Атама миң мертебе ыраазымын

А.Айдаралиевдин фейсбук баракчасынан алынды

Турмуш деген кызык экен. Жашың жогорулаган сайын, балалыгыңды эстеп сагынат экенсиң. Мен Орозбек Кутманалиевдин тун уулу боломун. Улуусу болгондон кийин мени атамдын атынан Орозбеков деп жаздырышкан. Калган бир туугандарым Кутманалиев фамилиясында. “Мен атамдын чыныгы жалгыз баласымын, калганыңар – атамдын бир тууганысыңар”, – деп тамашалап калам.

1960-жылы атама шаардын Фрунзе көчөсүндөгү Панфилов атындагы парктын тушунан барак үйдөн бир бөлмөлүү квартира беришкен. Айылдагы туугандардын баары шаарга келген сайын, биздин үйгө кирип кет-мейинче Шалтага кетчү эмес. Ыраматылык апам болсо дасторконун кенен жайып, жайдары маанайы менен келген элди тосуп алчу. Атам болсо ал кезде  куурчак театрында иштеген. Артисттер бригадасы менен Кыргызстандын айылдарын аралап, айлап концерттерди койгону кетчү. Атам менен ээрчип барган кезим эсимде.

Алгач артисттер куурчактар менен спектакль коюшат, андан кийин ошол эле артисттер ыр ырдап, бийлеп, өздөрү интермедияларды коюшат эле. Концерт бүткөн соң, айылдын аксакалдары үйлөрүнө чакырып, артисттерге тамак-аш беришип, сый көргөзүшчү. Атам артисттердин бригадири болгондуктан, таң ата электе туруп, кийинки айылга концерт тууралуу сүйлөшкөнү, афишаларды илгени, сахнаны даярдаганы жөнөчү.

Атам акын Тууганбай Абдиев менен дос болуп, чогуу ырдап, айтыштарга катышчу. Атамдын эске тутуму эң жакшы эле, көптөгөн ырларды, дастандарды жатка билчү. Таанышкан адамдарын көп жыл өтсө дагы унутчу эмес. Атам өмүр бою иштерман эле… Көп жерде иштөөгө жетишчү: эртең менен радиого барып текст окуп, түштө аксакалдар сотунда өзүнүн акыйкаттык сөзүн айтып, адамдардын тагдырын чечүүгө жардам берип, кечинде дубляждык цехте кинолорду кыргызчага которуу боюнча администратордун кызматын аткарчу.

Ушундай жашоо ыргагында бизди, балдарын, эч качан унутчу эмес. Жасаганы бардыгы биз үчүн эле. Атам бизди бала кезибизде парктарга, кино-театрларга көп алып барчу. Майрам сайын эски аянттан сүрөткө түшүрчү. Өзү дагы фотосүрөттөрдү чыгаруу иштерин билген. Ал үчүн керектүү каражаттары үйдө бар эле. “Каталык” (“Ошибка”) аттуу кинотасмада атам фотографтын ролун аткарат. Атам спортту да абдан жакшы көрчү. Кыргызстандын белгилүү спортсмени Тобокел Мамыров менен дос эле. Волейболду жакшы ойночу. Футбол, хоккей, бокстун күйөрманы эле. Бизди дагы спортту сүйүүгө тарбиялаган. Кышында биз атам менен коньки жана лыжа, чана тепкени тоого барчубуз.  Жайында  болсо  көлгө  барчубуз,  сууда сүзгөндү атам үйрөткөн.

Мен атама миң мертебе ыраазымын. Атам мага тандап, кудалашып алып берген өмүрлүк жарым Дамира менен отуз жылдан ашык бирге түтүн булатып жашап келе жатам. Өзүм дагы үч кыз, бир уулдун атасымын. Эки неберелүүмүн. Атам өзүнүн аталык мээримин төгүп, бизге кандай таалим-тарбиясын берсе, мен дагы өз балдарыма, неберелериме ошондой татыктуу тарбия берүүдөмүн.

Ахматбек Орозбеков, «Кыргыз туусу», 03.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий