Ырга айланып учуп жүрөт Рыспай

Шум ажал аны арабыздан алып кеткенине 18 жылдын жүзү болуптур. Бүтүндөй бир муун алмашса да, ал алиге арабызда жүргөндөй, бир жакка узак саякатка кеткендей, ана-мына келип калат десек, ырлары менен салам-дуба айткансып, радиодон баймабай жаңырып, болбосо ырларын ырдаган жаштар анын саламын бизге жеткирип жаткандай, биздин, аны сүйгөн, аны урматтаган адамдардын эсинен бир күн да кетпей койду.

Анын көзүнүн тирүүсүндө «Ленинчил жаш» гезитинин 1983-жылдын 23-апрелдеги санына «Ырга айланган өмүр» деген ат менен чоң макала жаздым эле. Анан обончулардын анабашы болгон Рыспайды баш кылып, артынан жамырап чыккан чыгаан обончуларды төш кылып, ошол эле ат менен көзүнүн тирүүсүндө китеп чыгардым. Ушул сыйымдуу оор атты Рыспай көтөрө алар бекен деп бүшүркөгөн күндөрүм да болду. Анткени анын шоораты менен ырдүйнөсүн каптап кирген  обончулардын бир тобу көрөңгөсүн эрте түгөтүп, дөөлөтүн көтөрө албай, музыка айдыңынан чыгып кетти. Рыспай чыккан жок.

Ал өзүн-өзү таптаган мү­нүшкөрдөй болуп, шаңшыган үнү бир күн да басылбады. 1994-жылы 12-сентябрда ичер суусу түгөнгөнгө чейин басыгынан жазбаган тулпардай улам татаал, улам бийик ашууларды аша берди. Ал татаалдык, ал бийиктик өрүшү өйдөлөгөн обондорунан, аткаруу чеберчилигинен билинип турду. Эми ошол тирүүсүндө өмүрүн өчпөс кылып ырга айлантып алган Рыспай, замандашы биз тургай, аны көрбөй калган, ал көз жумганда жаңы көз ачкан балдардын жүрөгүнөн орун таап, аларга да тынчтык бербей, өлбөс ырлары менен бизге күнүгө салам айттырып жаткандай сезилет.

Дегеним, эстрада «жылдыздары» Рыспайдын ырларын заманбап кылып кынаптап алып, анын аты менен упай топтоп ырдап жүргөнү жалган эмес. Ылайым ошентсин. Анткени Рыспайдын ырлары канча кылым өтсө да ар бир доордун замандашы болуп жашай бере турган касиетке ээ. Рыспайдын чачып кеткен ыр берметтерин тернеп-жыйнап, көзүнүн тирүүсүндө эле, 1994-жылы 10-майда Жалал-Абад университетинин алдында «Рыспай клубун» ачкан Султан Борошев. Анан, албетте, ошо Султанды Рыспай боюнча илим жактатам деген ою бар, ОшМУнун профессору,  Рыспай фондусунун төрагасы Букарбай Иметов.

А мен болсо «Ырларым – менин тагдырым» деген тасма тартып, «Рыспай» деген роман жазып, бирок анын арбагы алдында үка досум деген милдетимди толук өтөй элекмин деп эсептейм.

Ошол «Рыспай клубун» ачууга ыр дүйнөсүнө байыр алып калган «Рыспай мектеби» деген түшүнүк түрткү болду. Анткени Рыспай 1960-жылдардын башында «Түгөйүм» деген ыры менен ырдүйнөсүн дүңгүрөтө айгай салып киргенде, ичинде кичине идиреги бар, сырдүйнө болуп турган ыр дүйнөсүнө даап киралбай турган жоон топ өнөрпоз алына карабай эле жарышка түшкөн кү­лүктөрдөй тапырап кирип келди. Ошолор адегенде өз чыйырын тапкыча, Рыспайдын изине салып, тияк-биякка урунуп дегендей, чыгармачылыктын кермек даамына чыдап отуруп, чыгаандары, устаты Рыспай албаган «эл артисти» деген наамга жетишти. Кут кылсын. Бирок ошолордун баары «Рыспай мектебинин» шакирттери болчу. Ошол шакирттеринин анабашы Жолболду Алыбаев ушу кезге чейин Рыспай устатын жоктотпой, ырларын куду өзүндөй бапестеп ырдап жүрөт. Элдин  баары аны «экинчи Рыспай» деп тергешет. Ошондой элдик наамга Рыспайга чын дилден берилген адам гана татыктуу. Өз чыйырын  таап кеткен Жолболдунун «эл артистигинен» мага «экинчи Рыспай» деген наамы өйдө. Эми Рыспайды эзели көрбөгөн Таалай Ыманбеков деген акталаалык, филармониянын жаш солисти «үчүнчү Рыспай» атала баштады. Рыспайдын өзү өлсө да, ыры өлбөйт деген ушу.

Кыргыз музыка тарыхында «Рыспай мектеби» дегенчелик бир композитордун, бир да обончунун мектеби жок. Бирин-экин шакирт күтүү – бул мектеп эмес. Кээде жолун жолдогон он  чакты шакирт болсо да, мектептин жүгүн тарта албайт.

Мектеп болуш үчүн Рыспайга окшоп, музыка тарыхында, бурулуш дейбизби, өзүнчө бир жаңы багыттын, өзүнчө бир булактын көзүн ачып, ошол жаңычыл табылгасы менен музыка дүйнөсүндө гана эмес, адамдын жандүйнөсүндө төңкөрүш жасаш керек. Жасады.

Ал аккордеонду ийине жеткире чебер ойноо аркылуу салттуу музыканын чегин, диапазонун терең ойлор менен кеңитип, улуттук жана европалык музыканын ширөөсүнө данакер формаларды, ыкмаларды, асыресе, вариациялап кайрууларды, классикалык үлгүлөрдү ыктуу пайдаланып, музыкалык ойдун туюнтулушун аккордеондун бай мүмкүнчүлүгүнө багындыра алды. Ырас, ага чейин вариациялап ойноо чеберчилиги менен кыргыз музыкалык маданиятына чыйыр салган устаты Мамат Оморов болсо да, шакиртинин атак-даңкы аны бүдөмүктөнтүп, бүт кыргыз журтуна Рыспай вариациялап ойноо чеберчилигинин анабашындай болуп калды. Аргендей кооз үнүн аккордеондун коштоосуна ийкемдүү пайдаланып, аткаруу өнөрүндөгү артисттик чеберчилиги менен «ыр театрын» түзгөн терең образдуулукка жетишти. Анын ыр дүйнөсүнө оригиналдуу обондор менен даң салып кириши ыр ышкыбоздорунун бүйүрүн кызытып, ышкысын ойготуп, анын жолун жолдоого, андан ары өз чыгармачылыгын өнүктүрүүгө өбөлгө болуп, жаңычылдык жөрөлгөлөрү «Рыспай мектебинин» түзүлүшүн шарттады.

Аны кыргыз музыкасынын залкарлары болуп калган Атай, Муса, Жумамүдүнгө окшогон сыймыктуу инсандарыбыздын ысмы менен кошо айта берсек жарашат.

Биринчиден, муну Рыспай 60-жылдардын башында кыргыздын салттуу музыкасына, башкача айтканда, көбүнесе комуз менен аткарылган төрт саптуу, жөнөкөй, бирок мукам кайрыктуу обондоруна европалык элементтерди аккордеондун вариациялык мүмкүнчүлүктөрүн ыктуу пайдалануу менен, жаңычыл жөрөлгөнү колдонгону аркылуу угармандардын көндүм кабылдоосуна бүлүк салып, аны музыкалык ой-туюмду жаңыча билдирүүгө аракеттенген.

Экинчиден, Рыспайдын аккордеон ойноо чеберчилигиндеги өзгөчөлүк, асыресе, кайруусун ойкута-кайкыта вариациялап ойноп, обондо камтылбай калган ойлорду  жөн эле кайталап койбой, өзүнчө бир обондуу вариация менен толуктаганы ошо артыкчылыгын ого бетер бекемдеп турат.

Үчүнчүдөн, клавишадагы кол ойноткон мукам ыргактарды аккордеондун басы карапайым коштоп гана тим болбостон, оркестрлик деңгээлге көтөргөнү менен айырмаланат.

Төртүнчүдөн, башкалардан айырмаланып турган аргендей үнүн аккордеондун коштоосуна ийкемдүү айкалыштырып, керек болсо кемтиктерин жымсалдап,  бир бүтүндүктү түзгөн деңгээлге жеткире алат.

Бешинчиден, ар бир ырын мазмунуна жараша берилип ырдап, мимикасы, кыймыл-аракети, атүгүл кебете-кепширин бырыштырып, угарманды дайыма бура бастырбай, көңүлүн алагды кылууга шаасын келтирбей, сахнада өзүн чыныгы артисттей кармай билиши менен кейипкеринин кейпине сүңгүп  кирип, обондун образдуулугуна жетише алат.

