыл койчу болгон күндө да  куржундан китеп үзүлбөдү,  окууга болгон дилгирлик кетпеди. Жаштык кез ошентип талаа-түздө өттү. Кой жайып жүрүп, түнөгөн жерибиз ачык асмандын алды, кара жердин үстү болду. Ал жерде сөксөөл көп өсчү эле, аны биз тамыры менен омкоруп алып чогулутуп, түн ортосуна чейин жагып, гүлүн шыпырып туруп ошол ээриген жылуу жерге жатып алчубуз. Ошол кой кайтарып жүргөн кезимде далай кызык окуялар болду. Казактын талаасында кайсы казакка барбайлы, бергени уйдун эти. Биз таң калып түшүнө албай жүрдүк. Көрсө, бир жолу ошол Алматынын эт комбинатынан жай чилдеде казактар 30 миң уй айдап өтүшүптүр. Жайында уй айдаганды билсең керек, сайгак тийсе аларың чилдей тарайт. Эми элестет, 30 миң уйга ысыкта  сайгак тийгенин… Тиги малчылар ээ боло албай калып, баягы 30 миң уйдун дайны жок болуп кетиптир. Ал уйларды жай бою вертолет менен дагы, жөө аскерлер менен дагы чогулта албай  жетекчилер тажап, кыш киргенде  табылбай калган уйларга акт жазып ишти жаап кетишет. Анан баягы сайгак тийген уйлар бат эле жапайы болуп кетишпейби. Бир үйдө отурсак үйдүн ээси айтып калды, “ушу коктунун жылгасында көп камыш бар, эгер учу кыймылдаса, ал жерден сөзсүз уйлар чыгат, букасы болсо киши жолотпойт, жапайы болуп кетти, жанына атчан барбасаң качырат” деп.  Аны биз угуп алып, байлоодо туруп кутуруп калган аттарга минип, эки жигит уй издеп жөнөп калдык. Айтканындай эле, камыш арасы шуудурап калганынан бара калсак, 9 уй жана бир бука оттоп жүрүптүр. Бизди көрөр замат бука жер чапчып бакырды да, качырып кирди. Качып отуруп ат үстүнөн мылтык менен он жолу аткандан кийин араң дегенде баягы бука жерге сулады. Ошентип, тиги тогуз уйду короого айдап келип камап, бир күн кечке сойдук. Же карматсачы, араңдап ат үстүнөн чаап  барып куйруктан алып, такымга басып бурап жыгып жатып араң сойдук. Этин малчыларга таратып бердик. Бул эми ошол кездердеги кызык окуялардан бир сүртүм, дегеним, койчунун деңгээлинен жүрүп отуруп комсомолдо, андан “Билим” коомунда иштегеним ушул күнгө чейин эл менен иштешүүгө  жол ачты. Жаш кезимде китепти көп окуганым жана ал кезде орус тилин дурусураак билгеним  ушул тепкичти оңой басып өтүүгө чоң жардам берди окшойт.   Мына бүгүн дагы колдон калем түшпөйт, түйүндүү, көйгөйлүү маселе абдан көп. Элибиз өткөөл мезгилде жолун таап кетиши кыйын экен. Анын  үстүнө идеологиялык маалыматтык согушта өзүбүздүн элдик баалуулугубузду жана улуттук жүзүбүздү сактап калыш үчүн болгон күрөш токтоп калбашы керек.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ

Биз Кенжалы Сарымсаков менен коомдук-руханий багытта бир топ жыл чогуу иштеген «Ак шумкар КУТ» жаштар коомдук бирикмесинин айрым жаштарынын агай тууралуу пикирин берүүнү  туура таптык.

Айбек БУЗУРМАНКУЛОВ, «Ак шумкар КУТ» жаштардын коомдук бирикмесинин мүчөсү: “Мекенчил жаштарды тарбиялай алды”
— Дал ушул мезгилде аң-сезими ууланбаган жана салттуулугун жоготпогон жаштардын санын көбөйтүү стратегиялык багыттагы олуттуу максат экенин белгилеп кетиш керек. Кенжалы агайдын замандын агымын күрөө тамыр кармап билген сыяктуу түшүнгөндүгү жаштар менен жемиштүү иш алып барууда жакшы себеп болду. Агай жаштар менен биргеликте өзөгү салттуу маданиятка отурган мекенчил жаштардын катмарын түзүүгө жетишти. Менимче, бул иш мамлекеттин башкы саясаты болушу керек, себеби, эгер ушундай катмардагы жаштарыбызды өстүрүп албасак, анда либерал космополиттик көз караштагы кыргыздык сапаты кетип калган жаштар көбөйөт. Улуу муундун өкүлү катары агайдын жаштар багытындагы ишмердүүлүгү жалпыбыздын эл астындагы милдетине айланышы керек деп ойлойм.

Мундуз АСАНАЛИЕВА, …. мугалими: “Муундар ортосуна көпүрө түздү”
— Карылык кааданы сактай билген, адамдардын кадырына жеткен Кенжалы агай “Ой-борбор” талкуу клубун негиздөө менен улуу, орто, кичүү муундардын ортосуна адамдык ыйык көпүрөнү түзгөн. Маселен, Ч.Айтматов, Ч.Өмүралиев, Ө.Осмонов сыяктуу залкар инсандарыбыз менен сөзү мурч, оюу курч жаштарды жолуктуруп, улуулардын үмүтүн арттырса,  жаштардын жоопкерчилигин ар биринин өзүнө тапшырды. Башатыбыз, учурдагы ар намыстуу ар бир кыргыздын азабы болуп калган эне тилге илимий да, адабий да, элдик деңгээлде камкордугун көрүп келет. Бар болуңуз, агай!

Мирхамид ТОКТОГУЛОВ, УТРКнын “Ибарат” маданий-агартуу берүүлөр бөлүмүнүн редактору: “Бакай бабанын нускасын бизге берип жүрөт”
— Кенжалы агай кеменгер киши, Кудай Таала агайга акыл көрөңгөнү мол берген. Баалаганым, бар билимин балдар үчүн деп жайы-кышы жан үрөп, күнү-түнү күргүштөп иштеп келе жатат. Өзүмдүн кыялымда, “агай азыр байыркы Бакай бабанын нускасын аткарып жүрсө керек” деп ойлой берем. Өткүр кылычтай өткөөл заманда кыргызды кыйын күндөрдөн куткарып калар кубаттуу муунду тарбиялоо зарыл экенин туюп, келечек ээлерине бабам Бакайдай кеңешин, наркы менен насаатын берип жүрөт. Агайыбыздын элге кылган ак жүрөктүү кызматы бардыгыбызга  үлгү.

“Көк Асаба” гезитине материалы менен бөлүшкөнү үчү ыраазычылык билдиребиз.

Соц тармактар:

Добавить комментарий