33 жашында фронтто каза болгон кайран Жусуп

(Акын Жусуп Турусбековду эскерүү)

Жусуп Турусбеков кыргыздын жаш кеткен улуу акындарынын бири. Ал 1910-жылы Тоң районуна караштуу Күнбатыш айылында туулган. 1916-жылы Үркүндө Кытайга чейин барган. А.С.Пушкиндин, Г.Гейненин ж.б. улуу акындардын ырларын которгон. 1932- жылы «Жусуптун ырлары» деген жыйнагы жарык көргөн. Жоомарт, Мукай менен кошо Улуу Ата Мекендик согушка өз ыктыяры менен аттанып, 1943-жылы фронтто каза болгон. Болгону 33 жыл гана өмүр сүрдү. «Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт» демекчи, эски архивдерди барактап, Жусуп атабыздын өмүр жолу, кантип үйлөнгөнүн баяндаган жубайы Күлүсүн Турусбекованын эскерүүсүн «Издер кайра жаңырат» рубрикасына берүүнү эп көрдүк.

Жусуптун тагдыры боз инген боздогондой окуя
Жусуптун тагдыры абдан татаал, оор болгон. Анын башынан өткөнүн өткөндөй уксак, боз инген боздогондой окуя. Жусупту таанычу эмесмин. Мурда кийин атын угуп, атынан улам адамдыгына кызыгып, кандай неме болду экен деген ой дилимди козгогон эмес. Элеттен келген кызга жигит издеп күйөө тандамай адат анда кайдан. Эси-дартыбыздын баары «баланчанын баласы окуусун бүтүп, чоң кызматка барыптыр. Түкүнчөнүн кызы окууга өтүптүр» деген сөз эле. Мен Чүйдүн Орто-Алыш деген айылынан болом. 1928-жылы эл көчүнөн калбай Фрунзеге келдим. Эсиме жара чыкпаса, 1929-жыл болушу керек. Мен кыз-келиндер техникумунда окуп жүргөндө бизге адабий ийрим болуп калды. Билбейм, ал кезде акын-жазуучулар менен болгон жолугушууларды деле адабий ийрим дечү беле. Жалаң жигиттер келди. Жусуп да ошондо келди. Андан кийин бир-эки курдай кездештик. Ал экөөбүздү сезимдин иши жетелеп, көңүлдүн оту чакырып деле турган жок. Болгону пейлибиздин актыгы, ниет, үмүт түздүгү бири-бирибизге ыйбаалык отун жаратты. 1931-жылы практика дегени башталып, мени Ошко жиберип калса болобу. Практикам балабакчада болмок. Арзыбаев деген катчынын үйүндө туруп калдым. Аны-муну көрүп дегендей иштеп жүрөм. Бир күнү мага кат келди. Дилимде да, кыялымда да Жусуптан кат келет деп күтпөгөм. Сезимдин көөнү түшпөсө, көңүлдүн оту күйбөсө, жаш курак жаштын эңсөөсү махабат деген болсо деп, көөнүнө көксөп түйбөсө, бу дагы кыйын иш экен. Жусуптун катын тытып жибердим. Окудумбу, окусам анда кандай кеп бар эле, анысын эстеп калбапмын. Иши кылып тытылган каттын тытылганы эсимде. Балалыгым да, болбосо окусам деле, тааныштык милдет катары катка жооп кылып амандык айтышып койсом деле болмок. Кийин ойлосом, чекилик балалыктан кетиптир. Тагдырдын айткан иши экен, 1932-жылы июнь айында бак даарып, Кыдыр колдоду болуп, Жусупка багым кошулду. Оштон келгенден кийин мага ал башкачараак сезиле баштаган. Кээде шайтан азгырык болуп кыялыма кылт эте Жусуп түшө калчу. Анткени менен кум санаага кабылганым деле жок. Көңүл жакындын, тааныштыктын иши го деп койчумун.

Жусуп менен он жылдай жаздыкташ болдум
Жусуптун кандай абалда жүргөнүн толук биле албайм. Бир мүнөз, оңойлук менен ачылбаган жан эле. Айтор ышкы деми мурдагыдан да тереңдегенби же көөнүмө кара таш салам дегенби, сезимге алдырып, өзгөргөнүн туйбадым. Ошо акылга-акыл эгелди. Көңүлгө-көңүл чегелди. Насип экен, билинбеген махабат менен бак көтөрүп, баш кошуу шарты келди.

Мукай абанын зайыбы Бурулча эже менен топурагың торко болгур Кубанычбек Маликов келип эле: «Күлсүн, Жусуп да мында, биз баарыбыз күтүп жатабыз. Буюм-теримиңди алгын дагы биз менен кошо жөнөгүн. Баш кошуп алгыла. Качанга чейин жүрө бермек элеңер»,-деп шаштырып алып чыгышты. Бир жерге тынчып тура албай шашкалактап Жоомарт да жүрөт, Жусубу жанында. Анысы мага үндөбөйт. Бирок турган-турпатын жүр дегендей өтүнүч коштогон. Кайгырганда кашында каралды болоор жакыны жок Жусуптун турмуш тагдырын ошондон тартып толук биле баштадым. Адам канчалык көп кыйналса, ыйманына ошончолук жакын болот. Жусуп ушундай адам эле. Баш кошуп, баш-аягы он жылдай жаздыкташ болдук. Бактыма ыраазымын, куудай саамай чагымда кудай алдында калп айткан менин энчим эмес. Жусуп экөөбүз кол кармашып, эгиздердей ээрчишип, туулган айылы Көксайга бара албадык. Башыма кайын энем же кайын эжем, айтор, Жусуптун тууган-туушкандары мага ак жоолук салган жок. Алардын көзү өтүп кеткендиктен андай тагдыр мага буйрубады. «Алып барар жакындарың болбосо да, тууган-уругуңду, Көксайыңды көрөйүн» дечүмүн. «Шашылба, барасың» дечү. Тагдыр экен, Жусуптун 60 жылдыгында жесир келин болуп бардым.

Карындашы көпөлөк болуп учуп кетип…
Жусуптун балалыгы кыйын кезеңге туш болгон. Атасы Турусбек кыйыр туугандарынын жылкысын кайтарган. Апасы Бүбүкан апа 23 бир тууган болуп, а бирок тагдыр жазмышынан жыйырмасы ээсин эрте таап, кара жер койнун жай кылган экен. Бүбүкан апа короосу койлуунун коломтосун аңдыбай, кийиз жасап, чий чырмап оокат кылчу экен. Жусуптун карындашы алтыга караганда чарчап, көпөлөк болуп учуп кетет. Болочок акын Турусбек ата менен Бүбүкан апанын жалгызы экен.

(«Кыргызстан маданияты» гезитинин 1980-жылдардагы архивинен) 

Даярдаган Жамиля Таштанбекова, “Де Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.03.2012-ж.

Соц тармактар:

33 жашында фронтто каза болгон кайран Жусуп: 1 комментарий

Добавить комментарий