Алтынчыдан, обондорунун диапазонунун кеңдиги да анын өзгөчөлүгүн айгинелеп турат. Ал айтар оюн бир октаванын чегине матап таштабай, көкүрөгүндөгү бугу тарамайынча экинчи октаванын чегине эркин өтүп кете берет да, ойкуган-кайкыган күтүүсүз кайрыктары менен обондун жалпы тулкусунда өөн көрүнгөн сезимге кириптер кылбайт, башкача айтканда, кайрыктар табигый түрдө куюлушуп келип жаткандай сезимге такайт.

Жетинчиден, обондогу ойдун изгилүү бурулуш ийкемдерине – (нюанстарына) жараша жарым тонго өтүү менен, европалык, классикалык ыкмаларды улуттук колоритке жуурулуштура ынанымдуу бере алат. Дегеле мындай ыкма кыргыздын нукура диатоникалык музыкасына анча мүнөздүү эмес. Бирок Рыспайдын ушундай табылгаларын айрым өнөрпоздор салттуу көрүнүшкө айландырып барат. Бул кыргыз музыкасынын тарыхында жаңылык.

Сегизинчиден, Рыспайдын ырларынын ойго байлыгы, ошого жараша кайрыктарынын татаалдыгы жана ой арымынын кеңдиги анын обондорунун оригиналдуулугунан кабар берип турат. Ал обондорун атайын татаалдаштырбайт. Айтайын деген ою толук бүтмөйүнчө текстке жараша төртүнчү сапты жөн гана кайталап тим болбостон, музыкалык ойдун уланышына чек койбой,  сөздөрдү кайталоо менен улантып, же автордон кошумчалоону өтүнөт.

Тогузунчудан, обондун мазмунун жакшы гана текст ажарына чыгарарын билип, өзүндөй кыялданган, ойлонгон, изденген акындарга кайрылат. Ошондуктан ал тандаган тексттердин авторлору саналуу. Сооронбай Жусуев, Биримкул Алыбаев, Эрнис Турсунов, Омор Султанов, Жакшылык Алымов, Карымшак Ташбаев анын обондорунун ийгилиги менен чындап бөлүшүүгө акылуу.

Онунчудан, күн-түнү башында бышырып, бүт жан дилин, билимин, тажрыйбасын жумшап, ийине жеткирген обонун көрүнгөн аткаруучу ырдап, арабөк чыгармага айландырышын каалабайт, ал ошол деңгээли менен ырларын начар  ырдоого болбой турган бийик сереге жетип алган.

Эгер 1959-жылы Каракулжанын Гагарин орто мектебинде окуп жатканда чыгарган «Сагыныч» деген тун обону элдик салттагы жупуну обон болсо, анын бардык ийгилиги менен наамы «Рыспай» деген атына гана сыйган бийиктикке көтөрүлөрдөгү алгачкы этаптуу чыгармасы «Түгөйүм» (сөзү Жакшылык Алымовдуку). Ага караганда эл арасына кеңири сиңип, ал түгүл Америкада 45 мүнөттүк симфония болуп жаңы өмүрүн жашап жаткан «Сагынуу» (Карымшак Ташбаев) – экинчи этаптуу баскычтын  анабашы. Ошондон тарта музыкалык ойдун татаалдашын акырындап ача баштаган жаңы секи – «Издейм сени» (Жолон Мамытов). Андан ары ошол ойдун татаалдыгы музыкалык форманын татаалдашына алпарып, бир октавага сыйбай калган обондор экинчи октаваны тепчип кетти да, кийинки өсүш шатысынын биринчи тепкичи болгон «Делбирим» (Эрнис Турсунов). Эгер ушул этаптуу чыгармаларынын баары салттуу кыргыз музыкалык казынасынын ичинен органикалык түрдө өнүп чыкса, бир да кайрыгы кайталанбай, музыкалык ой  толгонуп отуруп үчүнчү башбагып,16 сапка чейин жеткен «Махабат баяны» (Эгемберди Эрматов) жаңычылдыгы менен кийинки чыгармачылыгын башка бир багытка, башка бир секиге алып чыга турган акыркы этаптуу обону болчу. Анын артында жарыяланып, жарыяланбаган үч жүзгө жакын чыгармасы калды. Бул – ырга айланып учуп жүргөн Рыспайдын экинчи өмүрү деген кеп…

Бөкөнбай Боркеев, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмери,
«Кыргыз туусу», 03.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий