«Рабиндранат Тагор менен эшек минип жарышып…»

Рабиндранат Тагор чыгыштын улуу акыны. Анын табияты бүтүн турпаты менен ырдан бүтүп, ырдан жаралган. Мен аны башта эле кээде окуй коюп жүрчүмүн, кызыгып жүрөөр элем. Адам өзүн тартып кетмейинче эч убакта котормого киришпейт. Чыгарма сени жөн эле жулуп алышы керек, ансыз сен жашай албай турган болушуң керек. Ошондо которуу сенин милдетиң, жашоодогу милдетиң болуп калууга тийиш. Мени Тагор ушундай дааналыгы менен, улуулугу менен тартып алган. Аны өзүм кызык котордум. Ысык-Көлдө жатып алып которуп, бир айдын ичинде бүттүм. Анан бир күнү түш көрдүм. Биздин өзүбүздүн айылда экенбиз. Чоң суунун боюнда биздин айылды көздөй, тоону бет алып кеткен даңгыр жол бар, кенен. Ошо жерде эшек минип алып, Тагор экөөбүз жарышып жүрүптүрбүз. Дал которуп атканда. Ал кадимки эле чоң сакалы менен , эшекти балпайып минген. Анын жанында мен элпек баладаймын. Мен да эшекченмин, анан ал айтат: «Кел, мындай тең туруп жарышалы» дейт. Катар туралы дейт. Жол болсо кенен. «Макул» дедим. Ал анан кеттик келип, текиреңдеткен бойдон. Мен чыгып келем. Ал болсо нааразы болуп, чатак кылып, «жок, сен алдап койдуң, туура эмес кылдың. Кайра жарышабыз» деп чыр кылат. Түшүмдө. «А мейли» дедим. Кайра жарышабыз. Кайра да мен чыгып кетем…

Ошондо жаңы баштап которуп жаткан кезим болчу. Он чакты ырын которуп койгом. Анан эле шыр кеттим. Басманын планы ошол эле болчу, болбосо көп эле которуп коюшка, бир чоң китеп кылып коюшка чаркым жетет эле. Эми бул кепти жалпыласак, Тагор өзү чоң, улуу акын. Аны качан окусаң да жапжаңы болуп тура берет. Анан айрым акындардын табияты дагы өзүңдүн турмушка көз карашыңа, көркөмдүк дүйнөңө жакын келип калган учурлар болот. Ушул жагынан Тагор мага жакын, ошол себептен аны эргип котордум го деп ойлойм.

Кийин Уитменди котордум, «Чөп жалбырактары» деген китебин. Бирок татаал киши да ал, мухит да бир дүйнөлүк, өтө чоң да, ага мындай кулач да жетпейт, адамдын чаркы келбейт. Оюң менен кучактай албайсың Уитменди. Мына ошону дагы кыргыз окурмандарына жеткирейин деп аракет кылдым, бирок түшүнбөй жүрүшөт. Ал өзү татаал, орусчасына да түшүнүш кыйын.

Рабиндранат Тагор

ЧЫГЫШ

О, ойгонуп, ач көзүңдү, карт чыгыш!
Кылым өттү. Уйкуга сен тартылып,
Мемирейсиң көөдөй түнгө ыкталып
Уйкуң улам кыскарууда. Ал өчөт,
Өчкөн сымал таңкы жылдыз кут жарык.

Ишенемин: сен көзүңдү ачасың,
Ойготуучу жагымдуу сөз табылат:
Дүйнө жүзү көз уялта жаркырап,
Өз боюна алтын кийим жамынат.

Сенин күнүң күлсүн үчүн дайыма,
Үстүңдөгү жуурканыңды ыргыткын.
Кыймылдабай жата бербей тургун да,
Чабак ургун деңизинде турмуштун.

Кулак салгын. Жаңы кылым чакырат:
«Эшик ачып чынжырыңдан чыккының!
Жакуттанып сенин катаал жүзүңдү,
Жалбырттасын ыйык оту бактынын».

Чакырыктар улам катуу жаңырат,
Шива тынбай сурнай тартып жаткандай.
Таалай берчү тартууну ал колуңа-
Кызыл гүлдөй, кымбат баалуу макмалдай-
О, ойгонуп, ач көзүңдү карт чыгыш!

Которгон Сүйүнбай Эралиев

Даярдаган Жамиля Таштанбекова, “Де Факто” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 27.03.2012-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий