Айгүлтоонун аңызы жана… Ала-Арча көрүстөнүндө

Кечке жамгыр жаады. Кечке китеп окудум. Бу дүйнөдө айгүл деген гүл бар экенин биринчи ирет ушул кишинин аңгемесин окугандан кийин билгем. Ошондон тартып, айгүлдөрдү көргүм келчү. Ушул жылы апрелде Баткен өрөөнүндө болуп, айгүлдү көрдүм. Сыладым гүлдөрдү алаканым менен. Шүүдүрүмдүү шиберди кечтим. Шыбактарды жыттадым. Ошондо көз алдымда турду айгүлдү сүрөттөп жазган киши. Унутулган сокмо жолду, байчечекти, эки ирет гүлдөгөн алмаларды, дарыялардын шоокумун, кыштакчаны жазган киши. Айгүлтоонун боорунда туруп, төмөндө созулуп жаткан көк жашыл талааларды тиктедим. Талааларды кесип машине өткөн чоң жол, ага кошулган, андан бөлүнгөн, ийреңдеген бир таман жолдор… Көп кездер, көп доорлор, көп аптап, көп жамгыр-кар өткөн жолдор. Качандыр бир кездерде Ал да чоң жол менен машинеде, автобуста өткөндүр. Түшүп калгандыр бир бурулуштан, бир кайрылыштан. Жөө баскандыр жалгыз аяк жолдор менен, качандыр бир…

Өзү жок, Сөзү бар.


Жаңылып-жазбай жашоо өтө кыйын. Жашоону жасалмасыз жазуу, сүрөттөө иши андан да кыйын. Жазуучу Мурза Гапаров жашоодо өйдө-төмөн, ийри-буйру жол кезип, ал жолдо кездештирген Сулуулук менен Актыкты, ак, сулуу жазды. Ошентип тазаланды жолдо жуккан чаң-чуңдан, кирден. Анын жазгандарын окуп, биз тазаландык.

Арабыздан кеткенине бир жыл болду.

Кечке жамгыр жаады, кечке жазуучунун китебин окудум.

Май 2003.

Ушинтип жазыпмын тогуз жыл мурда. Бүгүн барып келдим Ала-Арча көрүстөнүндөгү бейитине. Адаттагыдай жайпак идишке салынып, өндүрүлгөн буудай турат жашылданып. Жыл сайын 21-мартта Алыкулга барганымда, ага да кайрыла кетмей адатым бар. Акыркы эки жылы келбей калган элем. Алыкулдун бейитинде өскөн өрүк кыйылып калыптыр. Кай бир жылдары бу маалда, бейиттердин арасында жаздын алгачкы жапайы майда көк-сары гүлдөрү жайнап чыгып калаар эле. Быйыл чыга элек экен. Кыш менен кар биздин жерден жаңы эле кол үзбөдүбү. Бейиттерди жандап бастым, аралап бастым. Алыкул, Байдылда, Мурза, Салижан… О дагы канчалаган асылдар, жашылдар, көздөр, көңүлдөр, кырлар, кыйырлар, беттегенин бербеген бектер, лөктөр жатат бу жерде. О оңбогон, болбогон, опурак, топурак дүйнө!

25.03.12

Сагын Акматбекова, “Де Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий