Алтын доор кайра келеби?

Сүрөт bishkek-city.com сайтынан алынды

Акыркы жылдары 27-март – эл аралык театр күнүн белгилөө Союз учурундагыдай шаңдуу чыкпай, театрлар арасындагы сынактардын, фестивалдардын арышы басаңдап кетти. Ал жылдары республика аймагындагы профессионалдык театрлардын арасында “Жылдын мыкты спектакли”, “Эркектин мыкты ролу үчүн”, “Аялдын мыкты ролу үчүн” деген өңдүү сыйлыктар өз жеңүүчүсүн таап, бул майрамдын салтанаты жумалап уланып кетчү. Себеби, маданият министрлиги, Театр ишмерлер союзу, дегеле театр сынчыларынан түзүлгөн атайын комиссия аймактардагы театрлардын ушул күнгө карата даярдаган спектаклдерин жеринен көрүп келишчү же болбосо алар оюндарды, концерттерди борбор калаага алып келип көрсөтүшчү. Бүгүнкү учурдун жагдайлары башка. Ошондой болсо да, атамекендик театр тарыхынын өлбөс-өчпөс көркөм дөөлөтүнө айланган инсандарды эскерүүнүн өзү да өлгөндү кайра тирилткендей кеп эмеспи. Бүгүн биз Кыргызстандын театр өнөрүнүн гүлдөп турган алтын дооруна өзүнүн салымын кошкон  КРнын эл артисти, залкар режиссёр Медербек Назаралиевди эскерүүнү туура көрүп, кесиптештеринин ар кайсы мезгилдерде айткандарынан үзүндү келтирип отурабыз.

Нөшөрлөгөн жамгырдагы көшөргөн  көрүүчүлөр

Медербек Назаралиев көп учурда репетицияга бөлүнгөн убакыт бүткөндөн кийин үйүнө дароо кайтчу эмес.

Биринчи курам менен даярдык аяктап, Чыңгыз Айтматовдун повести боюнча «Саманчынын жолундагы» экинчи курам менен иштеп жаткан Толгонай – Гүлшара Дулатованы, Алиман – мени чакырып: «Экөөңөр бери келгиле, ылдыйкы буфеттен тамак ичип түштөнүп алабыз да,  репетицияны улантабыз», – дечү. Ошондогу күндөр эсимде.  Театрдагы актёрлордун баары үйүнө кайтып, биз үчөөбүз гана калчубуз. Медербек залда, Гүлшара экөөбүз сахнада… Ал эмнегедир спектакл­дин бүгүн бул, эртең тигил бөлүгүн даярдап иштеп алайын деп, атайын пландаштырып деле келчү эмес. Болгону, иш процесси учурунда чыгармадагы окуяга абдан берилип, ошол турмушта өзү жашап жаткандай бир укмуштуудай берилүү менен айтчу, – деп эскерет КРнын эл артисти, белгилүү актриса Мираида Далбаева. Окуядагы  каарманды өзү кандай көрсө, бизди да ошол ички жан дүйнөсүнө алып кирип кетчү. Экөөбүздүн делебебизди козгоп коюп, залга барып отуруп алып, «эми баштагыла!» – дээр эле. Гүлшара экөөбүз ойноп жатабыз. Кайсы эпизоду туура болбой жатса Медербек айтып турат же жаккан жерин: «Дагы, дагы!» – деп сүрөп кыйкырат.

Субанкул менен Касым ата-баланын кан майдандан каза тапканын жыйылган эл Толгонай менен Алиманга чогуу угузат. Жер термелип, аалам карайган ошол трагедия­ны дүңгүрөткөн аянычтуу музыка коштойт. Ошол бөлүгүн Медербек залда отуруп, бизге айтып даярдап жаткан. Шарттуу түрдө тегерегибиздеги элди, музыканы элестетип, Гүлшара экөөбүз ойноп жатабыз. Мен – Алиман: «Эне, мен да Касымдан ажырадым, эми экөөбүз тең жесирбиз» – деп, Толгонай кайненемди кучактайм. Залда режиссёр үчөөбүздөн башка жан киши жок экенине карабай Гүлшара экөөбүз шолоктоп ыйлап, кыйлага чейин тура бериптирбиз. Режиссёр биздин  толгонуп, ички көркөм дүйнөбүздү сыртка аңтара чыгарган кырдаалга жеткирип салчу. Ким билет, мүмкүн ошол учурда Медербек өзү деле ыйлап жаткандыр… Кучакташып шолоктогон эки актриса канча убакыт сахнада турганыбыз азыр эсимде жок. Бир убакта режиссёр жаныбызга басып келип: «Болду эми, кечке эле ыйлай бересиңерби?» – деп, бизди кайра өзү сооротконун эстеп калам. Ошондой иш ыргагы менен бери жагы эки-үч саатка чейин эмгектенчүбүз. Ал да тажап чарчадым дебес эле, биз да үйүбүздөгүлөргө эне, жубай экенибизди унутуп коюп, күжүлдөп иштей берчүбүз. Талант бул – жараткандын берген белеги. Ал эми режиссёрго табияттан берилген ошондой белек – актёрлордун, атүгүл жалпы өлкөнүн театр искусствосунун бактысы. «Саманчынын жолу» өткөн кылымдагы кыргыздын  театр өнөрүнүн гүлдөп өнүгүшүнө зор салым кошкон, эң алдыңкы саптагы спектаклдердин көч башы десем туура болоор. Ошонун баарына карабастан спектаклдеги кээ бир толукталчу жерлерин оюн көрсөтүлүп жатканда актёрлорго келип айтып кетип турчу. Гримдөө бөлмөлөрүнө чейин кирип, ар бир кичине эпизодго чейин эскертип чыкчу.

Ошол жылдары кыргыз драма театрынын актёрлору «Саманчынын жолу» спектаклин республиканын дээрлик бүтүндөй аймагына көрсөтүп чыкканбыз. Бир жылдары ушул бир эле спектакль менен түштүк жергесин эки жарым ай бою түрө кыдырдык. Анда жаш кезим. Өзүмдүн чачыма кошумча чач улап өрүп алып, кыйла узартып, аркага таштап коюп, оюндун алып баруучусу болуп жүрдүм. Барган колхоздордун баарына: “Оюндун режиссёру Медербек Назаралиев” – деп, айтам. Ошондой күндөрдүн биринде мындай окуяга туш болдук. Андан бери жарым кылымга жакын убакыт өтүп, айылдын аты эсиме келбей турганын карачы. Айтор башкармалары сүйлөшүп алышып, эки айылдын элин автобус менен ташып келип, оюнду бир айылдын бөксө тоосуна алып барып койдурушмак болушту. Бала-бакыралары менен миңден ашык көрөрмандар жыйылды. Эл тоо этегин кырдап, биринен экинчиси өйдө болуп отуруп алышты. Жаратылыштын табигый амфитеатры, партери сыяктанып, ылдый жагына жүк ташуучу машиненин капталдарын түшүрүп таштап, сахна кылып алдык. Ал кезде Торопов деген сүрөтчүбүз бар эле. Ал темир тирөөчтөрдү орнотуп, ага ак чүпүрөктөрдү тартып, боз үйдүн элесин берген декорация жасады. Жаркыратып электр жарыгын улап беришет.

Спектакль ортолоп калган болчу. Бир  маалда асмандан токумдай булут көчүп келип эле, жамгыр шатыратып төгүп ийсе болобу. Нөшөрлөгөн жаан эл отурган кыр ылдый бөлүк-бөлүк тарта ага баштады. Эми эл тарап кетет экен деген ойдо коркуп отурабыз. Бир  саамга оюнду токтотуп да койдук. Ошондогу жааган өткүн окшобойбу. Жарым  саатка жетпеген убакыт токтобой жаап, кайра тып басылды. Өйдөлөй өр тарта жерге жамбаш коюп отурган көрүүчүлөр, эми буттарына салмагын артып отуруп алышыптыр. Мен чыга калып карасам, суу эки буттун ортосунан тоодон жогортон ылдый куюла агып жаткан экен. Ошенткен элден айланса болот. Оюнду кайра уладык. Ак сакалдуу карыдан ойноок балага чейин бири да туруп басып кетпей, спектаклдин аягына чейин отурушту. Окуя да абдан курч мүнөздө өтчү. Актёрлордун зор талантынын, режиссёрдун мыкты эмгегинин бир үзүрү ошол болчу… Мамлекетибиздин театр өнөрүндөгү эң бийик туу чокусу, жалама аскадан ашып өткөн көөнөрбөс өнөрдүн айныксыз  бийик үлгүсү ошол эле… 1965-жылы Кыргызстандын Москвадагы маданият күндөрү өтүп, «Саманчынын жолу» Кремль театрына коюлду. Союздук рес­публикалардын театрлар сынагында, башкасын айтпаганда да Мос­ква, Санкт-Петербург сыяктуу театралдык мегаполистердин оюндарын артка таштап, экинчи орунду жеңип келгенине тарых күбө.

…Баса, жогоруда мен эскерген жайкы гастролдо жүргөнүбүздө биринчи курамда Толгонайдын ролун аткарган Даркүл Күйүковага СССРдин Эл артис­ти наамы берилгенин гезиттен окуп сүйүнгөнүбүз ай! Бир айылга келип түшкөнүбүздө ошол кубанычтуу кабар дарбытып, эжебиздин мойнуна асыла жабалактай кучактаганбыз. Албетте, Даркүл эже ага чейин нечен ролдорду ойноп, эмгегин эл небак баалап калганын эч ким танбайт. Бирок, атактуу актрисанын СССРдин Эл артисти наамын алышына режиссёр Медербек Назаралиев Толгонайдын ролун берип, өнөр чокусуна жеткиргени да айныксыз чоң түрткү болгон.

Көрүүчүлөрдү “Тез жардам“ алып кетчү

«Саманчынын жолу» спектаклиндеги Толгонайдын биринчи курамын Даркүл Күйүкова ойноп, Гүлшара Дулатова экинчисинде аткарган дедик. Мына ошол күндөр тууралуу М.Назаралиевди  атактуу актриса көзү ти-рүү кезинде мындайча эскергени бар.

“1964-жылы кышы кыштай  «Саманчынын жолу» спектакли даярдалып, алты ай бир дем менен эмгектенгенден кийин Улуу Жеңиш күнүнө карата 8-майда биринчисин, анын эртеси 9-майда экинчи премьерасын элге тартууладык. Залда өзүн кармана албай жаш чыгарып ичтен тынган адамдар андан көп, согуштан жакыны келбей калганы, аза кийгени кудум почточу кара кагазды азыр алып келгендей үңүлдөп үн чыгарып, солкулдап ыйлаганы мындан көп. Уруш каары жанга батып, азапты көргөндөрдүн зарланган үндөрү залдан чыгып турчу. Кээ бирөөлөрдүн эстери оогондо «Тез жардам» чакыртылып, алып кеткен учурлар болгон. Медербек бир чети теңтуш, бир чети чыгармачылык сырдаш, курбалдаштыктын баркына жетип баалаган жигит эле. Алты ай өз алдынча даярданганым менен кээ бир жетишпеген жактарды оңдоп-түзөп: «Сенин үнүң айрыкча Тогонайдын Жер эне менен сүйлөшкөн монологунда жерди титиретип, көөдөндү жарганы мыкты чыкты” – дечү. Прологдо ушул көрүнүп жатат дечү. Ошентип Медербектин шарапаты менен Толгонайдын ролун аткардым. Эки саат бою Толгонай сахнадан кетпей, спектаклдин бүтүндөй өзөгүн түзүп турат эмеспи. Ошол кезде «Саманчынын жолу» спектаклине эл түнү менен уктабай келип, билеттин кезегине турушчу. Кээ бир эбин тапкан кызыл кулактар ошол учурда деле бар болчу. Айрыкча студенттер күндүз билетти кассадан алып, кечинде кайра баа кошуп сатып жүрүштү. Ал эми оюн даярдалып жаткан күндөрү Чыңгыз Айтматов келип, артисттер менен учурашып, көңүлү жайдары кетчү. Ошол жылдары спектакль Москвадагы эл аралык фестивалда экинчи орунду алып келгенде, улуу жазуучу: “Мына эми Кыргызстанда чыныгы режиссёр төрөлдү”, – деп айтканы баарыбыздын эсибизде”, – деп эскерген КРнын эл артисти Гүлшара Дулатова.

Жазып алган Нарынкүл Назаралиева, «Кыргыз Туусу», 27.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий