Ороз Кашкаев, “Кыргыз Руху” фольклордук ансамблинин жетекчиси: “Репертуарыбыздан улуттун жыты жыттанып турат…”

– Ороз мырза, сиз жетектеген “Кыргыз Руху” фольклордук  ансамбли жаңы эле Индиядан келбедиңиздерби. Чыгармачылык сапар тууралуу айтуудан мурун, окурмандарга адегенде ансамбль тууралуу маалымат берип койсок.
– Биздин ансамбль 1995-жылы Нарын шаарында КРнын эл  артисти Табылды Актановдун жетекчилиги менен “Манас руху” деп уюшулган. 2005-жылдан тартып  Бишкек шаардык мэриянын маданият башкармалыгынын алдында “Кыргыз Руху” деп кайрадан уюшулганбыз. Курамыбыз он беш кишиден турат.

– Башка ансамблдерден кандай өзгөчөлүгүңүздөр бар?
– Негизинен улуттук көркөм баалуулуктардын бардыгын  фольклор аркылуу чагылдыруу. Мисалы, эски ыр-күүлөрдү улуттук аспаптардын негизинде нугун бузбай туруп жаңылоо менен алып чыгып, элге тартуулап турабыз. Ошондой эле улуттук кийимдер, улуттук салт-санаалар, улуттун мүнөзү чагылып, жыты жыттанып турушу керек.

– Кантип?
– Анын баары ыр-күүнүн өзөгүндө, ар бир чыгарманын ичинде-сыртында жатат да. Андыктан чыгарманы алып чыкканда  жанагынын баары өзү эле айтылып, көрүнүп, сезилип турат. Мисалы, кыргыз эли көркөм өнөрдү өтө баалаган эл да,  ошондуктан жакшы чыгарма аткарылып жатканда кыйкырык-сүрөөнгө алып, аткаруучуну коштоп, колдоп турушат. Биз чыгарманы көркөмдөө боёгуна ошонун өзүн кошконбуз. Бул көрүүчүнүн да ички кыйкырыгын коштоп, өзүнө тартып, чакырып  турат.

– Индияга да ушундай шайыр-шатман барып келдиңиздерби?
– Албетте. Индияда өткөн “Кол өнөрчүлөрдүн жана улуттук  көркөм дөөлөттөрдүн” жыйырма алтынчы фестивалына барып катышып келдик. Индияда жай болгондуктан, фестиваль ачык асман астында өтүп, башка мамлекеттер дагы өздөрүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп жатышты. Ар бир элдин кол өнөрчүлүгү фестивалды бир жагынан ажарына чыгарып турду. Анын ичинде биздин улуттук кийимдерибиз, улуттук музыкалык аспаптарыбыз, репертуарыбыз, кол өнөрчүлүгүбүз  чыны менен эле индиялыктарды дагы, башка өлкөлөрдөн барган чыгармачыл топторду дагы кайдыгер калтырган жок. Чопо чоор, сыбызгы, чогойно чоор, ооз комуз, жыгач ооз комуз, кыргыз кыл кыяк, комуз, добулбас ж.б. аспаптар өз-өзүнчө кандай добушка ээ, баары чогулганда кандай гармонияны жаратат, мунун баары аларды кызыктырып да, таң калтырып да жатты.

– Кандай ойлойсуз, сиздердин чыгармачылык сапар өзүнүн  максатына жеттиби? Эмне алып, эмне бере алдыңыздар?
– Башка элдердин улуттук өзгөчөлүктөрү, таланттары менен  тажрыйба алышуунун өзү эле чоң утуш. Анын үстүнө тобубузда абдан такшалган, тандалган таланттар иштешет. Мисалы, комузчу, манасчы, ырчы  Мунарбек Чопиев, Жазгүл Жумаканова, КРнын эл артисти Гүлназ Бекбосун кызы бар. Сөзсүз ар бири өз-өзүнчө эргүү, шык, толкундануу алып келишти деп ишенем. Буюрса, анын таасирлери биздин мындан аркы иштерибизге, чыгармачылыгыбызга сөзсүз оң таасир тийгизет го деп ойлойм.

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу», 27.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий