Кыргыз кыйырын далилдеген геокарта же германиялык Доктор Шолборктун көз жашы жана советтик тарыхчылардын жалганы

Кыргыздардын жашоо мейкиндиги убагында эки континентти кучагына алгандыгын тарыхта KIRGISEN REICH (Кыргыз империясы) деген ат менен белгилүү болгондугун айгинелеп турган тарыхый-географиялык картаны назарыңыздарга сунуштамакчыбыз. Албетте, бул маалымат тарыхый баалуулугу менен бизге маанилүү, ошондуктан атуулдук сыймыкты жогорулатуу менен өзүбүздүн улуттук күчүбүзгө ишенүү жана ошол кадырыбызга жетүү башкы максат болуп саналат. Ал үчүн ар бирибиз ошончолук эмгек жана милдет-жоопкерчилик менен келечегибизге мамиле кылышыбыз шарт. Эмесе, бул картаны бизге жарыялоого макулдугун берген Качкынбай Кадыркулов менен  чакан маек курдук.

— Качкынбай мырза, кесибиӊиз фермер болсо дагы, кыргыз тарыхы боюнча өтө кызыктуу маалыматтарды берип жүрөсүз, буга бир себеп болсо керек?
Кыргыз тарыхына болгон кызыгуум  бала кезимен эле башталган. Атам өзү сөзгө  жакын санжырачы киши болгон.  Мени бала кезимде аксакалдар отургузуп алып күнүгө кечинде манас окутушчу, «жети атаӊды биле жүр» деп,  үйрөтүп сурап калышчу. Эми ал убакта жаш болуп,  мындай нерсеге анчейин маани бербей жүргөн окшойм. Кийин институтту бүтүргөндөн кийин Москвага барып, Ветеринардык академияда  аспирантурада окуп калдым. Эми ал жерде 30-40ка  жакын ар улуттун өкүлү окуур эле.  Бир казак, бир ооган, бир монгол, бир орус, анан бир вьетнам болуп бир бөлмөдө жатып жашап калдык. Ар бири маданиятын айтып, тарыхына мактанып  калышчу болду. Чынында ал кезде менин айтаар деле сөзүм жок экен. Айрыкча, казак менен монгол менин кырыма такыр эле чыгып алышты.  Алар мени иничек сыяктуу көрүшүп, кыргыз деп көп этибарга албай жүрүштү. Бирок, шахмат жана спорт жагынан дайыма жеӊилип калышчу, анткен менен мамилелери мага дурус эмес эле.  Акыры Москвадагы Ленин атындагы чоӊ китепканага барып, кыргыздардын тарыхы туурасында окуй баштадым.  Бернштам, Аристов, Гумилев, Валиханов жана башкалардын эмгектерин биринчи жолу ошол жерден окудум. Ленинградда жүргөндө да,  ал жердин китепканасынан чет элдик ошол эле Вульфенсон сыяктуу окумуштуулардын эмгектери менен таанышып чыктым. Окугандарымдын бардыгын конспектилеп жүрдүм. Кийин бара-бара мындай маалыматтар өз элимдин тарыхына болгон мамилемди өзгөрттү. Көрсө, советтик тарых биз жөнүндө такыр эле бурмаланган маалымат берип жүргөндүгүн түшүндүм. Жанымдагы казак менен монголго илимий эмгектерди алып келип, көзүнө сайып, кыргыздардын тарыхы алда канча бай жана улуу экендигинин далилин көргөзгөндөн кийин өзгөчө казак чычалап жаман болду. Ошентип, ал жылдары кыргыз тарыхынын изин кууй жүрүп, өзүмө чоң дүйнө ачтым, ошого кадимкидей сыймыгым артып да жүрдү. Өз элиңдин тарыхын билүү, жашоодо ордуңду табууга жардам берет экен.

— Бизге жарыялап жаткан карталарыӊыз кайдан жана кантип колуӊузга тийип калды эле?
—  Кийин, Советтер союзу ыдырагандан кийин, сырткы чет өлкөлөргө чыгуу мүмкүнчүлүгү ачылды. 1993-жылы Батыш Германияга дыйканчылык жана жеке менчик чарба боюнча жарым жылга окууга бардым. Ал жерде чарба жүргүзүүнүн ыкмаларын практика жүзүндө  иштеп үйрөнүп  жүргөн кез эле. Бир күнү «Люнебург шаарына Чыгыш Германия академиясына окууга барасыңар» деп калышты. Ал жакка Кыргызстандан барган 10 немис жана 4 кыргызды өзүнчө топ катары автобус менен атайы алып жөнөштү. Таң калыштуусу, бир чоң делегация күтүп жаткандай мамиле менен бизди ошол чоң эски окуу жайдын ректору өзү жана аспиранттары, окумуштуулары менен жылуу тосуп алды.  Биринчи жолугушуу жыйынында ошол академиянын ректору, жетимиш жаштардан өтүп калган доктор Шолборк Кыргызстандан Германияга кыргыздар окууга келгендиги туурасында маалыматты  гезиттен окуганын, анан  атайы чакырткандыгын айтты. Жолугушуу маалында Доктор Шолборк кадимкидей  көзүнө жаш алып,  улуу кыргыз элинин тукумдарын көрүп, ушунчалык сүйүнүп жатам деп толкундануу менен айтканы бар эле. Көрсө а киши кыргыздарды тарыхта аты түбөлүк жашап келген кубаттуу эл катары кабыл алат экен. Аны өз сөзүндө улам айтып жатты. Ошентип, биздин келишибиз доктор Шолборк үчүн чоң жаңылык болду, себеби Кыргызстанга мурун барып көрбөгөндөн кийин,  кыргыздарды биринчи жолку көрүшү ошол окшойт. Ал кезде мен башыман калпак түшүрбөй кийип жүрөр элем, дал ошол калпагыбыз менен анын элесиндеги кыргызга туура келгенбизби, айтор, көзүнө сымбаттуу көрүнүп жаттык. Башында мындай мамилеге бир чети таң калып түшүнө бербегенибиз менен, анын чындап толкунданганынан, айткан  сөздөрүнөн улам чоң кызыгуу  жаралды.

Ошентип, ал киши сөзүн улап мындай деди:  «Бул жерде адистигиңер боюнча күнүгө түшкө чейин окуу болот, түштөн кийин болсо бошойсуңар, бирок менин силерге чоң өтүнүчүм бар, эгер макул көрсөңүздөр мен сиздерге көчмөн элдеринин тарыхы, анын ичинен кыргыздардын тарыхы жөнүндө күнүгө бир саат лекция окуп берейин, ушуну уккула, себеби силер буга чейин окуган советтик  тарыхчылардын жазган эмгектери жалган жана бурмаланган, ал китептердин бардыгы бизде да бар»  деди. Мен бир жагы бул маселеге  башынан кызыгып жүргөн адам катары жана бир жагы ошол топтун жетекчиси катары дароо бардыгынын атынан макул дедим.  Бул академияда чыгыш таануу же көчмөндөрдүн, анын ичинен басымдуу бөлүгү кыргыздардын тарыхы боюнча атайы чоң бөлүм бар экен. Доктор Шолборк ошол бөлүм боюнча адистешкен Адальберт деген жаш аспирант менен тааныштырып өттү дагы,  бизге шарт түзүп берүүгө ага тапшырма берди. Жан дилим менен кызыгып калган мен ач көздүк менен доктор Шолборктун лекцияларын угууга шаштым. Ошентип, туура 10 күн бир сааттан ал кишинин лекциясын угуп таң бердик.  Окуу процессинде бизге 100дөн ашык ар кайсы кылымдарга тиешелүү укмуш эски карталарды көргөздү. Бир күнү  IX-X кылымдардын Кыргыз Империясы (KIRGISEN REICH) деген картаны көрүп калдым да, башында күлүп, кантип эле ошондой болсун деп ишене берген жокмун. Бирок доктордун илимий далили мени толук ынандырды. Кыргыздар убагында зор согуштук-аскердик империя курууга жетишкен экен. «Эртели-кеч бардыгы ордуна келет, көрөсүңөр, убагы келгенде айтылбай жүргөн, катылып калган көп маалыматтар чыгат, силер ошонун алгачкы угуучуларысыңар» деди.  Доктор Шолборк  жыйынтыгында ушундай олуттуу үн менен:  «Кыргыз эли адамзат цивилизациясынын өнүгүшүнө эң чоң таасир берген Эл»  деп айтты. Ушундан улам мен азыр  кыргыз тарыхын  кайра жазып чыгуу керек го деген ойго келдим.

— Сиздин бул айтканыӊыздан улам, орус тарыхчысы Мельниковдун эмгегинен Гитлердин эскерүүлөрү жөнүндө окуп калган маалыматтар эсиме келди. Ал жерде Гитлер «кыргыздар байыркы күчтүү эл» деген мааниде сөз кылгандыгы туурасында айтылып кетет, ушул боюнча маалыматыӊыз жокпу?
—  Мен аны чынында билбейт экем. Бирок Германияда жүргөндө немистердин көпчүлүгү ушул бүгүнкү күндө дагы Гитлердин туулган күнүндө майрамдашып, ал эми өлгөн күнүндө кадимкидей аза күтүшөрүн өз көзүм менен көрдүм. Бул күндөрү бардыгы Германиянын желегин үйүнө илишип, кадимкидей белгилешет экен. Гитлер убагында Германияны чынында жок жерден көтөрүп, улуттук маанидеги объектилерди, мисалы чоң трассалык байланыш жолдорун курууда өзү баштап, кошо иштеп жүрүп, аз убакыттын ичинде бир топ экономикалык жетишкендиктерге жетиптир. Эми ал албетте бирөө үчүн жаман, бирөө үчүн жакшы, мен немистердин ага болгон мамилесин ошондо көрдүм.

— Америкага сапар тартып барып келгениӊизди билем, ошол сапарыӊыздын кыргыз тарыхына байланышы бар беле?
— Германияга барып келгенден кийин менин кыргыз тарыхына болгон кызыгуум токтоп калган жок. Кийинчерек Америкага барып калганда ал жердеги Сиетл шаарынан Вашингтон университетинин окумуштуу тарыхчысы  Али деген киши менен таанышып калдым, ал улуту боюнча түркиялык түрк экен. Бул киши Борбордук Азиядагы көчмөндөрдүн тарыхы боюнча адистешиптир. Ал дагы бир канча карталарды көргөздү, ошолордун арасында XIX-кылымдагы Улуу Кыргыз Ордосунун (Great Kirghiz horde)  жайгашкан жери түшүрүлүптүр. Түркиянын мамлекет болуп калыптанышында кыргыздар түздөн-түз чоӊ таасир бергендиги туурасында айтып берди.  Ал жерде жүргөндө кыргыздардын маданиятын, дүйнөгө болгон көз карашын Америкадагы индей урууларына салыштыргандары да болду. Ошол университеттеги бир окумуштуу аял атайы Навахо уруусунун көлөмдүү сөздүгүн алып келип берди. Сөздүктү ачканда эле навахо тилинде «бечел» деген сөзгө туш болдук,  котормосу болсо – «начар» же «чабал» дегенди түшүндүрөт экен. Алардын турак жайы боз үйгө окшош, бирок биздикиндей мыкты эмес. Аны болсо навахо тилинде «бакан-кокон» деп айтышарын окудум. «Кокон» деген, кыргызча «тоголок» деген сөз да.  «Бакандан жасалган тоголок үй» деген маанини туюндурат экен. Кайыкты — кайык, талды – тал дешет, эми айтып отурса, окшош сөздөр чынында көп экен. Бул бир кезде түбүбүз акыры бир болгондугун айгинелеп тургандай.  Карап турсаӊ, кыргыз элинин көп элдердин эл болуп калыптанышында салымы зор болуптур. Негизи кыргыздардын тарыхтагы орду өтө олуттуу деӊгээлде бааланаарын көп жерден угуп дагы, окуп дагы жатам. Ойлоп көрсөм, кыргыздардын мынчалык даражага жеткенинин  себеби кара күчтө же зордук-зомбулукта эмес, эӊ негизгиси элибиздин адилеттүүлүккө болгон умтулуусунда жана калыстык мамилесинде.  Биздин ата-бабалар согуштун күчү менен эмес, салтынын күчтүүлүгү менен чексиз мейкиндиктерге ээлик кылып келген. Ушундан улам, кыргыздар улуттук баалуулуктардын негизинде  салттуу маданиятыбызга карай багыт алган коом болсок, ошондо гана биз анык өз кубатыбызга келип, өзүбүздүн өзөгүбүздө катылган күч менен өнүккөн адилеттүү, бакубат мамлекетке айланмакбыз.

«Эртели-кеч бардыгы ордуна келет, көрөсүңөр, убагы келгенде айтылбай жүргөн, катылып калган көп маалыматтар чыгат, силер ошонун алгачкы угуучуларысыңар» деди доктор Шолборк.

Жыйынтыгында ушундай олуттуу үн менен:  «Кыргыз эли адамзат цивилизациясынын өнүгүшүнө эң чоң таасир берген Эл»  деп айтты немис окумуштуусу.

Көрсө, советтик тарых биз жөнүндө такыр эле бурмаланган маалымат берип жүргөндүгүн түшүндүм. Жанымдагы казак менен монголго илимий эмгектерди алып келип, көзүнө сайып, кыргыздардын тарыхы алда канча бай жана улуу экендигинин далилин көргөзгөндөн кийин өзгөчө казак чычалап жаман болду.

Айбек БАЙЫМБЕТОВ, “Көк Асаба”

Соц тармактар:

Добавить комментарий