Эгемберди Эрматов, Кыргыз эл акыны, КР ЖК КСДП парламенттик фракциясынын депутаты: «Мен акынмын, мен эч убакта эне-тилсиз жашай албайм»

Эгемберди агай, бир чети акын катары, бир чети депутат катары коомчулукка таанылып жүрөсүз. Буга чейин бир топ ырларыңыз жарык көрүп, жакында эле 60 жылдык мааракеңизге карата 7 томдон турган атайын ырлар жыйнагыңызды чыгарган экенсиз. Ошого жараша “Кыргыз эл акыны” деген ардактуу наамга да ээ болдуңуз. Андыктан биз, сиз менен болгон маегибизди саясаттан эмес, алгач адабияттан баштасак деп турабыз. Чындыгында бүгүнкү күнү адабиятыбыз алсырап, элибиздин жан дүйнөгө жардыланып турганын жашырууга болбойт. Сиздин оюңузча, бул кырдаалдан чыгуунун жолдору барбы?
Адабият бул өткөн кылымда болгон, же болбосо азыр жок деп айтууга болбой турган жандуу кубулуш. Эл болгон жерде адабият сөзсүз болот. Албетте, бүгүкү күнү жазуучулар майдаланып кетти, илгеркидей күргүштөгөн адабий чыгармалар жазылбай калды дегенибиз менен, мезгили келгенде ошол кезде мыкты чыгармалар жазылган экен деп, бүгүнкү күндү эстейбиз.

Убагында залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун чыгармаларын деле татыктуу деңгээлде баалай албай, керек болсо жазуучунун акыркы жазган «Тоолор кулаганда» аттуу романын эмне жөнүндө жазды экен деп, талкуулап койгонго жараган эмеспиз. Жазуучунун 80 жылдык мааракесине карата 7 томдук китебин чыгарабыз деп, А. Акматалиев баштаган адамдар кандай гана убара тартышты. Ар бирибиз 7 сомдон чыгарсак дагы, кыргыз элине ошол китепти жөн эле чыгарып койсок болмок. Ошондой эле, бүгүнкү күнү адабият жок деп жатабыз. Адабият жок эмес, бар. Тилекке каршы адабиятты окуган адам жок. Учурда Турусбек Малдыбай деген жазуучунун чыгармалары дүйнөнүн көптөгөн тилдерине которулуп, дүйнө эли аябагандай кызыгуу менен окуп жатышат. Кыргыз тилинде болсо жазуучунун чыгармалары болгону 1000 нуска менен жарык көрүп, окуган адам жок. Андан тышкары канчалаган таланттуу акындарыбыз тилин тишине кайрап, акчасы жок ырларын китеп кылып чыгара албай жүрүшөт. Ошондуктан, «эсиң барда этегиңди жап»-дегендей, баарыбыз тең саясат кылып уруша бербестен, элибиздин эртеңкисин ойлоп, тез аранын ичинде адабиятка, тактап айтканда көркөм дүйнөгө кайтып келишибиз керек болуп турат. Ал эми жазуучулар жөнүндө айта турган болсом, союз таркагандан кийин жазуучулардан ырк кетти. Көрө албастык, ичи таардык деген өкүм сүрүп, жазуучулар биринин былыгын бири чукуп, кадыр-баркын жоготуп алышты. Кадыр-баркы жок болгондуктан, мамлекет да жазуучуларга көңүл бурбай калды.

-Депутат катары, аталган маселелерди колго алып, кандайдыр бир иш аракеттерди көрүп жатасызбы?
— Менин депутат болгонумдун себеби да, ушул маселелердин үстүндө иш алып барып, элибиздин руханий баалулуктарын сактап калуу болчу. Мен бир гана жазуучулардын маселеси адабият эмес, учурда маданиятка да басым жасап жатам. Былтыр комитет мүчөсү катары, маданият министрлигине мамлекеттен көбүрөөк каражат бөлдүрүүго аракет кылгам. Жазуучуларга болсо 10 миллион сом бергиле деп, өкмөткө кайрылгам. Бирок, жазуучулар, коомдук уюм болуп түзүлүп алгандыктан, каражат бөлүнбөй калган. Бул боюнча жазуучулардын өздөрүнө да коомдук уюм болбой, уставыңарды өзгөртүп, маданият министрлигинин алдындагы уюм болуп түзүлгүлө, аталган каражатты бөлдүрүп берейин деп, түшүндүп айткам. Анын үстүнө азыр, депутаттар деле мурдагыдай болбой, руханий баалулуктарды көтөрүү керек экенин түшүнүп калышты. Жакында эле акын-жазуучу, искусство адамдарын колдоо максатында «Кайрымдуулк ишмердик жана меценатчылык жөнүндө» — деген атайын мыйзам долбоорун үстүндө иштеп жатам… Ал мыйзам долбоордо колунда бар бизнесмендер, меценаттык кылып, акын жазуучу, жана искусство адамдарына материалдык жактан жардам берип, акын-жазуучулардын китептерин чыгарып берсе, ал бизнесмен мамлекетке салык төлөбөйт. Ошондой эле, мамлекет тарабынан ар кандай сыйлыктар менен сыйланат… Аталган мыйзамды буюрса жакында депутаттардын кароосуна коём. Менимче депутаттар деле каршы болбой, колдоп берсе керек.

— Өткөндө кыргыз тили маселеси боюнча партиялашыңыз, КСДП фракциясынын депутаты, Ирина Карамушкина ар кандай сөздөрдү айтып, көпчүлүктү ирээнжитти. Ал эле эмес, былтыр дагы улуттук баалуу мурастарыбыздын бири болгон ак калпагыбызга шек келтирип, европалыктардын алдында мазактаганы айтылып келет. Бул боюнча эмнелерди айта аласыз?
-Калпак болобу, же башкасы болобу туу туткан улуттук баалулуктарыбызды башка элдерге тебелетип, кор кылып атканыбыз кечирилгис уят иш. Элибизде негизи баш кийимди негизи белеке берилбейт. Ага карабай эле, биз касиеттүү ак калпагыбызды көрүнгөнгө кийгизип, кордоп атабыз. Ошондуктан, биринчи кезекте биз ак калпагыбызды өзөбүз сыйлашыбыз керек. Ошондо калпакты башкаларда мазактагандан тартынып, сыйлашат. Ал эми тил боюнча айта турган болсом, Кыргызстанда жашап туруп, жылына бир жолу эне-тили майрамын майрамдайбыз. Эне-тили майрамы биз, үчүн бир күн эмес, күндө майрам. Мисалы мен акынмын, мен эч убакта эне-тилсиз жашай албайм. Менин чыгарган ырларымдын көбү дал ушул эне-тилине арналган. Буюрса жакшы, баштагыга караганда эне-тили боюнча алгылыктуу жылыштар болуп жатат. Андыктан, буюрса тилибиз өсүп, өнүгөт деген ойдомун.

-Комитеттин мүчөсү катары дин саясатына да аралашып жүрөсүз. Белгилүү болгондой, былтыркы жылы ажыга баруу маселеси ызы-чуу менен коштолуп, аягы бүгүнкү күнгө чейин басылбай келет. Деги эле өлкөдөгү дин саясатына кандай көз караштасыз?
-Мусулман эли болуп, калкыбыздын 80 пайыздан ашыгы ислам дининде жашап атабыз. Тилекке каршы акыркы 20 жылдын ичинде өлкөбүздүн дарбазасы кеңири ачылып кетип, ислам динине каршы келген, ар кандай диндеги адамдар өлкөбүзгө толуп алды. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө ар кандай өңүттөгү майда диндердин саны жүз элүүгө жетиптир. Анын баары өлкөбүздү ичтен иритип жатат десек жаңылышпайм. Ал эми былтыркы болгон ажылык сапардагы ызы-чууну комитет жөнгө салып, ажылык сапарды быйыл толугу менен муфтият өткөрдүк эле, Кудайга шүгүр, быйыл майда-чүйдө гана катачылыктарга жол берилбесе, ажылык сапар ойдогудай өттү.

-Кыргыз эл акыны сыйлыгына буга чейин эмеге ээ боло алган эмесиз. Же депутаттыгыңызга карап ыйгарыштыбы?
-Депутаттыгымдын сыйлык алганыма эч кандай тиешеси жок, Эл акыны депутаттыкка чейин эле берилиш керек болчу. Себеби мен 20 жылдан бери КСДП партиясына мүчө болуп, Акаевдин да, Бакиевдин да бийлигине каршы туруп келгендиктен, сыйлык ала албай келгем. Кудайга шүгүр, жаңы бийлик чыгармачылыгымды баалап, аталган сыйлыкты ыйгарышты. Бирок, мага мындан 20 жыл мурун эле Кыргыз эл баатыры Сооронбай Жусуев ак батасын берип, эл акыны наамын ыйгарып койгон.

-Жогорку Кеңеште депутаттардын кызматкерлерин, автоунааларын кыскартуу боюнча маселе көтөрүлүп жатканы менен, бул маселеге айрым депутаттар каршы чыгып жатышат. Сиз буга кандай карайсыз?
-Мамлекеттик кыскартуу быйылкы жылга алынган жалпы саясат болуп жатат. ЖКдагы кыскартуу маселесин, «Ата-Мекен» фракциясы менен, КСДП фракциясы көпчүлүк коалицияны түзөөрдө эле көтөрүп чыкканбыз. Андыктан, мамлекеттик кыскартууларды мурдагыдай сөз жүзүндө эмес, иш жүзүнө ашыралы деп атайын сөз бергенбиз. Мына азыр ошол боюнча конкреттүү иш аракеттер көрүлүп, чекесинен кыскартуулар болуп жатат. Чындыгында кыргыз эли алакандай элбиз. Ошондуктан бизге, ашыкча көп, автоунаалар менен, самсыган кызматкерлердин кереги жок. Алардын баары мамлекеттин денесине жабышып алган сүлүк курттай, мамлекеттин каражаттын соруп жатат. Бул кыскартуулар, бүгүнкү күнү бийликтин жогорку бутактарында эле болбостон, облустарда да, иш жүзүнө ашырылат. Көпчүлүк райондор жоюлуп, үч район биригип, бир чоң район болуп түзүлөт.

Маектешкен Мирлан Алымбаев,
«Фабула» гезити, январь, 2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий