Ар бир адамдын бактысы – баласынын тарбиясында

Ар адам бактылуу болсом деп тилек кылат тура. Бактылуу бол, балам деп бабаларыбыз бата берип келген. Бактыңан көр деп да айтылат, кыргызда. Деги эле бакыт, бактылуулук дегендин өзү эмне, адамдын бактылуу болушуна эмне деген негиздер бар, алар кайсылар? Албетте, эң башкысы ден соолук. Башка жактарынын баары телегейи тегиз болуп, ден соолук жок болгон шартта адам бактылуу боло алабы? Албетте, боло албайт. Олжас Сулейманов айткандай, бутуңдагы ботинкең бутуңду кысып турса, кең дүйнөнүн кеңдигинен не кажет. Биринчи байлык ден соолук деп карт кыргыз бекеринен айтыппы. Анда, ден соолук деген эмне?

Ар бирибиздин жана бүт элдин ден соолугу дегенде эмне деген маселелер келип чыгат? – Ар адамдын өзүнүн, ымыркайларынын ден соолугун сактоо, чыңдоо жагынан мүмкүн болушунча жалпы элдик сабаттуулук; ушул негизде ден соолукка эмне зыяндуу болсо, ал жагынан таза болууга эрктүүлүк; эси киргенден баштап баланы ден соолугуна сак болууга үйрөтүү; сабаттуу тамактануу жана эс алуу ден соолуктун пайдубалы экендигин эреже тутуу; арак менен тамеки ден соолукка уу экендиги эске алынып, мамлекет, коомчулук жана жалпы элдик деңгээлде жат көрүнүш катары түшүнүк калыптандыруу; азык заттар, алардын түрлөрү ден соолукка канчалык зарыл болсо, дене тарбия, спорт ошончолук керек деген түшүнүк элдин аң-сезимине терең жайылтылышына жетишүү; жыйынтыктап айтканда, ден соолуктун негизи профилактика болсо, анда бул жагынан жалпы элдик сабаттуулук ар тараптан колго алына турган кыя өтө алгыз маселе.

Бактылуулуктун эң башкы зарылчылыктары – ден соолуктуу эл, ден соолуктуу үй-бүлө, ден соолуктуу жаштар, ден соолуктуу өспүрүмдөр, ден соолуктуу балалык, ден соолуктуу жашоо кумары.
Ден соолуксуз адам бактылуу боло албайт, дедик. Ал эми, билим жана билимдүүлүк болбосо, эл турмушунда бактылуулукка негиз түзүлөбү? Түзүлбөйт. Техникалык, технологиялык, кесиптик, адистик билимдүүлүксүз өнүгүү мүмкүн эмес. Маселенин башка жактары да бар. Билимдүүлүгү элге пайдалуу болгондорду гана билимдүү дешке болот. Билимдүү болуштан да адам болуш, болгондо да күн сайын адам болуш кыйын деп да айтылып жүрөт. Көп окуп, көп билгендик болуп, билимдүүлүк болбой калышы мүмкүн. Билимдүү болуп, аны өз орду менен пайдалана албагандык жаман. “Туш келди кийлигише берген билимдүүлүк, бул – түркөйлүк” дептир кайсы бир аалым өз заманында. Билимдүүлүк бул – туура ой, таамай тыянак, так чечим.

Философ, химик, тарыхчы академик Кедров Бонифатий Михайлович мисалы минтип айтыптыр: “Илимий-техникалык өнүгүүнүн мындан аркы өңүтү барыдан мурда адамдын өзүнө, биологиясына, психологиясына, ой жүгүртүүсүнө бет алат”. Адамдын өзү да ааламдай чексиз болгон соң, анын билимдүүлүгү да дал ошондой көп кырдуу, көп сырдуу, тармак-тармак кең дүйнө. Ушуга жараша адамдарда ой, сөз, акыл эс, адилет максат, адилет кызыкчылык жагынан кеңири эркиндик шарт болбосо, андай жерде жашоонун өзү кунарсыз. Бук болгон, ичтен сызган абалдан ашкан азап болбос. Карт тарыхта, байыркысында да, соңкусунда да буга мисалдар көп.

“Канчалаган адамдардын акыл күчү, табият тартуулаган кудурети таанылбаган, пайдаланылбаган бойдон өтүп кетти. Адамзат деги ушундан арыла алаар бекен” деген экен кайсы бир франциялык ойчул. Коомдо, коомчулук турмушта жакшы санаа мамилелер канчалык терең болсо, элдин жашоосунун ошончолук жылдызы жанат деген жалпы элдик түшүнүк канткенде калыптанат? Адеп жана адептүүлүк жагынан азыр эмне деген абалдабыз, бабалар заманы кандай эле?

Адепсиз адамга ата-бабаларыбыз: атаңа наалат деп, нааразы болуп, салам айтпай өтүп бараткан баланы дароо токтотуп, эмне салам айтпайсың, кимдин баласысың деп уяткарып, кези келе калганда, “уулуң өткөндө салам айтканга жараган жок” деп атасына айтып, адеп эрежелери эл турмушунда сакталышына өздөрү кам көрүп келишкен. Элдик педагогика, үй-бүлөлүк таалим-тарбия, кыз балага, уул балага тарбиялык таасирлердин салтка айланган ыкмалары абдан күчтүү болгон, үй-бүлөдө балдарынын көзүнчө тушкелди ар кандай сөздөрдү айта берүүдөн сак болушкан. Байыркы ата-бабаларыбыздан бери муундан-муунга өткөрүлүп келген мына ушундай мурас дөөлөттөрдөн азыркы кыргыздар, бизден кийинкилер ажырап калбаса экен деген маселе канчалык деңгээлде колго алынат, кыргыздын кыргыз келечеги ушуга жараша. Быйылкы “Үй-бүлөнүн жылы…” дегендин уюткулуу учугу ушул маселе.

Дүйнө жүзүндө канча эл болсо, алардын ар биринин бактылуулугу балдарын тарбиялоодон келип чыгат деп айтылып жүрөт. “Балдарыбыз – келечегибиз. Туура тарбияласак – бактылуу карылыгыбыз; жаман тарбияласак – шорубуз, көз жашыбыз, башка адамдар, өлкө алдында кечирилгиз күнөөбүз” деген тура айтылуу А.С. Макаренко.

Кенжалы Сарымсаков, «Көк Асаба», 04-17.04.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий