Элдик музыканын таланттары

«Акак» К.Орозовдун Ибаратын аткарып жатат. Сүрөт http://www.ucentralasia.org сайтынан алынды

Элдин даӊкын алыска угузган, бул албетте, элдин  маданияты. Ал эми кыргыз маданиятында эмгектенишкен комузчу таланттарыбызга кандай бай экендигибиз, алардын барк-баасы, касиет өнөрү, өзөчөлүгү, комузубуздун сыйкыры тууралуу керектүү деӊгээлде айтылбай, жазылбай, бийлик тарабынан колдоого алынбай келет. Антсе да, «эл ичи, өнөр кенчи», эл гана ата-бабадан келаткан изди өчүрбөй, улантып келе берет…

Бүгүнкү биздин маектештерибиз — бир үйдөн түтүн булаткан таланттуу жубайлар. Ал эми алар тарбиялаган балдар — жан дүйнөлөрү дирилдеген, аруу, таза музыкант балдар. Атак-даӊкка жулунбаган, дилдерин кыргыз музыкасына коюп эмгек күчүн аябаган Калыбек Жекшенов менен Ирина Сүйөркулованын колунан окуп билим алган  балдар комузда кол ойнотуп, аргендей үндөрүн созолонтуп, «Акак» комузчулар ансамбли менен төгөрөктүн төрт бурчуна кыргыз элин таанытып келишет. Бугун биз жубайлар менен маектешип, комузубуздун, «Акактын» жана чыгармачыл шакирттеринин тегерегинде сөз кылдык.

Калыбек Жекшенов, КР маданиятына эмгек сиӊирген ишмер, профессор, Кыргыз улуттук консерваториясынын салттык музыка жана эл аспаптары факультетинин деканы: «Домбрада 2 толгоо болсо, комузда 17 толгоо бар»

— Калыбек мырза, сиздердин факультет тууралуу окурмандарыбызга, салттуу музыканы сүйүүчүлөргө маалымат берели дедик эле. Эмесе, сөздү ушундан баштасаӊыз?
— Деканатыбызда эки кафедра бар. Бири салттык музыка, экинчиси эл аспаптары. Салттык музыка кафедрасында ата-бабалардан салттуу болуп калган кыргыздын комузу, эки кылдуу кыл кыягы, чопо чоор, сыбызгы, темир комуз, жыгач ооз комуз, элдик салттуу ырдоо, дастан айтуу, акындык, манасчылык окутулат. Совет убагында бул сабактарды диплому бар мугалимдер окуткан эмес. Өзүбүз баштап окуттук. Окууну бүтүргөндөн кийин кайра өзүбүздө калып мугалим болуп калгандардын алгачкылары Улукмырза Полотов, Мурат Касей, Усупбек Абдырахманов, Ирина Сүйөркулова болду. Окуу программасын да өзүбүз жазып чыкканбыз, ошонун негизинде иштейбиз.  Заманга ылайык жыл сайын караштырып, өзгөртүп, жетишпеген  жактарын түздөп, жаӊылап турабыз. Кудай буйруса, азыркы учурда кафедра бутуна туруп калды. Телевидение, радиодон чыгып жүргөндөрдүн көбү ушу биздин кафедраны бүткөндөр. Жылдан жылга бизге тапшыргандар көбөйүп, конкурстук негизде кабыл алынышат.

— Окууга тапшыргандарга коюлган шарттар кандай?
— Музыкалык мектептерден же училищеден окуп, анан бул жакка келиш керек. Эгер музыкалык мектептерди бүтпөсө, эки жылдык даярдоо курсун бизден окуп, анан тапшырышат. Алар да талантына жараша кабыл алынат. Ошондо жалпысынан жети жыл окуп калышат. Мурда болсо училищеде төрт жыл, анан бизде беш жыл окуп, жалпысы тогуз жыл болчу.

— Адамдарды операция кылган хирургдардан да узак окушат экен да…
— Музыканы окуу, бул чындыгында ийне менен кудук казгандай. Анын үстүнө өзүбүздүн эл да, чет өлкөдөн келгендер да азыр ушу салттуу музыканы уксак дешет. Бизден бүткөндөр окуп аткан учурларында эле топ түзүп алышып чет өлкөлөргө, КМШ өлкөлөрүнө көп чыгышып, байгелүү орундарды алып келүүдө. Карамолдо Орозов оркестринде,  «Камбаркан» фольклордук тобунда, «Ак марал» бийчилер тобунун оркестринде да иштешет.

— Салима Жороева эженин «комуз баланын жан дүйнөсүн аруулайт, комузда кол ойноткон бала кылмыштуулукка барбайт» дегени бар. Сиздин пикириӊизди уксак, комуздун өзгөчөлүгү эмнеде?
— Кечээ күнү биздин Кыргыз улуттук консерваториябыздын чоӊ концерттик залынын ачылышы болуп, экс-президент  Отунбаева да келди. Ал өзүнүн сөзүндө: «Биз өзүбүздүн ички маданиятыбызды, музыкабызды өстүрбөсөк, башкалардыкын кабыл ала албайбыз. Курсак тойгон бир, бирок музыкасыз жан дүйнө ачка калат» деп айтты. Дүйнө жүзүндөгү элдердин аспаптарынын баарын эле билебиз. Кылдуу аспаптардын ичинен эӊ өзгөчө орунда турганы – бул, биздин комуз. Комуз – өзүнчө бир дүйнө. Биздикиндей толгоо менен ойногон аспап эч бир элде жок. Ошон үчүн бир да эл биздин комузду ойной албайт. А биз алардын аспаптарын оӊой ойнойбуз. Мисалы, казактардын домбрасында эки толгоо бар. Биздин комузда болсо 17 толгоо бар. Ар бир күүгө ар башка толгонот. Канчалык толгоосу көп болсо, ошончолук мүмкүнчүлүгү да көп. Эмне үчүн башка элдер ойной албаганынын дагы бир себеби, оӊ колдогу ыкмаларга өтө байбыз, бармак өзүнчө, сөөмөй өзүнчө шилтенгени, термелтип ойногону…

— Комуздун чабылган жыгачында да чоӊ маани болсо керек?
— Албетте, негизинен комуз  өрүктөн чабылат. Өрүк катуу жыгач, аны иштете алган, кургата алган, чапканды билген жыгач уста болуш керек. Өрүк комуз так сүйлөйт. Капкагы Ысык-Көлдүн карагайларынан тандап чабылат. Аны да кескенде ортоӊку сөӊгөгүн кошуп кеспей, четинен кесиш керек. Комузду сатып алаарда  жыгачынын, капкагынын кургатылышына, чабылышына, анан тембрине карап тандаш керек. Бишкектеги  Ош базарында сатылган комуздардан алсаӊыз эки айдан кийин шалдырап сүйлөй албай калат. Себеби, туура эмес кургатып коюшат. Белгилүү комузчулардын көпчүлүгү, биздин консерваториянын студенттери, «Акак» ансамбли  негизинен Ысык-Көл өрөөнүнүнөн чыккан белгилүү комузчу,  Кыргыз республикасынын маданиятына эмге сиӊирген ишмер Орозалы Кенчинбаев агабыздын чапкан комузунда ойношот.

Комуз тууралуу айта берсек көп сырлар, кереметтер, маалыматтар бар. Элге, кийинки муунга колдон келишинче салттуу музыкабыз тууралуу жеткизүүгө далалат кылып келебиз. Ылайым кыргыз өзүнүн касиетинен алыстабасын, барк-баасын билсин, сезсин, муундан муунга өткөрсүн.

Ирина Сүйөркулова, Кыргыз улуттук консерваториясынын салттык музыка кафедрасынын  башчысы, доцент, Бишкек мэриясынын алдындагы «Акак» комузчулар ансамблинин көркөм жетекчиси: «Акактын» комузчуларынын таланты ак»

— Ирина айым, «Акак» ансамбли өз жүзү менен эл арасына сиӊип келет, аталышы да өзгөчө, өзүӊүз таап койгонсузбу?
— Ооба, күн-түн уктабай ойлондум. Мен кичине кезде чоӊ энем көз тийбесин деп тонубузга акак таш деп тагып койчу. Акактай таза, акактай тунук, акактай бекем болсун, акактай сулуу болсун деп ушу атты койдук. «Акак» ансамбли 1998-жылы жети баладан түзүлгөн. Биринчи курамы Кыргызстандын булуӊ-бурчунда иштеп жүрүшөт. Кийинки жаӊы курам 12 адамдан турат. Баары теӊ кенедейинен комуз кармап окуган балдар. 2007-жылдан бери Бишкек шаардык мэриясынын астындагы ансамбль болуп иштеп атабыз. Кыргызстанда болгон баардык конкурстарга катыштык, КМШ өлкөлөрүнө, чет мамлекетке көп чыгып концерт беребиз. Былтыр эле Турцияда, Американын Бостон, Вашингтон, Нью-Йорк шаарларында концерт койдук. Учурда да жарым составы Турцияга кетишкен.

— Сиздерди казактар өздөрүнө чакырган дешет, ушул чынбы?
— Ооба, 2005-жылы «бизге келип иштеп бербейсиӊерби» деп, «үй беребиз, акча жакшы төлөйбүз» деп кызыктырышты. Бирок, мекенчил экенбиз, кыргыздын комузу менен казактарга кызмат кыла албайбыз дедик. Ошондо алар «башка күүӊөр татаал экен, «Маш Ботойду» үйрөтүп кеткилечи, биз кол ойнотуп, ансамбль түзөлү» деп суранышты. Суранып аткандан кийин жок дей албай, көргөзүп бердик. Былтыр барсак, ансамбль болуп түзүлүп, ошол эле биз үйрөткөн «Маш ботойду» тартуулап, кол ойноткон ыкмасы менен чыгышты. Анан ойлонуп калдым, «биз башынан эле кол ойнотуп чертчүбүз го» деп. Муну Атай атабыз мурас катары калтырган, аны эч ким талаша албайт.

— Комузчулар ансамбли деп айтканга оӊой болгону менен, иш жүзүндө кыйын болсо керек. Бир күүнү 15 кишиге бирдей черттирип…
— Кыйын, кыйын… Алгач ар бир артистке өз-өзүнчө ар бир күүнү баштан аяк профессионалдык деӊгээлде, чыгарманын ньюанстарын үтүр-чекитине чейин билгидей кылып үйрөтүп чыгыш керек. Анан барып кайра чогуу синхрондуу үйрөтүү зарыл.  Баары бирдей ойнош үчүн,  баарын бирдей уга билиш керек, колдору бирдей ыкма менен ойноп атканын так көзөмөлдөө керек.  Мен айтам, «балдар, Атайдын күүсүн ойноп атпайбызбы, жалгыз Атай ойноп аткандай чертиш керек. Бирибиз өйдө, бирибиз ылдый чертсек болбой калат» деп.

— Өзүӊүз кантип комузчу болуп калдыӊыз?
— Атам да, чоӊ атам да комузда ойношчу эле. Чоӊ энемдин Ажыбай деген бир тууган агасы да чоӊ комузчу болуптур. А чоӊ энем өзү бийдин кызы болгон экен. Ал  оозунун ичине ооз комузду салып мыкты какчу, ошол эле маалда колу менен ийрик ийип же өрмөк өрө берчү.  «Чоӊ таекеӊ чоӊ комузчу болгон, ооз комузду, комузду биздин тукум жогору баалайт, үйрөнсөӊөр боло» дечү. Ошондон улам мени Аксы районунун Ниязаалы Борошев атындагы музыкалык мектепке кичинемден беришкен экен.

— Тегин жерден эмес экенсиз да, ал эми сизден окуп-үйрөнгөн окуучулар тууралуу эмне айтып бере аласыз?
— Окуучуларымдын таланттуулугун, ийгиликтерин айтып кетсем эӊ жакшы болот. Перизат Ибраева деген окуучумду алты жашынан баштап окуттум. Ал эл аралык конкурстардын лауреаты, Францияда, Данияда, Швецияда концерт берген. Конкурстарда дайыма гран-прини, биринчиликти алып келет. Азыркы тапта бизде, 5-курста окуп атат. Алина Жунушованы да алты жашынан окуттум. «Камбаркан» эл аспаптар оркестринде иштейт, ал дагы 5-курста. Дүйшөнбек уулу Закирбек деген окуучум бар. Калыбек Шейшеновичтен спецтен сабак алган. Комузда кол ойнотуп, дайыма гран-прини алып жүрөт. Аида Жаныбекова кызыбызга чоӊ адамдар, залкар жазуучулар ыраазылык билдирип, «Карамолдо өлгөн эмес турбайбы» деп баалашкан. Бирок, алып качмай деген бар эмеспи кыргыздарда, тагдыр буйрук экен, турмушка чыгып, балалуу болуп үйдө олтурат.  Чүрөктөй сулуу, комузда кол ойноткон Дилбара деген кызым  турмуш шартына байланыштуу  чет мамлекетте иштеп жүрөт. Атасы жок, энеси оорукчан, өзүнө окшош сулуу сиӊдиси болсо дудук. Дилбара комузда ойносо, сиӊдиси бийлеп, экөө филармонияда, спорт ордосунда концерт берип жүрүштү. Буларды ойлосом жүрөгүм ооруйт. Көр оокат далай таланттарыбызды сыртта иштетип койбодубу. Дилбардан көптү күтөм, буйруса жакында келет. Ал эми Перизат деген дагы бир кызым ансамбль менен жакшы иштей билет, орун басар болот деп ойлойм. Чолпон болсо кичинесинен чоӊ сахнага оркестр менен чыккан. Таланттуу комузчу Нуриза консерваторияда окуйт, ырчылык өнөрдү да аркалап жүрөт. Шакирттеримдин ушундай даражага жеткенине, таланттарын андан ары өркүндөтүп, чоӊ-чоӊ оркестрлерде эмгектенгенине сыймыктанам.

— Ансамблдин репертуары жана «Акактын» азыркы курамы боюнча маалымат айта кетсеӊиз?
— Репертуарыбыз кенен, анын ичинде баардык залкарларыбыздын, Ниязалы Борошов, Токтогул Сатылганов, Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Атай Огомбаев, Мукаш Борбиев, Шекербек Шеркулов, Чалагыз Иманкулов, Эркесары Бекбасаровдун күүлөрү жана ошондой эле элдик күүлөр да  камтылган. Жаш өзгөчөлүктөрүнө карабай, ушул күүлөрдү, чоӊ классикалык чыгармаларды окуучуларым  мыкты чеберчилик менен аткарууга аракет кылышат.  Азыркы курамдагылар да мыкты комузчулар, эл аралык конкурстардын лауреаттары. Мисалы: Таалайбекова Гүлшан, Назырымбекова Нурпери, Мелисбекова Чолпон, Кенчинбаев Назбек, Каныбеков Элеман ж.б.

— Кол ойнотулган күүлөрдү көп эле угуп жүрөбүз, бирок, «Акак» ансамбли өзгөчө чеберчилик менен аткарышынын сыры эмнеде?
— Репертуардагы «Маш ботойду» же «Ак тамак, көк тамакты» алалы. Буларга өзүмдүн фантазиям менен көркөмдүк кошком. Албетте чыгарманын автордук өзөгүн жоготпойбуз, бирок кол ойнотулган жерлерин кошуп, көркөмдөп, элге уккулуктуу, көрүнүктүү болуш үчүн чыгармачылык менен эмгектенебиз. 2000-жылы Атай Огомбаевдин 100 жылдыгы өткөрүлгөндө, «Ак тамак, көк тамак күүсүн» Перизат Ибраевага үйрөтүп, кол ойногон жерин кошуп, күн-түн иштедим. Чыгарманын мазмуну эки чымчыктын айтышында эмеспи. Перизат ошондо чымчыктын учканын, бийлегенин кол ойнотуп аткарды. Кийин баары эле «Ак тамак, көк тамакты» ушинтип аткарып калышты, ыраазы болуп калат экенсиӊ.

Динара Бейшеналиева, “Көк Асаба”

Соц тармактар:

Добавить комментарий