Райкан Төлөгөнов, Жогорку Кеңештин депутаты: «Сынган кылычтын» тагдырын мезгил гана чечти»

Кыргыз Эл Баатыры Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романын ким гана билбейт. Кыргыздын катаал күндөрүн, улуу тарыхын баяндаган роман бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жоготпой келет. Андыктан окурман журтчулугу үчүн бул романды баяндап берүүнү чечтик. Алгач биз ошол чыгарманын жаралуу тарыхын, кандай жыргал-азап менен коштолгонун билүү үчүн жазуучунун уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Райкан мырзага кайрылдык.

«АТАМ ТАҢ АТКЫЧА ИШТЕЧҮ»
– Атам «Сынган кылыч» романын жазып баштаган маалда 8 жашар бала болчумун. Студент кезинде эле атамдын повесть, аңгемелери жарык көрүп калган. Китептерин колубузга алып«муну атам жазган» деп мактанып калчубуз. Кийин билдим, 1960-жылы баштаган «Сынган кылычтын» биринчи китеби 1966-жылы жарык көрүптүр.

Күндүз жумушта болуп колу тийбей, көбүнчө түндө иштечү жарыктык киши. Кечинде келип тамактанып алып, анан жазуу столуна жөнөйт. Түнкү саат 3-4кө чейин, кээде таң атканча иштечү. Баламын да, түн бир убакта заара кылгым келип тура калсам, атам уктабай иштеп отурган болор эле.

«МАШИНКАСЫ БУЗУЛГАНЧА ИШТЕП…»
– Ал мезгилде компьютер жок, кол менен жазчу. Кээде жазып-жазып келатып эле ондогон барактарды кайра чийип-чийип салчу жарабайт деп. Эсимде, «Сынган кылычтын» биринчи китебин жалаң 44 барактуу калың дептерлерге жазды. Дептерлер жыйылып-жыйылып калчу үйдө. Эч кимдин жардамысыз баштан-аяк өзү жазып бүтүрдү. Колдо жазып бүткөн соң машинкага түшүрүп каталарын оңдочу. Машинканын бурамасын бурап баракты бир аз өйдө көтөрөт да, резина өчүргүч менен сүргүлөп жатып өчүрөт. Ошентип отуруп жанагы өчүргүч менен кагаздын калдыктары машинканын ичине толуп калат. Анан колуна алып туруп кагып-силкип тазалап алып кайра отурчу. Кээде таптакыр иштебей бузулуп калганда көтөрүп барып усталарга оңдотуп келер эле.

«МИСТИКАНЫН ЭЛЕМЕНТТЕРИ БАР»
– Архивдерден ар кандай маалыматтарды, сүрөттөрдү же алардын көчүрмөсүн алдырганын билем. Көбүнчө Ленинграддын архивдерин пайдаланды.

«Сынган кылычта» Иса олуя деген каарман бар эмеспи, бир жолу Ленинграддан ошонун сүрөтү келген. Бир күнү Жусупбек деген агам экөө ошону талкуулап отурганы эсимде. Иса олуя ошол сүрөттө стулда башын жерге салып, эки колун тизесине коюп, манжаларын жеңине катып алып отурган. Атам аны «Сынган кылычта» сүрөттөгөндө мадыл мышыкка окшоп тырмагын катып, керектүү учурда шарт чыга калып кишини апчый турган каарман катары сүрөттөйт эмеспи. Атам ал сүрөттү көрө электе эле дал ошондой кылып мүнөздөп койгон экен. Демек, кандайдыр бир мистиканын элементтери бар.

«КОКОНДО КӨП ЖҮРДҮ»
– Атам архив казып көбүнчө Кокон шаарында жүрдү. Себеби кан ордо ошол шаарда болгондуктан, маалымат көп болчу. Андагы көтөрүлүштөр, ханды тактыдан оодаргандагы тарыхый инсандардын аттарын да ошол жерден тапкан.

Албетте, романдагы Теңир­бердиге окшогон каармандар ойдон чыгарылган образ. Ал эми Абил бий, Бекназар баатыр, Нүзүп аталык өңдүү каармандар кадимки тарыхый инсандар. Бекназар менен Ибраим бир тууган болгон. Ибраимден Касымбек төрөлсө, Бекназардан бала калган эмес. Касымбектен Төлөгөн, Төлөгөндөн биз.

Романдагы адамды карышкыр жеп кеткени, өз бүркүтү өзүнүн көзүн оюп алганы бул – биздин Аксы аймагында айтылып жүргөн окуялар. Ал эми жанагы хан көтөрүп ак кийизге салуудагы сурап алары жок кул, кедейлерди курмандыкка чалган окуя турмушта бар нерсе. Тоолуктарда ошондой жөрөлгө болорун угуп туруп, анан Шералыны хан көтөргөндө ошол салтты пайдаланып, романга психологиялык кырдаал түзгөн.

«СЫНГАН КЫЛЫЧТЫ» АЯБАЙ СЫНДАШТЫ»
– Атам «Сынган кылычты» баш-аягы 11 жыл жазды. 6 жылдай биринчи китебин, 1970-жылдары оңдодум, толуктадым демиш болуп экинчи китепти чыгарды.

Биринчи китеп чыккандан кийин эле катуу сындарга кабылып, «туура эмес, кыргыздарды өтө эле мактап койгон, бул – натурализм, кишилерди кантип эле ошентип мууздап таштасын?..» деген сөздөр жааган. Себеби идеология ошондой эле. Советтик идеология кыргыздын андай бай тарыхынын, тагдыр чечүүчү журт башыларынын болушун каалабайт эле. Ошондон тарта «Сынган кылычты» сындай баштады, демек, сындасак болот экен» деп атам менен жеке мамилеси начар кишилер чыгып романды өйдө-ылдыйдан тепкилеп, алдары жетишинче жамандай башташты.

Жазуучулар союзунан атайын буйрук берилет. Берилгенде да жөн эле «сен жазып койчу же сен жазчы» дебейт. Сындаганы ишенимдүү угулушу үчүн сөзсүз түрдө ал сынчы оозго алынып калган, авторитеттүү сынчы болушу керек эле.

«ЖАҢЫЛ ТҮМӨНБАЕВА БОЛБОСО КАМАЛЫП КЕТМЕК»
– 1970-1980-жылдар аралыгы.

Атамды бир гана нерсе кыйнап койду. «Сынган кылычты» чыгарбай койгондо атам Жазуучулар союзунун жетекчилиги менен кер-мур айтышып, «кимиңер ушундай китепти жаза аласыңар? Жаза алсаңар жазып, менин китебимди чыгарбасаңар өзүңөр чыгаргыла!» деп кеп ортодон кеп өтүшүп кетип, атама болгон куугунтук катуу башталган. Анан жумуштан бошотуп салышты. Ишсиз калат, китептерин чыгарбайт. Ошол маалда бизди ээрчитип алып жайында айылга кетип калчу да, көпкө жүрчү. Бул убакта партиялык взнос төлөнбөй калат. Ошондо «бул партиядан алыстап кетти, аны-муну…» деп каралап, партиянын катарынан чыгарып салууга аракет кылышкан.

Ал кезде Жаңыл Түмөнбаева райкомдун партиялык катчысы болчу. Жогорку жактагылардын чыгар деп айтканына көнбөй, көшөрүп отуруп атамды партияда алып калган ошол киши. Эгер партиядан чыкса эле «Сынган кылычтагы» саясий катачылык, тигиндей-мындай…» деп отуруп атамды каматып жиберүүлөрү мүмкүн болчу. Кийинки кадам ошондой болчу да. Алгач жумуштан бошотчу, анан партиядан чыгарчу да, кийин каматып жиберчү. Атам ошондо бир катуу чочуган, кыйналганын ошондо көрдүм. Бир тыйын акчасы жок, адегенде достордон, андан-мындан акча сурап жашап жүрдүк. Кийинчерээк«Төлөгөн, бүттү эми» деп эч ким акча дагы бербей калган.

«РОМАНДЫН ТАГДЫРЫН МЕЗГИЛ ГАНА ЧЕЧТИ»
– 1970-жылдары романдын экинчи китеби жарык көрүп, Касымбеков деген фамилия элдин оозуна алынып, эл «Сынган кылычты» тытып издеп окуй баштады. Жазуучулар союзу ого бетер туталанып «бул китепти жок кылыш керек» деп болгон күчүн жумшады. Ал тургай атамдын жанына жалган досторду кошуп, аз-аздан арак ичирип отуруп «Төлөгөндү аракеч кылып салабыз» деген да аракеттер болуптур. Муну биз чоңойгондо атам айтып жүрдү. Бирок атам таптакыр арак иче алчу эмес. 100 грамм ичсе өңү кыпкызыл тартып, мас болуп жатып калчу.

70-жылдын этегинде иним экөөбүз окууну бүтүп жумушка орноштук. Менин фамилиям Төлөгөнов болчу. Касымбеков деп эч ким күмөн санаган жокпу, билбейм, мага эч кандай кысым болгон жок. Эл катары академияда иштеп калдым. Кийин кайра куруу мезгили башталды. Акырындык менен «Сынган кылычка», атама болгон мамиле өзгөрдү. Чынында, «Сынган кылычтын» тагдырын мезгил гана чечип берди. Атам чыдамкайлык менен гана ушул мезгилди күтүп, арак ичип кетпей, чөгүп, чүнчүп кетпей ошол күнгө жетти, кыргыз калкынан, кыргыз тарыхынан татыктуу баасын алды. Ошого ичтен тымызын кубанам, сыймыктанам.

Автандил Добулбеков, “Супер-инфо”, №491 30-март — 5-апрель, 2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий